Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Күйөрмандардын күтүүсүз жоруктары
Учурда популярдуу болуп жаткан дүйнөлүк жылдыздардын күйөрмандары бар экени кадимки көрүнүш. Күйөрмандар жактырып сыйлаган жылдызына жакшы каалоо-тилегин, жылуу сөзүн, жүрөктөн чыккан белегин арнап, талантына таазим этип келишет. Кээде ошол күйөрмандар чектен чыгып, өзүнө-өзү ээ боло алышпай кумирлерин ашыкча түйшүккө салып, ага жагымдуу маанай тартуулайм деп тескерисинче убара тарттырып, беймаза кылышаары да белгилүү.Чектен чыккан "тентек" күйөрмандардын жолдо калган жосунсуз жоруктарын төмөнкү макаладан окуп билсеңиз болот.

Соттолгон күйөрман
София Ротаруну төрт жылдан ашуун убакыт Туладагы сатуучу болуп иштеген 35 жаштагы күйөрман аял бир топ убара кылган. Башында чыгармачылыгын баалап, сыйлаган адам катары кадимкидей концерттерине катышып, ырчы айым ырдап жаткан учурда сахнага чыгып гүл берүүдөн башталат. Андан кийин кол тамга алуу ниетинде ырчынын кийинүүчү бөлмөсүнө кирип, сүрөткө түшүп, айтор бир топ эле жакындап калган экен. Бир жолу концерттен кийин өзүн бир топ эркин сезип калган күйөрманы адаттагыдай эле ырчы айымдын кийине турган бөлмөсүнө кирип сүрөткө түшмөк болот. Тилекке каршы София Ротарунун жан сакчысы аны киргизбей коёт. Деми сууп, ызасы ичине кайнаган ээн баш күйөрман ырчыга тишин кайрап, бой көтөрүп аны теңине албагандай кабыл алат. Ошондон баштап күйөрмандын арзуусу жек көрүүгө айланып, Софияга тоскоолдуктарды жарата баштайт. Тактап айтсак күнү-түнү коркутуп-үркүтүп телефон чалып, SMS жазып, ал тургай бир шаардан экинчи шаарга гастролдоп уча турган самолетто "жарылуучу зат бар" деп ырчынын гастролдорун токтотуп, пландарын бузган. Чыдамы кеткен София акырында милицияга билдирип, ал аялды шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратышкан.

мадоннаны мууздай
жаздап...
Мындан кем эмес күйөрмандардын түйшүгүнө поп-музыканын ханзаадасы Мадонна да чыдап келет. Бир жолку берген концертинде Мадонна ырдап жатса сахнага эки жаш жигит чыгып келип, колдорундагы кичинекекей кайчылары менен эстеликке деп ырчынын чачынан кийимдеринен кескилей башташкан. Мындай маскаралыкка чыдабаган Мадонна аларды дароо сотко берип, эки жылга эркинен ажыратышат.
Ал эми анын 24 жаштагы күйөрманы Майкл Сешнз көптөн бери Мадоннанын Лондондогу үйүнө жашыруун кирүүгө аракет кылып келет. Бирок ал оюу оңой менен ишке ашпасына көзү жеткенден кийин атайын гүл таратып иштеген киши болуп үйүнө кирген. Андан соң эки-үч жолу кымбат баалуу гүлдестелерди алып келип ырчынын көңүлүн ала баштаган. Башы айланып акырында өзүн-өзү колго алалбай калган Майкл Сешнз Мадоннанын кекиртегине бычак такап, ага турмушка чыкпаса мууздап салам деп коркутат. Мындай укмушту өмүрүндө биринчи жолу көргөн Мадонна көпкө чейин эсине келбей ооруканада жатып чыккан. Ал эми анын "күйөрманын" 10 жылга эркинен ажыратышкан.

"Валерия менен ажыраш..."
Телефон аркылуу күйөрмандардын коркутуусуна Валерия жана жолдошу Иосиф Пригожин туш болгон. Башында бул айым Валерияга жөндөн-жөн эле чалып таш-талканыңды чыгарам деп коркутуп-үркүтө баштайт. Эч нерсе түшүнбөгөн ырчы жолдошу Иосиф Пригожинге дароо бул тууралуу айтып берет, көрсө ага чейин эле ал аял Иосифке бир күндө "Валерия менен ажыраш, мага үйлөн, мени ырчы кыл" деген маанидеги смс тен кырк-элүүнү жөнөтчү экен. Окуяны Иосиф Лераны чочутпайын деген ойдо жашырып келет. Чындап жини келген Пригожин милицияга кайрылган, бирок алар мындан да зарыл жумуштары бар экенин айтышып Пригожиндин суранычын четке кагышат.
"Мен ал аялдан корккон деле жокмун, болгону Лера жөнүндө акылга сыйбаган сөздөрдү айтып жамандаганы менин оюмду онго, санаамды санга бөлүп жатат. Эгер ал аял эмес эркек болгондо эчак тумшугун талкаламакмын" -дейт Иосиф Пригожин. Ал аял менен жолугуп, жай айтып түшүндүрөм деген Иосифтин аракети текке кеткен. Дал ушундай чектен чыккан күйөрмандардын телефон чалууларынан Алсу, Лолита, Филипп Киркоров, Кристина Орбакайтелер жапа чегип келишет.

сенсиз менин күнүм жок
Ал эми Даниэль Редклиффтин абалы кээ бир жылдыздардыкынан да оор. Башкача айтканда "Гарри Потердин" киносунун башкы каарманын күйөрмандары тирүүнүн тозогуна салышкан. Даниэлге эч ким телефон чалып, гүл бербестен күйөрмандар арзуусун башкача жол менен билдирүүнү каалашыптыр. Алар Даниэлдин машинесине "Мен сени сүйөм", "Сен мыктылардын мыктысың", "Сенсиз менин күнүм жок" деген "сүйүү каттарын" сыр менен же мык менен чийип жазып кетишет. Күйөрмандарынын мындай белегине ырчы нааразы болгон. Учурда Даниэль бешинчи машинесин алмаштырган. Себеп буга чейинкилери такыр жараксыз абалда болгондуктан айласы жок башка тулпар сатып алууга муктаж болот. Азыр эми жаш жигит өзүнө жан сакчы жалдаган, ал дайыма актердун машинесин көзөмөлгө алып анын жанынан жарым карышка да жылбайт.

ача дама
Акыркы күндөрү Ирина Салтыкованын көргөн күнү азапка айланган. Анын концертинде күтүүсүз колуна роза гүлүн кармаган күйөрман жигити пайда болот. Ошондон кийин ал Иринага телефон чалып, жакын мамиледе бололу деген сунуш киргизсе, ырчы аны четке кагат. Дале үмүтүн үзбөгөн жаш жигит ырчынын концерттерине барып турганы менен администраторунан гүл берип жиберип гана тим болчу. Ал эми Ирина ал гүлдүн ичинен картанын ача дамасын таап алат. Буга алгач маани бербегени менен бул көрүнүш эки жолу катары менен кайталанганда чындап чочулап көзү ачыкка кайрылат. Көрсө күйөрман жигит ушундай жол менен ырчынын башын айландырып, көңүлүн өзүнө бурдурууну көздөгөн экен. Ушундан кийин Ирина Салтыкова күйөрмандарынан бир топ алыстады.




Жаннанын жаңы бозоюу…
Жакында эле Россиянын шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрү чогулган кечеде суйкайган сулуу ырчы кыз кесиптештерин таң калтыруу иретинде жаңы жигитин ээрчитип келген, концерт башталаарга чейин да андан кийин да ырчы бир топ тынчсызданып, өзүн коёрго жер таппай бир оокумдан кийин гана жаңы сүйүүсүн сахналаш досторуна тааныштырган. 20 жаштагы улан ханзаадасынын жанында кече бүткүчө кареги менен тең айланып жанынан жылган эмес. Ал эми концерт бүткөн соң Жанна жигити экөө ресторанда түн бир оокумга чейин отуруп, анан чогуу ырчынын үйүнө жөнөшкөн.


Максим турмушка чыгат
Марина Абросимова 24 жаштагы өзүнүн тобундагы үн режиссер болуп иштеген жигитке турмушка чыгат. Экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүнө бир жылдан ашуун убакыт болсо да тобунда иштеген жигиттерден башка эч ким билген эмес. Сүйүктүүсүнүн үч айлык боюнда бар экенин билген Алексей ошол замат ага турмушка чыгуусун өтүнгөн. Эки жаштын үйлөнүү тою да элдикинен өзгөчө өтөт экен, башкача айтканда той эмес жөн гана жыйырма кишиден ашпаган чакан кече уюштурушат. Бул кече күз айларына туура келгендиктен Максим аппапак көйнөктүн ордуна сары түстөгү жалбырактардын сүрөтүн чагылдырган атайын боюнда бар айымдарга арнап тигилген көйнөк киет, дагы белгилей кетчү көрүнүш Максим ушул таптан баштап баласынын ден соолугу үчүн спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуптур.


Александр Бердников үйлөндү
"Корни" тобунун солисти Алексей Бердников 24-июлда өзүнүн сүйгөнү 21 жаштагы Ольгага баш кошту. Кичинекей кезинен эле дүңгүрөгөн үйлөнүү той жөнүндө кыялданып келген тилеги эми ишке ашты. Москвада өткөн тойго 250 киши конокко чакырылган. Ал эми Ольга менен Александр таанышкандан кийин бир ай телефон менен сүйлөшүп, экинчи айында баш кошууга бел байлашат. Бердниковдун айтымында Ольга экөө бири-бирин бир көргөндө эле сүйүшүп калышкан. Эми ал бактылуу экенин бүт дүйнө жүзүнө жар салып турган чагы.


Анжелина Джоли үйбүлөсүн кантип сактап калды?
Буга чейин төрөдү-төрөгөн жок деп кабарчылардын арасында бир топ ызы-чуу, талаш-тартыш жаратып келген Голливуддун ай-чырайлуу актрисасы Анжелина Джоли көз жарганда журналисттер жаны тынбай жүрүшүп актрисанын үйбүлөсүнөн интервью алып, сүрөткө тартышкан. Башында Бред Питтин үйбүлөсү Анжелинаны жактырышпай "аны менен ажырашып, Дженифер Энистон менен кайра үйлөн" деген талабын коюшкан. Бирок Анжелина бир эмес эгиз, төрөгөндөн кийин актердун үйбүлөсү бул оюнан кайтышыптыр.

Джон Коннари баласына мурас бербейт
Шотландиянын белгилүү актеру Джон Коннари баласына бир тыйын акча бербей, мурасынан айрылтты. Мунун себебин актер баласы өз алдынча акча таап, бутуна турсун деген мааниде түшүндүрсө Джондун биринчи аялы "Джон баласы менен урушуп кеткен үчүн ага өчөшүп болгон байлыгынан ажыратты" дейт. Кимисиники чын, кимисиники калп экенин ким билсин, айтор актёрдун баласы эми өз арабасын өзү тартат окшойт.









??.??