Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Клип таржымалы

сөзү, обону : Токон Эшпаевдики
"Ай эжеке"
Ардактуу окурман! Бул рубрика менен сиз да бирге болуңуз. Сиз каалаган клиптин таржымалын билгиңиз келсе, редакциябызга телефон чалып, пикириңизди калтырсаңыз болот. Гезитибиздин бул санында өзү жаш болсо да, көңүл жубатаарлык ырларды аткарып, элдин сыймыгына айланган кичинекей ырчы Иса Өмүркуловдун аткаруусундагы Токон Эшпаевдин "Ай эжеке" ырынын клиби тууралуу сөз кылабыз.

Автобуста жаралган ыр
Элибиздин жүрөгүнө сиңип калган "Ай эжеке" ыры. белгилүү обончу, аткаруучу Т. Эшпаевдин калемине таандык. Башкача айтканда, Токон агай 1969-жылы Ош академиялык драма театрында иштеп жүргөн кезинде болгону 19 жашта эле. Ошол жылдары жай мезгилинин ысык аптабы июнь айынын башында артисттер жер кыдырып концерт коюшат. Ал убакта азыркыдай ар бир артисттин өзүнчө жеке машинасы же микроавтобустары болгон эмес. Жалпы артисттер бир автобус менен айылдарды кыдырышчу. Жолдо кетип баратып Ноокат районуна токтошот. Ал жерден артисттердин баары роза гүлүн теребиз деп жерге түшүп кетишип Токон жалгыз аккордеонду кармап отуруп калат. Кетээринде караса аял-эркек дебей баарынын колдорунда кучак розалар. Артын караса бир эженин колунда роза өзгөчө көп экен. Гүлдү жыттагысы келип эжесинен гүл сураса бербей коёт. Бир четинен эжеге таарынса, кайра ыңгайсызданып жатып эргүү менен автобустун ичинен ушул ырды жаратат. Айта кетсек азыркы учурда Т.Абдымомунов атындагы драма театрынын белгилүү актрисасы Жаркын Балыкбаевага арналган ыр экен. Алгач аккордеон менен ырдап жүргөн кезинде акындар тарабынан көптөгөн сын - пикирлер айтылган. Канткен күндө да ар бир ырдын өз угуучусу болот дегендей ушул күнгө чейин бизге жетип, эми жаңылануу варианты менен жаштардын жүрөгүнө бекип олтурат.

"Ай эжекенин" жаңы вариантына тартылган клип
Жаш ырчыларыбыз эскини эске салып, залкар обончу- аткаруучулардын ырларын жаңылап, кайра иштеп чыгышууда. Исанын апасы Лира эже "Ай эжекени" бала кезинен бери жакшы көрүп, угуп келген. Ыр уулунун курак жашына туура келгенин байкап, аранжировкасын Ильяз Абдыразаковго жаздырып, жаңылап чыгышкан. 2007-жылдын май айында Марлис байке клипке сценарий түзүп, тартууну баштаган. Башкы ролго Жаркынай деген сулуу кыз тандалып, ал эми гүл сурап тийишкен баланын ролун Иса өзү аткарган. Сценарийде көбүнчө автобустун ичи камтылып, клип тартууда көп деле кыйынчылыктар болгон эмес. Болгону эски автобусту табууда кыйналышып, издөөгө толук бир күн кеткен. Аракеттин акыбети кайтып, Жал кичирайонунан автобусту эптеп табышкан. Ошентип клип эки күндө тартылып, жалпы монтаждоо жасалгасы менен эки жумада элге сунушталган.

Клип тартылып бүткөнчө күлүп, ичибиз эзилди
Гезитибиздин өткөнкү сандарында айтылган кызыктуу учурлар сыяктуу Исанын бул клиби да мындай окуяларга бай экен. Автобустун ичинде тартылып жаткан клип Жал кичирайонунан баштап, ЦУМга чейинки аралыкта тартылган. Себеби автобус элди ташып жүргөн учуру болгон. Эң кызыгы Иса тизелеп олтуруп алып эжекесине тийишип, гүл сурап жаткан жеринде жүргүнчүлөр кирип - чыгып тоскоол болушкан. Алгач бул автобусту эки-үч саатка сурашса макул болбогондуктан каттоо учурунда тартууга мажбур болушкан. Автобустун ичиндеги элдер клипке тиешеси жок эле чыныгы жүргүнчүлөр болгондуктан таң калышып, ыңгайсыз олтургандарын байкасак болот. Кичинекей баланын тийишкенине жооп катары Жаркынайдын Исаны жаман көрүп чапкан жерлери бар. Ошол учурду аткара албай улам-улам дубль жасашкан. Анткени кыздын ушунчалык жоош, назик жан экенин режиссёр жашырган жок. Баарынан кызыгы автобустун артына жармашып ролик тээп келаткан Иса орто жерде автобустан калып калганы болгон. Ичиндеги жүргүнчүлөрү менен бараткан айдоочу кайра артка кайрылып Исаны алып келген. Ушул жерин тартууда да дубльдар кайталанган. Ал эми автобустун ичиндеги көрүнүштү чагылдырыш үчүн режиссёр люктан чыгып алып, үстүнөн тарткан. Ал кулап кетпесин деп коркушуп жай айдаганга туура келген. Кыскасы, бул клипти тартууда жөнөкөй жүргүнчүлөргө бир топ тоскоолдуктарды алып келсе да элдин көңүлүнө жага турган клипти жаратып чыгышкан. Акырында автобустун артында роликчен калып калган Исанын буту ооруп, аябай чарчаганын апасы Лира айтып берди.
Мына ушундай окуялардын кызыктуусун гезитибиздин кийинки сандарында да окуй аласыздар.

Даярдаган Айнура Султанова