Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз көчү

Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Минген атын бере салган
Шабдан баатыр
Шабдан баатыр жөнүндө чакан өлкөбүздө билбеген киши болбосо керек. Учурунда Шабдан кыргыз калкы үчүн тоо көтөргүс эмгек жасаганын эсибизден чыгарбаганыбыз оң.
Эгер Шабдан баатыр 1916-жылга чейин жашаганда эл Кытайга үркмөк эмес болуш керек эле. Анткени Шабдан орус калкы менен мамилеси бекем, алар менен тил табыша билген айкөл адам болгон. Кайсы бир жылдары Кытайдын солдаттары Ат-Башынын четине кирип келип, чек араны бери жылдырууну максат кылып келгенде азыркы Кара-Булуң айылына тиешелүү Ичке жайлоосу менен Ташрабаттын ичинен Чоко-Койду уулу экөө жигиттери менен түнү кол салганы Кытайдын жигиттеринин мизин кайтарганы айтылып жүрөт. Эгер Шабдан болбогондо Ат-Башы Кытайга карап калат беле ким билет.
"Аккан арыктан суу агат" демекчи Шабдандын атасы кадимки Жантай хан болгон. Уруусу Сарбагыш, Сарбагыштын ичинен Тынай уулу деп аталат.
Жантайдын атасы Карабек дагы баатыр аталып учурунда кадыры элге сиңген.
Бир күнү Хан Ормон бир жигитине айтат "Жантайды барып алып кел. Кандай турса ошондой абалында келсин" дейт. Ооздон чыккан сөз аткарылып, жигит Кеминге келсе Жантай жеңил кийинип, бутундагы гөлөшү коңултактан экен. Ошол абалында атка мингизип келет. Бул учурда Хан Ормон короонун четинде малга көз салып, өз ою менен алек болуп турган болчу. Жантай аттан түшүп келип, салам бергенде Хан Ормон саламды алик албай туруп:
- "Жантай, сен эмнеге өзүңдү-өзүң билип, Кеминге хан шайланып алдың? Кыргызда бир гана кызыл тебетей болуш керек. Ушуну эсиңден чыгарба, бар эми кете бер"- дейт. Жантай башын ийкеп келген жагына кетип баратканын Хан Ормон бир топко чейин карап туруп өкүнгөн экен. "Кап, жок дегенде берген саламын алик алып койсом болмок экен, эми менин тукумумдан анын тукуму мыкты чыкмай болуп калды" деп сынаган дейт. Чынында эле Шабдан Тынай уулун катарга кошуп, атанын эле эмес, уруунун, ал турсун улуттун атын чыгарды. Коңшу өзбек, казак эмес, орус эли менен алака түзүп, адамдык жакшы сапатка ээ болуп, акыл менен баарын жеңген. "Атанын уулу Шабдандай болсо, элдин жашоосу тез оңолот эле" деп айткан экен. Баарынан дагы Шабдан үмүт менен келген адамдарды куру кол кайтарбаптыр. Колу ачык, айкөл адам болгонун ушундан улам билсек болот, минип бараткан атын дагы сураган киши болсо карматып жиберчү экен. Чынында эле "жигит" деген Шабдандай айкөл, кечиримдүү болсо гана" деп илгери карылар айтып калчу экен. Кайсы бир кеминдик эле тууганы Шабдандын үстүнөн арызданып, Алматыда жүрүп Шабданга жолугуп калат. Ал киши уялып калгандын ордуна Шабдандан акча сураганда Шабдан акча берип "иштериңизди бүтүрүп алыңыз" деген тура. Акчаны колуна алган тиги киши ичинен Шабданга ыраазы болуп, "мындай айкөл адамдар баары бир ак болот" деп элине кайткан экен. Шабдан баатыр чынында эле кыргыз калкы үчүн чанда бир жаралган инсан деп айтсак жарашат. Атанын уулу Шабдандай болсо элдин жашоосу жеңил болот эле деп айтпаска аргаң да жок.




  Жаңырган издер

Таттыбүбү таза талант эле
"Учурунда узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына" ысмы таанылган таланты бай, Жумгал элинин көз жоосун алган сулуу кызы Таттыбүбү Турсунбаева искусство тармагына ат көтөргүс эмгек кылып, атанын атын чыгарды.
Үн десе үн, келбет десе келбети бар Таттыбүбү эже топтон суурулуп чыккан күлүктөй, элге ушунчалык тез таанылды. Таланттын уюткусу бар адам гана ийгиликке эрте жетишет эмеспи. Айткандай чоң атасы Турсунбай сөзмөр, куудул болсо, өз атасы Мырзаалы баш болуп, байкелери дагы ыр-шоокко жакын болгону Таттыбүбүнүн өсүшүнө өбөлгө болгонун танып болбойт. Анткен менен кыргыз калкында өтө жаман көрө албастык сапат бар экенин кантип тана алабыз. Эгер көрө албастык, бут тосуу болбогондо, учурунда таза талант менен жаралган каарманыбыздын ырдаган ырлары радио фондунда мындан 40-45 жыл илгери жазылган ырдан үч эле ыр калбайт эле. Маңдай тер менен жазылган эженин ырлары эмнеге өзгөрүлүп калат, анын түйүнү алигиче чечилбей келет. Анткен менен 37 жылдык өмүрүндө жараткан эмгектеринен бир гана "Уркуя" кино тасмасын алсак, Таттүбүбү эже Уркуянын ролун кандай жогорку деңгээлде аткарган. Өмүрүн искусствого арнаган чыныгы талантка бай эжебизге эмне деген сөздү айтсак жарашат. Тирүүсүндө сыйлыктарды ыраа көрбөгөн талантты унутка калтырбай, эсибизге салып, эстей жүрөлү деген аруу тилек менен колго калем алдым. Чынында эле азыркы учурдагы "Эмгек сиңирген артист" деген наамга татыктуу болгон кээ бир инсандарыбызды Таттыбүбү Турсунбаевага салыштырып болбойт.
Таттыбүбүнүн төрөлүшү
Жай мезгилинин толуп турган учуру көзгө кандай сүйкүмдүү көрүнөт. Өзгөчө Соң-Көлдүн сыдырым соккон жели, көк-жашыл түскө боёлгон жайлоо көркүн сөз жеткизип кооздоп айтууга болбойт. Эртең менен эрте турган Калыйбүбү жанында жаткан кичүү уулун кымтылап жатып, ордунан турду да, сыртка чыгып, аткан таңдын сулуулугуна кызыгуусу арта күн чыгыш тарапты карап, ичин сылап ойго жетеленди: "Жайкы таңдын сулуулугундай, сулуу кыздуу болсом" деп кыялдана көк жайсаңда акырын кадамын таштай басып, короо четине келди да, энесине эркелеп ойноп жаткан ак улактын жоругуна кызыга карап турганда, ичи кыймылдап, азыраак ооруп кетти. Бул саам Калыйбүбү ичинин ооруганына көп деле маани берген жок. Бирок, убакыт өткөн сайын ичинин ооруганы күчөп, төрөттөн белги бергенсиди. Таңкы тамактан кийин өзүн кармана албай төшөккө жыгылган Калыйбүбү ооруп атканын кайын энесине араң айтты. Калыйбүбүнүн чыдамкайлыгына таң берген кайын энеси уулу Мырзаалыны коңшу айылдагы бакшы кемпирге жумшады. Ал кезде азыркыдай медицина али күчүндө эмес эле да. Күн төбөгө келип, мал жуушаган кезде, ак боз үйдүн ичинен ымыркайдын үнү угулду. Ооздо турган Турсунбай келиним эмне төрөдү деген мааниде сүйүнчү күтүп турганда боз үйдүн эшиги өйдө түрүлүп, ак көйнөкчөн келин сыртка чыкты. Баятан сүйүнчү күтүп турган Турсунбай карыя ал келинден "Эмне төрөдү?" деп сурай алган жок. Анткени өзүнүн кадырын түшүрүп алгандан алыс болду. Аз убакыт өтпөй бакшы кемпир чайпала басып чыгып, Турсунбайдын жанына жакын келип: - Турсунбай, бешик бооң бек болсун!-деп басым менен айтты.
- Ырахмат Батма, айтканын келсин-деди да, эмне төрөдү келиним деп, суроо бергенден жазганып туруп калганда, Турсунбайдын кыймыл-аракетинен эле дароо түшүнүп, Батма: - Турсунбай, сүйүнчү бер, келиниң кыз төрөдү-деп сүйүнчүлөдү. Бул убакта Мырзаалы эчак караанын үзүп малга барам деп маңдайкы кырды ашып кеткен. Турсунбай сүйүнчү айткан Батма бакшыга чөнтөгүнөн камдап койгон акчаны алып чыгып берип: - Ырас болгон турбайбы, үч уулдан кийин кыз келгени жакшы болду. Кыз бала ата-энеге кайрымдуу, күйүмдүү болот-деп кемпирине кайрылды.
- Кемпир жентек алып кел, жентек жейли-деди. Калыйбүбүнүн төрөгөнүн уккан кошуналар бат эле чогулушту. Ырымдан алыстабай атайын дайындалган сары майдан ооз тийген кошуна Асанбек карыя Турсунбай карыяга кайрылды:
- Ыя Турсунбай, небереңе ким деп ат койдуң эле? дегенде, Турсунбай карыя алдындагы кесе толо кымызды тартып жиберип:
- Үч эркектен кийин төрөлгөн кыз үйбүлөнүн таттуусу болсун деп төрөлгөн наристеге азан чакырып "Таттыбүбү" деп ысым койду.
Секелек кези
Убакыт өтүп, үч уулдун кенжеси Таттыбүбү ушунчалык эрке болду. Эркелигин ушундан улам билсек болот, кадимки эркек балдардай сөгүнүп, чүкө ойноп өстү. Ашыкча эрке болуп өскөнүнө чоң атасыТурсунбай түрткү болгону айтыла калып жүрөт. Небересинин ою менен болуп, кээде атына кадимки эркек баладай өңөрүп алып, айылчылаган күндөрү болгон. Чоң атасы менен чоң энесинин колунда эркелеп өскөн Таттыбүбү эс киргенге чейин өзүнүн апасын атынан "Калыйбүбү" деп айтчу. Бир күнү кайдан көргөнүн ким билет, чачын тармалдатам деп чачтарын тармалдаткан кыздарды көрүп, өзү дагы ал ишти жасоо үчүн өзүнчө күйпөлөктөп кемеге от жакты да кадимки жүзүнчү мыкты отко кактады. Качан мык кыпкызыл болуп күйүп чыкканда, капкара болгон узун чачына ороду, мунун аягы эмне болот деп ойлобогон кайран кыз качан гана чачы күйүп калганда коркконунан мыкты алыс ыргытып жиберип, күйгөн чачын жашырганга шашты. Жашоонун гүлү, бүрү бала кезек эмеспи. Балалык кез кимдин башынан өтпөгөн. Бир оюндан башканы билбеген Таттыбүбү дагы убагы келгенде көз жоосун алган, айланага көрк кошкон сулуу кыз болуп чыга келди. Кечээ эле чоң атасы менен чоң апасын ээрчип, айылдан калбаган, оюна келгенди жасап, үч байкесин көрүп чүкө ойноп өскөн балалык кези бат эле өтүп кеткенин жигиттер тийишип, кат жаза баштаганда гана билди.
Болуп, толуп турган кези
Таттыбүбү көзгө урунуп, бойго жеткен кезинен баштап, ак сүйүүсүн арнап, кат жазган жигиттердин саны арбыганын сөз коротуп айтпай эле койгонубуз оң. Ага кагаз бети чак келбейт. Ооба, ошол кезде кыздар бат токтолуп, турмушка терең көз караш менен карап калчу эмес беле. Таттыбүбү эжекебиз дагы боюна карап, кыз каадасын кылып өзүн туура алып жүргөнгө кадам таштады. Бирок, спорт жагынан дайыма алдыда жүрдү. 9-класста окуп жаткан кезинде бийиктикке секирүү боюнча облустта биринчи орунду алды. Бул жеңиш эжебиз үчүн өтө жемиштүү болду. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун эң кенже шакирти болгондуктан комузда укмуш кол ойнотчу экен. Бара-бара Таттыбүбү эже атасынын жолун жолдоп, искусство жаатына бат ооду. Биринчи ийгилиги спорт жагынан болгону менен кыз кишинин спорттон орду жок экенин билди да, кийинки жылы ыр кружогуна катышып "Гүлкайыр" деген ырды аткарып, конкурстан биринчи орунду ээледи.
37 жыл жашаган Таттыбүбү эжебиз жөнүндө сөз учугу түгөнбөгөндөй. Андыктан ушуну менен сөзүбүзгө чекит коёлу.
Бердикожо Бийназаров.

P.S. Гезитибиздин кийинки санында Акбермет Карагул кызы жөнүндө сөз уламакчыбыз.










??.??