Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Кубиктен мыкты сүрөтчү чыкмак"
Балалык баёо сезим, бактылуу көз ирмем, ойноок мезгил, шаңкылдаган күлкү мына ушунун баары окуучулук доор менен коштолот эмеспи. Бүгүн биз окуучулук алтын күндөрүн эскерүү үчүн "Классташ" аттуу рубрикабызга теректей бойго эмес, теменедей акылга ээ, көп кырдуу таланттын ээси, куудул, ырчы Кубик Калыковдун классташы Рустам Ташназаровду чакырып. Рустам мырза алыс жакта жүргөндүгүнө байланыштуу аны менен телефон аркылуу баарлаштык. Кошумчалай кетсек маектешибиз учурда айдоочу болуп эмгектенет.

"Кубик классыбыздын бөбөгү эле"
- Алло саламатсызбы, бул Рустам байке бекен?
- Дал өзү да.
- Биз классташыңыз Кубик Калыков жөнүндө маалымат алалы деп "Обон" гезитинен тынчыңызды алып жатабыз.
- Жакшы болот. Эмне айтып берейин?
- Алгач, бүгүнкү белгилүү куудул Кубик эмес, бир кездеги бала кыял кичинекей Кубик жөнүндө кеп козгосоңуз?
- Кубик экөөбүз Базар-Коргон районунун Кызылай айылында төрөлүп, аталган айылдын Горький атындагы орто мектебинде чогуу окудук. Кубик 5 жашынан окуду. Атасы мугалим болгондуктан 3-4 жашынан баштап эле атасын ээрчип мектепке бара берчү. Ошентип жүрүп өзүнөн 2 жаш улуу агасы менен бир класста окуп калган. Мен андан 1 жаш улуумун. Классыбызда 12 бала, 18 кыз бар болчу. Мына ошол кыздар-балдарыбыздын эң кичинеси эле. Аны биз "бөбөгүм" деп тамашалачубуз. Биз 9-класста окуганда Кубик 4-класстын окуучусундай көрүнчү. Аны көтөрүп алып сүрөткө түшчүбүз. Ал менен түшкөн сүрөттөрдү туугандарым көрүп алып "бул бала мугалимиңдин баласыбы?" дешчү. Мектепте баладай болуп тентектик кылчу эмес. Сабактардан жалаң "5" менен окуп, классыбыздын үлгүлүү окуучусу болчу. 5-классынан тартып шахмат боюнча райондук-облустук мелдештерге катышып, байгелүү орундарды алып жүрдү. Мектеп бизге 5 километр алыс болгондуктан Кубиктин велосипедине өзүм минип, аны артына учкаштырып алып мектепке барчубуз. Жөн кетпей велосипедди айдап баратып акырын силкип койсом "поп" этип Кубик досум жерге отуруп калчу. Анын чекчейген көздөрүн көрүп алып күлөт элем. Велосипедине өзү минейин десе байкуш досумдун буту жетпей кыйналчу.

Үйүнөн бөтөлкө уурдап…
Кубикти биз куудул эмес, чоң сүрөтчү болот деп ойлочубуз. Анткени ал кичинекей кезинен эле сүрөт тартканга жөндөмдүү болчу. Көчөдө баратып деле эргүү келип кетсе отура калып топуракка чиймелеп калат эле. Эсимде, дүкөндө 90 тыйындан краска сатылчу. Кубик күндө сабактан келатып дүкөнгө кирип, ошол красканы кармалап-кармалап чыгып кетчү. Алайын десе тыйыны жок. Бир күнү үйүнөн 10 бөтөлкө уурдап, шыгыратып мага көтөрүп келиптир. Анан экөөбүз аны дүкөнгө алып барып 5 сомго өткөрүп, 90 тыйынга көптөн бери көзү өтүп жүргөн красканы сатып алып, төбөсү көккө жетип аябай сүйүндү. Мага болсо "көтөрүшүп келген эмгегиң үчүн" деп 10 тыйын берди. Ошентип ошол краска менен адырдын башына чыгып алып айылдын көрүнүшүн биринчи жолу Кубик классташым сүрөткө тарткан. Эгер сүрөтчү болсо, мындан мыкты сүрөтчү чыкмак.

Кубик бир өлүмдөн
калганда…
Анда 2-класс элек. Бир жолу айылда аябай катуу жамгыр жаап, мектептен чыксак чоң сайдан сел агып жатыптыр. Ал жерге барганда баарыбыз аттап-аттап өтүп кеттик. Анан Кубикти "Кел көтөрүп өтөлү" десек кыздардын алдында уялды окшойт "жок мен өзүм эле өтөм" деп калды. Бир маалда жанагы суудан секирем деп буту жетпей агып кетсе болобу. Сайды бойлоп артынан бакырып чуркап баратабыз, Кубик болсо ыйлаган бойдон бирде сууга кирип кетип, бирде чыгып коюп агып баратат. Анан бир топ агып барып жан керек экен сайдын боорундагы бир даракты кармап асылып калды эле биз жогору көздөй тартып чыктык. Бети-башы көгөрүп, титиреп, бир топко чейин өзүнө келалбай жатты. Анда балалык кылып сезбептирбиз, азыр ойлосом Кубик досум ошондо бир өлүмдөн калган экен.
Кубик боюнун кичинекейлигинен окуучулук кезде көп эле азап тартты. Ал убакта талаага чөп оруп, пахта тергени барчубуз. Ошол жакка барганда да Кубик көңүлүн коюп, чын дили менен иштечү. Бир жолу пахтага барып, терип келген пахталарыбызды машинага жүктөп кетелик десек эле Кубик жок. Карасак талаанын ортосунда эле кыймылдабай турат. Терген пахтасы көрүнөт, өзү көрүнбөйт. Анан бригадирибиз "баргыла, Кубик көтөралбай жатат окшойт, жардамдашпасаңар болбойт"-деди. Чарчап турган учурда сен бар, мен бар болуп баарыбыз кетенчиктеп атып акыры бир бала менен мен барганга туура келди. Барсак өзүнөн көп пахтаны терип алып көтөралбай, пахтага жатып алып уйкуга кириптир. Анан "алыңа жараша тербейсиңби" деп баштан ары бир муштап алып тиги бала экөөбүз көтөрүп келгенбиз.


Чымчыкка куран окуган Кубик
Эсимде, анда 1-класс болчубуз. Күндө сабактан кийин кошуна балдар чогулуп алып чымчыктарды атып ойнойт элек. Талаага барып алып чымчыктардын башын жулуп, шишкебек кылып бышырып жечүбүз. Бир жолу Кубик өзүнүн жаңы жасаган чозмосу менен бир чымчыкты атып келип, бышырып жегенче, бирөө ичегесин чубалта тепселеп таштады. Анан өзү кармаган чымчыкка Кубиктин ичи ачыштыбы айтор, чоң ата болуп "балдар булар деле бизге окшогон жандуу нерсе да, бул чымчыкты жөн калтырбай бир жерди чукуп көмүп койбойлубу" деди. Анан Кубиктин акылы менен бир жерди колубуз менен казып, чымчыкты көмдүк. Кубик болсо балдарды топурактын айланасына отургузуп туруп өзү билсе билбесе да куран окуп, аягында баарыбыз бата кылганбыз. Азыр эстеп алып күлкүм келет.


23-февралдагы шапалак
6-класста окуп жатканыбызда кыздарыбыз 23-февралга карата балдарга белек беришет экен деп угуп калдык. Анан Кубик майрам жакындаганда балдарды чогултуп "биз азыр белек ала турган болсок, 8-мартта кыздарга кайтарып бериш керек болот, болгону 12 бала болсок, 18 кызга кантип жеткиребиз, андан көрө белегиңерди албайбыз деп кат жазалы"-деп калды. Кубиктин сунушуна баарыбыз макул болуп, Кубик кыздарга "белегиңерди албайбыз" деп балдардын атынан кат жазды. Ал катты кыздарыбыз класс жетекчибизге беришиптир. Анан 23-февраль күнү агайыбыз бир класска балдарды киргизип алып доскага тизип туруп "белек албайм деген кимиңер, мына силерге белек" деп баарыбызды аябай сабап, анан кыздарды киргизип, "эми белегиңерди бере бергиле" деди. Агайдан коркконубуздан баарыбыз "ырахмат, ырахмат" деп алып атсак, ошондо да Кубик жөн калбай "урдуруп берген белегиңерге ырахмат"-деп жатпайбы. Кубиктин бул сөзүнө ачууланган агайыбыз Кубикти класска жалгыз калтырып, 3 саат камап таштаган. Кубиктин бир артыкчылыгы, бала кезинен калыптанып калган мүнөзү бетке айтып, түз сүйлөп, эркин жүргөндүгү деп баса белгилейт элем.

Даярдаган Ж. Калдарова