Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Артисттердин архивине саякат

Бир тыйындын баркы чоң
Урматтуу окурман! "Артисттердин архивине саякат" рубрикабыздын бүгүнкү коногу жаш талант Азат Болотбек болду.
Жал кичирайонуна жол тартып ырчы мырзабыздын үйүндө конок болдук. Кичинекей кезинен баштап чогултуп жүргөн белектерин көрүп азаматсың дегенден тажабадык. Азаттын архивинде белектердин түрү бар экен. Бирөөсү дөңгөлөктүн ичиндеги саат болсо, башкасы жумшак оюнчуктар, открыткалар жана ар кандай сувенирлер.

Туулган күнүң менен
Бул өзгөчө открыткалардын тобун туулган күнүндө белек кылышкан. Ар кандай түстөгү жөнөкөй эле кагаздан жасалган бул белек өзгөчө күчтү талап кылат эмеспи. Ушундай белектерге ээ болуу да өзүнө жараша кадыр барк. Анда жазылган каалоо-тилектерди окуу өзүнчө бир чоң роман сыяктуу.

Турциядан келген "тапочка"
Тыпыйган бул бут кийим кыргыздын дагы бир кулуну, ырчы Макс Бегалиев менен ат арытып, жер карытып Турциядан биздин өлкөгө келип, Азаттын архивинен орун тапкан.

Мурунку сүйгөнүмдөн эстелик
Бул пистолетти 2005-жылы туулган күнүнө арнап, бир убактагы жүрөгүнүн ээси белек кылган. Экөө эки жакка кеткенине карабай архивдин атайын мүчөсү болуп эсептелет.

Көз тийбесин деген го…
Күйөрмандары Азатты аябай жакшы көрүшөт окшойт, көз тийип кетпесин деген максатта берилген көз мончок Азатты жандап жүрөөрү шексиз.

бир
Эң эле оригиналдуу бул белек Азатка өзгөчө жагат. Ал 2004-жылы 9-апрелде Азаттын колуна тийген. Бир тыйын болгону менен баркы чоң бул акчада Гулядан арналган атайын каалоо тилектер жазылган.

"Ё-твоё- менин белегим"
Мындан сырткары концертте "сени менен сүйлөшүп турайынчы", деп "Ё-твое" тарифиндеги сим-картаны белек кылган күйөрманы менен азыркыга чейин телефон аркылуу байланышып турушат. Анан да, "жумшак оюнчуктардын көпчүлүгүн концерттерде беришкен", дейт Азат мырза.
Булар, берилген белектердин бир гана бөлүгү жана эң эле өзгөчөлөрү болду.

Урматтуу окурман, сиз Азаттын архивиндеги ажайып белектер менен тааныш болдуңуз. Мындан ары да кумир туткан адамыңыздын белектерине күбө болгуңуз келсе, биз менен бирге болуңуз.




Ильяз менин арманыма айланды
Максат менен соккон жүрөк,
Бакыт менен өмүр сүрөт - деп коюшат эмеспи, анын сыңарындай алдыга максат коюп, ошого жетүү үчүн болгон күч аракетибизди жумшап, ар дайым алга умтулуу менен жашаганга не жетсин.
Төбөсү көккө көрүнгөн таланттууларды сыйлап, кумир тутуп, таттуу кыялдары менен жашаган фанаттар көп эле болсо керек. Ошолордун жашоосуна кызыгып, атайын фанаттардын клубун түзүп, "Фанклуб" аттуу рубрика ачтык. Кайдыгер болбосоңуз назар төшөп, биз менен бирге болуңуз.
Кимде-ким "Кыргызстан обондору" радиосун угуп, "Обон" гезитинин обон-почтасын окуса бул ысым баарына тааныш болсо керек. Жазган СМС билдирүүлөрү менен атагы алыска жеткен сулуу кыз, Ильяз Абдыразаковдун фанаты, Жака-Жазгүл фанклубдун алгачкы коногу.
- Жака, эң оболу өзүңдү тааныштыра кетсең?
- Атым Жазгүл, эркелетип "Жака" деп коюшат. 1991-жылы 11- майда Чүйдө төрөлгөм. Анадолу атындагы Түрк лицейдин биринчи курсун аяктадым. Азыркы убакта жашоонун кереметин сезип, жайкы эс алууну жакшы маанайда өткөрүүдөмүн.
- Сени Ильяздын фанаты катары көпчүлүгү тааныса керек, качантан бери ашык болуп жүрөсүң?
- Ал күн азыркыга чейин жадымда. Анда 2006-жылдын аптаптуу жай мезгили болчу. Радиодон ырын угуп, улуу муундагы эле ырчы окшойт деп ойлогом. Кийин сыналгыдан клибин көрүп, кичинекей болуп туруп, ушундай ыр жаратканына таң берип кызыгып жүрдүм. Анымды эжемдер да байкап калып, концертине билет алып, мени концертке жөнөтүшкөн. "Арманым" деген ырын угуп ыйлаганымды айтпаңыз. Ошондон кийин Ильяз менин арманыма айланды.
- Ата-эне баласынын бактысын ойлойт эмеспи, анын сыңарындай апаң буга кандай көз карашта?
- Апам, эжем мени аябай жакшы түшүнүшөт. Себеби, бир убакта апам Асылбек Өзүбековго ашык болсо, эжем Бек Борбиев деп сыздаган экен. Кээде отуруп күлүп калабыз, "мындай сүйүү бизге муундан-муунга өтөт окшойт,"- деп.
- Ильяз менен таанышсыңбы, дегеле ал сендей күйөрманы бар экенин билеби?
- Билет. Кээде телефон аркылуу байланышып турабыз. Алгач сүйлөшкөнүбүздө катардагы күйөрмандары катары эле жөн гана сүйлөшүп койчу. Кийин Жака-Жазгүлмүн десем "убакыт болсо кезигебиз" деп сөз берген. Жолугалы десем, "колум бошобой атат" дейт. Мен аны жакшы түшүнөм, жумушу көп экенин билем. Ошондуктан телефон аркылуу байланышып турганыма да Кудайга ыраазычылык билдирем. Кудай буйруса, күздө Ильяз менен киного барам. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн Кыргызстан Обондоруна чоң ыраазычылыгымды билдирем.
- Ильяз үчүн бир күндө канча бирдик коротосуң?
- Чөнтөк телефонумда канча бирдик болсо, ошонун баарын коротмоюнча курсагым тойбойт.
- Биздин Айдар деген такай окурманыбыз бар. Сен Ильяз деп жүрсөң, анын смс билдирүүлөрү бир гана сага арналат. Сурайын дегеним, Айдар менен таанышсыңбы?
- Мм... эмне десем, курбу кызымдын досу болгондуктан мен дагы жөн эле дос катары таанышып койгонмун. Анын билдирүүлөрүн окуп таң калдым. Билбейм, Айдардан мындай нерсени күткөн эмесмин. Убакыт көрсөтөт да эмне болоорун.
- Кийип турган футболкаңда дагы Ильяздын сүрөтү бар экен, муну каяктан алгансың?
- Бул футболканы эжем туулган күнүмдө атайын заказ берип, тиктирип белек кылган. Кирдесе жууп, кайра эле ушуну кийип алам. Учурдан пайдаланып бирдик салып берип, колдоп-коштоп турган бир туугандарыма ыраазычылыгымды билдирем.
- Ильяз менен бир болушуңа көзүң жетеби?
- Чынын айтсам көзүм жетпейт. Азыр жашмын, алдыда эмне болоорун эч ким билбейт эмеспи, бирок андан эч качан үмүт үзбөйм. Балким, бакыт кушу мага конуп калаттыр.
- Анда түштөрүңө да кирсе керек?
- Оой, аны айтасыз да, бир жумада бир кирбесе кадимкидей отуруп алып ыйлаган күндөрүм да болот. Ишенсеңиз оюмда да, өңүмдө да, түшүмдө да бир гана Ильяз. Алардын арасынан бир түшүм эч эсимден кетпейт. Көл жээгинде ойноп жүрсөм Ильяз мага колун сунуп, өзүнө чакырып, кайра артты карап кетип калганынан, анын артынан аңдып барсам, "Сагынамын" деген клибиндеги жер экен. Сүйүнгөнүмдөн чуркап баратып бутум чалынып ойгонуп кеткенимден ызама чыдабай ыйлап алгам. Эмне болгон күндө да Ильяз деп жашап келем.
Р.S. Кадырлуу окурман, Жака- Жазгүлдүн үйүнө барганда, Ильяз тараптан кудалар келгендей эле жадырап жайнап тосуп алды. Үйүнө баш багып, өз бөлмөсүнө киргенде, чынын айтканда музейге эле киргендей болдум. Ильяздын сүрөттөрүн чаптап алгандыгы үчүн дубалдарында бир да боштук жок, жада калса жаткан диванын, эшиктерин да кооздоп алыптыр. Ильяз таанылып чыккан күндөн баштап, ушул күнгө чейинки гезитке чыккан кымындай сүрөттөрүнө чейин кесип, көчөдөгү афишаларды жулуп келип чаптап койгондугу таң калтырды.
Эмне демекчибиз, "Жакшы ниет жарым ырыс" - дейт. Тилегиңе жет Жака-Жазгүл!










??.??