Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Клип таржымалы

сөзү, обону: Сталбек Бактыгуловдуку
Кайдасың
Ардактуу окурман! Бул рубрика менен сиз да бирге болуңуз. Сиз каалаган клиптин таржымалын билгиңиз келсе, редакциябызга телефон чалып, пикириңизди калтырсаңыз болот.
Гезитибиздин бул санында ай чырайлуу сахна ажары, Азизанын элибизге белгилүү "Кайдасың" ырынын жаралыш тарыхы жана клиби жөнүндө айтып беребиз.
Көзүмдөн учуп элесиң,
Көңүлдү бийлеп келесиң.
Жабыркап жалгыз жүргөндү,
Жарыгым качан сезесиң.

Кайдасың азыр кайдасың,
Тагдырдан тапкан табылгам.
Кылчая карап өткөнгө,
Сагынам сени сагынам.

Өчүрүп көңүл арманым,
Ак сүйүүм келет арнагым.
Жылт этип мага көрүнчү,
Жылдыздуу менин ардагым.

Телефондогу
сүйлөшүү же көзүнөн эмес жүрөгүнөн жаш
тамган жигит
Ырдын сөзү, обону композитор Сталбек Бактыгуловго таандык. Башка ырлардан айырмаланып, ырдын жаралышы өзгөчө экенин укканда, бул тууралуу сиздерге да айтып берүүнү чечтик.
Ырчы кыз Азиза композитор Сталбек Бактыгулов менен жаңыдан иштеше баштаган учурда, Азизаны үйүнө чакырып, жаңы ыр жазганын айтып, "Кайдасыңдын" сөзү, обону менен ырдап берет. Азиза ырды бир укканда эле жүрөгүнө жакканын билдирип, ырдап чыгууга макулдук алат. Ал эми ырдын сөзүнүн жаралышына кыз-жигиттин окуясы себеп болгон.
Кыз менен жигит Сталбек агайдан кеп-кеңеш сурашып үйүнө келип турушкан окуучулары эле. Эми сөз башынан болсун.
Бир күнү агай оюнда эч нерсе жок үйүндө олтурса телефон шыңгырап калат. Трубканы алган агайга баланын капалуу үнү угулат. Бала агайдан кызды сурап, кайда кеткенин билбей издеп жүргөнүн айтат. Жакын тууган, досторунун да үйлөрүнө барбаганын айтып, ыйлап жаткан баланын көзүнөн эмес, жүрөгүнөн жаш тамып жатканын байкайт. Мына ошол учурда кызын издеп, жан дүйнөсү тынч алалбай жаткан баланын телефон аркылуу сүйлөшкөн абалын композитор ырга айланткан. Жакынынан алыстап, жалгыздыктын даамын сезе баштаган баланын кызды издеген абалы, композиторго өзгөчө эргүү берип, биз сүйүп уккан "Кайдасың" ыры 2004-жылы жаралган.

Январда тартылган клип
Композитордон уруксат алгандан кийин Канат Усуповго ырдын аранжировкасын жаздырышып, январь айында клипти тартканга бел байлашкан.
Клиптин сценарийин режиссер Канат Култаев түзүп, тартуу маселесин да өзү колго алган. Ал эми Азизанын кийимдерин, тартылуучу жайларды жана уюштуруучулук милдетин шоу-вумен Ассоль Молдакматова көтөргөн.
Клиптеги башкы ролду Азиза жана кастингдин негизинде өткөн Азамат деген мырза ойношкон. Сьемка учурунда режиссер көп деле кыйынчылык тарткан эмес. Бирок, кычыраган кыштын суугу клип жаратуучуларга бир топ тоскоолдук алып келген.
Клип төрт-беш жерде тартылган. Алгач "Алтын ажыдаар" ресторанында жана "Ария" кафесинде тартылса, кийинки күнү Улуттук биринчи каналдын "концерттик студиясында" жана белгилүү супер маркетте тартылып, Мэриянын айланасы да камтылган.
Кыштын суугуна карабай түнкү он бирге чейин тартылган клип эки жарым күндө толук тартылып бүткөн.

Эстен кеткис
окуялар
Мына ошентип талыкпаган эмгектин артында "Кайдасың" ырынын клиби жарык көрдү. Кызыктуу окуялар дегенде эле бул клиптен, Азиза менен Азаматтын жолугушуу учурунда суукка тоңуп калгандарын элестетебиз. Чындыгында экөө тең абдан үшүп, өзгөчө Азаматтын Азизага берген "Лилия" гүлү кор болгон. Башкача айтканда, гүлдү сатып алгандан бир аз өтпөй үшүк алып кеткен. Ошол учурда Азиза өзүнүн тоңгонуна кайыл болуп, гүлгө боору ооруган. Орто ченинде Азиза дос кызы менен кафеде олтурган жери бар. Клиптин тез тартылып бүтүшүн каалап шашканбы же толкунданганбы, айтор ырчы алдына алып келинген өрүктүн ширесин кездеме тасмалга эки-үч ирээт төгүп алып, тасмалды улам-улам алмаштырганга туура келген.
Эч ким байкабаган клиптин да бир кызыгы Азиза супер маркеттен кийим тандап жаткан учурда, ага кийимдерди Урмат Усенов берип турган. Анда Урмат ырдап чыга элек кези экен.
Биз сүйгөн клиптер ушундай кызыктуу учурларды камтып олтуруп жарыкка чыгаарын баамдадык. Андыктан сиздер үчүн гезитибиздин кийинки сандарына мындан да кызыктуу клиптерди сунуштайбыз.

Даярдаган:
Айнура Султанова










??.??