Сенин гезитиң!
№25, 22.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көздүн түсү адамдын мүнөзүнөн кабар берет

Байыртадан эле "көз адамдын жан дүйнөсүн чагылдырган күзгү"-деп айтылып келет. Чынында эле сизди бакырайып тиктеп турган көздөр адамдын жан-дүйнөсүнөн тышкары кулк-мүнөзүн, кыялын дегеле табияты кандай экенинен кабар берет. Анда эмесе өзүңүздүн көзүңүздүн түсүн карап туруп, мүнөзүңүздү аныктап салыштырыңыз.


Кара көз - Табиятынан көп сүйлөбөгөн, түнт жандар. Темпераменти күчтүү, ар бир нерсе оюндагыдай аткарылбай калса бат жини келет. Адамдардын үстүндө үстөмдүк кылып, башкарганды сүйүшөт, ал эми алдына койгон максатына сөзсүз жетишет.
Булардын бирден бир артыкчылыгы айткан сөзүнө турушуп, убадага бек болушат. Бир баштаган ишинин майын чыгара аягына чейин аткармайын ичкени ирим, жегени желим болуп бир орунда тура албай кыйнала беришет. Жан дүйнөсү сезгич, назик келишет деп кара көздүүлөрдү айтыш болбойт. Тескерисинче булар көп нерсени жүрөгүнүн үндөөсү менен эмес, акылы менен чечишет.


Көк көз - Мындай түстөгү көздөрдүн ээси бир караганда сыртынан калпычы, алдамчы көрүнгөндөй түр берет. Өтө кыялкеч келишет. Фантазиясы бай болот. Бардык ишти билип туруп көбүнчө аны өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланганды жакшы көрүшөт.
Көк көздүүлөр тиричиликке сарамжалдуу келишип, ар нерсени орду-орду менен үнөмдүү пайдалана билишкендиктен булар жашоодо эң мыкты кожоюн же кожейкелер болушат. Жогоруда айтып өткөндөй фантазиясы бай болгондуктан оюна келгенди аткаруу үчүн башкалардын да кызыкчылыгын курмандыкка чалышат.

Жашыл көз - Кыздарда назиктикти, ар ишке берилгендик менен мамиле кылгандык, ишенимдүү жана адамдын алдында карыз болуп калууну каалабагандык. Эгерде адам сыйласа же жакшылык кылса сөзсүз ага өзүндөй жооп кайтарганды жакшы көрүшөт.
Жан дүйнөлөрү өтө назик келгендиктен болоор-болбос нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алышып, жакын адамынын көңүлүн калтырбаш үчүн баарына кайыл боло беришет. Көбүнчө жашыл көздүүлөр өз оюн алдыга коюп ачык айта алышпай тартынчаактыгынын айынан көп нерселерден кур калышып, жапа чегишет.

Кой көз - (күрөң) Кандайдыр бир максатын же алдында турган ишин аткарууда алды-артын ойлонбостон, талкуулабастан ошол кездеги маанайына, сезимдерине карап туруп эле жыйынтык чыгара беришет. Табиятынан шашма келишкендиктен жашоолорунда майда-барат каталарды көп кетирип, көп жаңылышышат. Кой көздөрдүн көпчүлүгү өз алдынча чечим чыгарууга жөндөмү жок. Көп учурда айланадагы адамдардын тилине кирип, ошолордун айтуусу менен иш кылышат.
Кой көздүүлөрдүн башкаларда көп кездешпеген артыкчылыгы алардын марттыгы, берешендиги. Булардын көпчүлүгүнүн мүнөзү шайыр, жайдары келип айланадагыларын эриктирбейт. Булардын ушул жайдары мүнөзү башка толгон-токой кемчиликтерин басып өтөт.


Боз көз - Бул ышкыбоздук жана көптү билүүгө дилгирликти билдирет. Айтканынан кайтпай көшөрүп жатып алган жагы да бар, ошентсе да булардын кемчиликетрине караганда артыкчылыктары басымдуулук кылат. Мисалы, боз көздүү адамдар өзгөрүп кеткен кырдаалды дароо баамдашып, билип турушат. Булардын кемчилиги таарынчаактыгында, бир таарынган адамына оңой менен бет келип сүйлөбөй, көп учурда (андай эмес болсо да) өзүлөрүн кекчил көрсөтүп алышат. Алар тоодой тоскоолдуктарды да жеңүүгө жөндөмдүү болушат.

Анара Дүйшөналиева




Пайдалуу кеңештер
Жабыркаган клеткаларды калыбына келтирүү
Алма башка өсүмдүктөрдөн айырмаланып ашказанга өтө пайдалуу. Эгер тамак сиңирүүңүздүн системасы начарлаганын байкасаңыз, тамактан кийин алманы жеп жүрүүнү адатка айландырыңыз. Мындан сырткары жүрөк кан тамырларынын иштөө калыбына да таасири чоң. Аталган мөмөнүн ширеси, жабыркаган клеткаларды азыктандырууда өзгөчө касиетке эгедер. Элдик медицинада ашыкча салмактан арылууну каалагандар үчүн алма жана анын маңызын сунушташат. Ал үчүн күнүнө үч маал, ач карын алма же анын ширесин ичүүнү адатка айландырыңыз.

Пайдалуу кеңештер
Организмдин карыбасын кааласаңыз
Ар бир дасторкондогу даам пиязсыз жасалбашы баарыбызга эле белгилүү. Күндөлүк азыктан сырткары аталган өсүмдүк көптөгөн ооруларга даба. Пияз- боор, ашказан, жүрөк системаларынын иштөөсүн жакшыртат. Организмди жашартууну кааласаңыз, кымбат баалуу азык издеп олтуруудан көрө, пиязды күнүмдүк тамактан сырткары кам жеп жүрүү, бүтүндөй организмди жашартууга эң сонун өбөлгө жарата алат. Мындан сырткары организмиңиз эт жеп жүрүүгө көнүп калса, тууралган пиязды жегенге көнүгүңүз. Пияз сиңбеген тамактарды сиңирүүгө жардам берет. Ал эми пияздын ширеси мурундан суу агып күчөгөн грипп ооруларына , мурундун тешигине тамызуу жолу аркылуу айыгууга жол таап алсаңыз болот.

Пайдалуу кеңештер
Балык денеге энергия берет
Эгер ар дайым энергиялуу болуп жүрүүнү кааласаңыз эт жегенден көрө, күнүмдүк тамакка балыктан жасалган тамак жегенге көнүгүңүз. Аталган азык организмдин кубаттуу болуусуна жана өзгөчө жүрөк ооруларына пайдалуу. Ар дайым жегенге мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, балыктан жасалган азыктарга ыктаганыңыз оң. Ал эми элдик дарыгерлер тамак же богок ооруларын айыктырууда туздалган балыкты жеп жүрүү аркылуу айыктыра алышкан.

Пайдалуу кеңештер
Жаңгак көз менен жүрөккө пайда
Жаңгакты көпчүлүк витамин катары колдонуп келишет. Негизинен жаңгак акыл эмгек менен иштеген ишмерлер үчүн өтө пайдалуу. Жүрөккө жана көзгө күч келип сезгенүүнү байкасаңыз анда жаңгакты күнүгө жеп жүрүүнү адатка айландырыңыз. Дүйнө элинде жаңгакка бир аз өлчөмдө бал кошуп атайын идеалдуу эртең мененки тамакты даярдашат. Мындан сырткары элдик медицинада жаңгактын ортосундагы жука торчосун кайнатылган сууга же өсүмдүк ширесинене кошуп 5-6 күн караңгы жерге коёсуз да да диабет ооруларын айыктырууда пайдаланыңыз.

Даярдаган Ч. Абдраева




Кызыктар дүйнөсүндө
Түштө берген аян эмнени түшүндүрөт?
Адамдын түшүнө кирген нерсе анын ден соолугуна түздөн-түз байланышы бар. Мисалы түшүңүзгө өтө коркунучтуу түш кирсе башыңыз тез-тез ооруурун маалымдаса, жүрөгү ооруган адам түшүндө аны топурак менен басылып калганын же кимдир бирөө көкүрөк тушка сайганын көрөт. Адатта өпкөсү же боору ооруган адамдар үстүнөн оор жүк басып араң дем алып жаткан түш же болбосо ийиндерин кыскан тар кийим түштөрүнө көп кирсе, түшүндө ылай сууну көп кечкендердин буту оорушу мүмкүн.
Ал эми ачык түстөгү (сары, ачык жашыл) өңдөрдү түшүңүздө көп көрсөңүз көзүңүздүн көрүүсү начардыгынан кабар берет. Эгерде түшүңүздө айрылган же тар баш кийим кийип жүргөн болсоңуз, мээңиз өтө бат чарчайт.
Албетте мындай жагымсыз түштөрдүн киришине биринчи кезекте оңтойсуз салынып жаткан төшөк же ыңгайсыз абалда жатканыңыз себепчи. Ошондуктан жогоруда саналган жагымсыз түштөр кирсе кооптонуп, ызы-чуу кылыштын анча деле зарылдыгы жок. Болгону уктоочу бөлмөңүздү желдетип, өзүңүзгө кам көрүп, жагымдуу жагдай түзсөңүз жагымсыз түштөрдөн арыла аласыз.

Эң узак өтүлгөн сабак
Кытайдын жогорку окуу жайында англис тили факультетинин студенттери профессордун окуган лекциясын 72 саат угуп отурушкан. Мынча эмнеге жандарын кыйнашты экен деген суроо туулат. Көрсө алар польшалык студенттерден озуп рекорд коюуну көздөшкөн. Алар 68 саат лекция угуп отурушса, кытайлык студенттер 4 саат ашыгыраак отуруп рекорд коюшкан. Студенттердин айтымында бул сыноо чын эле тирүүнүн тозогу болуптур. Үч күн тынбай окулган сабак аягында алардын башына кирбей, маалыматты кабыл алышпай деле калышкан. Бирок, булардын эмгеги бекер эмес, акча менен бааланыптыр, тагыраак айтканда бир саатка 12 доллар акы алышкан.

Даярдаган А. Дүйшөналиева










??.??