Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Обон"-почта

ОП-25-01. Салам "Обон". Калемиңер курчушун, чыгармачылыгыңарга ийгилик каалайм. "Кыргызстан Обондорунун" ди-джейи Эдил Эркинбаевге салам. Тартылып ак кагазга сүйкүм элес,/ Тармал чач, көлдөй көзү апкаарыдыбы?/ Таңкы жолдор адаштырды кайра келбес,/ Тумчуктуруп түпкүрдөгү көңүл сынды./ Жүзүң эмес сенин мукам үнүңдү, Угууга да татыбасмын мен чыны. Терең урматым менен Диаз

ОП-25-02. "60 К" менен өткөргөн эки саат өмүрүмдү кайтарып бергилечи? Дал ошол 17-июлдагы саат 16.00дү кантип кайтарам. Менин өмүрүмдөгү мага эң баалуу күндөрдүн бири жүрөгүмдүн тереңинде дайыма сакталмакчы. "Обон" рахмат сиздерге, аябай ыраазымын. Терең урматым менен Жака-Жазгүл

ОП-25-03. "Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге чоң рахмат айткым келет. ОшМУ ФТФ СКГ-07 супер. 07727740хх

ОП-25-04. Чынгыз мырза, ырларыңды көңүл коюп угам. Жакшы ырдайсың. Россиянын Хантымантысынан Жыпара

ОП-25-05. Мындан мурунку санда чыккан Ринага кайрылгым келет. Атабековду жамандап эмне кыласың, өзүңдү карап алчы! Оксана

ОП-25-06. Акыркы он жылдыктын супер ырчысы Темир Назаров. Канат Култаев бут тосконуңду токтоткун! Казакстандан күйөрманы

ОП-25-07. Алматыда 18-июлда болгон концерт бир грамм да жакпады. Айрыкча Акбар концерт башталбай эле көңүлүбүздү бузуп койдуң. Экинчи Алматыга келбегиле. +770158474хх

ОП-25-08. Ош базарында иштеген классташтарым Рахат, Үмүт (Наташа), Акинай, Руслан, Абдивали жана башкалар бул номерге +77025121416 номерине SMS жазгыла. Силерди издеген Шымкенттен классташыңар Нурайым, Гүлдана

ОП-25-09. Кайратчик, кандай, сага ийгилик, алга! Кайрат боюң өссүн, даңкың өссүн, ага кошулуп ыйманың өссүн. 07738608хх

ОП-25-10. Кыргыз калкым дайыма алдыда болууну кааласаңар "Обонду" окуп, "Обонушканы" уккула, жардам берет. Текшерилген процесс. Жака-Жазгүл

ОП-25-11. Күйөрмандар добуш бергенде бир номер менен бир эле жолу кабыл алынат экен. Андыктан ар башка номерден добуш берели. Ильязга добуш бергиле, окурмандар. Жака-Жазгүл

ОП-25-12. Айгүл Чалованы 25-июль туулган күнү менен куттуктайм. Куланактык жигит

ОП-25-13. Ай чырайлуу ырчы Айгүл Чалованы 25-июль туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым алдыда бол, ишиңде ийгилик, жеке турмушуңа тоодой бийик бакыт-таалай каалайм. Талантыңды сыйлап Айзада

ОП-25-14. Урмат Усеновдун фанаткалары, Урматка сүйөрүңөрдү билгизбей эле койсоңор болот. Урмат Усенов дегенде жанын берем деген кыздар, эс алгыла, макулбу? Ага баары бир жетпейсиңер. Ал бир гана меники. Нураим

ОП-25-15. Темир Назаровдо чыныгы талант бар. Тимка байке, сизге чыгармачылык ийгилик каалайм. Жаратканым өзү колдосун сизди. Дайыма бар болуңуз жана бай болуңуз. Урматым менен Темирова Самара

ОП-25-16. Раймалың мен болоюн Бегимай Эсенгулова. Сен суйкайган сулуу сонун айымсың. Алга, сага салют. Сага ийгилик. 07738608хх

ОП-25-17. Кайрат Примбердиевге салам! Канатсыз уча бер, сага жараша берет. Оо, достор эмне кылдык? Кайрат үчүн бир тонна SMS жөнөткүлө. Күйөрманы

ОП-25-18. Менин саламым атам Турдумамат, апам Апизага. Асылым ата-энем аруу таңым,/ Ар таңда тилеп келем амандыгың./ Дилиң таза дүйнөдөгү уз экенсиң,/ Көркүн берген жашоодогу бактым сенсиң./ Пейилиң ак бул дүйнөдөй кенен дайым,/ Кулпуруп мээрим төккөн алтын шайым. Асылдарым менин эч качан оорубаңыздар. Эрке кызыңар Гүлшан

ОП-25-19. Салам "Обон" кандайсыңар? Мен биринчи жолу SMS жазып жатам. Мен силердин жаңы окурманыңармын. SMSчилер силерге да салам! Кунчуайпери атың абдан жакты. Сени менен жакындан таанышкым келет. Золушка 0777893382

ОП-25-20. Алматыдагы Мээрим, жаным сени 22-июль туулган күнүң менен куттуктайм. Ата-энеңди сыйлаган, сүйгөн жарыңды барктаган кыздардан бол. Өмүрдүн гүлү, жашоонун нуру болгон ден соолук каалайм. Күттүрбөй бакыт сага өзү келсин. Дүйнөдө бардык жакшы нерселерди Кудайым белек кылып сага берсин. Астанадан сагынычым менен жигитиң

ОП-25-21. Менин сүйүктүү эжелерим Нурзат Мамбеталиева, Динара Эсенгуловага салам жолдоп, иштерине ийгилик каалайм жана ошондой эле балдары С.Садыралиев, Айдин Шер, Бегимай Эсенгулова, Кайрат Примбердиевдерге чыгармачылык жетишкендик каалайм. Мамбеталиева Асель

ОП-25-22. Шымкенттин базарларынын биринде иштеген 83-жылкы Жанарбекке салам жолдойм. Ишине ийгилик каалайм. Алматыдан Назгүл

ОП-25-23. Ыймандуу, бою узун, чачы узун, келбеттүү кыздар менен таанышам. 0777153091

ОП-25-24. Мүмкүн мага эч ким ишенбестир, бирок мен ишенем, Кудайдын бар экенине. Биз баарыбыз анын кулубуз, ал бар үчүн жер жүзүндө ыйман, сүйүү бар тура. Ошол сүйүүдө эмнелерди көрбөйсүң. Мен ошол сүйүүгө жетпей жашап келем. Айтурган "Кызбурак"

ОП-25-25. Каракулжалык Замир, Ноокендик Мырза, досторум Гүлнара, Гүлзат, Чынара, Элзина, Бема, Гүлзина, Айпери, Сагынбек, чоңалайлык Курсан аке, Сагын аке дайыма бар болгула. Оштон Тазагүл

ОП-25-26. Сүйүктүү ырчым Анжеликага супер салам жолдойм. Сен дүйнө боюнча эң сулуусуң. Сага эч ким жетпейт. Фанатың Гүлшайыр

ОП-25-27. ОП-23-13 номердеги Камилочкага кеңешим. Бир келген жашоону татыктуу жаша демекчимин. Андыктан окугуң келсе оку, тилектериңе, ойлогон оюңа жетүүгө дайыма аракет кыл курбум. Оштон Т... 07727740хх

ОП-25-28. Менин сүйүктүү кумирим Кубаныч Сатаевге: Сизге кааларым узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, дайыма жаркырап-жайнап жүрө бериңиз. 07730702хх

ОП-25-29. Сокулук районунун 1-май орто мектебинин 8-классынын кыздары Мека, Жыза, Айкага салам! Силер суперсиңер. Бахытова Назира

ОП-25-30. Кубаныч байке, менин кумирим сизсиз. А сиздики ким? Жашоодогу девизиңиз? Канжар 07729645хх

ОП-25-31. Айтурган Эрмек кызы билесиңби, мен сени кандай сүйөөрүмдү? Жылдыздар бизден жогору турасыңар. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Жеке жашообуз окшош экен, ошол сүйүүбүзгө жетебизби? "Обон" сиздерге чоң рахмат, калемиңер курчуй берсин. 07777413хх

ОП-25-32. Менин саламым апам Бердикулова Мира жана атам Итибаев Бахытка жолдонот.Мен издерди ушунчалык жакшы көрөм. Кызыңар Бахытова Наргиза

ОП-25-33. Карасуу районуна караштуу Отузадыр айылындагы досторум Адина, Айпери, Асел, Айзат, Акмарал, Рахималарга супер салам! Силерди жакшы көрөм. Ар дайым бактылуу болгула. Силерди сыйлайм. Гүлшайыр

ОП-25-34. Жигиттер! 0777541653 номерине чалгыла, таанышабыз. Н...

ОП-25-35. Шымкентте иштеген досторум Гүлнура, Үпөлгө салам жолдойм. Аида

ОП-25-36. "Обон" сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм. SMSчилер бекер убара болбой эле койгула. Ырчылардан эң сулуусу Бактыгүл менен Неля эмес Анжелика сулуу. Ага эч ким жетпейт. Анжеликадай сулуулук эч кимде жок. Сен суперсиң. 05557856хх

ОП-25-37. Нурдөөлөт, мен сени ушунчалык сүйөм. Ишенчи жаным. Сени сүйүп жүргөн Наргиза

ОП-25-38. Көкжаңгактык Тургунбаев Нурлан. Мен турмушка чыгып кеткем. Сени менен таанышканда мени кудалап коюшкан эле. Алдап жүргөнүм үчүн кечир. Мени издебе. Бактылуумун . Жалалабатта жүргөн күндөрдү унутпа. Аида

ОП-25-39. Жаным, билесиңби бүгүн ызадан, өкүнүчтөн, армандан, сагынычтан сыздап түндү жаңырта ыйлап жатканымды. Жашоо мен үчүн бүтүп бараткандай. Үмүт оту өчүп калгансыйт. Мен өлгөнмүн бир гана жүрөгүм тирүү. Жүрөгүм баары бир сен деп согот. Нурзат

ОП-25-40. Биз Алматыда иштеп жаткан эжебиз Ызатгүлдү 20-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Сизге ден соолук, узун өмүр жана ишиңизге ийгилик каалайбыз. Сайкал, Курманжан

ОП-25-41. 36-катардагы Султанга биринчи номинацияны бергиле! Султан асманга! Сен биринчи, калгандары аркада. Сага күлүк да жетпейт, ырчылар тургай. 07738608хх

ОП-25-42. Козу, мен сени өмүрүмдүн акырына чейин сүйөм. Сенчи? Шымкенттен Асылбек

ОП-25-43. Кыздар эмне эле Мирбек Иманбеков, Урмат Усенов, Султан Садыралиевдерди сүйө бересиңер? Которулуп ырдалган ыры үчүнбү? Ильяз Абдыразаковдой, Темир Назаровдой, Мирбек Атабековдой ырчы жигиттердин алдында алар эч ким эмес. Сынчы кыз

ОП-25-44. "Обон", саламым сиздерге, чыгармачылык ийгилик каалайм. Калемиңиздер курчуп, көптөгөн ийгиликтерге жетишиңиздерге тилектешмин. "Обон" эң мыкты гезит. Майрам

ОП-25-45. Шымкенттин "Бекжан" базарында иштеген сүйүктүү Гүлзина, сен былтыр жолугушкан жерде күлүп жайнап саламдашып турчусуң. Быйыл болсо башкачасың. Себебин сеземин. Гүлзина, мен сени жакшы көрөм. Эстеп сенин көзүңдү, элжиреп жүрөк эзилди. С…

ОП-25-46. Кубаныч Сатаев чыгармачылык ийгилик, опол тоодой бийик бакыт-таалай каалайм. 2000-жылы Нурманбет айылына тез-тез барчу элең, азыр концерт коюп барайын деген оюң барбы? Айзада

ОП-25-47. Менин саламым Шымкентте "Самал" базарында иштеген суйкайган сулуу кыз Жанарага. Жаным Жанара ден соолугуң чың болсун. Кудайым сага берээрин унутпасын. Мен сени бир өмүр да күтүүгө даярмын. Жанара, сен сулуусуң билем. Бирок эмнеге ошончолук боюңду көтөрөсүң? Жетишет болду! Жакшы көрөрүмдү билип алдың да ээ? Билбейм, мен сага жетеминби же жокпу Кудай билет. Сени жакшы көргөн сырдуу жигит Ислам. +770127167хх

ОП-25-48. Зарлык байке жаңы алган соткаңар кут болсун. Кудай жалгап ушул соткаңызды жоготпой көпкө иштетиңиз. Сизге ийгилик каалайм. Тургунай

ОП-25-49. Астанадагы "Зулкия" базарынын 238-орунундагы Даирбекке салам. Айка

ОП-25-50. Мен 2006-жылдын мыкты ырчысы, "Хит-параддын" жеңүүчүсү, менин сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевге салам жолдойм.Ар дайым бар бол, бай бол демекчимин. Асел.

ОП-25-51. Салам кыргыз элим, кыргыз жерим. Өз тилибизди билбей киргиз болгондор уялсаңар боло, орусча билсе да билбесе да тантырактап орусча сүйлөгөндөр өзүңөрдү кыйнабай кыргызча эле сүйлөсөңөр. Ушинтип отурсак эне тилибизди унутабыз го, кыргыздар? Золушка

ОП-25-52. Неляга эч ким жетпейт. Ал таланттуу жана сулуу. Таң алдында эмес, сен булуттарда бийле. Сен алтынсың. 07738608хх

ОП-25-53. Мээрим жаным, мен сени ойлобой коюу мен үчүн азап. Сенин кабарың канчалык кечиксе, ошончолук кызганам. Анткени сени жүрөгүмдөн жакшы көрөм. Сени ээрчитип алыс жакка кетким келет. Азыр тек сенин элесиң менен жашап келем. Сен канчалык кабарлашсаң күчүмө күч кошулгандай сезем. Сенсиз мага жашоо кызыксыздай сезилет. Сен- бул жашоонун мага берген белегисиң. Алматыдан Кубан

ОП-25-54. М.Атабеков, сиз эң таланттуу ырчысыз. Сизди терең урматтайм. Жаркынай

ОП-25-55. Жапалактын Орке айылында жашаган бөлөм Мырзайымга салам жолдойм. Жайкы эс алууну жакшы өткөр. Шымкенттен Гүлбурак

ОП-25-56. Салам "Обон", Сема жөнүндө жазгылачы? Сема, күнөө менден кетсе кечирип кой. Гулия

ОП-25-57. Эң сүйкүмдүү, баарынан сулуу жана жылдыздуу ырчы М.Иманбеков, Б.Бадыева, Т.Назаров, А.Кабыловаларга супер салам. +770241685хх

ОП-25-58. Киров районунда жашоочу Бердиев Нурланга салам жолдойм. Нурлан, сиз жүрөгүмдүн ээсисиз. Сизсиз жашоонун кызыгы жок. Эч ким сизди мендей сүйө албайт. Сүйгөн кызыңыз. 07738645хх

ОП-25-59. Алина "Сары жөжө" деген сөзгө капа болуп калдыңбы? Сага сары кийим жарашпайт экен. Мода деп эле кие бербей жарашыгына да караш керек да. Алина капа болбо, бирок бул чындык да. Жеңиш кроша

ОП-25-60. "Миң кыял FM" радиосунун коңур үндүү ди-джейи Канат Кадыржанга чыгармачылык эргүү, ачык маанай, ак таңдай аруулукту, күн нурундай сулуулукту каалайм. Айзада

ОП-25-61. Алтынбек Борошевге супер салам. Сиздин клибиңизге тартылсам дейм. Айка

ОП-25-62. Кубаныч байке талантыңызга таазим, сизди байкем катары жакшы көрөм. Урматым менен Эркекыз 07734253хх

ОП-25-63. Менин саламым кумир туткан адамым Кубаныч Сатаевге арналат. Сиз менен чыгармачыл адам катары баарлашкым келет. Сизге байсалдуу ак жол, ден соолук, ишиңизге ийгилик каалайм. Ырчы болгум келет менин дагы. Жардам бере аласызбы? Мени чакырып коюңуздарчы? Жеңүүчү болсом сүйүнөт элем. Алдын ала рахматым менен күйөрманыңыз Назгүл.07730608хх

ОП-25-64. Менин саламым Ноокатта жашаган сүйүктүү апама, атама жана сиңдим Альбинага жолдонот. Шымкенттен Алина

ОП-25-65. "Капкан-шоу" телеберүүсүнүн жылдыздуу алып баруучусу Шайырбек Араповго аппак кардай сулуулукту, шайыр мүнөз жылуулукту жана ден соолук, узун өмүр каалайм. Айзада

ОП-25-66. Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты жана окурмандары Кунчуайпери, Жеңиш кроша, Жака-Жазгүл, Лазат, Гүлшан, Айсулуу, Айгерим. Силер "Обондун" көркүсүңөр. Оштон Чынара

ОП-25-67. Салам "Обон", силерди окуганда өзүбүздү Кыргызстанда жүргөндөй сезебиз. Казакстандагы кыргыздар

ОП-25-68. "Обондун" жалпы жамаатына жана такай окурмандарына ден-соолук, тынчтык, биримдик, иштериңиздерге ийгилик каалайм. Han-Shai

ОП-25-69. Ильяздын фанаткаларына салам демекчимин. Кыздар жадабадыңарбы кечке Ильяз деп жазгандан? Ал окубайт деле. Баркыңарды кетирбегилечи. Анын кызы бар. Адеми

ОП-25-70. "Обондун" 24-саны да аябай кызыктуу чыгыптыр. Сиздерге ардайым, эч качан түгөнгүс сүйүү, үйбүлөлүк бакыт каалайм. Дүйнөдөгү эң бактылуулардын арасында жүрүңүздөр. Эң башкысы эч качан оорубай, ден соолукта жүрүңүздөр. Мен сиздерди жакшы көрөм. "Обонтай" ойноп күлгүн ой санаасыз,/ Бийик учкун "Обонум" эч капарсыз./ Ийгилик коштосун дайым сансыз,/ Жок болсун атаандаш жаман,арсыз. Сиздердин күйөрманыңыздар жана окурманыңыздар Гүлшан

ОП-25-71. Мен Талант Кадыровго чоң салам айтам. Мүмкүн болсо +79045468347 номерине чыгып койчу? Екатеринбургдан досуң Сүйүн

ОП-25-72. Досум Турсункулов Жоомарт Түгөлбаевичке кайнап жаткан ысык салам жолдойм. Досум барга көппөй, жокко чөкпөй досчулуктун кадырына жетели. Досуң Адилбек

ОП-25-73. Мирбек Атабеков, сен суперсиң. Шымкентке келчи. Күйөрманың Кулпунай

ОП-25-74. Тараздагы Базаргүл, Венера эжемдерге салам. Шымкенттен Мээрим

ОП-25-75. Шымкенттеги "Бекжан" базарында халат саткан Арзыгүлгө. Таппасаң сыйпалап кал дегендей точно мүнөздөп жазыпсың. Окуп алып боорум эзилгиче күлдүм. Эмне демекмин, Арзыгүлдүн болушу ошондой. Арзыгүл ушул СМСти окуса да ага жетпейт. Мүнөздөп жазган сага рахмат. Чыгармачылыгың өркүндөй берсин. Толик сынчы

ОП-25-76. Темир Назаров Шымкентке келчи суранабыз. Сен келсең бул жактагы кыргыздын баары барат. +770146298хх

ОП-25-77. Чоң атам Токтосун тирүү болгондо 17-июлда 69 жашка чыкмак. Эгер тирүү болгонуңузда туулган күнүңүздү белгилебейт белек. Казакстандан неберелери Бегимай, Бекинай

ОП-25-78. Салам Гүлзат! Чарчабай иштей бер, сентябрга аз калды. Кудай буюрса Бишкекке барганымда сөзсүз жолугабыз. Шымкенттен Самара

ОП-25-79. Кубаныч Сатаев, сиз өзгөчөсүз. Сонун ырдайсыз. Сиз менен жолукса болобу? Мунара 07722810хх

ОП-25-80. Мирбек Иманбеков мага бетиңиздеги эки уячаңыз жүрөгүмдү сүйдүрдү, ох. Кумирим Мирбек турмушта бактылуу болуңуз. Саида

ОП-25-81. Жаным кусага толгон күндөр өтүп жатат, сен мага жакынсың, бирок жан дүйнөң алыста экенин сезем. Айтчы жаным, анда неге мени кыйнап жатасың? Сени менен түбөлүк бирге боло албасымды ойлогондо мен үчүн өмүр өз баасын жоготуп койгонсуйт. Бейкапар жүргөн кезимде мага жолугуп, бакты-таалай саматып, сүйүүнүн таттуу даамын сездирдиң, а бирок сен мени жүрөгүңө жакын кабыл алган жоксуң. Анда мени азгырбачы, сүйбөй туруп. Кандай күтүүсүз пайда болсоң менин жашоомон ошондой болуп жок болуп кетчи жаным. Нурзат

ОП-25-82. Россиядагы Айтурган, Талгат, Урмат, Айпери, Айчүрөк, Нурмила, Кайрат баарыңарга Казакстандан чоң салам. Достор качан келесиңер, силерди сагындым +770260563хх

ОП-25-83. Кубанычбек байке, мен сиздин чыныгы күйөрманыңыз болом. Сизди бир эле мен эмес үйбүлөбүз менен урматтайбыз. Сиз менен жолугушууну көптөн бери эңсеп келем. Сиз менен жолугушууга мүмкүнчүлүктү белек кылыңызчы? Ишиңизге ийгилик. Мунира 07735224хх

ОП-25-84. Ош областынын Маңгыт айылынын тургуну аяшым Талантты, досум Нурзатты куш бооңор бек болсун деймин. Айкол

ОП-25-85. Биринчи-Манас, экинчи-Семетей, үчүнчү-Сейтек, төртүнчү-Султан. 07738608хх

ОП-25-86. Ырчы Алтынбек Борошевге супер салам! Ден соолукта болуңуз. Айжана

ОП-25-87. Апам Санабар, байкем Элдиярга чоң салам жолдойм. Байке окууларыңызга ийгилик каалайм. Болочок академиктердин баарына салам. 07739787хх

ОП-25-88. Супер ырчы Султан. Мыкты жигит, өзүн сонун алып жүрөт. Сулууларды ыйлаткан да Султан. Супер ырлардын ээси дагы Султан Садыралиев. Султан Садыралиевди жаманатты кылган Нуржамал оозуңду жаап жүр. Тантырап сүйлөй бербей.Кыз башың менен ушундай орой сүйлөйсүңбү? Сени тапсам капа болбо. Султан намаз окуган, түз жүргөн, адал бала. Оозуңду тыйып жүр. 07738608хх

ОП-25-89. Ильяз Абдыразаков, чыныгы жигит, ырчы сиздей болот. Зарифа

ОП-25-90. Менин саламым Урмат Усеновго. Эч качан оорубаңыз. Жамандыктардан жаратканым өз канатында калкаласын. Кудуретимдин кубаттуу күчү менен кут-береке кубалап жүрсүн. Гүлшан

ОП-25-91. Салам достор! Кыргызстанга келгениме абдан кубанычтамын. Han-Shai

ОП-25-92. Айланайын туугандар, ырчылардын кимиси сулуу, кимиси куник экени менен биздин не ишибиз бар. Аларга тийишпей эле өз оокатыбызды кылбайлыбы? Жуси

ОП-25-93. Кунчуайпери азаматсың. Ушунуңдан жазба! Каяктык болосуң, сени менен таанышкым келет. Ошондой эле жалпы "Обон" гезитинин жамааты менен таанышкым келет. Кулпунай

ОП-25-94. Шымкенттин "Бекжан" базарында иштеп жаткан Сашка агай өнөрүңүз өркүндөй берсин. Биз сизге ыраазыбыз. Ушул жолдон кайтпаңыз. Сизди терең урматтап жаткан "Самал" базарынын сулуу кыздары Алтынай, Жаркынай, Гүлзада

ОП-25-95. Шымкентте "Бекжан" базарында экинчи кабатта иштеп жаткан Эмил байке, аялыңыз төркүнүнө кетиптир деп уктум. Супер шансыңызды пайдаланып,биринчи кабатка түшүңүзчү? Балким мени менен былтыркыдай бир түндү чогуу өткөрөөрбүз? Менин атымды өзүңүз билээрсиз, ээ жаным? +770261076хх

ОП-25-96. Карасуу районунун Жаңымаданият айылында жашаган ата-энеме, жеңеме жана алтыным Эрназарга салам. Шымкенттен Самара

ОП-25-97. Окурмандар, Жака-Жазгүлгө бакытты Ильяз менен эмес, мени менен каалагылачы? Жаным, Жака-Жазгүлдү чын жүрөгүмдөн сүйөм. Жазгуля сени бактылуу кылам, мени менен болчу. Айдарчик

ОП-25-98. Гүлнур Сатылганова, Неля, Урмат Усенов сиздерди ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн. Жараткандын, журтубуздун жакшы көргөн жакшы адамдарынан болуңуздар. Аллах ар дайым колдосун! Гүлшан

ОП-25-99. Салам "Обон" гезити. Мен силердин жаңы окурманыңар болом. Кызылкыя шаарынан баарыңарга салам. Зарифа

ОП-25-100. Өзгөн районунун Кызылсеңир айылында жашаган атам Ормонбек, алтын апам Айсалкынга чоң салам жолдойм. Кызыңар Мираида

ОП-25-101. Өзгөн районуна караштуу Кызылсеңир айылында жашаган 1983-жылкы Казакбаев Курстан үйлөнүү тоюң менен куттуктайм. Бактылуу бол дос! Алматыдан досуң Калдар

ОП-25-102. Кубулжуган үнүңдөн уга берем ырларыңды эч тажабай,/ Эстедим деп эргитесиң жашоомду./ Эч унутулбайт залкар Чубак аганын,/ Жан жыргаткан ырлары унутулбай ырдалат. Кубаныч ырларың менен кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган инсан бол. Ак жол сага! Гулиз

ОП-25-103. Алай районундагы Гүлчө айылынын Т.Отунчиев орто мектебин 2006-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам жолдойм. Класс жетекчибиз Кыпчакбай кызы Гүлбарчын эжеге саламым менен рахматымды айтам. 10 жылдыкта жолугушкуча аман болгула. Астанадан классташыңар Адилбек

ОП-25-104. Сокулук районунун Национальный айылынын тургуну Сариев Азаматка чоң салам. Алматы шаарынан Ормокова Гүлзина

ОП-25-105. Шымкенттеги "Самал" базарында иштеген досум Нургазынын уулдуу болушу менен куттуктайм. Досуң Баха

ОП-25-106. Шымкентте иштеп жаткан акем Бегалы, жеңем Берметке жашооңуздардын ар бир кадамын бакыт коштоп турсун демекчимин. Самара

ОП-25-107. Бул SMS Замир Мырзага арналмакчы. Себеби анын талантын сыйлайм. Өркүндөсүн талантың, өчпөй жүрсүн атыңыз, Мукам үндүү үнүңүз, өчпөй жүрсүн жаңырып. Алматыдан Айнура

ОП-25-108. Кандайсың Лазат, иштер, жашоо кереметпи? Эмне жаңылык? Майрам

ОП-25-109. Алыскы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызылжылдыз айылында жашагандарга салам жолдойм. Мен туулган жеримди сагындым. Кыргызым бар бол! Астанадан Адилбек

ОП-25-110. Амантур сен жакшы болуп кет, жаным. Айпери

ОП-25-111. Бишкекте иштеген досторум Мырзабек, Нурбек, Денис, Арстанбек, Жешка аяштар менен бактылуу болгула. Алматыдан Куба

ОП-25-112. Урматтуу ОП-24-13төгү Камилочка сага кеңешим, апаңды кыйнабай эрге тий! Кеңешчи

ОП-25-113. Менин биринчи саламым "Обон" гезитинин жалпы жамаатына. Андан кийинки саламым Ош областынын Карасуу районуна караштуу Ташарык айылындагы ата-энеме жолдонот. Ар дайым биздин бактыбызга бар болгула, сиздерди Аллахка аманат. Алматыдан уулуңар Кайрат

ОП-25-114. Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдыразаков, Ынак Осмоналиев, Султан Садыралиев, Урмат Усенов, Айгүл Чалова, Темир Назаров Ошко концерт коюп кетиңиздерчи? 07721513хх

ОП-25-115. Ильяз Абдыразаков бактылуу болуп, кыргыз элине кызмат кылып жүрө бер. Ден соолукта болушуңду чын жүрөктөн каалап кетем. Бар бол, бай бол! Чынара

ОП-25-116. №35 мектепте окуган Маралиев Курбанбек мен сени сүйөм жаным. 07772526хх

ОП-25-117. Менин саламым сүйүктүү тентешка досум Жака-Жазгүлгө. Мен келдим, мени сагындыңбы? Кунчуайпери азаматсың, алга! Жанка

ОП-25-118. Ильяз Абдыразаков, Сайкал Садыбакасова, Мирбек Атабеков, Омар, Гүлнур Сатылганова, Айгерим Расул кызы силердин талантыңарды баалайм жана сыйлайм. Силер суперсиңер. 07726511хх

ОП-25-119. Назира Жетигенова талантыңызга таазим. Астанадагы концертиңер зор болду. Эртеси базарга келип банан, абрикос деп неге кыйкырып жүрдүңүздөр? Султан Садыралиев сен да Астанага келчи, суранабыз. Гулизка

ОП-25-120. Жагымдуу, назик кыз, менин жүрөгүмдүн ээси, сиздердин такай окурманыңар Жака-Жазгүл мен сени сүйөм. Сүйүүм сүттөн ак. Айдар

ОП-25-121. Саламатсыңарбы "Обонтай", ар дайым сага Кудайым жылуулук ыроолосун. Урмат Усенов сизди ар дайым Жаратканым жамандыктардан өз канатында калкаласын. Гүлшан

ОП-25-122. Кайрат Примбердиев, сизден баары бир калбаймын. Мирбек Атабековго ийгилик каалайм. Мухаммедакы сени өтө сүйөм, сагындым. Гүлжамал

ОП-25-123. Ильяз Абдыразаковго ийгилик каалайм. Добушумду берүү менен биринчилерден болушуңа тилектешмин. Шайыргүл

ОП-25-124. Сахна ажары Б.Бадыева, сиз Таттыбүбү 2 болсоңуз, мен Таттыбүбү 3 болгум келет. Сиз мага продюсер болуп бериңизчи? Талантыңызга терең таазим. 0777843415 номерине чалып коюңузчу? Айтурган

ОП-25-125. Бегайым Карабаевага чыгармачылык ийгилик каалайм. Медикал-Фатима

ОП-25-126. Менин саламым токтогулдук атамдар Анатай, Дайырбек, апамдар Өмүрбү, Базарбүгө. Биз силерге чөгөлөп таазим этебиз. Кызыңар Нурзада, Экуля жана уулуңар Асылбек

ОП-25-127. Каню, мен сени жакшы көрөм. Сен азаматсың. 07731858хх

ОП-25-128. "Бекжан" базарында иштеген 87-жылкы таежеме салам. Көлгө августта барабыз. +770216856хх

ОП-25-129. Шымкентте "Самал" базарындагы менин сүйүктүү кызым Жанарага салам. Жаным, сени дүйнөдө эч бир кызга теңебейм. Ислам +770127167хх

ОП-25-130. Менин сүйүктүү кумирим Кубаныч Сатаевге: Сизге кааларым узун өмүр, чыгармачылык ийгилик, дайыма жаркырап жайнап жүрө бериңиз. Сиз асмандагы жанып турган жылдызсыз. Сизге эч ким жетпейт. Сизди урматтап, ырларыңызды калтырбай уккан күйөрманыңыз Жибек 07730702хх

ОП-25-131. М.Атабеков, сиз эң таланттуу ырчысыз, терең урматтоо менен күйөрманыңыз Жаркынай

ОП-25-132. Арзыгүл карындаш духуңду түшүрбө, ырчылар калып эми сага өтүштүбү… +770215266хх

ОП-25-133. "Обон" сиздерден сураныч мааниси жок смстерди кабыл албай эле койсоңуздар! Болбосо бекерчилер отуруп алып, оюна келгенди оттоп, мурдуна келгенин жыттап жатышат. Жаштар өзүңөрдү колго алып, маданият дегенди унутпагылачы, силерден сураныч. +770218488хх

ОП-25-134. Жанымдын жыргалы, жүрөгүмдүн сырдашы "Обон" силер суперсиңер. Силер бар мен бар. Ар дайым күлүп жүргүлө. Айдана

ОП-25-135. Миранын "Манаска" өтүшү менен куттуктайм. Эжең Аймира

ОП-25-136. Талант байке, Самат байке сиздерге чоң ийгилик. Күйөрманыңар Нуркыз +792329129хх

ОП-25-137. Шымкенттин базарларынын биринде иштеген Мээримге: Сенсиң менин жашоомдун керемети, түбөлүкө бир өзүң деп жашап келем, алтынымсың түбөлүккө махабатым, сенсиң менин сүйүктүү жан жыргалым. Алматыдан Кубан

ОП-25-138. Эх махабат! Мынчалык татаалсың, сенин учу-кыйырың жок бирде тикен, бирде саз жолуңду басып өтүү мынчалык кыйын. Эгерде сүйүп калуу ушунчалык кыйын, сүйүү көз жашы мынчалык ачуу экенин билгенимде эч качан эч кимди мынчалык сүймөк эмесмин. Кана менин балалык сезимдерим, кыялдарым, бир кездеги тынч, бир калыпта согуп жаткан жүрөгүм, азыр тыбырчылап бир гана адам үчүн согуп, ал гана үчүн жашайт. Эх, сүйүү неге мынчалык кыйнайсың, неге? Кечир менин алсыздыгым үчүн! Айсулуу 0773225748

ОП-25-139. Менин сүйүктүү ырчым Анжеликага супер салам, сен суперсиң, сага эч ким жетпейт. Кыргыздын Мадоннасысың. Мен сени жакшы көрөм.

ОП-25-140. Салам калкым, бишкечанин Султан Садыралиевге салам. Султашка, ырчашка, чашкасы толтура талант, такыр бөксөрбөсүн. 07738608хх

ОП-25-141. Астанада "Зукия" базарында иштеген алтындай болгон сиңдим Нуркага салам. Сени аябай сагындым. "Ата-Түрккө" өтүшүң менен куттуктайм. Эжең Ханшай

ОП-25-142. "Обондун" жалпы жамаатына ыраазымын. Дайыма алдыда болгула! "60" К тобуна салам. Урмматтуу Талант жана Самат, сиздердей ачык, шайыр, сонун адамдар көп болсо гана! Ийгилик сиздерге. Мага Салия, Мемо, Айка, Жибек жана эки кичинекей бөбөк кошулушат болуш керек. Рахмат, рахмат, рахмат сиздерге! Жака-Жазгүл.

ОП-25-143. Ильяз Абдыразаковдун күйөрмандары Айка жана Самара, силерди да мен түшүнөм. Ильяздай жигитти сүйбөй койгон болмок беле. Келгиле, малыштын күйөрмандары биригебиз, бут тосууларды жоёбуз. Ким макул, ким каршы? Ильяздай талант кылымда бир жаралат. Андыктан ойлонгула. Жооп күтүп урматым менен Жака-Жазгүл

ОП-25-144. Эй пенде, ойгончу сен батыраак, түз жолго түш, болчу бир аз ыймандуураак. Бул жашоону барктайлы, оң бут жактан аттайлы, Куранды биз жаттайлы. Жалпы кыргыз элиме ыйман тилейм. Жаратканымдын алдында таза бололу. Ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрөлү. Ак тилегим менен мен Жака-Жазгүл

ОП-25-145. М.Иманбеков, сен супер ырчысың. Мен сени чексиз сүйөм. Оштон Назико 07728113хх

ОП-25-146. "Обон" сиздердин жардамыңыздарга муктажмын. Суранам мага Марсты издешип койгулачы, ансыз жашай албайм. Үч жыл болду күткөнүмө. 0772402645 номерине чал Айдана

ОП-25-147. Эгиз кыздар Айзада-Гүлзаданын 24-июль туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайм. 05551297хх

ОП-25-148. Менин саламым Чырпыкты айылында жашап жаткан эжем Айнураны 24-июль туулган күнү менен куттуктайм. Жана ошондой эле ата-энеме, бир туугандарыма ысык салам. Чырпыктыдан сиңдиңиз Нурай

ОП-25-149. Каракулжа районунун 1-Май айылына салам. Элим аман болсун. Эч жамандык болбосунчу? Ач отурса да тынч отурсунчу калкым. Алыста жүрүп айылымдагы көбөйгөн адам өлүмү жүрөгүбүздү оорутту. Кудайм карысына, жашына да ден соолук, узун өмүр ыйман берсинчи. Агабек, Акжуурат, Венера, Динара

ОП-25-150. "Обондун" SMSчилерине кайнаган салам. Келгиле таанышабыз. Ушунуңардан жазбагыла. Айка

ОП-25-151. Россияда болсом да сиздерди унутпай чыгармачылыгыңарды тынбай угам. Үнүңөр аябай жагат. Номериңерди "Обон" гезитинен алгам. Ар дайым бар болгула. +792329129хх

ОП-25-152. Айгерим Расул кызына салам. Айкадемде бийлеген Бегимайга чыгармачылык ийгилик. Жеңиш кроша

ОП-25-153. Мырзакеде жашап жаткан атам Үрүлбайга, апам Берметке, иним Нурсултанга супер салам. Бар болуңуздар. +770254618хх

ОП-25-154. И.Абдыразаков Сенин талантыңа таазим этем. Ар дайым бар бол! +77254618хх

ОП-25-155. Бактыгүл сулуу, Неля жасалма, Неля сулуу, Бактыгүл мактанчаак дей бересиңер SMSчилер ырчылардан башка тема жокпу?Өзүңөр деле тажаган жоксуңарбы? Ырчылар эмес, башка тууралуу сөз кылгылачы. 05551297хх

ОП-25-156. Санаага салып ыйык сезимдерди, саргайган күз кечинде айрылыштык, сен кеттиң мен да сага карабадым. Кош бол деп коштошууга жарабадың.Болгону өкүнүчтөн өксүп ыйлап, бир туруп өзүмдү-өзүмдү табаладым. Билем сага да азыр жеңил эмес, жалгыздык билем сенин теңиң эмес. Кыйлага кыйнап сени ойго салат, саргайтып сагындырган ошол элес. Майрам

ОП-25-157. "Бекжан" базарында иштеген досум Наргиза ишиңе ийгилик. Бирок, дос мага таарынба, Мирбек Иманбеков деген ырчы мага жакпайт. Дос себепсиз таарынба, билбепмин сага жакканын мындан ары Мирбек Иманбековду аяш деймин. (тамаша) досуң Майраш

ОП-25-158. Анекдот: Апенди досу менен пивоканада олтурат. Апенди досуна суроо берет:
- Ээ, Жапар сен кайсы РОВД да иштейсиң?
- Кочкордогу, а эмне болду?
- Пай, пай, пай, сен РОВД да иштегениң менен жаман лапшагонсуң. Эмнеге?
Анда досу:
- Потому-что, нахалданган жагат, нахалданган адат мени багат.

ОП-25-159. "Стар-денс" шоу-балетине салам. Айрыкча хореографыбыз Асел эжеге. Мээрим

ОП-25-160. Курбуларым Мусалиева Алтынайга, Турумбекова Айпериге чоң салам. Күмүшай

ОП-25-161. ОП-23-293 Жанара туура айтасың. Бактыгүл мага да жагат. 05555117хх обоненти Бактыгүл кетсе сага эмнеси калат. Бактыгүлгө көп асылбачы. +7792502807хх

ОП-25-162. Өрүкзарлуу Баткенге, өзгөчө Самаркандек айылындагы байкем Акыл, Кубаныч, жеңелерим Арзыгүл, Марапат, эжекем Зулфия, жездем Абдысатар сиздерди абдан жакшы көрөм. Аллах насип кылса жакын арада барам. Сиздерди сагынып, сыйлап Майрам

ОП-25-163. И. Абдыразаков азамат. "Кызганамын" деген клибинде кореец жигит болуп калат экенсиң. Кыргызда да ушундай мырзалар бар экенине кубанам. Сени терең урматтоо менен күйөрманың Айпери

ОП-25-164. Кыргыз калкым, дайым алдыда болууну кааласаңар "Обонду" окуп, "Обонушканы" уккула. Жака - Жазгүл

ОП-25-165. Бактыгүл Бадыева сизге мен чын дилимден дүйнө жүзүндөгү эң жакшы асыл сапаттарды каалаймын. Бул жалган жашоого жаралганыңыздан кийин түбөлүктүү жайга бараарыңызды унутпай ар убак ыймандуу, адептүү, акылдуу жана кыргыз элибизге, жакын адамдарыңызга күйүмдүү, мээримдүү, сабырдуу болуп Кыргызстандын эң алдыңкы ырчыларынан болуңуз. 07778159хх

ОП-25-166. Мадина эже, сиз аябай оригиналдуу жана маанилүү смс жазасыз. 05502726хх

ОП-25-167. Мирбек Иманбеков Шымкентке концерт коюп барганда мен да бардым. "Таластык кызды" ырдап баштаганда "Бекжан" базарында отурган бийчи кыз аябай баркыңды кетирдиң го! Уялбайсыңбы бети жок, бийлей турган башка жер жокпу? 05502726хх

ОП-25-168. Темир Назаровго бут тоспогулачы, чыныгы талантты качан баалайсыңар? 05502210хх

ОП-25-169. Менин саламым сүйүктүү адамым Нурланга жолдонот. Жаным, ар дайым ата-энеңдин бактысына бар бол, бактылуу бол. Фатима

ОП-25-170. Апам Сардаш , байкем Эркин, жеңем Нурзат, инилерим Даниел, Баел. Он сегиз миң ааламда эң жакындарым силер. Мен силерди абдан сүйөм. Гүлзина

ОП-25-171. Менин саламым Алайдагы ата-энеме, Урал акеме, Света жеңеме, баласы Азизге ден соолугуңар чың болсун. Ошондой эле туугандарыма чоң салам. Бишкектен кызыңар Гүлзада

ОП-25-172. Б.Исмаилов мектебинин директору Эсенаманов Кубат агайга дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Башымды ийип таазим этем. Тазагүл

ОП-25-173. Алматы+Бишкек=Катя+Замир, Жазгүл+Кубат, Асан+Гүлназ, Аскар+Кенже. Гуля

ОП-25-174. Чет жерде жүргөн кыргыздар, Кыргызстанды сагындыңарбы? Мээрим

ОП-25-175. Патриот ырчы жигит Т.Назаров сен таланттуусуң жана табияттан сулуусуң. Ата-энең, кыргыз эли сыймыктанган ырчы бол! Чыгармачылык чоң жетишкендик! Темирдин күйөрмандарына салам, ушул деңгээлден түшпөгүлө. Ак жол! Айдана

ОП-25-176. Алматы шаарында иштеген сүйүктүү сиңдилерим Катя, Гүлназ, Жазгүл, Кенже, Алина, Жасмина. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Эжеңер Гүлзина

ОП-25-177. Жалпы эле Чынгыз Мырзаевдин күйөрман, сүйөрмандарына салам. Жеңиш кроша

ОП-25-178. Ош облусунун Мангыт айылынын тургуну аяшым Талантка, досум Нурзатка салам. Аларга үйбүлөлүк бакыт каалап досу Айкөл

ОП-25-179. Өзгөн районунун Ленин-Жол айылындагы 85-жылкы балдарга салам. Шымкенттен Мики

ОП-25-180. Айя Садыровага салам. Кыргыздын сахнасынан түшпөй жүрө бериңиз. Ийгилик сизге деп Чымкенттен Майраш

ОП-25-181. "Бекжан" базарындагы досторум Чолпонай, Шумкар, Кыял, Эрнист иштериңерге ийгилик. Майраш

ОП-25-182. "Бекжан" базарындагы Замирага "Обон" аркылуу сүйүүмдү билдирем. Замира, мен сени сүйөм. Түбөлүк жарым болчу, жаным. Сырдуу жигит А….к

ОП-25-183. Кунчуайпери, Жака-Жазгүл силер өтө шайыр кыздардан болсоңор керек? Келгиле достошобуз. Алматыдан Куба

ОП-25-184. Каракулжа районуна караштуу 1-май айылындагы туугандарыма жана А.Субанов мектебиндеги 90-жылкы досторума салам. Чымкенттен Гүлнура

ОП-25-185. Чымкенттик досторум бирдиктүү бололучу. Мериха, Сүйүнгүл, уруша бербегилечи. Елена

ОП-25-186. Кубаныч Сатаев, эң мыкты, популярдуу ырчы. Жики 05503426хх

ОП-25-187. Жанайым, сени жакшы көрөм. Жаным, сени башымда алып жүрөм. Мен сага байланып калдым. Оюмда дайым бир гана өзүңсүң. Сени эч жоготкум келбейт. +77025280хх

ОП-25-188. Елка, туулган күнүң менен куттуктайм. Сага кааларым дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Сүйгөнүңө жет. +77024298140

ОП-25-189. "Бекжан" базарында иштеген Гүлү, Замира кандайсыңар? Силер эмнеге кыйын кыздарсыңар? 87021556452

ОП-25-190. ОшМУдагы Химфактын ХЭК-06Р группасына салам. +770123433хх

ОП-25-191. Ильяз Абдыразаков мыкты ырчы. Аллах сени колдосун. 05431348хх

ОП-25-192. Урмат Усенов, сиздин сөз байлыгыңыз кенен. Сиздей инсандар чанда гана кездешет, жез таңдай акындар да сизге жетпейт. Мен сиз менен. Бегай

ОП-25-193. Кыргызымдын сулуу жигиттери менен таанышам. 0772151643

ОП-25-194. Мээрим, жаным менин алгачкы махабатым. Жаш жүрөгүм согот сен деп ар дайым, Мээрим деген атыңды мен кайталап, кыялымда кучагыма бекем кысам. Мээрим, мен сени чексиз сүйөм. Кубан

ОП-25-195. Мен Казакстандагы жаш селкилер менен таанышам. Эгер жылдызым төп келишсе үйбүлө курганга даярмын. Атым Заир. +77025484248 номерине SMS жазгыла кыздар, күтөм.

ОП-25-196. Дамира, Жазгүл жана Жеңиш кроша өзүңдүн атың менен эле чыксаң боло. Майрам

ОП-25-197. Менин сүйүктүү ырчыларым Гүлнур Сатылгановага, Султан Садыралиевге, Айжамал Кабыловага, М.Иманбековго, Б.Бадыевага, Н.Абазовага супер салам. Силер суперсиңер. Динар

ОП-25-198. "Бекжан" базарындагы досум Еленага: эсен жүргүн, ушул күндү эстей жүргүн. 18 дин тескериси 81. 81 ге кудай өзү туш кылсын. Азырынча 18 ди күт. 20-июль туулган күнүң менен куттуктайм. Сүйүнгүл

ОП-25-199. Кубаныч Сатаевге: Талантың суудай болуп ташкындасын, маанайың жылдыз сымал жаркылдасын. Ар дайым элдин уулу болуп жүргүн. Атаңыздын атын өчүрбөй жакшы ырларды жарата беришиңизди каалайм. Элнура 07735788хх

ОП-25-200. Айлуу түндө сени ойлоп ойго баттым, Алладан түшүмө сен кирсе деп тилеп жаттым. Кандай кыз болду экен деп элестетүү кыйын болуп, бушайманчылыкта уйкум качты. Мээрим

ОП-25-201. Учкун кичирайонунда жашап жаткан эжелерим Гүлзара, Жылдыз, Мырзагүл, Дили. Ар дайым бар болгула. Тунгучтан Han-Shai

ОП-25-202. Рашидке салам. Сенин үнүң жакты. Кимден алдың номерди? Суранам айтчы. 0555062671

ОП-25-203. Жули, эмне албайсың телефонуңду? Айка

ОП-25-204. Саламатсызбы, Кубаныч байке? Жан дүйнөңүзгө азыкты кайдан аласыз? Тазагүл

ОП-25-205. Жаным, мен сени сүйгөмүн, дагы да сүйөм, бирок... өкүнүчтүүсү, сенде да менде да үйбүлө бар. Эмне деймин, бактылуу бол! Кээде көргөнүмө Аллага ыраазымын. Шымкенттен армандуу Аккуу

ОП-25-206. Мирбек Атабеков, ар дайым биринчи орунду ээлей жүрүңүз. Гүлжамал

ОП-25-207. Темир Назаров, талантыңа таазим этем. Сен таланттуусуң. 05502210хх

ОП-25-208. Беловоддо иштеген досубуз Болотту келе жаткан 30-июль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Айзат +770256580хх

ОП-25-209. Мен саламымды "Бекжан" базарында иштеген Калиман, Зуура, Токтокан эжелерге жана апам Гүлайга жолдойм. +770156549хх

ОП-25-210. Мен ичпеген, чекпеген кыздардан дос күткүм келет. Жашым 21 де, атым Динара. +79250280768

ОП-25-211. Урмат Усенов, жаратканым жамандыктардан калкаласын. Гүлшан

ОП-25-212. №50 Нышанов мектебинин 9-б классына көчкөн классташтарыма салам. 9-бнын сулуулары алга! Гүлбурак

ОП-25-213. Менин саламым 87-жылкы Мирзафага салам. Иштерине ийгилик, бар бол! Гүлбурак

ОП-25-214. Нуржан, Гүлпери, Жанна, Сымбат, Нуркыял жакшы эс алгыла. Аниса

ОП-25-215. Самат, Талант сиздерде чыныгы талант бар десе болот. Мен үчүн силер чыныгы жылдызсыңар. Алыста болсом да сиздер менен жакындан таанышууну самайм. 07773437хх

ОП-25-216. Менин саламым Дамир, Нурсултан, Айбек, Фарид, Асылбек деген жүрөгүмдү ээлеген балдарга! Баарыңар жакшысыңар, сулуусуңар. Бириңерди да чындап сүйө албай койдум. Жалгыз гана "60 К" дагы Саматты сүйөм. Нуржамал

ОП-25-217. Анекдот: Апендини алдап, мурду бучук, котур, бир сапсары кызга үйлөнтүп коюшат; Ошол "сулуу" келинчеги Апендиден бир күнү мындай деп сурап калат:
- Дегеле урук - туугандарыңыз көп экен, кимисинен качайын, кимисине көрүнө берейин?
- Бардыгына эле көрүнө бер, бир гана мага көрүнбөсөң болду - дептир, жаны ачыган Апенди.

ОП-25-218. Курбуларым Айка, Адинай, Жаңыл, Тина, Мая, Дина, Ширин, Фатима, Гуля жана башкаларга салам. Алтындарым мен силерди аябай жакшы көрөм. Золушка

ОП-25-219. Ардактуу кыргыз элимди асманда бүркүт учканда элестетем. +770130хх

ОП-25-220. Анжелика, сизге чыгармачылык ийгилик, сиз баарынан эң сулуусуз. Сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик, эч качан жүзүңүздөн жылмаюу кетпесин. Бактылуу болуңуз. Сизди жакшы көрөм. Анжеликанын күйөрмандары эмне жоголуп кеттиңер. Тез-тез SMS жөнөтпөйлүбү? Гүлшайыр

ОП-25-221. Менин саламым Алатоолуу Алай жергесиндеги жыты аңкыган Корул айылында жашап жаткан ардагым, кыбатым, сүйүктүү атам Абдрасулга, апам Тажийдага салам. Бар болуңуздар, көп жашаңыздар деп сиздерди сагынып Чымкенттен кызыңар Гүлбарчын

ОП-25-222. Сиз жөнүндө көп ойлойм, тереңине жүрөктүн атын каткам. А бирөөлөр кеп кылса көңүл бөлөм. Бир өзүңдөн ишенич сүйүү тапкам. Ал сүйүүмдү балталап кесе албастыр. Дайым өчпөй жылдыздай жанып турат. Сүйүү - деңиз, башкалар кече албастыр, күндүр-түндүр шарпылдап толкун урат… +770258891хх

ОП-25-223. Айылда жүрчүбүз гүл терип, азыр жүрөбүз Казактанда пул терип. Рысмамат сага бардык жагынан кошулам. Атраудан челнок

ОП-25-224. Менин саламым Шымкенттин "Бекжан" базарында иштеген агаларым Ыкы, Акыл, жеңелерим Саткын, Элмирага чоң ыраазычылык билдирүү менен бирге бар болуңуздар, бай болуңуздар демекчимин. Гүлбарчын

ОП-25-225. Мен жаныман артык көргөн жигитим кызылкошчулук Санжарга салам жолдойм. Мен сени чексиз сүйөм, жаным сен үчүн бир кашык сууга чөгүп өлөм. Паластан полго секирип өлөм. Калтак жипке асынып өлөм. Сен үчүн баарына даярмын. Кудай буюрса экөөбүз бактылуу болобуз деп ишенем. Отузадырдан Айпери

ОП-25-226. Менин жашоомо үмүт алып келген, бактым болгон балдарым Айзирек, Үмүт, Элмир, Элизага салам. Бактылуу балалыктын кучагында бактылуу өмүр кечиргиле. Силерди сагынып Шымкенттен апаңар Гүлбарчын

ОП-25-227. Кыргыздын Алатоосу биздин жерибиз. Асманда учкан бүркүтүн айт. Айылымды эстен чыгарбай мен жүрөм Казак жеринде. 305

ОП-25-228. Урматтуу окурмандар Кунучуайпериге эмне эле асыласыңар? Ооба, ал жылдыз. Тийишпегиле Перишкага. Ал жүрөгү таза, ичинде кири жок кыз. Жака-Жазгүл

ОП-25-229. Унутулгус күндөрдү өткөрүп жыргап жатам. Ушул жакшылыгы үчүн "Обонго" рахмат. Сиздерди ушунчалык жакшы көрөм. Алтын эле гезитсиңер го. Рахмат силерге. Жазгүл










??.??