Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кумир менен баарлашуу

"Ар бир адам бактылуу болгонго акылуу"
Бул ирет "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыздын төрүнө белгилүү ырчы, обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаевди чакырганбыз.
Немистик убакыт менен жүргөн ырчы белгиленген убакыттан эрте келип, күйөрмандарын күтүп отурду. Чакырылган коноктор менен 2 саат баарлашкандан соң жолугушууга келген ыр ышкыбоздоруна өзүнүн ырлары жазылган альбомун (диск) ыйгарды.

Элнура Аттокур кызы, 16 жашта:
- Кубаныч байке, мен сизди кыргыз элине төбөсү көрүнгөн улуу инсандын уулу жана ырчы катары абдан сыйлайм. Ылайым эле атаңыздын арбагы колдоп, музыка сүйүүчүлөрүн кубанычка бөлөп жүрө бериңиз. Сиз репертуарыңыздагы маанилүү, уккулуктуу ырларыңыз менен бат эле эл жүрөгүнөн түнөк таптыңыз. Азыр өзүңүз теңдүү көпчүлүк жаш ырчылар которуп ырдаганды модага айлантып алышты. Менимче, "Чайнап берген аш болбойт" го. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Рахмат, Элнура карындашым. Башында жакшы пикирлериңизди айтып кеттиңиз. Менин котормо ырларга болгон көз карашым түз эле. Анткени, бул бүгүнкү шоу-бизнеске керек нерсе. Чет элдин музыкалары азыркы жаштардын табитине ылайык болгон үчүн так ошол котормо ырларды жакшы кабыл алып жатышат. Бул да болсо замандын, жаштардын талабы. Бирок өзүңүз айткандай которулган ырлардын өмүрү кыска болот. Көп болсо 1-2 жыл хит болуп андан ары узакка жашай албайт. Илгери атам бир күндө эки ирет, 1 ай бою аншлаг менен концерт берген экен. Ал кезде азыркыдай фонограмма да жок болчу, жалаң аккордеондун коштоосундагы ырлары жаңырып, бир ай бою ыр сүйүүчүлөрү филармонияга агылып келген дешет. Азыр ошентип концерт коёлучу, ким келет экен. Бүгүнкү "мен-мен" деп популярдуу болуп жаткан 5-6 ырчы биригип концерт бергенде да көп болсо алты күн эл келип бериши мүмкүн. Андан аркы күндөрү өзүбүздүн туугандарга коюп калышыбыз ыктымал. Көрдүңүзбү, азыр ырдын да баркы кетип, элдин да табити өзгөрдү. Учурда маданиятты сыйлагандар аз.
- Эркектик сөзүңүздү айтыңызчы, бир концертте канча ырыңызды "жандуу" ырдайсыз?
- Бир концертте 15 ыр аткара турган болсом ошондон 4 ырды өз үнүм менен жандуу ырдайм. Жандуу ырдаш үчүн сапаттуу аппаратура, сапаттуу микрофон керек. А биздин кыргыз ырчылар мындай нерселерден кур жалакпыз.
Гүлмира Мелис кызы, 18 жашта:
- Аккордеонду канча жашыңыздан үйрөндүңүз?
- Атамдын жумшак колдору тийген аккордеонду дайыма мектепке көтөрүп барып, ойной албасам да окшоштуруп заңылдата берчүмүн. Орозо мезгилинде балдар менен жарамазан айтканда көтөрүп жүрүп 8-классымдан тартып өз алдымча ойногонду өздөштүрүп алгам. Ошондон бери эле аккордеон менен ооруп келем. Негедир мага атам тарткан аккордеондун сыйкырдуу күчү бардай сезиле берет.
- Комуз менен дагы ырдап чыгайын дейсизби?
- Комуздун коштоосунда дастан айтып, төгүп ырдагым келет. Тилекке каршы сологой болгондугумдан комуз черткенди үйрөнө албай койдум. Бирок, дагы деле аракет кылып келем. Кудай буюрса, качандыр бир мезгилде комуздун коштоосундагы нукура кыргыз ырларын да угуп каласыздар.
- Сиз кимдин, кандай адамдын кулуну экениңизди элдин баары билет. Сурайын дегеним сизди жарык дүйнөгө алып келген апаңыз жөнүндө да айтып берсеңиз?
- Жакшы болот. Өзгөчө суроо экен. Апамдын аты - Айшагүл. Кесиби боюнча медицина кызматкери. Өзү атамдын кошуна айылынан эле болот. (Күлүп) Атам акылдуулук кылып жол кире кетпесин деп жакын жерден алса керек эле. Апам биз сыяктуу чыгармачыл адам болбогону менен өнөр адамдарынын оюн, жан дүйнөсүн жакшы түшүнөт. Баарыбыздын келечегибизге жол көрсөтүп, ата да, апа да болуп келаткан апамдын өмүрүн тилейм.
Мунира Орозова, 19 жашта:
- Кубаныч байке, эң алгач сахна босогосун аттаганда толкундандыңыз беле?
- Толкунданмак түгүл элдин сүрүнөн тердеп операцияга кирип чыккан врачтай суу болуп калгам. Анда 7-класста окуйт элем. 1995-жылы атамдын эскерүү кечеси болуп, ошондо байкем менен "Энекем" деген ырды аткарып биринчи жолу чоң сахнага чыккам. Байкем "ырдаардын алдында келген элге ыраазычылыгыңды билдирип, 1-2 ооз сөз сүйлөп кой" деди. Анан алып баруучу "азыркы чыга турган жигит Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев" дегенде эле сахнага чыгып өзүмдү жоготуп койдум. Заматта кулагым бүтүп, көзүм боз тартып эч нерсе көрүнбөй калды. Сүрдөгөнүмдөн эмне деп сүйлөөрүмдү билбей "Саламатсыздарбы урматтуу теле көрүүчүлөр" деп жиберсем болобу. Залдагы элдин баары күлүп жатып калышкан. Туугандарым азыркыга чейин ошону айтып күлүп калышат.
- Сизди "Күндөр ай" деген ырыңыздын клибиндеги кытай кызга үйлөнүп алыптыр деп уктук го?
- Мен да уктум. Ал тургай ошол кыз демөөрчүсү экен деп да уктум. Бирок, бул учугу бүтпөгөн узун ушак. Тактап айтканда клиптеги кытай кыз Үрүмчүдөн келген менин жакшы санаалаш досум болот. Быйыл БГУну бүтүп жатат. Жанна экөөбүздүн ортобузда сыйдан башка эч кандай сыр, сезим жок. Ал менен жөн гана саламым түз, чыгармачылыгымды колдогон досторумдун бири.
- Чыгармачыл адамдар сүйүп туруш керек дейт. Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?
- Туура. Сүйүүнүн арты менен көптөгөн ийгиликтерге жетишесиң. Сүйүү деген адамды алга сүйрөп, эргүү, дем-күч берет. Учурда менин да шыгыма-шык, демиме-дем кошкон жүрөгүмдүн ханышасы бар. Кудай насип кылса убагы келгенде баш кошобуз.
Канжар Давлетов, 17 жашта:
- Кубаныч байке, армияга барып жигиттик милдетиңизди аткардыңызбы?
- Мектепти бүткөнүмдө байкем "Армияга барып, ал жактагы жашоону да көрүп кел" десе анын тилин укпай жогорку окуу жайына тапшырып кеткем. Азыр "ошондо армияга эле барып келсем болмок экен" -деп өкүнүп калам. Негизи армия жигит үчүн чоң мектеп. Аскердик жашоо мага буюрган эмес экен Ата-Мекенге болгон жигиттик милдетимди аткара албай калдым.
- Гастроль учурундагы кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Гастрол убагында көп эле кызыктуу учурлар болот. "Артисттин бир көргөнүн ит дагы, хан дагы көрбөйт" дегендей кээде сый-урматтын үстүндө жүрсөң, айрым учурларда таш-тополоңдо каласың. Чынында гастролго да чыдаган адам чыкпаса кыйын эле болот. Эсимде, жакында эле кайсы бир айылга барып, көчөдө топтолуп турган жаштардан "Завклубуңар барбы?" деп сурасак бирөөсү "завклуб деген киши бул жакта жашабайт" деп жооп берди эле аргасыз күлгөнбүз. Мындан да кызыктуу окуяларга туш болобуз. Тилекке каршы азыр эстей албай жатам.
Элнура:
- Чубак Сатаевдин 2 аялы болгон дешет. Экинчи апаңыздар менен да катташасыздарбы?
- Атам мени кээде айылдан шаарга алып келип, экинчи апам менен жашаган үйүнө ала келчү. Негизи эки жакта тең жүрө берчүмүн. Азыр болсо кезигип калсак учурашып коёбуз.
- Ал апаңыздан да бир туугандарыңыз барбы?
- Жок. Атам экөө балалуу болушкан эмес.
- Атаңыз каза болгон күнү кайсы үйбүлөсү менен эле?
- Ошол кезде биз менен Таласта болчу. Концерт берип бир ай жүрдү. Ал убакта эстрада жаңыдан жанданып фонограмма деген жок болчу. Ырдаганда мойнунун тамырлары үзүлүп кетчүдөй, жандуу үн менен жан дилин берип ырдачу. Ошол 1992-1993-жылдары Союз кулап, эл акчадан кыйналып турган кезге туш келип, концертине эл аз келип баштаптыр. Ошого да көңүлү чөккөнбү айтор, бир күнү "башым ооруп жатат" деп эле жыгылып үч күн ооруканада жатып, каза тапты. Атам 3 жолу катуу жол кырсыгына кабылып, башынан 3 жолу катуу жаракат алыптыр. Ошонусу күчөп кеткенин байкабай эл, концерт, той деп өзүнүн оорусун сезбей элдин деми менен жүрө берип, аягы өлүмгө алып келди. Бир өкүнүчүм, арманым атакемдин бул дүйнөдө жоктугу. Аны ойлосом өзүмдү жалгыз сезип кетем.
Гүлмира:
- Эгер сизди сүйгөн кызыңызга жакын досуңуз ашык болуп калса талашат белеңиз же ага берет белеңиз?
- Эгер экөөнүн мамилеси келишип, табышып алган болсо аларды бактылуу кылып, өз бактымды башка жактан издемекмин. Анткени ар бир адам бактылуу болгонго акылуу.
Уюштурган Ж.Бороева,
сүрөтчүсү А.Адишов










??.??