Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Асаба" үркүндү эскерет
"Асаба" партиясы 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылын эскерген талкуу уюштурат. 1-августка белгиленип жаткан бул иш чарада 1916-жылдагы окуянын тарыхый жана кийинки муундар үчүн тарбиялык мааниси талкууга алынмакчы. Талкууга илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган. "Асаба" партиясы ошондой эле бул окуяны изилдөө боюнча илимий топ түзүү жана даректүү тасма тартуу демилгесин да көтөрүүдө. Кыргыз парламенти быйыл апрель айында жыл сайын август айынын биринчи жумасында 1916-жылкы окуяда шейит кеткендерди эскерүү боюнча чечим кабыл алган. Анда Боом капчыгайына кире бериш жерде тарыхый-этнографиялык жай куруу да белгиленген.

Өлкөдө инфляция 50 пайыздан ашат
"Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариевдин белгилегенине караганда азыр инфляция жыл аягына чейин 30 пайыз болот деп бир аз жымсалданып айтылып жатат. Анын айтымында, баалар азыр күн санап өсүп жатат, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы да арсар. "Акча көбөйүп, инфляция күчөп кеткенде биринчи кезекте мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу керек болчу. Экинчиси, бюджетте инфляция 12% деп бекитилген. Жарым жылдын ичинде ал 20 пайыздан ашып кетти. Бул макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн чоң коңгуроосу. Ошол эле учурда инфляция жыл аягына чейин 25 пайызга жетээрин экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин департамент жетекчиси билдирди. Анын айтымында мамлекет өзүнүн ички салыктары менен жашай баштаганда гана көз каранды эмес болот жана азырынча өлкө импортко көз каранды.

Өзгөн районунда жаңы аким
Президенттин буйругу менен Үсөнбай Абдыраимов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын акиминин кызматынан бошотулду. Өлкө башчысынын башка буйругуна ылайык Байышбек Жуманазаров Өзгөн районунун акими болуп дайындалды.

Ош-Исфана жолунун курулушу токтобойт
Ош-Исфана жолунунун тажик айылдарына кирбей өтүүчү бөлүгүндөгү 275 метр аралыгы тактала элек аймакка туш келгендиктен бул жолду куруу маселесине тоскоол болуп келген эле. Тараптар дал ушул аймак боюнча бир пикирге келишип, кыргыз тарап эми бул жолду сала турган болду. Бирок, бул аймакка салынган эки тажик жаранынын үйү башка жакка көчүрүлүп, кыргыз тарап аларга мыйзам чегинде чыгымын төлөп берет. Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бул отуруму 25-26-июль күндөрү өтүп, анын кыргыз тарабын унаа жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов жетектеди.

"Тамдык" посту алынбайт
Кыргыз-тажик чегиндеги "Тамдык" чегара посту алынбай турган болду. Тажикстандын Исфара шаарында өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын чечиминде тараптар ушундай чечимге келишти. Баткен облусунун ичиндеги Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары буга чейин бул чегара бекетин алып салуу талабын коюп келишкен эле. Кыргыз тарап болсо бул тосмо алынса Аксай айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын өз тоолоруна жана жайлоого чыгуусуна тоскоолдук тууларын айтып, анын алынуусуна караманча каршы болуп келишкен. Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бул жолку отурумунда негизинен чегара, жол жана суу-энергетика маселелери каралган.

Ортотокойдо балыктар өлүүдө
Ортотокойдо балыктар өлүп, калкып жээке чыгып жаткан учурлары болуп жатат. Аны айылдын балдары терип алып сатып, өздөрү да жеп жаткан жагдайлар болууда. Балыктар эмнеден өлүп жатканын тез арада тактоо керек . Балыктар суу сактагычтан эмес, суу кой берилгенден кийинки тарабында урунду болуп өлгөндөрү кездешүүдө.

Китепканада эмне айып?
Ош облустук китепканасы эки аптадан бери жарыгы жок калды. Токтогул атындагы Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаеванын маалымдашынча, мекемеде эки жумадан бери электр энергиясы жанбайт. Мунун айынан окурмандарды тейлөө үзгүлтүккө учуроодо. Ал эми ушул жерде ижарада олтурган эл аралык "Интерньюс" уюму, Ош маалымат ресурстук борбору тыш дүйнө менен байланышы жок калды. Ош калаасынын вице-мэри Мухидин Мамасадыковдун айтымында, облустук китепкананын шаарга аласа-бересеси жок. Болгону энергия түйүнү китепканага туташ менчик ишкананын электр жарыгына карызы көп экен, коңшу мекеме ошонун азабын тартып жатат.

Электрди ким көп керектеген?
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл электр кубаттуулугун керектөө 349,804 млн.кВт.саатты түзгөн. Былтыркы жылы бул көрсөткүч 346,949 млн.кВт.саат болгон. Бөлүштүрүү компанияларына керектөөнүн лимитинен ашыкча Бишкекте 22,345 млн.кВт.саат, Ысык-Көл облусунда 2,926 млн.кВт.саат, Нарын облусунда 3,558 млн.кВт.саат, Ош облусунда 0,260 млн.кВт.саат, Ош шаарында 0,173 млн.кВт.саат, Жалал-Абат облусунда 2,082 млн.кВт.саат, Талас облусунда 0,212 млн.кВт.саат керектелген. Ал эми Чүй, Баткен облустарында электр кубаттуулугун керектөө азайган 24-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,2 млрд.куб.м. жеткен. Былтыр бул көрсөткүч 13,46 млрд.куб.м. болгон.

Токой чарбасында абал оорбу?
Аба-ырайынын кургак болушунан токойлордо 10 ирет өрт болгон. Чоң-Кемин өрөөнүндө 5 га. токой аянты өрттөнүп кеткен. Ал ошондой эле токой чарбасы өлкө аймагындагы токой, бак-дарактарды тактап, каттоо жүргүзүп жатат. Дарактарды мыйзамсыз кыйган 9 адамга кылмыш иши козголуп, анын сегизи шарттуу, бирөө жазага тартылган. Ал эми токой чарбасында тартип бузган 34 кызматкер жоопкерчиликке тартылса, 30 кызматкер жумуштан бошотулган.

Ысыккөлдө 19 эс алуу жайы иштебей калды
Буга чейин Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар, эс алуу жайлары өкмөт тарабынан текшерилип, алардын ичинен 81и иштеп жатат. Талапка жооп бербейт делип жабылган 28 пансионаттын 19 суу канализацияларынын, айлана чөйрөсүнүн тазалыгы, тейлөө кызматы боюнча коюлган талаптарды аткара албагандыгынан иштебей турат.




  Дүйнө дүбүрт

Обама Европаны кыдырууда
Б.Обама тышкы саясат боюнча Германиянын баш калаасында сөз сүйлөдү. Берлиндеги Тиргартен сейил багында чогулган 200 миң адамдын алдында сүйлөгөн сөзүндө Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер Обама дүйнө элин "бөлүп-жарган тосмолорду жоготууга" чакырды.
"Өзөктүк куралдын жайылышын токтотуу мезгили келди. Азыр өзөктүк куралсыз дүйнөдө жашоо үчүн иш баштоого убакыт жетти", деген сенатор Обама "террорчулукка, климаттын кескин ысышына жана экономикалык кризиске каршы дүйнө эли бирдиктүү күрөшүшү керек" деп билдирди. Ноябрда АКШда өтө турган президенттик шайлоонун алдында Барак Обама Европаны кыдырууда. Германиядан кийин Обама Франция жана Британияга жол тартмакчы.

Р.Каражичтин тарапкерлери изделүүдө
Сербиянын бийлиги босниялык сербдердин мурдагы лидери Р.Каражичке жалган документ жасоого жардамдашкан адамдарды издөөдө. 13 жыл бою качып жүргөн Каражич 21-июлда Белградда камакка алынган. 1990-жылдардын аягында Босниядагы согуш маалында геноцид деп бааланган эки окуянын артында турат деп айыпталган Каражич дээрлик 13 жыл бою Драган Дабич деген ысымды колдонуп, бейтапканалардын биринде психолог болуп иштеп келген. Серб бийликтери Радован Каражичти Гаагадагы Эл аралык аскер кылмыш сотуна кийинки аптада өткөрүп берээри күтүлүүдө.

Х.Карзай маң зат менен шугулданганбы?
АКШ өкмөтүнүн мурдагы өкүлү Ооганстандын президенти Х. Карзайды маң заттардын соодасына тиешеси бар деп айыптады. Мамлекеттик департаменттин маң заттар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн мурдагы өкүлү Томас Швайхтын бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" журналына жазган макаласында айтылат. Макалада Швайх талип жоочулары гана эмес, ооган бийлиги дагы маң заттарды саткандарды коргоп, ал үчүн пайда алып келээрин айтат. Ооган президенти Хамид Карзай Кабулдагы маалымат жыйынында Томас Швайхтын бардык айыптоолорун четке какты.

НАТО аскерлери Пакистанга кирбейт
НАТО аскерлери талип жоочулардын изине түшүү үчүн Пакистанга кирбейт. Бирок, Пакистандагы экстремисттер НАТОнун Ооганстандын чегарасындагы күчтөрүнө кол салса, чабуул коюуга укугу бар. Бул тууралуу НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер билдирди. Ооганстанга жасаган күтүүсүз сапары учурунда НАТОнун баш катчысы ооган президенти Хамид Карзай жана эл аралык коалициянын башчылыгы менен жолугушаары күтүлүүдө.

Сербиянын элчилери ордуларына барат
Сербиянын элчилери Евробиримдиктин өлкөлөрүнө кайтып бараарын Сербиянын тышкы иштер министри Вук Йеремич билдирди. Анын айтымында, бул кадам кайсы бир күнү Сербиянын Евробиримдикке кирүү аракеттерине жардам кылууга максатталган. Үстүбүздөгү жылы февралда Косово Сербиядан эгемендүүлүгүн жарыялаган. Ошондон көп өтпөй Сербиянын мурдагы өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгын тааныган Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүндөгү элчилерин чакыртып алган.

Астанадагы "Москва" жарылды
Астанада "Москва" аттуу бизнес борборун куруу учурунда жарылуу болду. Жарылуудан беш адам каза таап, дагы бир нечеси жаракат алды. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери жүрүп жаткан жерде газ баллону жарылган.

Иранда да гезитти жабышат
Иран өкмөтү белгилүү "Хамшари" гезитин жапты. Бийликчил ИРНА агенттиги "жалган маалыматтарды таратуу менен гезит өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир этти" деп кабарлады. "Хамшари" гезити президент Махмуд Ахмадинежадды жүргүзгөн экономикалык саясаты үчүн такай сындап келген эле.










??.??