Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обондун сын сандыгы

Генералдын мүнөзү
Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман ички иштер министри, милициянын генерал-майору Конгантиев Молдомуса


31.03.1958
3+1+3=7
1+9+5+8=23
7+23=30
3+0=3
30-6=24
2+4=6

Туулган датаңызды жазыңыз 31.03.1958
Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 3+1+3=7. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+5+8=23.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 7+23=30. 30-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 3+0=3. 3-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 30-6=24. 24-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+4=6. 6-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 31.03.1958.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 30.3.24.6.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Молдомуса Конгантиев:
11- эгоизмге жакын; 2 - биоэнергиясы жашоо үчүн жетиштүү, бирок азыркы учурда аз болгондуктан спорт менен машыгуусу керек; 3333-рухий деңгээли жогору, мындай өзгөчөлүгүн пайдалануу өзүнө гана эмес, айлана-чөйрөгө да жакшылык алып келет. Ал эми өзү түз жана ак ниет болууну башкалардан талап кылат. Ар нерсеге сын көз менен караган, илимге жакын адамдар; 4- карыганда ооруп калышы мүмкүн; 5- интуиция каналы ачык, өзү логикадан ката кетирет; 6- бул адам жерге устачылык кылуу үчүн келген. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо өтө зарыл. Жер менен киндиктеш инсан, акыл эмгеги менен да иштейт; 7-0- жөндөмдүүлүгү аз, талантсыз болгондуктан жашоодо көп кыйынчылыктарга кездешет; 8 - жоопкерчиликтүү, сезимтал; 9 - акылын (интеллект) өстүрүүсү керек.
Жумушчу сандарын (30.3.24.6.) суммалап эсептеп чыксак 18= 1+8 = 9 бул сан М.Конгантиевдин жерге тогузунчу жолу келгендигин билдирет. Пифагордун айтуусу боюнча адам жерге он беш жолу кайра келе алат.
Алар сыртынан ылым санаган, колду бекем кыса саламдашкан күч-кубаттуу адамдар. Акыйкаттык үчүн күрөшүп, оюн түшүндүрүүдө ачуулу, кызуу кандуу болуудан уялышпайт, өз көз карашын дайыма тике түз айтышат. Өз кызыкчылыгын биринчи орунга коёт, анткени башкаларга кандай таасир этип жатат деп, өзүн кыйнабайт. Башкаларды ыңгайсыз абалга туш кылып коёрун сезбейт. Бул байкабастык атайын болгондуктан, ага таарынуу балага таарынуу сыяктуу эле кыйын. Баарына чын жүрөктөн ишенет, жашыруун, татаал эч нерсеси жок. Өздөрүнүн кылык-жоругунда стратегия сактабайт, максатка түз басышат.
Бул адамдар эреже катары мансаптан ийгиликке жетишет. Андан кылдаттыкты, чыдамдуулукту таба албайбыз. Элге бул сапат бөлүнгөндө алар эшиктин сыртында калса керек. Бир сөз менен айтканда бардык иште бетке чабар. Негизги сапаты ачыктыгы, чынчылдыгы деп айтууга болот. Акылга сыйбаган тайманбастыгы бар. Чыдамдуулукту, абайлоону атайылап үйрөнүүгө туура келет. Жалкоо деп күнөөлөй албайсыз. Эгер ага даңк менен акчаны тандоого койсо, даңкты тандайт. Сөздөрү көп учурда шылдыңчыл, ачуусун келтирүү оңой. Тез ачууланганы менен кайра тез жазылып, ызасын унутуп коёт. Таарынтып койгонун сезсе душманынан да кечирим сурайт.
Калп айтпайт, ушак сүйлөбөйт. Бүгүнкү күн менен жашайт. Кечээги эч нерсе үйрөтпөйт, эртеңки күн өтө алыс. Өтүп жаткан учур өтө маанилүү. Күрөшчүл, тоскоолдуктарды жеңе билүү үчүн анын болушун каалайт. Эч качан ийгиликти күтүп тынч олтурбайт. Кубаттуулугу көп кишинин кыжырына тиет, чынында алар жоош да боло алат. Тынчтыкты улгайган учурда гана каалайт.
Көп учурларда жете элек алыстыктарга, ишке аша элек максаттарга умтулушат. Булар бардык башталма жумуштардын пионери. Башка адамдарды бактылуу кыла алат жана бул нерсе өздөрүнө жагат.
Чыгармачылык кубаттуулук жана идея менен толуп турганын көрөсүз. Аны ээрчип жүрүү чарчатат, бирок басуу керек. Бул сизди таштап карабай коюу жөндөмүнө ээ. Кеч токтолушат, кызуу кандуулугунун артында салкын мүнөздүүлүгү катылган. Өзүнө ишенген, ар дайым алдыда, жоомарт, бейтааныш кишиге да жага алган, бирок ошол эле учурда адам чыдагыс өзүмчүл. Талапты көп коёт, айрыкча анын талабы орундалбаган учурда. Жөнөкөйлөтүп айтканда чыныгы тубаса милиционер. Жеңил оюн анын натурасы эмес. Ал романдардан окуган сүйүүгө умтулат. Кыйынчылык менен бирок, терең сүйүшөт. Сексти жаныбардык каалоо, физикалык акт катары гана кабыл алышат. Көңүлү чөгүңкү тарта берет. Булардын чыргоолугуна, драмасына чыдаган кең пейилдүүлөр гана бактылуу кыла алат. Түнөргөн түпөйүлдүүлүгүнөн куткарган адамды күтөт. Аны менен көңүлсүз, кызыксыз болбоого аракеттениңиз. Сүйгөн адамына ишенимдүү. Бир учурда бир нече аялдарга көз арта албайт. Бул нерсе узак сүйүүсү жөнүндөгү элестетүүсүнө жооп берет. Натурасында куулук жок. Анын үнүндөгү кош мааниси салкындык жана кусалык.
Оркойгон кемчилдиги өзүнүн туура эместигин эч качан мойнуна албайт. Кызганчаак, түгөйүнүн башка эркекке кызыга караган көз карашыңызды кечире албайт. Андагы өз кызыкчылык менен кызганчаактык чегине жеткен чыныгы козголоңчу. Ал бийлик кылчу бардык күчтү танып, өзүн башкалардан жогору сезет. Башка бирөөнүн жетекчилигин жек көрөт. Анын сырткы баскынчылык менен өзүнө ишенген таалиминин алдында көптөгөн кемчилдиктердин жыйындысы жатат. Башкалардын колдоосу менен ийгиликке жетет жана баш ийген абалды башкалардан талап кылат. Кызыктуу, жагымдуу кеңешчи. Эгер ал кандайдыр бир идеяга кызыкса сиз жанында болушуңуз керек. Анын өз алдынчалыгын колдоп, бирок жулкунган кыймыл аракеттен оозудуктап турган жакшы. Көпчүлүк учурда кыйын абалда калат, себеби чыдамсыз, мамиледеги кылдаттык жок. Жашоодогу негизги мазмуну - жумуш, күчтүү эркке, тартынбастыкка, сергектикке ээ болуу менен жакшы иштерман, полководец. Сыртынан саламаттыгы жакшы көрүнүп турганы менен алардын ден соолугу начар, нерв системасы дайыма чыңалуу абалында. Мүнөзү көк, эмне кааларын жакшы билет. Дайыма кароолдо тургандай сак, тынчсызданып эс албайт. Шекчил, сынчыл, милдеттүүлүгү жакшы өнүккөн.




Молдомуса Конгантиевдин ишмердүүлүгүн жана инсандыгын кандай баалайсыз?
Азамат Ниязалиев, таксист:
- Мурункуга караганда чындыгында милициялар жакшы иштеп жатышат. МАИ кызматкерлери светофор иштебей калган автотранспорттор көп жүрүүчү жолдордун кесилишинде туруп калышчу болду. Формалары да өзгөрдү, парадда кийүүчүжакшынакай кызматтык кийимдери менен жүрүшөт. Көчөдө тартип болуп калды. Бирок шаарыбыздын борбор жагында гана жүрүшпөстөн кичирайондордо да кечки 9-10го чейин жүрүп турса жакшы болот эле. Башкы жетекчиликке М.Конгантиев келгени тартипти коргоо кызматкерлеринин ишинде бир топ жылыштар болду. Айлык акылары, жүрүш-туруштары, техникалары өзгөрдү. Бул тармакка элдик ыңкылап болуп өткөндөн кийин керек экени билинип, зор көңүл бөлүнүп жаткандай сезилет. Милициялардын жогорку академиясындагы контрактык бөлүмдөрдү жоюп, бюджеттик негизде гана кадрларды даярдай башташат дегендин өзү да көп нерселерден кабар берип тургансыйт. Моралдык-материалдык, социалдык жактан милиция кызматкерлерине кам көрүп жатышат. Өкүнүчтүүсү бир гана күч структураларына гана басым жасай бербей, алар менен катар мугалим, врач, маданият кызматкерлерине өздөй мамиле кылышса калыстык болор беле…

Кубанычбек Басылбеков, акын-котормочу:
- Ички иштер министри болуп Молдомуса Конгантиев келгени тартип сакчыларында бир жакшы саамалыктар пайда болду. Эгер алар болбосо улуттун тынчтыгын кимдер сактамак. Бирок ар бир тармакта ишегендер өз орудаларын турмуштан так тапса жакшы болмок. Чынында милициялардын коомдогу баркы түшүп кеткен. Булар менен кызматташкан учурларыбыз да болгон. Алардын ички мамилелериндеги таш боордук, зөөкүрлүктөрдү көп байкадым. Өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн зордукка барып колго түшкөндөрдүн ичегесин үзүп, кан түкүртүп майып кылып салгандарына күбө болгонго туура келди. Эгемендүүлүк алгандан бери деле төмөнгө түшсө түштү, бирок жогорулап кеткен жок. А.Акаевдин заманында өз жандарын багыш үчүн кандай гана кара иштерге аралашышпады. Жок жерден чөнтөктөрүнө бир нерселерди сала коюп, коркутуп үркүтүп акча өндүрүп, рэкеттерден айырмасы болбой калышкан. Ак жерден канчалаган тагдырлар талкаланды. "Тоок уурдаган тутулуп, тонналап уурдаган кутулуп" жаткан заман уланууда. Капчыктууларды, күч-кубаттууларды көргөндө колдошуп, коргошуп…. Жөнөкөй калкка келгенде өкүмзордук, калыссыздык мамилелерин байкап чынында булардан чочуйсуң. Эгерде чындап калкка кызмат кылышса булардын деле кызматтары ак. Болгону мойнундагы тагылган милдеттерин так аткарышса, керектүү кызмат. Тилегибизге каршы өздөрү каракчы тоноочуларга аралашып кетип, криминалдык кызыкчылыктарды жактаган кызматкерлер жок эмес. Ошондуктан эл ишеничи азырынча азыраак. Ал үчүн убакыттар керек. Балким оң жагына бурулуп, эл алкоосуна ээ боло турган күндөрдү алдыда дейли. Экинчи жагынан алып карасак түз жүрүп, ак кызмат кылгандар өспөй, өң тааныш жердештигине, туугандыгына карап кызмат тепкичтерине көтөрүлүп жаткандар көп орун алып жаткандары алардын ички бекемдигин бузат. Ар кимдин иш билгилигине, тазалыгына, туруктуулугуна жараша бааланчу күндөр да алыс эместир…

Жыргалбек Абдраев, милиция кызматкери:
- Генерал, Молдомуса Конгантиев өмүрүн ички иштер кызматына арнаган, профессионал инсан. Андай экендигин иш жүзүндө көргөзүп материалдык базаларыбыз жылдан-жылга чыңалууда. Жаңы техникалар менен камсыз болуудабыз. Бирок ошого жараша кылмышкерлер дүйнөсүнүн жашоолору да ордунда туруп калбай, азыркы алдыңкы технологиялык техникаларды колдонушуп, алардын бетин ачуу татаал жумушка айланууда. Кылмышкердин жаңы түрлөрү пайда болду. Бүгүнкү күндө укук коргоо кызматкерлеринен билимдүүлүк, туруктуулук, тактык, жүрөктүүлүк талап кылынат. Күндөп-түндөп иш, кызмат үстүндөбүз. Ошол тынчы жок эмгегибиз бааланып, кызматкерлерибиздин социалдык абалдары жакшыра баштагандыктарын, биз жогорку жетекчиликтерибиздин камкордуктары деп түшүнөбүз.

Даярдаган Алмаз Адишов









??.??





??.??