Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Ресторандар

Өзгөчө тамактануучу
Учурдун талабына, замандын өзгөргөнүнө жараша адамдардын да талабы, табити, көз карашы, аң сезими өзгөрүп баратат. Бүгүнкү күндө ар бир эле адам тырмагынын учунан баштап чачына чейин башкалардан өзгөчөлөнүп, айырмаланганга умтулуп калышканбы айтор, жада калса тамактануучу жайлар да тири укмуштай салына баштаптыр. Бул тамактануучу жайлар көпчүлүктүн көңүлүн ирээнжитип, көңүлүн айнытаарында талаш жок, бирок, азыркы учурда дал ушундай тамактануучу жайлар популярдуу болуп, элдер жок дегенде бир жолу кирип тамак ичип чыккандан мурда, ичине жөн гана кирип чыгууга умтулушат экен.

Жылаңачтанып алып...
Манхэттендеги бул ресторанга каалоочулар бир гана шарт менен кире алышат, алар ресторанга кирээрде бут кийиминен баштап бүт чечинишет да, жылаңач боюнча тамактанышат. Бул ресторан токойдун орто ченинде орун алып, жаратылыштын кооздугу менен гана курчалганы болбосо, тамактарынын түрү башка ресторандардан эч нерсеси менен деле айырмаланбайт. Ошентсе да бул өзгөчө тамактануучу жай дем алыш күндөрү кышы-жайы дебей киши өтө көп болот. Ресторандын башчысы бул тууралуу "Менин рестораныма жылаңачтанып кирүүнүн эч кандай уяты жок. Болгону мен башкалардан айырмаланып, келген кардарларыма өзгөчө маанай, сезим тартуулагым келди. Алгач уккандарга өөн учурашы мүмкүн, эгер алар да келип жок дегенде бир жолу кирип көрүшсө жаман ойлорунан арылышаарына толук ишенем"-дейт.

Баштарына презерватив кийишет
Таиландда жайгашкан бул ресторандын ээси Микаем Виравайдил, ал эми ресторан "Капуста менен презерватив" деп аталат. Бул тамактануучу жайга кирген кардарга бекер капустадан жасалган тамак жана бир презерватив беришет. Муну менен алар "жугуштуу оорулардан сактанып, дени сак жүрүш үчүн адамдарга презерватив капустадай эле керек" дегенди түшүндүрөт. Ал эми кардардын кареги менен тең айланган официанттар баштарына ар дайым презерватив кийип жүрүшөт. Мындай жагдай кээ биринин жинин келтирсе, көпчүлүгүнүн күлкүсүн келтирет экен. Таиланддын жашоочулары Микаемди "Коркунучсуз жыныстык катнаш үчүн күрөшкөндөрдүн королу" деп аташат. Микаем үчүн, ачылган ресторан чоң сыймык, анткени ал бир топ адамга туура багыт берип, бир топ жугуштуу оорулардан сактай алган. Дагы бир белгилей кетчү нерсе - бул тамактануучу жай күнү-түнү дем алышсыз иштейт. Себеби кардарлардын саны өтө арбын жана алар өздөрү бул ресторанды тынымсыз иштеткенге суранышкан.




Ой, тобоо!
Брюсселдеги өзгөчөлөрдүн - өзгөчөсү болгон бул ресторанга киргенге көп акчадан тышкары эрктүүлүк керек. Анткени атайын орундар толгондон кийин кабинаны атайын чоң крандар менен бийиктикке көтөрүшөт да кымбат вино ичишип, шаардын кооздугун үстүртөн байкашып, суктанып отурушат экен. Кызыктуусу бийикке чыгаарын-чыгып алышып, жүрөгү айланып, кускусу келип, жерге батыраак түшкөнгө умтулушат. Бирок бул ресторандын башкалардан артыкчылыгы ар бир эле кардардын көңүлүнө карай беришпейт. Себеп дегенде ресторанга тобу менен отурган адамдарды тамактанып бүткөнчө бир-бирден жерге түшүрбөстөн, тобу менен түшүрүшөт. Тамактануу болгону 8 миң евро турат. Кой үстүндө торгой жумурткалаган жыргалдуу заманда эле жашагандар келип бул жайдан тамактанбаса...


Байлар үчүн ачылган ресторан жайлар
Дааратканабы же ...
Тайванда ачылган ресторан "Morton Theme" (Кытай тилинен которгондо "Матонг"- даараткана дегенди түшүндүрөт) Бул ресторандын жасалгасы: отургучтун ордуна даараткананын унитазы, ал эми тамак ичүүчү стол ваннадан жасалган. Ресторанды ачып жатканда Эрик Ванг адамдарды жийиркенип, тамагы оруса керек деген ойдо болуптур. Бирок Эриктин бактысына жараша ресторан ачылганына эки күн боло электе эле бош орун калбай, эл үзүлгөн эмес. Эмне максатта даараткана өңдөнгөн ресторан ачканын Эрик так-айкын түшүндүрө албайт. Болгону ал "башкалардан айырмаланып элди таң калтыргым келди"-деген эки ооз гана сөз айткан. Ресторанда кардарлар ойлоп көрбөгөндөй көп болгондуктан Эрик Ванг мурунку тамактануучу жайдын аянтынан, көлөмүнөн эки эсе чоң дагы бир ресторан ачканга үлгүргөн. Ал эми тамак ичкиси келип бул ресторанга баш баккан адам тамакты унитаздын формасындагы табактан ичишет.