Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Спорт

Пекин - 2008
Пекин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миңдей спортчусу катышат. 21 миңден ашуун дүйнөнүн ар тарабынан келген спорт журналисттери Бээжин олимпиадасын чагылдырып турат. Кыргызстандан бара тургандарды четинен тааныштыра баштайбыз.

БАЗАР Базаргуруев
Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп турган Пекин олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандык спортчулардан биринчи болуп Пекин Олимпиадасына жолдомо алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев да Олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылат. Ал жакында эле Орусияда өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде күмүш байгенин ээси болду.
Кыргызстандык спортчулардан Пекин олимпиадасына алгачкы жолдомону былтыр күзүндө эле Баку шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Азия чемпионун Базар Базаргуриев жеңип алган. Ал ушул дүйнөлүк таймашууда жарым финалга чейин жетип коло байгелүү болуу менен Пекинге жолу ачылган.
23 жаштагы бурят жигити 3 жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ошондой эле Базар былтыр Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында финалда жапон балбанын утуп, Азия чемпиону аталган.
Бурят балбан жигити Базар төрт бир туугандын кенжеси. Агаларынын жолун жолдоп эркин күрөш менен машыкканына он жылдан ашты. Ата-энеси Орусиянын Улан-Удэ шаарында жашайт. Базар дагы ушул шаардагы Бурят мамлекеттик университетинин дене тарбия жана спорт факультетинде билим алууда. Ал уландар арасында Орусиянын чемпиону да болуп саналат. Чынында эле Орусиядагы чыгаан балбандардан ага жол тийбестигин түшүнгөн Базар Базаргуриев үч жылдан бери Кыргызстандын атуулдугун алып, 60 кг салмакта Кыргыз Республикасынын намысын коргоп келатат.
АЛЕКСЕЙ КРУПНЯКОВ
Кыргызстандык спортчулардан экинчи болуп Пекин Олимпиадасына жолдомо алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Алексей Крупняков. Алексей жакында эле Польшада өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде алтын байгенин ээси болду.
Алексей Крупняков сегиз жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Алексей былтыр Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Ал эми 2005-жылы Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болгон.
Эркин күрөш менен машыкканына он алты жылдан ашты. Ата-энеси Орусиянын Красноярск шаарында жашайт. Чынында эле Орусиядагы биринчи орундагы балбандардан ага жол тийбестигин түшүндүрүп, Алексей Крупняковду Кыргызстанга алып келген өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев болгон. Ошондо сегиз жылдан бери Кыргызстандын атуулдугун алып, 96 кг. салмакта Кыргыз Республикасынын намысын коргоп келатат.
Кыргызстандын атуулдугун алгандан бери 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында сыркоолоп калганына карабай финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. 2003-жылы Иранда өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду камсыз кылган.
Алексей Крупняков 2004-жылы Афинада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга да катышкан. Ал Польшада, Германияда, Орусияда өткөн эл аралык Гран-при мелдештеринин жеңүүчүсү.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын үч балбан коргойт. Алар: Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков жана Сидней олимпиадасынын күмүш байге ээси Арсен Гитинов.




Писториус Олимпиадага барбай калабы?
Түштүк Африкалык майыптар арасындагы Оскар Писториус (анын эки буту тизесинен ылдый жасалма) дени соо спортсмендер менен тең тайлашып, жүгүрүүгө катышкан. 400 метр аралыкты 45,55 секундада багындыра турган болсо ал бул көрсөткүчкө жетпей калды.




  Бокс

Тоуни Рахмандын жарыгын өчүрдү
Американын Темекула шаарында өткөн мелдеште оор салмакта дүйнөнүн мурдагы эки чемпиону Джеймс Тоуни (кличкасы жарыкты өчүр) менен Хасим Рахман беттешкен эле. 3- раундда техникалык накаут менен Джеймс Тоуна жеңишке жетишти.
Рахман беттешүүнүн жүрүшүндө экөө сүзүшүп кетип, ошондон кийин сол көзү менен эч нерсени көрбөй жатканын айтып калыска кайрылган. Бул 39 жаштагы Тоунинин карьерасындагы 71-жолку жеңиши, ал эми Рахмандын 7-жолку утулушу.


  Жеңил атлетика

39 жаштагы Худорошкина Россия чемпионатында жеңүүчү болду
Россия чемпионатындагы 2008-жылдын алгачкы алтын медалын Ирина Худорошкина ярону ыргытуу боюнча жеңип алды. Ал экинчи орунду алган Ольга Ивановадан 8 см эле алыстыкка ыргытып, 18,68 метр көрсөткүч менен жеңген. Үчүнчү орунду болсо 18,03 метр көрсөткүч менен Анна Оморова ээлеген. Айта кетсе Худорошкина 1996-жылкы Атланта олимпиадасында коло медалдын ээси болгон. Буюрса күзүндө октябрда 40 жашка толот.
Ал эми эркектер арасында 20,85 метр көрсөткүч менен Иван Юшков биринчи, Павел Софьин 20,01 метр көрсөткүч менен экинчини алса, 20,00 метр көрөткүч менен Антон Любославский үчүнчү орунду ээлешкен.




  Оюнчу таржымалы

Андрей Аршавин
Туулган күнү, жылы - 29-май 1981 -жыл
Туулган жери - Ленинград
Бою - 172 см, салмагы - 69 кг
Атасы - Сергей "Светлана" футболдук командасынын тренери
Жакшы көргөн командасы - "Барселона"
Жакшы көргөн актеру - Сергей Бодров (кичүүсү)
Жакшы көргөн тамагы - баарын ылгабай жей берет
Кумири - Д. Нагиев, Н. Фоменко, Трахтенберг
Жакшы көргөн түсү - кара
Кыялданганы - Футбол жылдызы болуу
Анын негизги өзгөчөлүгү - Өтө ылдам чуркагандыгы жана талааны жакшы көрүп, туя билгендиги
Үйбүлөлүү. Жолдошу Юлия менен 2003-жылга чейин жарандык никеде жашап келип, кийинчерээк мыйзамдаштырышкан. 2005-жылдын декабрында Артем аттуу уулдуу болушкан
"Бирдиктүү Россия" саясий партиясында мүчө. "Билайн" компаниясы менен такай рекламалык негизде иштешет.

Россиянын курама командасынын, "Зенит" (Санкт-Петербург) командасынын оюнчусу. Азыркы учурдагы россиялык футболчуларынын лидери. Чабуулчу жана жарым коргоочу катарында ойнойт. "Зенит" командасынын катарында ойноп 2001-жылы өлкө чемпионатында күмүш медалга татыган. Россиянын курама командасында 2002-жылдан тартып ойной баштаган. Курама командада ойноп жүрүп биринчи тобун 2003-жылы киргизген. 2005-жылдан тарта курама команданын негизги курмында такай ойнойт. 2006-жылы Россиядагы эң мыкты оюнчу аталып, "Улуттук курама команданын лидери" наамын алган.
Бала бакчага барган күндөн тартып эле спортко кызыгуусу болгон. Ал убакта шашкиге, андан соң хоккейге кызыкчу. "Бир жолу балабакчада жүргөнүмдө тишим ооруп, тиш догдурга барганда төрт киши кармап бирөө эптеп тишимди жулган. Андан кийин 20га чыккычакты тиш догдурдан коркуп барган эмесмин" деп эскерет.
Жети жашынан тартып футбол ойной баштаган. Питердеги белгилүү "Смена" футболдук мектебин бүтүргөн. 18 жашынан тартып 1999-жылы "Зениттин" экинчи командасында ойноп, 2000-жылдан тартып негизги командасында ойной баштаган. 2001-жылы Питердин "Зенит" клубунун алдыңкы оюнчуларынын катарында жүргөн. Негизги командага ойноого советтик тренер Юрий Морозовдун эмгеги бар. Морозов "Аршавиндин жылдыз болуп өсүүсүнө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ал бала кезинен футбол ойноп, болгондо да такай чабуулчу, жарым коргоочу болуп ойногон. Бул оюнчуну тарбиялаш керек" деп айткан.
Россиянын улуттук курама командасында 2002-жылдын 17-майында Беларусия менен жолдоштук беттешүүсүндө биринчи жолу катышкан. Андагы тренер Олег Ромянцев оюндун 62-мүнөтүндө Дмитрий Аленичевдин ордуна чыгарган эле.
Ромянцев Аршавинди 2002-жылкы дүйнө чемпионатында Россиянын курамына кошпой койгон. Ошол жылы Япония менен Түштүк Кореяда өткөн чемпионатта Россия ийгилик жарата алган эмес. Романцев кызматтан кетип анын ордуна Валерий Газзаев келгенде Аршавинди оюнга тарта башташкан. Ал биринчи тобун 2003-жылы 13-февралда Румыния менен жолдоштук беттешүүдө киргизип, Россия 4:2 эсебинде жеңишке жетишкен. Ошондой болсо да 2004-жылкы Европа чемпионатында Россиянын негизги курамында ойной алган эмес. 2005-жылдан тартып гана Россиянын курама командасынын негизги оючуларынын катарына кошулган. 2006-жылы Гуус Хиддинк жетектей баштаганда улуттук команданын жылдызы болуп чыга келген. 2007-жылы Аршавин "Зениттин", капитаны болуп шайланат. Россиянын кубогун өткөрүүнүн алдында чектен чыккан иш жасаган деген күнөө менен тренери Дик Адвокаттын чечими менен "Зениттин" негизги оюнчуларынын катарынан чыгарылып, капитандыктан кол жууп калат. Ошол жылы "Зенит" "Спартака" 2:1 эсебинде утулуп калат. Бирок, көп өтпөй көпчүлүк күйөрмандарынын кийлигишүүсү менен кайра негизги оюнчулардын катарына кирет. Аршавин өзүнүн сүйүктүү командасы "Зенитти" Россиянын кубогунда алтын медалга жан үрөп сүрөп келет.
Быйылкы Европа чемпионатында Аршавин болгон талантын көргөзгөнү менен Испаниядан эки жолу утулуп, ызага батты. "Евро-2008" расмий сайты турнирдин он мыкты оюнчусун жарыялаган эле. Анын катарында Аршавин да бар.
Акыркы убактарда Аршавин тууралуу "Зенитти" таштап, Европанын белгилүү бир командасына кетет экен дегендей ар кандай ушак сөздөрдү чыгара башташты. Бирок өзү Испаниянын "Барселона" командасында ойногонду кыялында самап келсе да азырынча бир жаңсыл чечимге келе элек.




  Кыргыз спорту

"АЗИЯ БАЛДАРЫ" ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНДЕ 11 МЕДАЛЬ
Жакында Саха Республикасында (Якутия) салтка айланган эл аралык "Азия балдары" турнири өткөрүлдү. Бул мөөрөй талашууга 17 өлкөнүн жана Орусиянын 27 аймагынан 3 миңдей жаш спортчу катышып, кыргызстандык спортчулар 11 медалды олжолоп жеңиштүү келишти.
Адистердин айтымында, бул мөөрөй талашууда 17 жашка чейинки өспүрүмдөр күч сынашып, мелдеш Азия оюндарынын деңгээлинде өттү. Кыргызстандын намысын коргоп келген отуздан ашуун жаш спортчунун катарында жеңил атлетчилер, балбандар, боксчулар жана баскетболчулар болушкан.
Кыргызстандыктар 11 байгелүү орунду алышты.
Жаштар арасында дүйнөнүн мурдагы чемпиону Элдар Деникеевдин уулу жөө күлүк Наил Деникеев үч миң метрге чуркоодо марага үчүнчү келип, коло байгени утуп алса, бишкектик жөө күлүк Богдан Сидеренко 400 метрге чуркоодо марага экинчи келип, күмүш медаль тагынса, кайра эле Богдан 800 метрлик жарышта дагы коло байгелүү болду.
Кыргызстандык эки бокс чебери "Азия балдары" эл аралык оюндарында эки күмүш, бир коло байге утуп келишти.
Эл аралык "Азия балдары" мелдеши 1996-жылдан бери өткөрүлүп, жыл өткөн сайын деңгээли жогорулап баратат. Ал эми эл аралык мелдеш катары өткөрүлүп жатканына беш жылга аяк басты.
Кезектеги "Азия балдары" эл аралык мелдештери беш жылдан кийин Якутский шаарында өткөрүлмөк болду.

Даярдаган Жумабай Дабын уулу









??.??