Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  шордүйнө

Тагдырдын тамашасынан жапа чеккендер
Башка адамдарга берген бакыттан жараткан аларды кур калтырып, таш боор тагдырдын тамашасы болуп келишет. Алар жарык дүйнөгө келип, жашоонун жыргалын, кереметин саналуу күндөргө чейин гана сезе алышат. Ал эми алардын андан аркы жашоосу туңгуюкка кептелип, ушундай жашоодон көрө өлүмдү самап калышат экен. Эң өкүнүчтүүсү буларга эч ким жардам берип, түйшүгүн жеңилдете албайт.

Прогерия - эң коркунучтуу оору
Прогерия -грек тилинен которгондо pro - эрте, gerontos-картаюу дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө сейрек кездешүүчү бул дарттан дүйнө жүзү боюнча 47 адам жапа чегип келишет. Анын он төртү Америка Кошмо Штаттарында, бешөө Россияда, калганы Европада жашашат. Ата-энесинин ден соолугу соо болгон күндө деле ымыркай ушундай ооруга чалдыгышы толук мүмкүн. Бул дарт өтө сейрек кездешкендиктен учурда бактыга жараша мындай оору менен ооругандар саналуу гана. Прогерия менен ооруган бала алгачкы 6-12 айга чейин эле башка дени-карды соо ымыркайлардай болуп өсө баштаса, кийинчерээк улгайган адамдарга мүнөздүү симптомдорго ээ боло башташат. Адегенде беттерин бырыш басып, чачтары түшүп таз боло баштаса, андан кийин бир жылда 10-15 жашка картайышып тиштери түшө баштайт. Эң коркунучтуусу мындай ооруга чалдыккандар болгону 12-14 жылга чейин жашашат. Ал эми таңкалыштуусу булардын сырткы көрүнүшү бара-бара бири-бириникине коёндой окшош боло баштайт. Мындай учурда балдардын жашоого кызыгы жоголуп, өлүмдөн башканы көз алдыларына элестетпей калышат.

Теледен түшпөгөн Оури Бернетт
16-апрелде 1996-жылы төрөлгөнү менен кебетеси 60 жаштагы абышкага окшош. Бул бала да 5 жашынан баштап жүрөгү ооруй баштаган. Ал эми күн сайын Оуринин бетин бырыш басып, төшөккө жатып калган экен. Бирок, Сет Куктун ата-энесинен айырмаланып, доктурга алып барбастан пресс-конференцияларды өткөрүп, телеге тарттырышкан. Муну менен алар окумуштуулардын назарын өзүнө буруп, оорунун себебин аныкташып билсе деген аракеттери болчу. Алардын ою ишке ашып илимпоздор чын эле оорунун эмнеден улам пайда болгонун билгенге аракет кылышкан. Бирок азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек. Ал эми Оури Бернеттин апасы мугалим болгондуктан баласын үйүнөн чыгарбай эле өзү тарбия, билим берип, өзү ойнотуп алаксытып келет.

23 жаштагы бийкечке операция жасашат
Елена учурда юридикалык факультеттин 4-курсунда окуйт. Ал бир жылда беш жашка картаят. Аны ыза кылган көрүнүш досторунун жанында турганда аны дос кызынын апасыбы деп ойлошот экен. Башында аны сүйүп, жактырган жигиттер өтө көп болгон, бирок кийинчерээк Ленанын келбетиндеги кийинки күндөгү өзгөрүүлөрдү байкашкан бозойлор четинен жоголуп, андан кача башташкан. Учурда аны чын жүрөгүнөн сүйгөн бир гана жигит жанында калган. Анын атын Лена жарыялоону туура көргөн.
Елена Мельниковага эң мыкты адистер операция жасашып, бирок жакшы жыйынтык берген эмес. Азыр эми Лена тагдырын тобокелге салып экинчи жолу операция жасатканга бел байлаган. Адегенде доктурлар анын төшүн чоңойтушуп, бетин болсо 35 жаштагы аялдардыкындай кылып жашартышкан.

Шылдың Болгон Сет Кук
12 жаштагы Сет Кук АКШнын тургуну бирок, ал дал ушул дартка кабылып 80 жаштагы абышкадай көрүнөт. Анын бул оору менен ооруганы 5 жашынан билине баштайт. Алгач Сет Куктун чачы түшө баштаганда аны дерматологго алып барышып, доктурлар ага чачы эмнеден улам түшкөнүн аныктап бере алышкан эмес. Андан кийин бетин бырыш басып, боюнун өскөнү тып токтогон. Учурда Сеттен бир метрге жетпеген бою, 11,3 кг салмагынан тышкары улгайган адамдардагы оорулардын дээрлик баарын кездештирүүгө болот.
Азыр Сет Кук өзүнүн теңтуштары менен бирге мектепке барып, алар менен ойной албайт. Анткени классташтарынын арасында акылы тайкы балдар аны "чал" деп шылдыңдашат. Сыягы бул өтө коркунучтуу дарт экенин баары эле түшүнүп, баарынын эле акылына жете бербейт окшойт.

Үйбүлөсү ураган Альвидос
Прогериянын эң белгилүүсү Альвидос Гуделяускас болгон. 29 жаштагы жигит саналуу айларда 70 жаштагы абышкага айланган. Эмнегедир анын дароо тиши түшө баштаган, жүрөгү түшкөн жигит заматта доктурга кайрылса ага дары жазып беришет. Үмүтүнүн учкуну үзүлбөгөн Альвидос ал дарыны ичкенде жакшы болбостон эле кайра ден соолугу начарлаган. Башында жубайы Лайма жакшы эле колдоо көрсөтүп, жолдошунун жеңилин жерден, оорун колдон алып жанынан чыккан эмес. Бирок, акыркы күндөрү Альвидос чөккөндөн чөгүп отуруп, такыр сөз көтөрүмү жок болуп депрессияга туш болот. Лайма 9 жаштагы кызын Бригиттаны алып кетип калат. Ден соолугунан жабыр тартканы аз келгенсип, эми ал ажырашууну да башынан өткөрүүгө туура келет. Доктурлар ага операция жасашып 40 жаштагы кишинин келбетин беришкен.

Анара Дүйшөналиева