Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дарамет

УТРКнын "Капкан-шоу" телеберүүсүнүн алып баруучусу:
Шайырбек Арапов:
"Жүрөк сүйгөн жар таппадым…"
- Шайырбек байке, ви-джейлик кесип бала чактан берки койгон максатыңызбы же телеге келгенден кийинки ойгонгон каалоонун натыйжасыбы?
- Эгерде бала чактан бул кесипке ынтызар болбогондо телеге келмек эмесмин.Ошондуктан бул бала чактан бери тилек кылып жеткен каалоом десем болот. Анткени мектепте жүргөндө эле ырдап-бийлеп жүрчүмүн, анан эле класс жетекчим "Шайырбек ырдап - бийлеп эле жүрбөстөн алып баруучу да болуп көрсүн" деп айтканынан, мектептеги бир кечеде алып баруучу болуп, ошондон баштап эле теледеги алып баруучуларга көп көңүл бөлө баштадым. Россиянын алып баруучулары көбүрөөк жакчу, айрыкча Валдис Пельштин "Угадай мелодию"деген программасын үзбөй көрчүмүн.
- Учурда сиз иштеп жаткан жумуштун күнгөйү менен тескейи тууралуу сөз козгой кетсеңиз? (башкача айтканда түйшүгү эмнеде, рахаты эмнеде?)
- Ар бир кесип ардактуу,оңой оокат жок деги эле жашоодо,менин жумушум өзүмө 100 пайызга жагат, анын күнгөйүнө да тескейине чыдаганга болот.Рахаты бул ушул жумушка берилип иштеп кумар аласың,андан дагы кечке программаларың жөнүндө ойлонуп жүрүп убакыттын кандай өткөнүн да билбей каласың,зерикпейсиң, көп маалыматтардан биринчилерден болуп кабардар болосуң, деги эле рахаты көп.Ал эми түйшүгү жок деп айтпас элем, башында айтып кеткендей оңой оокат жок,дайыма өзүңдү карап жүрүшүң керек кайсыл жерде болбосун, анткени сен элдин көз алдындасың, эгер бир аз эле кылт этсең болду, артыңдан ошончо ушак сөз жүрөт. Ошол кыйынчылыктары эле болбосо баары эле ойдогудай.
- "Капкан Шоу" теледолбоорунун идеясы кимге таандык?
- "Капкан шоу"программасынын идеясы программанын режиссеру Бекбол Кылычбековго таандык.Мен эфирден чыккандыктан баары эле менин автордук программам деп ойлойт.Бул программаны менден башка дагы көптөгөн таланттуу журналистер даярдашат. Бактыгүл Моломбекова,Темирлан Жумабеков жардамчы кыздар жана операторлор мындайча айтканда программанын коллективи чоң, 10го жакын киши иштейт.
- Программа даярдап жатканда чынында өтө оор кырдаалдар болуп калат, башкача айтканда айрым "жылдыздар" бир топ эле оор сыноолорго дуушар болуп калышат, сизге ызаланып жаман жакшы айткан учурлар боло элекпи?
- Чынын айтыш керек ушул убакытка чейин эч кимден жаман сөз уга элекмин,андай болбой эле койсун, болгону ошол кырдаалда гана бир аз таарыныч болбосо ачуусу тарагандан кийин мурдагыдай эле болуп калабыз.
- Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
- Ушул суроо менин эң жаман көргөн суроом, анткени бул менин жеке турмушума тиешелүү.Чынын айтсам өзүм жеке турмушумду көп айткым келбейт. Бул суроого өзүм жазган ыр саптары менен жооп берсем.
Көңүл сүйгөн жан таптым мен,
Жүрөк сүйгөн жар таппадым.
Миң кыйнадым жүрөгүмдү,
Ышкым бирок ойгонбоду.
Сүйгүм келди бир сулууну,
Жүрөгүм такыр козголбоду.
- Бир күндүк иш графигиңиз менен таанышсак болобу?
- Бир күндүк графигим деле жок, ар бир күнүм ар башка нукта өтөт, бирок, ар бир жумушту пландап анан жасаганга аракет кылам.Кадимкидей эртең менен эл катары саат 7 де турам, жуунуп-таранып жумушка карай жол тартам, эгер план боюнча съемка болуп калса съемкага чыгам,монтаж болуп калса монтажга барып режиссер, монтожерлор менен чогуу монтаж жасайбыз, анткени съемка, монтаждар план боюнча болот. Бошоп калсам олтуруп кагаз бетин чиймелеп калам, илхом келип калса ыр жазып коём.Тамактануу болот, бир аз эс алып чогуу сүйлөшүп олтуруп калабыз, кээде таптакыр тамактанганга да убакыт таппай каласың.
- Далай кыздардан арзуу каттары келип жаткандыр, аларды кандай кабыл аласыз?
- Каттар көп келет, арзуусун айткандар бар, жеке турмушума кызыгып ар кандай суроо жазгандар, "мына ушундай болуптур, ошол чынбы?" деп ушактардын чынын билгиси келгендер болот. Мен эфирге чыккан күндөн эле электрондук почта ачып, эфирден дарегин айтып жүрөм бирок, мага кат жазсын деп эмес, ошол программага ойлорду, сунуштарды күтсөм программага эмес, көпчүлүгү мага кат жазышат ар бир катты окуп, сактап коём, аларды жакшы эле кабыл алам.
- Продюсер болот деген имиштерди кулагыбыз чалды эле, эмне жаш таланттардын пиары менен алектенесизби?
- Продюсер болуу оюмда да жок, ага убакытым абдан тар. Продюсер болуш көп убакытты жана эмгекти талап кылат. Башымды ооруткум келбейт азырынча, кийин көрө жатаарбыз. Жаш таланттарды PR кылып деле алектенбей, болгону анча-мынча учурда жардам берип коём.
- Маегиңизге рахмат!

Маектешкен
Үсөнбек Кыязов




Музейге сапар
Суусамыр өрөөнүнөн чыккан айтылуу балбан Кожомкулду жалпы журтчулугубуз жакшы билет.
Балбандын ат көтөрүп, ашуу ашканы, ашуу жолун бүтөгөн үйдөй ташты кулатканы, чоң кесеге кымыз ичсе, манжалары сөөмдөй ашып турганы, көтөргөн ташынын салмагы 635 кг, жоондугу 1,7 метр, бийиктиги 1,6 метр болгондугу туурасында даңаза менен айтылып келет. Кожомкул кезегинде казактын Балбан Шолагы менен беттешип, мөөрөй алганы кыргыз тарыхында өзгөчө орунда турат.
Элибизден чыккан алп балбаныбыздын бою 236 см, салмагы 165 кг. болгон. Бармагы эле кичинекей баланын таманынча келген.
Ал бутуна 52 өлчөмдөгү бут кийимди атайын ултартып кийген. Кыргызстан боюнча аттын тарпаңын тандап минген алп баатырдын балбандык да, адамдык да бийик касиеттерин айта берсек сөз көп. ХХ кылымдын балбанынын музейин көрүүгө ашыгып, "Көрсөм" деп дегдегендер да көп. Дал ошол окурмандарыбыз үчүн Каба уулу Кожомкулдун музейине баш багып, андагы баалуулуктарга саресеп салып, тартып алдык.
Төмөндөгү сүрөттөр балбандын өз колу менен колдонгон буюм-тайымдары жана кийим-кечектери. Анда жөн гана музейге саякаттап чыгалы.