Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шыр маек

Өмүрбек Текебаев:
"Азыр бизди аялым багып жатат"
"Ата-Мекен" Социалисттик партиясынын лидери, коомдук ишмер, "Убада бердиңби - аткарыш керек!" деген ураандын автору, кыргыз саясатында эң профессионал парламентарий катары белгилүү болгон экс-спикер Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы жүрүштөрүн ар бир кыргыз баласы билет болуш керек. Бүгүн биз Өмүрбек Чиркешовичке саясатсыз суроолор менен кайрылып эркин жооп алган элек.

- Өмүрбек Чиркешович, жумуштан кеткениңизге жарым жылдан ашты, үйдө кожоюнсуз, кантип жеңемди, үйбүлөңүздү багып жатасыз, финансы булагы кайдан агат? Базар жүрөктү түшүрүп кымбаттаган сайын мен корко баштадым сизчи?
- Базардагы азык-түлүктүн кымбатташынан сиз эле эмес бүт кыргыз эли корко турган болду го. Бул бай өлкөлөргө эмес, кедей, камы жок өлкөлөргө чоң таасирин тийгизип, жакыр жашаган катмарларга катуу сокку болот. Улам-улам баанын жогорулаганы менен жакырчылыктан арыла албай жаткан колу жука адамдардын саны миңдеп көтөрүлөт. Бул албетте өкүнүчтүү көрүнүш. Кыргызстанга чет өлкөдөгү жердештерибиз 2 миллиардга жакын доллар жөнөтүшөт. Өкүнүчтүүсү, ошол акча кыргыз экономикасына жук болбостон кайра эле сыртка кетип калып жатат. Буга жөпжөнөкөй мисал буудайды сатып алабыз деп жатабыз, ошол долларлар биздин дыйкандардын чөнтөгүнө калбастан сыртка кетет. Биринчи жарым жылдыкта импортубуз экспортко караганда 3 эсе көп болгон. Бул SOS катастрофа деп кыйкыргандай эле абалда. Менин сүйлөгөндөрүмдөн жыйынтык чыкпайт. Жылдыз, өкмөттү жамандаганда деле эл өзү күбө. Күндө базарга баргандар күн эмес, саат сайын өскөн баалар менен соода жасоодо. Ал эми кичи мамлекетим үйбүлөмө токтолсом, мен азыр партиядан айлык албай иштейм. Бул коомдук иш. Үйбүлөнүн турмушун болсо аялым жүргүзөт. Ал жеке ишкер катары катталып, 2 чакан иши бар. Налогду өз убагында мыйзамда көрсөтүлгөндөй өлчөмдө төлөп турат. Кыскасы,өтө чоң эмес бир үйбүлөгө, анан менин чөнтөк пулума жете тургандай аялымдын чакан иши биздин үйбүлөнүн арабасын тартып жатат.
- Эр ортону 50 гө чыгып калдыңыз. Саясий карьерам бүттү дейсизби же эми башталабы?
- Биз дагы 20-25 жашыбызда 50гө чыккан адамдарды таптакыр карып, жетээр жерине жетип, чоң ата болуп неберелеринин ийгилигине кубанып, өмүр каалап олтурган аксакалдай карайт элек. Азыр эми 50 гө жакындап жатам, физикалык аракеттерди жасаганда гана жашың өткөнү байкалбаса, өзүмдү мурдагыдай эле жаш сезем. Пландар болсо эбегейсиз. Бирок, баары бир жашың өткөнүн айлана-чөйрөң эске салып турат экен.
- Кыргызда жөн жерден азан чакырылбайт, сиздин атыңыздай көптөгөн жер-суунун аттары бар. Дегеним, Өмүрбек деген атыңыз сизге кандай таасир берет?
- Мен 1958-жылы төрөлгөм. Ал кезде ымыркайлардын өлүмү азыркыга салыштырмалуу көп болгон. Биздин үйбүлөдө эле менден мурун эки бала токтобой өтүп кеткен экен. Кыргызда өзүңүз билгендей аруу тилек менен ат берип келишкен. Менин атымды кыргыздын салт-санаасын жакшы билген Маруся деген орус улутундагы медсестра "өмүрлүү болсун" деп Өмүрбек коюптур. Мен да кыргыздын ошол салтын улап балдарыма Амантур, Эсентур деп ат койгом. Кызымдын ысымы Айданек. Атам Чиркеш дагы эркектерден жалгыз, өзүнөн кийин да ала келсин, артынан уул ээрчитсин деген үмүт менен Чиркеш деп койсо керек. Ал эми бир учурда "Текебаев деген фамилиядан уялбайсыңбы?" деген сөздөр болгон. Жада калса 2000-жылы президенттикке талапкерлигимди койсом, "Аалам" деген гезит "Мунун фамилиясы Текебаев болсо, анан кокусунан шайланып калса, президентибиз Текебаев десек дүйнөгө уят болбойбузбу" деп жазып чыгышкан.
- Кеч үйлөндүңүз, баарын таразаласаңыз керек, аялзаты сиз үчүн ким? Бүгүнкү күндө "Ата-Мекен" партиясы аялдар канатын түздү деген маалымат тарады, муну менен сиз дагы аялдарды саясатта курал кыласызбы?
- Мен 36 жашымда үйлөндүм. Ошол заманда абдан кеч деп эсептелчү. Азыр элдин менталитети бир аз өзгөрдү. Кеч үйлөнгөнүм менен үйбүлөлүк союзубуз бекем деп эсептейм. Балким мурун үйлөнсөм башка аял, башка бала дегендей тагдырым да башкачараак болмок. Кыскасы, баарын байланыштырган бүгүнкү тагдырыма ыраазымын. Ал үчүн өкүнбөйм. Сурооңузга жооп кылсам аялзаты мен үчүн биринчи кезекте - эне. "Бейиш- эненин таманында"-деп бекеринен айтылбайт. Ооба, "Ата-Мекен" партиясы сиз айткандай аялдар канатын түзгөн. Партиянын мүмкүнкүнчүлүгүнөн пайдаланып аялдар коомго, менталитетке, мамлекетке, саясатка өзгөртүү киргизе алат. Көпчүлүк учурда аялдардын коомдогу ролу эски түшүнүктөрдөн улам тепселенип жатат. Биздин партия аялдардын укугун сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө корголушуна шарт түзүп берүүдө. Ушундай маселелердин негизинде бизде атайын "аялдар канаты" түзүлгөн.
- Жаш кезиңизден саясатка аралашып, бир күн тыным алган жок элеңиз, бүгүн мемуар жазып жаткан болбоңуз, бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Биринчиден бош убактым жок. Айлыгы болбосо да абдан маанилүү, коомдук пайдалуу жумуштамын. Ал эми мемуар жазганга азыр эрте. Эгерде реалдуу бир нерсе жасасак мына ошол мемуардын негизи болот деп ойлойм.
- Өмүрбек Чиркешович, "Турсунбек Акун баскан жол" аттуу Ч.Субакожоеванын китебинде сүрөтүңүз менен жүрөсүз. Анда бийлик адамы Акыйкатчыга жакшы пикир айтыптырсыз да өзүңүз оппозициямын дейсиз, эки жээкке кайык менен сүзүп жүрө бересизби? Сизге дагы Субаналиев, Кулов, Эшимканов сыяктуу "бир жерди чоё тур" деп бийлик тарап сунуш кылса "чоё" бересизби?
- (Күлүп) Турсунбек Акун менен 1990-жылдардан бери таанышмын. Экөөбүздүн жеке мамилебиз бар. Турсун жөнүндө ой-пикиримди ошол китепте айткам. Мунун эч кандай саясий позицияга тиешеси жок. Бүгүнкү бийликтин өкүлдөрү менен жеке мамиле бар, адамгерчилик, өз ара мамилелер саясаттан алыс сакталып кала берет. Ал эми сурооңуздун экинчи бөлүгүнө жооп бере турган болсом мен президент Бакиевдин командасында мамлекеттик кызматта иштебейм. Бул мен үчүн принципиалдуу маселе.
- "Эр Кошой" китебин окуп жатып мен таң калган нерсе 90догу абышканын "белимде бир балам бар, алып калгыла" дегени болду. Мен да Айгүл жеңени кош бойлуу деп уктум, уулбу күткөнүңүз же кызбы?
- Ооба,жакында үйбүлөдө дагы бир наристе болот. Кыз же уул экенин ошондо билебиз.
- Өмүрбек Текебаев ким десе эмне деп жооп берээр элеңиз?
- Мен үчүн Өмүрбек Текебаев жөн гана мугалим деп жооп берээр элем.
- Ыр, бий, музыка жаатына кандайсыз?
- Чынын айтсам ыр, бийге жокмун. Бирок, кол чаап коштогонду билем. Тилекке каршы кудай мени ушул таланттардан кур коюптур. Саясаттагы эле ырдап, бийлегенимди болот десе керек…
- Маегиңизге чоң рахмат.

Маектешкен Жылдыз Бороева










??.??