Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адабият айдыңы

Зайырбек Ажыматов,
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
"Кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын
"Алтын дипломунун" жана "Алыкулдун ак боз ат"
кароо-сынагынын лауреаты:

Балкый түштү эрини эринимде
- Зайыр байке, акындар чөйрөсүнө канчанчы жылдары аралаштыңыз?
- Мен белгилүү акындардын чөйрөсүнө 1993-жылы Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшыргандан кийин аралаша баштадым.
Башкача айтканда, О.Султанов, С.Жусуев, А.Акималиев, Б.Бугубаев ж.б акындар менен адабий кечелерде жолугуп, алардан таасирленип жүрдүм. Ал эми бала кезимден кумир туткан акыным Алыкул Осмонов болгон. Шаарга келгенде атайын Ала-Арча көрүстөнүнө барып, Алыкулдун мүрзөсүнө куран окудум. К.Жусуповдун "Ыр сабындагы өмүр" деген китебинде Алыкулдун үйүнүн дареги жазылыптыр. Кийин ошол дарек боюнча акындын үйүн таап бардым. Үйүн көргөндөн кийин залкар акындын улуу чыгармачылыгы кичинекей үйдө өткөнүнө, кандай гана укмуш чыгармалардын ушул үйдө жаралганына таң калдым.
- Акын-жазуучуларга кандай сапат туура келет деп ойлойсуз?
- Кыргыздын нарк-насилинде акын-жол көрсөткүч, даанышман катары бааланып келген. Менин оюмча акын-жазуучулар элди бириктирип, патриоттук сезимди, аруулукту, акыйкаттыкты тартуулаган топ катары карайт элем.
- Акындын жашоосунда сүйүү болуп туруш керек деп айтып калышат го. Сиздин ырларыңыздын күчтүүлүгү да ушундан уламдыр?
- Туура. Мен жалпы кыргызстанымды сүйөм. Сүйүү жашап келет. Мындай сөз бар го "Мейли мени сүйбөсүн, мен аларды сүйгөнүмө бактылуумун" дегендей менде да кээде ушундай ойлор жашайт. Аялзатына болгон сүйүүнү алсам, сүйүүнү мен адамды тарбиялоочу чоң институт катары көрөт элем. Себеби, сүйүү бар жерде адам бир гана жакшы болууга умтулуп, өзүнөн-өзү тарбияланат.
- "Казак келин" деген ырыңызды жазып жатып, кыргыз кыздарын таарынтып алам деп ойлодуңузбу?
- (күлүп) Эми сүйүү улутка, жашка, чек арага карабаган улуу сезим экен. Бул ыр менен мындай идеяны берейин дегем. Эмне үчүн кыргыздын жигиттери башка элдин кыздарын сүйбөш керек. Аларды каратып, сүйдүрүп алууга биздин кудурет толук жетет. А эмнеге кыздарыбыз гана бөтөн улуттарга турмушка чыгып кетишет. Бир жагынан алганда бул ыр патриоттук сезимди да билдирет.
- Ырларыңызды жубайыңыз кандай кабыл алат. Кызганыч болобу же тескерисинче колдоп турабы?
- Негизи мен бул жагынан өзүмдү бактылуумун десем болот. Үйдө аялым эч качан цензура жаратпайт. Тескерисинче, "сен эмнеге сүйүү тууралуу ырларды аз жазасың?" деп ырларыма түшүнүү менен мамиле кылат. Мен болсо "бирөөнү катуу сүйөйүн анан жазам" деп тамашалап калам.
- Үйбүлөдө аял кишинин лидерлик кылуусуна кандай карайсыз?
- Бул илгертеден кыргыздын канында болуп келген. Эгерде үйбүлөнүн кийинки жашоосуна акылы жетип, улап кете турган болсо, эмнеге каршы болуш керек. Эпостордо дагы кездешет, "Манас менен Каныкей", "Алымбек менен Курманжан", "Семетей менен Айчүрөк" бири-бирин эч убакта басынткан эмес. Мен ойлойм, эгерде аялым менден акылдуу, камкор чыгып, үйбүлөнүн келечегине көзү жетип балдарды жакшы тарбияласа, анда мен ага эмнеге бут тосот элем.
- Поэзия сиз үчүн эмне?
- Мен поэзиясыз жан дүйнөмдү элестете албайм. Ыр түгөнсө, өмүр түгөнөт. Поэзияны улуу океан катары элестетээр элем. Ошол океанды көздөй жөнөгөндөр көп. Ага кеткен жолдо эрме чөл, чытырман токойлор кездешет. Ал эми ага жете алгандар чабак уруп калышат. Калгандары жолдо бараткан адамдар. Мен дагы ошол адамдар сыяктуу сапар тарткандардын биримин. Поэзия мухитине жетүү үчүн изденүүнүн артында иштеп келатам.
- Азыркы учурда журналисттик кесибиңиз менен алектенип келесиз. Ыр жазууга убактыңыз болуп жатабы?
- Чынын айтсам убактымдын көбүн, энергиямды башка иштерге, журналистикага жумшап, ыр жазуума убакыт жетпей жатат. Үйбүлөнү багыш керек дегендей. Эгерде менин үйбүлөм бардык шартта каржыланып турган болсо, бардык күчүмдү поэзияга, прозага жана романдарга салмакмын. Тилекке каршы ушул тапта убакыттан утулуп жатканыма өкүнөм. Себеби, жүрөгүмдүн оорусуна байланыштуу ооруканада дарыланып жатам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы дарыгерлерге ыраазычылык билдирүү менен өз милдеттерин мыкты аткарышса деп суранып кетээр элем.
Маектешкен
Айнура Султанова.
Казак келин
Жүргөн жерим дайыма азап менин,
Андай азап жарпымды жазат менин.
Жүрөк ооруйт. Жатканым оорукана,
Жүрөгүмө чок салды казак келин.


Келбей жатты кечигип жарым дагы,
Келбей турду күйөөсү анын дагы.
Чогуу күтүп аларды терезеде,
Чоктой ысык бир сезим тамырлады.

Жанды сүйүү сөгүлүп таң сыңары,
Жаркыроодо махабат шам чырагы.
Кудайды да жолунан чыгарчудай,
Куудай аппак айымдын ай чырайы.


Даба болгон жүрөктүн жаратына,
Далай сөзү дем кошот канатыма.
Макул дебей кантем-дейт-сүйөм десе,
Манасы бар кыргыздын баласына.

Таттуу сезим көңүлдө ырбап улам,
Таттуу тилин ансайын жыргап угам.
Окуп берем мен ага Шахановдун,
Оттой ысык махабат ырларынан.

Тили ширин эрким бүт жеңилүүдө,
Тиктей калсам ал деле демигүүдө.
Башым туман эрким жок кайрылууга,
Балкый түштү эрини эринимде.

Ынак болуп палата жанымдагы,
Ысык күндөр күн сайын жалындады.
Дарыгерим кубанат жылыш бар деп,
Даана чыгат күлкүсү анын дагы.

Жүрөгүмө бул күндө жылдыз жанды,
Жүр мени эстеп, бир чекке сыйгыз жанды.
Сен аркылуу урматтайм бүт казакты,
Мен аркылуу сүй, а сен Кыргызстанды.




(Башталышы өткөн сандарда)
Антип күнөөгө батпайт жылан тукуму. Кош бол, асылым. Мээримиңе жылыдым, өзүңө да мээримим өттү. Кош бол, махабатым. Арманым, күйүтүм… -жылан боз үйдөн шарт сойлоп чыгып баратканда буркурап ыйлаган Бөрүбай артына кыйкырып калат:
- Эгер сени издесем кайдан табам.?
Жылан жүрүшүн токтотпой жооп берет:
- Бир болсом Турна - Көлдөмүн. Андан таппасаң Жашыл-Көлдөн изде. Анын эмнеси кызык сага. Издебе, мени, ардагым!
Ошо боюнча жылан жүрүп кеткен экен, балдарым.
Эсентур, ыйлаган сенби? "Жыланды аяп жатам". Аның дурус экен. Айтпадымбы, боорукердик адамдагы жакшы мүнөз. Иши кылып аман эле жүр. Акыры менин жомогумдун маанисин да түшүнөсүңөр. Жомок демекчи, ал бүтүп деле калды. Эми силерге жомоктун аяк ченин айтып берейин. Ошентип, Бөрүбай жылан менен кош айтышып, ымыркайы менен жалгыз калат. Анын ортосунда бир жылга жакын мезгил өтөт. Жигит канчалык куса болсо да жылан катынды издемек беле. Ал күндүр-түндүр кызыл эт баласын багуу менен алек. Жанынан карыш жыла албайт. Баласы ыйлаган сайын таңдайына энесинин карегин сала коёт. Наристе аны бир аз сорсо эле курсагы тоюп, көшүлүп уктап калчу экен. Айткандай атасы ар дайым баланын таңдайындагы каректи алып чөйчөккө салат да, үстүн жаап койчу дейт. Ошентип кыш өтүп, жаз чыгат. Өзү болсо Аңыр-Көлдүн боюнан кетпейт, эл-журтка да кошулбаптыр. Аңгыча жай чилдеси да кирип келет. Бир күнү баласы ыйлаганда, Бөрүбай каректи анын таңдайына салып коюп унутуп калат.
Балээнин баары мына ушул жерден башталат. Наристе каректи соруп жатып, жутуп ийиптир. Бир жылдан бери карек өзү деле кичирейип отуруп, баланын тамагынан өткүдөй болуп калса керек. Атасы эстей коюп баланын оозун караса карек жок. Бөрүбайдын айласы кетет. Эми эмне кылмакчы? Кечке жуук бала катуу ыйлайт. Анын курсагы ачканын билген атасы, эптеп тамак беримиш болсо бала оозуна наар албайт. Сүт берсе ичпейт. Каймак берсе жебейт. Бала какылдап ыйлоонун үстүндө. Ошентип, айласы түгөнгөн Бөрүбай боз үйдүн эмеректерин атына жүктөп, жалгыз уюн жетелеген бойдон жылан аялын издеп жөнөйт. Көкүрөгүндө көтөргөн бала. Жашыл-Көлгө барса, анда жок дейт аялы. Ак-Көлгө барып, мындан таппайт. Бала ыйлап отуруп алы кетет. Курсагындагы энесинин кареги болбосо, ал ачкадан өлүп калмак. Бирок, ал карек дагы бир аз күндө эрип түгөнөт да. Ошетип эч жерден жылан аялын таппаган Бөрүбай колундагы чоорун колуна алып, арман-зарын айтып ыйлай баштаган дейт. Чоордун үнү, чоордун муңу шамал аркылуу жеткен го. Бир күнү бала көтөрүп, азып-тозгон Бөрүбайдын алдынан баягы жылан эне каршы чыгыптыр.
- Эмне болду? Чоордун муңун укканда жүрөгүм түшүп калды. Деги бала аманбы? -деген экен.
- Балаң аман! - дейт да күнөөлүү Бөрүбай болгон окуяны аялына айтып берет.
- Айтпадым беле, бала каректи жутуп албасын деп. Болбостур эми. Жүрө бергин менин артыман. - Жылан сойлоп жөнөйт. Бала көтөргөн Бөрүбай анын артынан калбайт. Бир кезде алар жылан эне жашаган Турна-Көлдүн жээгине келишет.
Алар көл четине жеткенде жылан эне күйөөсүн, алсыраган баласын тиктей берип:
- Тос алаканыңды, - дейт. Бөрүбай колун тоскондо жыландын экинчи кареги, эринин алаканына топ этип кулап түшөт. Жалгыз көздүн чанагынан шүүшүн кан тып-тып этип кара жерге таамп жатты дейт.
Айласыз Бөрүбай солкулдап ыйлоонун үстүндө. Эси оогон жылан сулк жатып калат. Бечара жигит баланы чалкасынан сала коюп, каректи бергенде ал соруп кирет. Бир аздан кийин курсагы тойгон наристенин бетине кан жүгүрүп күлкүсү чыгат. Атасы каректи анын оозунан ала коет. Баланын үнү чыкканда жылан эне башын көтөрүп, эрине өтүнгөн тура.
- Ардагым, эми мен капкараңгы түндүн ичинде калдым. Мага мындан ары жашоонун кандайча кереги бар? Андан көрө башымды таш менен жанчып өлтүр да, көөмп кой. Бир айнегим барда эптеп жан бакчу элем. Эми кантем…
- Колум барбайт. Андан көрө өлгөнүм жакшы.
- Акылсызым, сен өлгөндө бала кантет. Ал курубайбы, өлбөйбү ал.
- Ардагым, колум барбайт. Кантип башыңды жанчам?
- Сенин колуң барбаса, мен дагы өз жанымды кыя албайм. Жыландар үчүн өз жанын өзү кыюу чоң күнөө.
- Антпе, чогуу жашайбыз, мен сени багам. Кор кылбайм.
Бөрүбайдын сөзүнө жылан макул болбойт:
- Макул, чогуу жашайлык. Анан балага эс киргенде канттиң? Энеси жылан экенин билсе жүрөгү түшпөйбү?
- Азырынча чогуу жашап көрөлүчү…
Жылан башын көтөрүп, ойлоно калат да, кайра өзү акыл салат:
- Андай болсо мен көлдүн ичинде жашайм. Көл жылуу. Ал кышында тоңбойт. Мурда тамак таап жечү элем. Эми эптеп оозумду ачсам тишиме бирдеме илинер. Тамыр, балыр болсо да жарай берет. Андан көрө силер үйүңөрдү көлдөн окчун жерге тиккиле. Мен таң атканын, күн батканын көрбөйм да. Күн бүркөлүп түн түшкөнү да капарыма кирбейт.
Бөрүбай күнөөлүүдөй унчугат.
- Ошо жагы жаман болду…
Жылан сүйлөйт:
- Жаз, жай, кыш менен да ишим болбойт. Ошондуктан сен кез-кез бала уктап жатканда жаныма келип, чоор тартып, жарык дүйнө жөнүндө кабар салып тур. Бирок, мен жөнүндө бала такыр билбесин. Эгер ушул убадага турбасаң эле сени өлөр өлгөнчө жек көрүп жүрүп өтөм.
Ошентип, байкуш жылан көлгө сойлоп кирип кеткен дейт.
***
Айткандай Бөрүбай Турна-Көлдөн окчунураак жерге боз үйүн тигип, эптеп оокатын кыла баштаган экен.
Эртең менен баласы уктап жатканда Бөрүбай көлдү көздөй чаап келет да, чоор аркылуу күндүн чыгып келатканын кабарлайт. Ошондо жылан көлдөн сойлоп чыгып, башын созгон бойдон теребелге көз салат. Чоор табиятын ажайган маанайын бүт бойдон күүгө салат. Көгүш жалбырактар, апакай булут, асманда каалгыган бүркүт, кумайда жайылган кийиктер, качкан түлкү, токойду жойлогон кабыланга чейин кабар берет. Көшүлгөн күн нуру, көйкөлгөн шиберлүү гүлдөр, көз кумары канбаган сулуулуктун баарын күүгө салат чоор.
- Баарын көрүп турам, -дейт ыраазы болгон жылан.
Анан жылан эне чоор үнүнөн баласынын кыял-жоругун, күлкүсүн угат.
- Өнөрү чыгып, адам болуп калыптыр. Ыраазымын сага. Ыраазымын жашоого дейт…
Жылан эненин кубанганына сүйүнгөн Бөрүбай ойной берет. Ал ойноодон тажабайт. Анын сыйкырдуу күүсүн бүт табият тыңшайт. Жан-жаныбар бүт угат.
- Ыраазымын сага, болду эми. Бала ойгонду, баргын, -дейт жылан эне.
- Шашпа, ардагым! Бала качан ойгоноорун билем мен. Сага тамак ала келгем, андан көрө ичип ал - деп ынак сүттү аны алдына коёт. Сүттү ичип, ыраазы болгон жылан эне Бөрүбайды алкайт.