Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Тайгүлүк

Эненин жүрөгү
"Адам жашоосунда экинчи жолу жаңылбашы керек" деген атасынын сөзүнө Шарапат дилинен ишенчү. Турмуш жолунда достору жайган торго капысынан чалынып, ал азаптын айынан өз наристесинен баш тартаарда эненин балага болгон табигый мээрими күч экенин, сезимтал жаш жүрөгү менен сезди...
Оор сурак
...Аты-жөнүңүздү толук айтсаңыз? Каттоо китебиңиз барбы? Канчанчы төрөтүңүз? Баланын атасы ким?.. Жамгырдай жааган суроолорго кандай жооп айтаарын билбей, көзүнүн чарасы шишикке толгон Шарапат төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн кызыл эт ымыркай тууралуу эмне айтаарын билбей шаштысы кетти. Денесин каптаган терин аарчууга да шайы келбей эне болуу азабына чымыркана тиштенип, өткөн күнү көз алдына тартыла калды...
Ооба, ал кездеги студенттик сынактын суроолору канчалык татаал болсо да азыркы жөпжөнөкөй суроолордон алда канча жеңилдей туюлду Шарапатка. Кичинекейинен бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойгондуктан ата-энеси кызынын айтканы менен болуп, өзү каалаган окуу жайга окутушкан. Шарапат акыркы экзаменинде профессор агайынын берген суроолоруна оңуттуу жооп айталбай, айласы кетип башы шылкыйганы азыркы азаптан жеңилдей сезилди...
Шаңдуу кече
Жатаканада өзү менен чогуу турган Мээрим менен Айжандын тилек-максаттары бир болгону менен жан дүйнөсү башка эле. Алар Шарапатты жатаканда жашаган Арсен атту жигит менен ынак мамиледе жүргөнүн көрө алышчу эмес. Ошондой ич күйдүүлүк менен Айжандын тапкан акылынан Шарапатты торго чалындырышмак.
Алгачкы сынагын тапшырып алгандарына кубанган кыздар атайын кече уюштуруп, Айжандын жердеш балдары менен көптөн күткөн кечеде көңүл ачып, чогуу бийлеп жатышты. Табиятынан тартынчаак Шарапат канчалык көңүл ачайын десе да жан дүйнөсү жанчыла берди. Айжандын жердештеринин олдоксон бийлеген бирөөсү:
- Айжан, бул курбуң бизге көнө албай жаткансыйт, - деди көзүн жалжылдатып.
- Көндүрүш силерден да, - деди күндөгүдөн да өзгөчө шайырланган Айжан. Ушул сөздү эле күтүп тургансып оюна койбой:
- Ал эми ушундай мөлтүрөгөн тилеги таза суудан татпаганда, азыр мектеп босогосун аттаган секелектерден тарта ичишет. Курбулары да:
- Койчу эми, кантип эле бир да жолу татып көрбөгөнсүң.
- Бүгүнкү шаңдуу кеченин көркүн ачкан Шарапат үчүн...
Ар жак бер жагына өтүшүп биринин-артынан экинчисин кыстап жатышты. Шарапат тигилерге кошулуп кеткенин өзү да билбей калды. Мурун-соңу ичпеген жаны жүзү албырып, бир сырдуу Шарапат чечиле баштады. Бир кезде кыйшаңдай бийлеген кыз-жигиттерден калбай бийлеп кирген. Ушул учурда ортодо бийлеп жаткан Шарапатты көрсөткөн Айжан обу жок жердешинин кулагына бирдемелерди шыбырап жаткан. Чалыштай калып бийлеп жаткан кыздын каруусунан олбурлуу бирөө кармап, анан бүлбүлдөгөн жарык өчкөндөй болгон. Анан эмне болду?! Эсине келгенде караса бейтааныш эркек менен жатыптыр. Ордунан ыргып турду. Таң агарып бараткан экен. Тили оозуна батпай чаңкоодон баш жарылчудай, чачылган тар бөлмөгө көз жүгүрттү. Эки курбусу эки жерде жатышат. Өзү менен жаткан жигитти карап чыйрыгып алды. Бир ордунда тура албай, сыртка чыкты. Жабыккан жандай көнөктөп жааган жаандын тамчылары жазыксыз кыздын көз жашына кошулуп таамп жатты...
Достун түбү доо
Азгырган курбуларына кошуп өзүн да тилдеп алды. Шарапат шишиген көзүн жашыра эки-үч сааттан кийин бөлмөсүнө келди. Эки курбу кызга эч нерсе болбогондой, канчалык бурганактаган оюн ортого салып Айжан менен урушууга камынса да тили күрмөөгө келбей койду. Күн өткөн сайын Айжандын чырагына май таамп, Мээрим экөө Шарапаттын чүнчүп кеткенин келекеге алышчу. Өз кайгысы менен жүрүп кийинки сынактарды да тапшыра албай жатты. Ар кимден корунуп жүргөн кызды Арсен издеп жүрүп , окуу жайдын олтургучунан тапты. Артында тегиз жайылган капкара чачынан сылай Шарапатты өзүнө карата берип, ыйлап жатканын көрдү.
- Эмне ыйладың? Ансайын сөз айталбай буулугуп кирди.
- Жүрөгүмдү эзбей айтчы?! Арсендин далысына башын жөлөгөн Шарапаттын көз-жашы тынымсыз кулап жатты. Сүйүктүү адамынын жылуу сөзү, мээримдүү алаканы анын жаралуу жүрөгүн бошотуп жиберди.
- Айтчы, агайың баа койбогонуна ыйладыңбы? Же...
- Жок, Арсен андай болсо... Ошол учурда Айжан менен Мээрим шаңкылдай басып келгенин Шарапат байкабады. Күлкүсү коошпосо да калп эле күлгөн Айжан:
- Эзилише канча адамга арзуу арманыңды айтаар экенсиң. Жыландай сары тосток көздүү Айжандын сөзү Шарапатты ичиркентти.
- Жалакор, дагы кантесиң?, -деди Шарапат.
- Жалган сөз менен жигиттерге абийрин саткан сенсиң да, дагы кайсы арыңа жигит жандап жүрөсүң?.. Койсоң Айжан! Мээримдин кой дегенине кайрадан күчөдү.
- Айтчу сөзүңдү айтып болдуңбу? Арсен айкырык салган курбулардын чырына чыдабай кетти. Бир сөздөн калбаган Айжан:
- Сен сүйлөбө? Шайкелең кызына болуша калганын көр!..
Акыркы жолугушуу
Салаалаган көз жашын аарчып Шарапат өйдө болду. Арсен жай гана:
- Айжандын айтканы ыраспы?
- Мени азапка салганы чын.
- Чара көрбөдүңбү?
- Шарапат муңкана , Арсендин кучагынан бошонду. Арсен кайрадан:
- Анда чогуу чара көрөлү?
- Өз азабымды өзүм тартайын, мен жөнүндө ойлобой өзүңдүн эртеңиң тууралуу кам көрчү. Шарапат ордунан туруп жөнөдү.
Эмнегедир Арсен менен коштошкусу келбей, кыйыла артын карап, колун көтөрүп койду. Бир аздан кийин артына кайрылса, өзүнөн көзүн албай кейиштүү караган караанды көрүп жүрөгү мыкчыла түштү. Арсенди түпөйүл санаа бушайманга салып баратканына Шарапат өкүнүп алды. Бул экөөнүн акыркы жолугушуусу экенин жаш жүрөктөр анда сезбеген.
Кийинки күндөрү Шарапат табити буулуп, ар нерсеге окшучу болду. Бул күндөрү жалгыздыкты каалап, ата-энесинин акчасынын жардамы менен башка батирге чыгып алды. Эпсиз чоңоюп бараткан ичин ар нерсе менен таңып жүрсө да кийинки күндөрү жашырууга болбой баратты. Ушундай азаптуу күндөрдө чогуу жашаган Мээрим келип, өткөн жоругуна кечирим сурап, Арсендин жол кырсыгынан каза болгону тууралуу жагымсыз кабарды айтты.
Бейкүнөө наристе
...Мына ушуларды эстеп, атасыз наристеден баш тартты. Анан капысынан атасы айткан: "Адам жашоосунда экинчи жолу жаңылбашы керек" деген сөздү эстеди. Врачтардын өтүнүчү менен өз баласынан ирээнжисе да ууз сүтү менен оозантты. Итиркейи келип эмизип жатып жүрөгү "зыр" дей түштү. Кичинекей наристеге мээрими түшө, өзүн эне сезгендей. Колундагы ымыркайды кайра таштап койду. Жан-алы калбай ыйлаганына чыдабай кайра колуна алды. Быйтыйган күнөөсүз наристе тынч алып калганда, Шарапат өз сөзүнөн кайтып түн ичинде эч кимге көрүнбөй, наристесин колуна алып палатадан чыкты...




Ал мени үйгө чейин жеткирип келди. Жолдо катар экөөбүз өз ойлорубуз менен алектенип сүйлөшпөй келдик. Менин жүрөгүмдү эзип, башыма кыттай уюган санаа Бахиддин аялына байланыштуу болуп турду.
* * *
Мен ага жолукпай коюуну туура деп чечтим, бир жума сабакка барбай койдум. Бирок, күндөн-күнгө ден-соолугум оңолмок турсун начарлай баштады. Апам мага билдирбегени менен үшкүрүгү, ыйы көбөйдү. Аны көргөндөн кийин жүрөк ого бетер ооруйт экен. Ушинтип өзүмдү да, үйдөгүлөрдү да кыйнай бербей тагдырыма туш келген Бахидге кете берүүнү чечтим.
Менин ушул оюмду эрте эле билип тургансып Бахид ошол күнү үйгө келиптир…
… Анын келишин мен эртең менен ойгонгондо эле сезгем. Жүрөгүм алып учуп бирде өзүмдү эркин сезип, эмне болсо да мага жагымдуу көрүнүп, ырдагым келе түшсө, кайра бат эле өзүнөн-өзү көңүлүм чөгүп, жүрөгүм кысылып, урушкум келип, буулугуп көзүмө жаш толот. Бирде оң көзүм, бирде сол көзүм, бир аз туруп далым тартып, анан жылып көкүрөгүмө келип, буттарыма түшкөндө кадимкидей калтырак басып, башым тегеренгендей болуп көңүлүм айныйт. Көңүлүм көтөрүлө түшкөндө мага эч нерсенин кереги жок баягы бала кезимдегидей өзүмдү эркин сезип, сезимимде катылып жаткан бук унутула баштай турган болсо, качан жанагыдай денемди куушурган "оору" аралап келгенде, жанымды кайда катаарымды билбей, Бахгидден башка эч кимди ойлобой калам. Эң кызык жери, денемде жанымды кейиткен эч кандай оору сезилбейт, бирок кандайдыр бир тар нерсенин ичине салып койгондой кыйнала берем. Дал ушундай мезгилде Бахидден башка эч ким, эч нерсе башыма кирбей калат. Андан башка эч кимди ойлобойм. Бирде ага Кудайымдай жалынсам, бирде аны жер-жеберине жеткире тилдейм.
Бир маалда эмнегедир түндө көргөн түшүм эсиме түштү. Анда Бахид экөөбүз бийик-бийик тоолорду аралап кетип баратыптырбыз. Ал менден бир кадам алдыда барат. Мен канчалык шашканым менен ага жете албайм "токто, чогуу басалы" дегенден эмнегедир тартынам. Анын колунда мага бергендей курма жүрөт. Бул курманы да мага береби деп ойлоп коём. Бирок аны өзү да жебей, мага да бербей кетип баратат, анан ортодо кебетеси суук бир аял пайда болуп калат. Ал бардык учурда Бахид экөөбүздүн ортобузда жүрөт. Аны таш менен согуп өлтүрүп салгым келет да, жерден таш алып аны көздөй ыргытам. Ташым тийгендей болот, бирок ал эч нерсе болбогондой мага карап ырсайып күлүп коёт да кадамын улантып кете берет. Минтип шылдыңдаганына жиним абдан кайнагандыктан көзүм кан тээп аябай кызарган… Ошентип кыйналып атып ойгонуп кетип, түшүм экендигин билгенден кийин кадимкидей эс ала түштүм, бирок кайра уктап баратканымда жеңи кыска ак көйнөкчөн Бахид биздин эшиктин алдында турганын элес-булас көргөнмүн. Мына ошондон тартып анын мага келишине кадимкидей ишеним пайда болду да, күтө баштадым. Сырттан машинанын сигналы, ышкырган ышкырыкпы, же кыйкырган үнбү, айтор эмнеси угулбасын улам бир терезеге барып эшикти карай бердим.
Ушинтип терезени карай бергенден тажап кетип, "келесоосуңбу?" дейм өзүмө-өзүм жиним келип. Кайдагы бир дөөпөрөс "тажикти" күтүп, эмнеге мынча кыйналам дейм да, өзүмдү өзүм сооротууга аракеттенип терезеден ары өткөн бери өткөндөрдү карап. Тиги жок, тигиниси менин жигитим болуп калсачы деген балалык кыял менен ар түркүн эркекти өзүмө катар коюп, өзүмдү алаксытам. Канчалык өзүмдү алаксытпайын баары бир акыркы чекит Бахидге келип токтойт. Аны жек көрөм, ошондо эле өзүмдү көргүм келбейт, бирок андан алыстай албай ой-санаамдын баары ошондо. Өзүмдү алаксытайын деп, ушинтип телевизор көрүмүш этип отурганымда:
- Элмира, сага бирөө келди, - деген апамдын сөзү бекем курчаган санааны самандай сапырып, көртириликке кайтарып койду. Менин көз алдыма эшикке жете электе эле түндөгү түшүмдө көргөндөй Бахид элестеди. Чынын айтсам, азыр андан башка эч кимди күткөн жокмун. Аткан бойдон эшикке чыгып бараткам. Менин кейпимди көргөн апам:
- Чачыңды тарап алчы, балам,-деди акырын. Апамдын минтип ар бир кыймылымды сак-сактап карап калганына караганда ал чоочун киши экендигин түшүндүм. Ошондо эсиме келип күзгүдөн өзүмдү карасам кейпим укмуш болуп калыптыр. Антип-минтип кейпимди оңдомуш этип, бирок ичимден сырттагы адам Бахид болсо экен деп тилеп, акырын эшикти көздөй жылып бараттым.
Эшикти ачып, өзүмө-өзүм биринчи жолу абдан таң калдым. Түндө түшүмдө кандай көрсөм, Бахид ошол ак көйнөгү менен эшиктин алдында туруптур. Мен аны бул көйнөгү менен эч жерден көргөн эмесмин. Бул жерде акылдан тыш көрүнүш бар экендигин эсепке алыш керектигин баамдадым. Анын муздак көздөрү денемди бир чалып өткөндө, бүткөн боюмду муздак тер басып, анын келгенине сүйүнгөнүмдү, же жинденгенимди түшүнбөгөн ыңгайсыз сезим алсыратты.
Ал мени кунт коюп карап, эч кандай өзгөрүү жокпу дегендей бутумдан башыма чейин теше тиктеп, анан кадимкидей экендигин текшергиси келгендей:
- Жакшысымыз? -деди, тээ көөдөндүн түпкүрүнөн. Ушул сөзү мени шакаба кылып жаткандай көрүндү. Мурда мындай сөздөрдү укканда дайыма каткырып жиберчү элем, азыр анте албадым. Ахыбалым начардыгын көрүп туруп, сынагандай кантип ушинтип сурайт дегендей эки көзүмдүн чанагына жаш толуп чыкты. Анын жерге кулашын көрсөтпөгөнгө аракеттенип өйдө карадым. Бахид баарын көрүп, түшүнүп турса да бул сөздөн ашык эч нерсе деген жок. Анын ушундай түркөйлүгү да, акылдуулугу да мени дайыма таң калтырат. Азыр мени кучактаса, эркелетсе дегендей сезим мени ага жакындатып баратты, бирок ал өзүн ушунчалык токтоо кармады. Ал кичине өңүн өзгөртүп, жылмайып кучагын жая бергенде мен апамды көзүмө илбей анын кучагына жыгылмакмын. Бирок, ал антпеди, өзүн токтоо кармап, а түгүл күндө көрүп жүрүп тажагандай томсоргон боюнча:
- Элмира, ден-соолугуң кандай?Менин сенде сөзүм бар эле, эшикке чыгып сүйлөшпөйлүбү?-деди. Эмне демекмин, бул учурда мен анын толук карамагында элем. Башымды ийкедим да анын алдына түшүп жөнөдүм. Ал ордунан козголбой, таң калгандай карап:
- Ушул кийимиң менен көчөгө чыгасыңбы? - деп сурады. Жада калса ушуну ойлобогонума өзүмө жиним келди. Чыныда мага жасана кийиниш эмес, анын жанында сагынычымды таратып басып жүрүш маанилүү болчу. Бирок, өзүмдүн эрким жетпеген сезимге багынып, минтип алдастап калганыма жиним кайнады, эрдимди тиштеп ачуумду токтоттум. Ичимден өзүмдү акыл-эстүүлүккө чакырдым. Тепкичтин кармагычын черткилеп, жан дүйнөмдү соороттум. Бир аз эс алгандан кийин:
- Алыс барабызбы?-деп сурадым шыбырап. Ал баягысындай эле өзгөрбөй, кунарсыз карады.
- Бир топ эле алыс. Көчөгө кийген кийимдериңден кийип алсаң жакшы болот эле. -Бахиддин бул сөздөрү жөнөкөй адамдыкынан айырмаланып, мага чаканын ичине башын салып сүйлөп жаткандай угулду.











??.??