Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуулар Ааламында

Энрике Иглесиас
Энрике Иглесиасты жактырбаган, ырын сүйүп укпаган жан жок болсо керек. Дүйнө жүзү жакшы көргөн ырчынын ырларын ар бир мамлекет өз тилине которуп ырдап жүрүшөт, ал эми жеке жашоосу, балачагы көпчүлүккө табышмак. Ырчы ар дайым массалык маалымат каражаттарынан, күйөрмандарынан жеке жашоосун жашырып, сыр бойдон сактаганга жакшы эле болгон аракетин жумшайт экен, бирок, анын чыгармачылыгына өтө кызыккан күйөрмандары анын эшигин бир нече жолу талкалаганга чейин барышкан.

Энрике Иглесиас 1975-жылы 8-майда Мадридде өзүнөн кем эмес атактуу ырчы Хулио Иглесиас жана журналист Исабель Прейслердин үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы Энрике он жашка чыкканда анын чоң атасын бандиттер уурдап кетишкенден кийин өзүнүн баласынын өмүрүнөн кооптонгон Хулио Энрикени Испаниядан тынчыраак деп Майамиге көчүрүп жиберген. Азыр ырчы дале ошол жерде жашайт.
Мектепте окуп жүргөндө өңү серт деп аны эч ким деле карап, көңүл бурчу эмес экен. Ал өзүн ырчы болом деп ата-энесине жар салбастан тымызын ырдап жүрө берип, 1985-жылы жалаң испан тилинде жазылган ырлар жыйнагы - "Энрике Иглесиас" деген ат менен альбому жарык көрөт. Бир жумада жарым миллион диск сатылып, андан эки жыл кийин "Vibir" (жашоо) деген аталыштагы альбому да эң көп нускада чыгып, бир дагы диск калбай баары сатылган. Мындай ийгиликтен дем алган Энрике дүйнө жүзүн кыдырып концертин коёт. Ушундан кийин "Эң сүйүктүү эл ырчысы" деген наамга атасы менен бирге ат салышып калат. Мындай жагдай ырчыга бир аз ыңгайсыздык жараткандыктан наамды атасына берген.
Энрике ийгиликтерге өз күчү менен жеткенин, атасына көз каранды эмес экенин баса көрсөткөнү менен эч кандай жыйынтык чыкчудай эмес. Анткени ким болбосун ырчы ушундай деңгээлге атасынын аркасы менен гана жетти деп ойлошот.
Хулио баласын университетке киргизип койгону менен эси-дарты музыкада болгон Энрике атасына сабакка барып жатам деп калп айтып, өзү чынында лекцияларга кирчү эмес экен. Баласынын баш бербесине көзү жеткен Хулио аны жайына койгон, азыр баласына ошол кезде эркиндик берип койгонуна абдан сүйүнөт. Анткени өз көз карашын баласына таңуулай берсе, талантын тепсеп алмакмын деп калат Хулио.
Жеке жашоосун Энрике ушул кезге чейин бир нукка түшүрө албай келет. Ал жөнүндө журналисттердин Кристина Агилера, Джэри Холлиуели менен сүйүү мамилеси бар деген маалыматтарына Энрике: "Алар (Агилера, Джэри) эң жакын досторум. Эркек менен аялдын ортосунда чыныгы достук бар экенине ишенем. Менин жеке жашоомду менин өмүрүмдө көрбөгөн, тааныбаган жүздөгөн кыздар менен байланыштыра беришет. Жаманатты болгонго жараша ошолордун колунан кармап, бетинен бир өпсөм болот эле"-деп жокко чыгарган.
2002-жылдан баштап ырчы орус кызы Анна Курникова менен таанышкандан баштап ушул күнгө чейин ызы-чуулары бүтпөй келет. Экөө бири-бирин сүйүшкөнү менен үйлөнүп, мамилелерин мыйзамдаштырууга көңүлдөрү жок экен. Бул тууралуу ырчы: - "Мен өзүмдү Аннанын жанында ченде жок бактылуу сеземин. Анын келбети да, жан дүйнөсү да абдан сулуу адам. Ошентсе да үйбүлө куруу менен кымбат мамилени сактап калууга болооруна ишенбейм. Үйбүлө баарын өзгөртөт. Ортодо балдар жаралып жоопкерчилик көбөйөт. Ал эми Анна экөөбүзгө тең үйбүлө куруунун кереги жок. Анткени мен андай жоопкерчиликке даяр эмесмин. Балким 40 ка чыкканда үйлөнөөрмүн"-дейт тамаша - чын аралаш.
Айтор, экөө бирде таарынып, бирде табышып журналисттердин эрмеги болуп келүүдө. Эмнеси болсо да Иглесиастын пикири боюнча ал өзүн бир гана айымга арнайт. Ал эми Курникова эмнегедир мындай белектен баш тартып келүүдө. Учурда экөө жөнүндө тараган дагы бир ушак Курникова менен Энрике жакында балалуу болушат экен. Сыягы Энрике Иглесиас коркуп, качып жүргөн жоопкерчилик аны кайда, качан болбосун кууп жетип мойнуна минет окшойт.




Тимотини ким таарынтты?
Белгилүү рэппер Тимоти Нелли Фуртадонун концертине аны менен дуэт ырдаганы келген. (Россиянын массалык маалымат каражаттарынын берген маалыматына ишенсек) Тимоти кызуу абалда экен. Ал түз эле ырчынын кийинчү бөлмөсүнө кирип, алар маектешип отуруп, Тимоти сахнага Нелли акыркы ырын ырдап жатканда чыкмак болот. Бирок, ойлогон ою ордунан чыгаарда рэппердин алдынан Неллинин кароолчусу пайда болуп анын негизги максаты Тимотини сахнага чыгарбоо экенин билдирет. Мындай жагдайды күтпөгөн ырчы жакшы эле кароолчудан буйтап өтөм дегени менен тиги да оңой эмес окшобойбу экөө бир топ кайым айтышып, ары жактан Неллинин тур-менеджери келип, Тимоти менен жекеме-жеке сүйлөшүүгө аракет жасаган. Айтор, мындан да эч жыйынтык чыкпагандан кийин рэппердин сакчылары келип көз ачып жумганча ызы-чуу болуп кеткен. Бул мушташты сөз менен сүрөттөп берүүгө мүмкүн эмес. Жыйынтыгында Тимотинин тиши сынып, тур-менеджердин чекесин канжалатышып, ал эми рэппердин сакчыларын ошол замат бейтапканага жеткизишкен.
- "Бул иш кимдин колунан келгенин билем, алар өз жазасын алаарына ишенем"-дейт Тимоти.


Примадонна менен Галкин үйлөнөт
Таланттуу алып баруучу менен таланттуу ырчы жакында баш кошот. Мындай жаңылык учурда бардык гезит бетинде жарыяланып жаткан кези.
Пугачева менен Галкинди 2001-жылы "Славян базары" фестивалында Филипп Киркоров тааныштырган. Ошондон бери экөө концерттерди чогуу алып барып, бир нече дуэт жаздырышып, ынак болуп жүрүшүп, эми мамилелерин мыйзамдаштырууну туура көрүшүптүр. Кызыгы Максим Примадоннага турмушка чыгуу тууралуу сунуш жасабай, тескерисинче Алла Пугачева Галкинге тийсем деп анын туулган күнүндө жар салган. Ырчы айымдын үлпөт тоюна кие турган көйнөгүн өзүнүн эски досу, модельер Валентин Юдашкин тигет. 32 жаштагы Максим өзүнүн болчоктогу "жубайынан" 27 жаш кичүү.

Настя Каменскийдин татуировкасы эмнени түшүндүрөт?
Ырчы Настя жакында эле жаңы жаздырган ырына клип тарттырыш үчүн чет элдик ырчы Эми Уайнхаустукундай кылып татуировка тарттырды. Мындай эмгекти адистер Эмминин сүрөтүн маңдайларына коюп алып үч сааттан ашык убакыт жасашкан. Көрсө жылаңачтанган аял (татудагы сүрөт) лесбиянканын символу экен. Аны ырчы кайдан билсин, болоору болуп, боёсу кангандан кийин эмне кылышмак, ызаланган ырчы кыз ошол бойдон клипке тартылууга аргасыз болгон. Кесиптештери Настяны ого бетер ардантып, бир топко чейин шылдыңдашкан.

Антон Сихарулидзе сүйгөнү менен элдешти
Бир нече жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы Надя экөө 5-июлда үйлөнүшмөк экен. Эмнегедир Антон үйлөнүүдөн баш тарткан, буга Надянын кызганчаактыгы себеп болгон. Антон "Ледниковый периодго" катышкандан бери экөөнүн ортосундагы уруш-талаш бир топ күч алган. Мындан ары минтип жүрө берүү болбос экенин түшүнүшкөн түгөйлөр жашоолоруна эки башка багытты тандашкан. Эми экөө жакында элдешти. Бирок, баш кошушабы же жокпу ал азырынча белгисиз.

Тутта Ларсен МТVден кетти
МТV каналында 10 жыл иштеген 34 жаштагы Тутта Ларсен жумушун өз эрки менен арыз жазып таштады. Анткени жарым жылдан бери келген жаңы жетекчи эч кандай жаңылануу киргизмек тургай, кесиптештери менен чогулуп жыйналыш да өткөрбөптүр. Ошол учурда МТV нин баркы бир топ төмөндөгөнүн сезген Тутта, анын келечеги жок деп башка "Звезда" каналына баса берген. А эми ал шоу-бизнес менен эмес, журналисттик кесипке оогону турат.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева