Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Пекин - 2008

Жакында Пекинде "Медиа-айыл" ачылды. Ага Олимпиадага келген журналисттер жайгашмакчы. Ал жерде бардык шарттары түзүлүп, эң негизги Олимпиада ачыла турган стадионго ("Птичье гнездо") жакын жайгашкан. Бул иш чарага дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнөн журналисттер келишет. Алардын саны келген спортсмендерден эки эсеге көптүк кылат. Олимпиада оюндары 2008-жылдын 8-августунда 8 саат 8 минут 8 секудда ачылмакчы. Олимпиадага 7 млн. билет сатылган.
Өткөн сандан тартып Олимпиадага бара турган спортсмендерди тааныштыруудабыз.

Гитинов Арсен Идрисович
1977-жылы 5-июнда туулган. Улуту авар, бойдок, билими жогорку. Эркин күрөш боюнча барат. Эмгек сиңирген чебер. Тренери Үсөнканов Анарбек.

Проскуракова Елена
1985-жылы туулган. Улуту орус, башы бош, толук эмес жогорку билимдүү. Дзюдо боюнча барат. Азиянын самбо боюнча эки жолку, Кыргызстандын дзюдо боюнча беш жолку чемпиону. Тренери Аматов Савур

Жанагулов Талант Рысбекович
1989-жылы 26-январда туулган. Улуту кыргыз, бойдок, Дене тарбия институтунда 3-курста окуйт. Дзюдо боюнча барат. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Спорт чебери. Тренери Беккулов Талант, Шершенов Абдразак (жеке тренерлери), Завражный И.Ю. (башкы тренер)

Данилов Василий
1988-жылы 13-декабрда туулган. Улуту орус, бойдок, КРСУнун 4-курсунда окуйт. Сууда сүзүү боюнча барат. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, рекордсмен. Тренери Петрашов Евгений Георгиевич.

Ваккер Евгений
1974-жылы туулган. Улуту немис, үй бүлөлүү, 3 баланын атасы, толук эмес жогорку билимдүү. Велоспорт боюнча барат. Спорт чебери. 1996-жылдан берки Олимпиадалардын катышуучусу.

Түмөнбаев Руслан
1986-жылы 28-майда туулган. Улуту кыргыз, бойдок, КУУнун студенти. Грек-рим күрөшү боюнча барат. Кыргызстандын жана Азиянын чемпиону. Спорт чебери. Тренери Молдобаев Амеркул (жеке тренери) Алыкулов Эмиль Таштанович (башкы тренер)

Молдодосов Уланбек Өмүржанович
1976-жылы 18-июнда туулган. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү. Оор атлетика боюнча барат. Азиянын 2005-жылкы, Кыргызстандын 2006-жылкы чемпиону. Спорт чебери. Тренери Майназаров Үсөн.

Педан Галина
1983-жылы туулган. Улуту татар, башы бош, жогорку билимдүү. Жеңил атлетика боюнча барат. Спорт чебери. Республиканын бир нече жолку чемпиону. Тренери Курганова Татьяна Львовна(жеке тренери), Көкөев Бахтияр Макенович башкы тренер. Азия чемпиону.

Архипова Юлия Владимировна
1984-жылы 7-мартта туулган. Улуту орус, башы бош, жогорку билимдүү. Жеңил атлетика боюнча барат. Спорт чебери. Тренери Сейфиев С.С (жеке тренери), Көкөев Бахтияр Макенович (башкы тренер).

Васильев Виталий
1973-жылы 5-июнда туулган. Улуту орус, бойдок, жогорку билимдүү. Сууда сүзүү боюнча барат. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Спорт чебери. Тренери Черевко Любовь Ивановна (биринчи тренери), Барткевич Э.Г., Ганин Н.В. (80-90-жылдардагы тренерлери), Петрашов Е.Г (башкы тренер).

Олимпиадага бара турган калган спортсмендерди кийинки сандан окуй аласыздар




Бүтүндөй дүйнөгө аты чыккан, кыргыз элинин патриоту, Кыргызстандагы эмгек сиңирген спорт чебери, бокс боюнча Түндүк Американын чемпиону, кыргыздын темир муштуму Алмазбек Раимкулов бүгүн бизде конокто.
Кечээки наристе, эртеңки чоң атанын ийгиликтери, балалыгы, үйбүлөсү жөнүндө билгиңиз келсе төмөнкү макалага назар салыңыз.
Маектеш жөнүндө маалымат
Алмазбек Раимкулов 1977-жылы 18-февралда Жалалабат облусуна караштуу Алабука районунда төрөлгөн. Ал профессионал рингге 2001-жылдан бери чыгып, 25 жолу жеңишке жеткен.Учурда Американын Лас-Вегас шаарында жашайт.Дүйнөлүк I.B.S.тен 62 килограммдык салмак категориясында рейтинг боюнча 6-орунда турат.
"Жүрөгүмдө бир гана селки жашайт"
- Алмазбек мырза, сиздин үйбүлөңүз жөнүндө кызыкпагандар чанда кездешсе керек. Сөз башында үйбүлөңүз, бир туугандарыңыз жөнүндө учкай айтып өтсөңүз?
- Үйбүлө жөнүндө кеп козгосом, анча чоң эмес кичи мамлекеттин мүчөсүмүн. Агам Асылбек Ала-Букада жашайт. Жаныбарларды аябай жакшы көрөт. Агаларым ар дайым мени алга сүрөп, колдоп-коштоп турушчу. Чынын айтсам, байкелеримдин аркасында спортко аралашып, ушул деңгээлге жетип отурам. Тилекке каршы, улуу байкем Аваз 32 жашында автокырсыктан каза тапкан. Анын өлүмү жалпыбызга аябай оор тийип, аскабыз кулап кеткендей жабыркап калдык.
Ата-энем жумуштан дайыма кеч келгендиктен эжем Гүлмира бизге баш-көз болуп, кам көргөн. Мен үчүн экинчи апам десем да болот. Эң кичине эрке карындашым Элмира азыркы учурда Москвада жашайт. Эки кыздын энеси болсо да, менин көзүмө баягы эле кичине кыз. Азыр баары үй-жайлуу, бала-чакалуу. Чындыкты айтыш керек, алты жылдан бери көрө элек жээндеримди аябай сагындым.
Сөз эми менин аска-зоолорум ата-энеме келип жетти окшойт. Алар азыр мени менен Лас-Вегаста жашашат.
- Үйбүлөңүз менен да таанышып алдык, а жүрөгүңүздү ээлеген бактылуу бийкеч бар болду бекен?
- Арка жөлөгүм албетте бар. Атын атабай эле коёюн. Ал киндик кан тамган жерим Кыргызстанда жашаганы менен күн сайын телефон аркылуу үч-төрт саат бою сүйлөшүп, байланышып, чер жазышып турабыз. Ушундай сүйүктүү адамым бар үчүн Кудайга ыраазычылыгымды билдирип бүтө албай келем. Экөөбүз эки жакта болгонубуз менен жүрөгүмдө ардайым бир гана ошол сулуу кыз.
- Балалыктын алтын күндөрүнө бир кайрылып кетсек кантет?
Аябай жакшы болот,ал күндөрдү эстегенде чыт курсак балалык кезиме кайткым келет.Ош шаарындагы баарына маалым болгон Юго Восток кичи шаарчасында жашап, ошол жерден окуп бой жеттим.Баардык шаардык балдар сыяктуу эле мен дагы тентек болчумун,бирок мектепте жакшы окугам, "төрт"дээрлик жок болчу. Дагы айта кетчү нерсе жайды аябай жакшы көрчүмүн(азыр деле жакшы көрөм).Бош убактым болсо пейзаждарды ,апамды же эже-карындаштарымды,жомок баатырларынын сүрөтүн өзүндөй кылып тартаар элем.Анда ата-энем менден улуу сүрөтчү чыгат деп ойлошчу.Ал эми өзүм болсо белгилүү актер же сүрөтчү болсом деп тилек кылчумун.
- Канча жаштан тартып бокс менен машыга баштагансыз?
- Мектепте окуп жүргөндө, бокс дүйнөсүнө киргенге чейин баскетбол, жеңил атлетика, футбол, күрөш менен алектенип жүрдүм. Бокс менен 14 жашымдан машыга баштап, 15 жашта бокс боюнча спорттун кандидаты болгонго жетиштим. Буга албетте менин биринчи машыктыруучум Кален Асановдун салымы чоң. Азыр ал Малайзияда жашайт, ал жакта өзүнүн спорт залы бар. Малайзиянын таланттуу, профессионалдуу боксчуларын даярдап чыгарат. Өз мекенибизден ушундай таланттуу инсандарыбыз кетип жатканына өкүнөсүң. Анан эмне кылсын мамлекет каржылабаса, колдобосо же жөн гана баалап койбосо киндик кан тамган жериңди таштап кетүүгө да аргасыз болосуң.
- АКШга кантип барып калгандыгыңыз жөнүндө айтсаңыз?
- Бул жакка Александр Воиновдун жардамы менен келип калдым. Ал киши жөнүндө айтпасам да жалпыга маалым болсо керек. Мына ошол адам аркылуу АКШда калып, жашап жатам. Учурдан пайдаланып ага ыраазычылыгымды билдирип кетем.
- Ал жактагы жашооңуз сизди канааттандырабы? Кыргызстанды сагынасызбы?
- Бул жер кооз, сулуу, баары жетишээрлик. Дээрлик бардыгы бай, жашоосу жакшы. Англисче 100% сүйлөбөсөм да, 75% сүйлөй алам. Кандай иш болбосун бүт бардыгын өзүм уюштуруп, өзүм алып барам. Бул жакта эмне кааласаң ошонун баары бар. Албетте, булар оңойчулук менен болгон жок. Канчалаган күчтүн, эмгектин артында ушундай деңгээлге жетип отурам. Бирок, баары бир өз жериң эмес, баары башка да, менталитетине, маданиятына көнүүгө туура келет. Туулуп өскөн Кыргызстанды кантип сагынбайын, албетте сагынам. Азыркы учурда жашоо шартка байланыштуу ушул жакта жашоого туура келип жатат. Кудай буюрса сөзсүз өз өлкөмө кайтып барам жана ошол жакта жашайм.
- Бул жашоодо түбөлүктүү нерсе жок эмеспи, андыктан сиз да бир орунда турбашыңыз айдан ачык. Дегеле спорттук карьераңыз бүткөндөн кийин эмне менен алектенем деп ойлойсуз?
- Ал нерсени кантип ойлобой коёбуз. Менимче ар бир адам келечеги тууралуу ойлойт болуш керек. Карьерам бүткөн соң киндик кан тамган Кыргызстанга кайтып, өзүмдүн азыркы учурда досторум, жакындарым жүргүзүп жаткан бизнесим менен алектенсем деген ойлор бар. Кудай буюрса спорт мектебин ачып, анда спорттун бардык түрүндөгү профессионалдуу спортчуларды даярдап чыгарсам, анан да, жөндөмү бар, бирок мүмкүнчүлүгү жок жаштарга колдоо көрсөтүп жардам берип бокс тарыхында өчпөс из калтырсам деген аруу тилектерим бар.

Даярдаган
Нурзат Жусупова




  Волейбол

Орустар үмүттөнүүдө
Дүйнөлүк лигада Волейбол боюнча эркектер командасы арасында өткөн оюнда россиялыктар япондорду утуп, жарым финалга жол ачышат. Группалык этапта россиялыктар 3 упай менен алдыга озуп чыгышты. Бул чоң турнирдин байге фонду 20 млн. долларды түзөт. 2007-жылы Россия Бразилиядан утулуп калган. 2003-жылдан бери 5 жыл катары менен Бразилия биринчиликти бербей келатат. Ага чейин Россия биринчиликтен түшпөй келген.

  Футбол

Футболисттер канчадан акча алышты?
"Улуттук футбол академиясы" Россиянын футбол тренери Гус Хиддинкке Россияны "Евро-2008деги" жасаган эмгеги үчүн 3 млн. евро суммасында сыйлык чегерди. Бул сумма Тренер менен 2 жыл мурун түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн эле.
Ар бир финалдык бөлүккө көтөрүлгөн сайын 1 млн. евродон төлөй турган болгон. Эгер Россия чемпион болгондо дагы кошумча 2 млн. евро алмак. Ал эми оюнчулар жалпы суммасы 12 млн. евро сыйлыкка ээ болушуп, ар бири 370 миң евродон алышты.