Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бешене

Тагдырым менин таңдарды жалгыз атырган...
Сезим, жан дүйнө төркүнүндөгү чексиздик... Ал, адамдын акыл эркинен сырткары көзгө илинбеген, колго урунбаган токтоосуз агымдай. Анын мазмуну жүрөктө катылган мейкиндик...
Жан дүйнө сересиндеги "махабат" бул түбөлүк өчпөгөн ыйык аруулук тура. Ал ыйыктык жаралгандан тарта нечен өмүрлөр күбө болгон күн, апта, ай, жылга алмашып учугу уланып, "сен" деген сезимимди өзүмдүн көлөкөмө түбөлүк энчилеп мына, мынакей деп кол кармашып кетээрде, жалган сөзгө ишенбегенде мындай болбойт беле, ким билсин...

Көзгө урунган эрке толкундар
Көзгө урунган кечки толкундар бөтөнчө добуш менен үн салышып кубулушат. Кечки көлдүн ажарына көрк бергенсип улам токтоосуз кат-кат болуп бири экинчисин толуктай желешешип өзгөчө бөтөн обонго салып шыпшынышат. Толкундар бирде мукам, назик үндү эске салса, бирде ойлонуп санаага, кусага баткан жандай муңкана үшкүрө калышканда, артынан шамал айдап толкундарга кайкып учуп өткөндө алар, бири-бирине кошулушуп, улашып кетип жатышты...
Ушундай тынч көлдүн шыбыртын канчадан бери сагынганын эстеди. "Шаарда баары башкача, кумурскадай кымкуут түшүп, тыным албай ташынган эл. Бош болсок, дагы бир күн калат элек...

Илкий экинчи бутуна оой берген эжекейи:
- Зарема, бол эми! Санаага баткан кызды эжесинин үнү оюн бөлүп жиберди.
- Мына, баратам.
Жай баскан сиңдисин көрүп, эжеси Гүлбара ичинен аяп алды. Кантсе да жалгыз сиңдиси, аны ыксыз эле ооруп калдыбы деп кооптоно карай берет. Зарема быйыл экинчи курсту бүтүргөн. Кудай буюрган күнү диплому колуна тийсе өз кесиби боюнча иштемек. Ага чейин өз окуусуна өзү кам көрүп, эне ордуна эне, ата ордуна ата болгон эжесине жардамдашып колдон келген ишти жасап, балдакчан Гүлбарага ар качан кубат болуп, тапканын ортого салып жүрөт.
Эже-сиңди өз ойлору менен болуп сыбызгыган жай музанын үнүнө тербеле жеңил унаада баратышты. Ойго чөккөн рульдагы сиңдисин уурдана карап эжекейи ичинен суктана:
- "Бейиши болгур энемдин эле өзү, суйкайган эч нерседен кебелбеген келбети да, Зарема аларды да жакшы тааныбай калды. Өмүрлөрүнүн кыскалыгын жалп этип өчкөн чырактай авто кырсыктан экөө бирдейинен каза болгонун. Ошондо, такыр машинеге түшпөйм деп эми минтип, сиңдим машине тепкенди да үйрөндү..." Оюн окуп койгондой Гүлбара чочуп кетти. Зарема ырас эле суктанаарлык кыз болуп чоңойду. Ажарына жараша айтканынан кайтпаган бир мүнөздүү. Эс алып кайрадан ишке киришчү убак да келди, бир үйдүн окатын ушул кыз кылдыратчу.
- Зарема, сак жүр. Эми кандай айла кылайын, жок дегенде жездең аман болгондо...
Жашып кеткен эжесинин бек кучактаган Зарема муңайым үн катты.
- Эже, менден кам санабачы. Мына Кудайга шүгүр жездемден там калса, сиздин демиңиз менен жүрүп машинелүү да болдук. Эми кара курсакты кантип тойгуза албай калалы. Жашыңды төккөнүңдү койчу эми?!
- Койдум, мендей жашык эжеңдин сөзүн көңүлүңө алба...
Ушинтип эле...
- Ошол чоң курсакка тикмечи болбой калсам эле ыйлап жатасыңбы. Мен бат эле жумуш табам, эже. Андан көрө өзүңдү жакшы кара. Кырктарга чыгып чыкпай саамай чачын ак баскан эжесине кол булгалаган Зарема авто унаасы менен жөнөп кетти.

Бакыт учкуну
Кыжылдаган кыйма-чийме машинелерден суурулуп чыккан Зарема, ылдамдыкты күчөтө берди. Ашыгып баратып алдынан чыккан адамды кечирээк байкап калды. Ал артка кетенчиктей түшкөнүнөн улам аман калды.
- А-а-ай...
Ачуу үн менен сүрүлүп барып токтогон жеңил унаадан ыргып түшкөн Зареманын келмеси оозунан түшүп, ары четте турган жаш жигитти көрдү.
- Кечиресиз, мен...
- Сизди түшүнүп турам.
- Жигиттин оозунан орой сөз чыккан жок. Кыздын мөлтүрөгөн баёо көздөрү аны жипсиз байлап турду.
Көздөр бир азга арбашып туруп калды.
- Мен сизди көргөм, - деди бир топтон кийин жигит.
- Кайдан.
- Билбейм, эстей албай турам. Мүмкүн, түшүмдөдүр.
Жоодураган кара көз жигит кызга жаадырай, көзүн албай карап тура берди.
Тагдырдын табышмагы экөөнү ушинтип жолуктурган.
Дал ошол күндөн экөөнү белгисиз күч бири-бирине жакындатып, Зарема дили таза бул жигитке кандайча арбалып калганын өзү да билбей калды.
Эрик соода иши менен чет жактарга чыгып жүргөнүн таанышкан күнү эле айткан. Ал күндөрү экөөнүн жалындаган махабаттан башка эч нерсени ойлогонго чамалары келбеген.
Жайкы түндөрдүн биринде сейилдеп экөө келе жатышты.
- Зарема, -деди Эрик ойлуу. Кыз сөздүн төркүнүндө бир маани жатканын сезип үн каткан жок.
- Жакын арада келинчек алуумду айтышып ата-энем күтүп жатышат. Сүйлөшүп жүргөн кызым бар экенин айтсам кубана макул болушту.
- Эрик, бул тууралуу менин окуум бүткөнчө сүйлөшпөй туралычы?! - деди кыз.
- Мен сенден бөлөк эч ким менен жашагым келбейт. Эрик кыздын жалындаган көз карашын жаздымга кетирбей, бири-биринин жүрөк кагышы аркылуу түшүнүшүп көпкө турушту.
Тоскоолдук
Кийинки күндөрү курбусу Зареманын жүргөн-турганы, кийген кийими өзгөрүп кеткенине Гүлсүнай таң калып жүрдү. Курбусунун сырын билүүгө акидей асылганынан жигити Эрик менен да тааныштырды. Ошол күндөн тарта курбусу Гүлсүнай үйүнө көп келчү болду.
Көптү көргөн эжесине Гүлсүнайдын жоругу жакпаса да сиңдисинин көңүлүн бүлүндүргүсү келбечү.
Той болоорго жакындаганда Эрик, Заремага той көйнөгүн тандоого байланышып калды. Бул учурда Зарема деканатка кирип кеткен. Эриктин байланышканын көрүп, Гүлсүнайдын ичи тарый амал ойлоно, трубканы Зарема болуп алды.
- Эрик, азыр менин убактым жок. Трубканын аркы учундагы Эрик.
- Анда качан?
- Тойду кийинки айга жылдырбасак болбойт. - деди камырабай.
- Мен сенден ажырагым келбейт. Бул эмне дегениң?
Күтө албасаң бактыңды башкадан изде,мен сага капа деле болбойм. Эрик канчалык жан үрөсө да Зареманы сөзгө келтире албады. Жигитти кыздын сөзү жалынсыз отко салгандай болду. Күйүткө түшкөн Эрик Зареманын сөзүнө эрегише бактысын башкадан издемек болду.
Берилбей калган десте
...Бир жагынан эжеси, экинчи жагынан жанын жай алдырбай күйгүзгөн жалындаган махабаты, үчүнчүдөн курбусу Гүлсүнайдын өтүнүчү, арылгыс санаага батырып турду. Оор үшкүрө башын көтөрдү. Кайрадан Эриктин акыркы жолугушуудагы үмүттүү караган көз карашы көз алдына тартылып башы шылк дей түштү.
- Зарема...
- Жок. Гүлсүнай,
Эриктин тоюна бара албайм.
- Ушунча алсызмын дечи?..
Зарема эки анжы ойдо көпкө олтурду. Акыры курбусу менен Эриктин тою өтүүчү кафеге келишти...
Апакай той көйнөгүн кийип кулпурган бейтааныш бийкечтин жанындагы Эрикти көрүп, көзүнөн жашы куюлуп кетти. Жашыган курбусун карап күлкүсүн тыя албаган Гүлсүнайды көрүп башын көтөрдү да колундагы гүлдестени стол үстүнө коё коюп, муңая карап калган Эрикти бир карап алып сыртка бет алды. Сырттагы машинесине жалгыз олтуруп, караңгы түнгө максатсыз тигилип, Эриктин муңайган жүзү менен курбусунун мыскылдуу элеси тартылып баратты...

Даярдаган
Чынара Абдраева




Мага баары тең дагы бүдөмүк бойдон калды. Кечинде үйгө келгенде өзүмдү аябай жакшы сездим. Өзүмдү аңдаштырып көрсөм, биринчи жолу эч жерим оорубаганын, көңүлүм кирдебегенин туйдум. Эгерде ден-соолугум ушундай болсо, Бахид менен калууга өзүмө-өзүм ант бердим. Ошол учурда ден-соолугум болсо, калганы мага баары бир деп ойлодум.
Эртеси жолугуштук. Ал мага жакындап келди да:
- Мен сени тажаткан жокмунбу?... Мен сени кыйнап жибердим, аны сезип турам. Минтпесем сен мени карамак эмессиң, туурабы?- Ал менин сөзүм кандай таасир калтырып жатат дегендей көпкө тиктеп турду да: -Мен сагындым сени, -деп кошумчалады. Бул суроолору таң калтырган жок, мага анын эң акыркы сүйлөмү катуу таасир калтырды. Ага эмне деп жооп айтаарымды билбей башымды жерге салып тим болдум. Анын жүзүн муздак жылмаюу аралады.
- Сабактан кийин бир жакка барып келелиби?
Жан дүйнөм ага эреркеп тургандыктан, унчукпастан башымды ийкедим. Бул жооптор менин аң-сезимдүү ойлонгон таза дилимден чыкпастан, түздөн-түз механикалык түрдө жасалган роботтук кыймылдардай сезилди өзүмө.
Сабак бүттү, экөөбүз ээрчишип көчөгө чыктык. Анын жанында басып баратканыма ушунчалык ичим ачышып, өзүмчө туталанып, бир жагынан уялып бараттым. Каршылык көрсөтүүгө канчалык чын дилимден аракет кылганым менен башкача күч анын жетегинде алып баратты. Жанында баратам, бирок ошончолук өзүмдү оолак кармоого умтулуп жаттым.
Менин абалымды түшүндү окшойт, жол жээгинен такси кармады. Экөөнүн кайсы багытка баратканы тууралуу сүйлөшкөнүн укпаганым менен эски Төкөлдөштүн көчөлөрүн аралаганда кайда келгенибизди түшүндүм. Үйлөрү начар деп укканым менен бияктагыдай ийри-муйру, жапыс, сырты акталабаган үйлөрдү шаар ичинен биринчи көрүшүм эле. Үйдө өзбек көйнөк кийген бир аял бар экен, Бахид аны менен киши катары ал-ахыбал сурашып учурашып койбостон:
- Абдумалик кайда? -деди, Бахиддин бул сөзү өкүм, буйрук иретинде угулду. Аял жер карап тажикче бирдеме деп чыгып кетти. Мен үйдүн ичин толук карап чыктым. Үйдүн ичиндеги оокаттар анча эски болбосо керек, бирок аябай кир экен. Бир маалда аял сырттан бети-башы ун болгон, муруту күрөктүн сабындай эркекти ээрчитип келди.
- Салам алейкум, -дешип экөө ийиндерин тийиштирип көрүштү. Минтип кучакташышы мага өөн көрүндү. Өзүмдү башка дүйнөгө келип калгандай ыңгайсыз сездим.
- Сизге айткан, алам деген кыз ушул. Жакында алып кетейин деп турумун,-деди. Бүткөн боюм жылан аралап кеткендей муздай түштү. Мындай сөздү уккандан кийин чуркап сыртка чыгып кетишим керек эле, бирөө бутумдан тушап койгондой делдейип эч нерсеге түшүнбөй калгандай тура бердим. Ошол учурда эмне ойлогонум да эсимде жок, бул сөздү уккан аялдын акшыя карашы ого бетер чүнчүтүп жиберди.
- Хоп, жарайт, биз нима демекпиз, - Абдумалик мени бутумдан башыма чейин сынай карады да, Бахид экөө сыртка чыгып кетишти.
Тигил аял ууру кылчу кишидей эки жагын элеңдеп карап мага жакындап келди да:
- Сиңдим, тигинин айылда котыни бар да, -деди. Мурда эле чыйрыгып турган жаным дагы бир чака муздак суу куйгандай боло түштүм. Көөдөнүм уйгу-туйгу. Кадим бороон болуп киши табылбай калгандай башым тегеренди. Дагы кулап калам го деп корктум эле,-бирок бирөө күч берип тургандай эрдемсип тике карадым аялды. Ал өзүн ыңгайсыз сезди да унчкпай калды.
Мындай ыңгайсыз абалдан чыккысы келдиби, сыртка чуркап чыгып кетти да бат эле чайнек көтөрүп жетип келди. Бир заматта эски чүпөрөк дасторконун жая салып чайын даярдап жиберди. Экөөбүзгө кичинекей чыныларга чай куйду да, биринчисин ууртап өз алдына куюп, экинчисин мага сунду. Мен өзүмдүн сүрдөп турганымды билдирбес үчүн мага берген чыныдагы чайды колума алып, анын шоркуратып ичкенине каршы, маданияттуу экенимди ага көрсөтүп коюу максатында кылк жутуп, бир чыны чайын ичтим. Аңгыча Бахид келди, бирок баягы жаадыраган маанайы жок, кабагына кар жаап, ого бетер үңүрөйүп:
- Тиги сага эмне деди!...
- Эч нерсе. - Ал бир нерсени шекшигендей экөөбүздү сыдыра бир карап өтүп, анан бир саам сыртты тыңшагандай тунжурап турду да:
- Жүр кетели, -деди. Биз бир топко жөө бастык, көкүрөгүмдү тиреп турган санаадан кутулгум келди.
- Бахид, сенин аялың барбы?-деп сурадым кандайдыр бир жүрөксүгөн үн менен. Ал мындай сөздү менден күтпөсө керек, биринчи дене боюн жыйрып алды да, анан эсине келгендей бул суроону мен өзүм берип жатканымды текшерүү мүнөзүндө теше тиктеп турду да:
- Сен баары бир менден кутула албайсың да, -деди. Бул сөзүнө абдан ызаландым.
- Эгер бар болсо менин башымы оорутпа… - Кантип кыйкырып жибергенимди өзүм да билбейм. Ал эч нерсе укпагандай жана эч нерсе болбогондой көзүнүн кыйыгы менен мени таң кала карады эле, кареги көрүнбөй, өңү бозоро түштү. Мен кадимкидей мууна баштадым да катуу коркуп кеттим. Мендей болуп башы айланып кулап калса кантээримди билбей алдастадым.
Анын көзү акырындап өзүнө келе баштады. Карегинин айланып кетишинде абдан терең адамдын акылы жете бербеген сыр бар экенин байкадым. Антени анын көзү аңтарылганда мени бир нерсе тамагыман алып муунта баштаган эле. Ошондо өзүн-өзү кармадыбы же менин көзүмчө мындай ишти кылгысы келбедиби көзүн ирмеп-ирмеп өзүнө келди. Мен да муунбай калдым. Ушул жерден мен Бахидде эч кимге билинбеген сыйкырдуу күч бар экенине толук ишендим. Ошол аркылуу буга чейин мени башкарып келгенин да сездим. Бахид мени аядыбы, же өзүнүн жолун ачып койгусу келдиби:
- Менин никелүү аялым жок. Ал сен болосуң,-деди. Бирок, бул менин ички сезимимди соорото албады. Канчалык ишенейин десем да баары бир жанагы аял айткан сөз башымда чымындай зыңылдап айланып туруп алды.










??.??