Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Жаргылчак

"90-60-90"
деген ыр кимдин кускусун келтирет?
Жаргылчакты баарыңар билсеңер керек. Жаргылчакка түшкөн дан соо чыкпайт эмеспи. Талкаланат, майдаланат, анан кийин тиричиликке пайдалуу талканга айланат. Бүгүнкү мезгилде кыргыз ырлары үчүн дал ошол жаргылчак зарыл болуп туру. Максат ырларды талкалоо эмес, ар тараптуу талдоо, ырдын сапатын жакшыртуу. Маданиятыбыздын өсүп-өнүгүшүнө аз да болсо салым кошуп, жаштардын муза дүйнөсүнө болгон табитин тарбиялап, келечек муунга жакшылыктын, ыймандын, тазалыктын аруулуктун үрөнүн себүү. Бул санында хит болуп жаткан Сема менен Кундуздун "90-60-90" деген ырын жаргылчакка салдык Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал маданий ишмерлеринин жана кээ бир жаштардын пикири сиздердин назарыңыздарда.

Сема: -Эми ар бир ырың балаңдай эле болуп калат экен,албетте которулган ыр деп ар ким ар кандай пикир айтып келет ошентсе да мен ойлойм жеткире которулган ыр гана хит болуп элдин жүрөгүнөн орун алат, мен бул ырды түркчө варианттан которсом да элге тааныттым, элге жакан үчүн азыр популярдуу болуп жатат да.

"90-60-90"
Түрк тилинен которулган

Көргүм келет өзүңдү
Көргүм келет сенин көзүңдү
Уяңы жок жагымдуу
Уксам деймин ак сөзүңдү
Элестетем жүзүңдү
Эстен танып оюм үзүлдү
Өңүм эмес түшүмбү
Жок
Эй, Сема назарым өзүңдө
Келчи таанышалы
Кулагым сөзүңдө
Табышмагың,табыштадым
Таанышуу жөнүндө
Карыштадың, карыштадың каршы
болгон көңүлгө
Кылыктанып жаным азапка салба
Сырыңды катпа, сындасам качпа
Сырдашып, сындашып бизден качат да

Кайырма: 90-60-90 менин фигурам
Бийлейм ырдайм музыканы көп угам
Тунук махабат сага жетелеп
Арбалып, алданып бүтүн оюмду сага бурам
90-60-90 менин фигурам
Бийлейм ырдайм музыканы көп угам
Тунук махабат сага жетелеп
Арбалып, алданып бүтүн оюмду
сага бурам.

Маекке сен мени салдың
Акылдан бир мени алдың
Сөзүң арбап, мени алдап
Махабатка мени салдың
Көңүлүм боуп тийдиң
Көрбөсөм да сага баш ийдим,
кайырмакка мени илдиң
Жок
Жалынасың, жагынасың
Жалын сөздү мага арнап
Таарынасың, таарынасың
Тамашага чыны да бат
Бат-бат сагындырбай байланышып туралы
Кучак аркылыгыбыз бир жыл маек куралы
Өңүм кандай десең
Чүрөкмүн дедиң
Ашык болуп мага жүрөмүн дедиң
Кайыл болуп сүйүүнүн азаптарына
Мен үчүн жалын отко күйөмүн дедиң



Кундуз: -Башында ырдап чыкканда элге жагабы же жакпайбы деген күмөн саноо болгон,кийин бул ырды көпчүлүгү жакшы кабыл алып хит болгон соң мага да бул ыр жагат.

Сооронбай
Жусуев, Кыргыз эл акыны:
- Азыркы жаштардын ырдап жаткан ырлары мага такыр жакпайт. Булар элдин көркөм табитин бузуп жатышат. Жанагы гезиттерге укмуш деп мактаган жаш ырчылардын ырын угуп отурсаң, сөздөрү тантык, же сөзү же обону шай келбейт. Мааниси жок. Менин мындай ырларды укканда кускум келет.

Майрамкан
Абылкасымова,
Кыргыз эл акыны:
- Адам ырды укканда дем-күч алып, көңүлү чөгүп отурганда ырды укса көңүлү көтөрүлчү эле, азыркы ырларды укканда жиним келет. Жанагы, "90-60-90" деген ырдын мааниси деле жок. Сыракташып эле бийлегени аз келгенсип бирдемелерди эле сүйлөй беришет. Муну орусча "набор слов" деп коёт. Ырдагандын этикасын такыр билишпейт, жанагы "Сүйөм анан таштап кеттиң ла-ла-лай" деген ырыңардын эмне тарбиялык мааниси бар дейсиңер. Андан дагы сүйөм дегенди так айта албай "суйом" дешет, мунун мааниси соём дегенге окшошуп кетет экен. Мен мындай ырларды телевизордон укканда жиним келгенинен телевизордун бетин жаап, радиодон уксам радиону өчүрүп салам. Азыркы жаштар кыргыздын идеологиясын бузуп жатышат.

Элла Акулова,
продюсер:
- Чынымды айтсам Семанын репертуарындагы ырларын угуп көрбөптүрмүн, Сема Сема болуп чыга баштагандан бери бир да ырын укпайм, уга да элекмин.

Сыймык Бейшекеев, ырчы:
- Талкуулай турган деле ыр эмес, мунун маанисин сөзмө-сөз которгондо көкүрөгүм мынча, жамбашым тигинче дегенди түшүндүрөт да, бул өзү кыргыз үчүн уят нерсе. Мындай ырлардын жараткандардын негизги максаты - атын чыгаруу, алардын аты түбөлүк эмес күнүмдүк гана болот. Эми мен сын пикир айтсам каршы чыккандай түшүнүшү мүмкүн. Балким азыркы жаштарга жагып жаткан чыгаар, эгерде чыгармачыл адам атак-даңк үчүн иштесе ошого жараша атактуулугу кийин ал адам үчүн иштегендей болушу керек. Азыркы жаштарга берээр кеңешим тарбиялык мааниси бар, мазмундуу, сөзү менен обону төп келишкен ырларды жаратышса.

Чынгыз Мырзаев,
ди-джей:
- Ар бир адамдын өз чыгармачылыгында ийгилиги болот эмеспи. Анын сыңарындай бул ыр да өз күйөрмандарын таба алды. Мен бул ырга жаман деген баа бералбайм. Себеби, жашоодо адамдардын табити ар кандай да. Мүмкүн кимдир бирөө үчүн мындай ырлар керектир.

Фархат Кеңешбек
уулу, ырчы:
- Мен ойлойм, бул ыр мага эле эмес жаштарга да жагат болуш керек. Которулган ыр болсо да жаш муундарга сиңип, ырдалып калбадыбы. Эң негизгиси радиолордон да угармандар суранып угушат. Кандай ыр болсо да жеткиликтүү которулуп, аткаруучулук аракети мыкты болсо эмнеге жаман дейин. Кыскасы, "90-60-90" ыры мага жагат.

Наргиза, 19 жашта, студент:
- Семанын бул ыры жаштардын табитиндеги ыр. Бул ырга клип тартылса жакшы болмок. Мында Сема менен Кундуз элге жете тургандай кылып ырдашкан. Алардын үндөрү да, келбеттери да жакшы.

Союзбек, 22 жашта, айдоочу:
- Жолдо кетип баратып радиолордон көп угам. Бир жагынан көңүлүң көтөрүлүп, өзүңчө жыргап аласың. А бир жагы улуу муундарга жакпаса керек. Мен эми бул ырды жаттап алып тойлорго ырдамак белем. Бир угуп койгонго жакшы эле ыр.

Даярдаган Айнура Султанова,
Анара Дүйшөналиева









??.??