Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ар собол

Алина Жетигенова, ырчы:
- Бакыт, сүйүү, байлыкты кандай түшүнөсүз?
- Буларды бөлүп кароого болбойт. Мен үчүн үчөөнүн мааниси бир орунда турат. Анткени, ар бирибиз бактылуу болушту каалап, сүйүү менен жашап, байлыкты издеп келебиз. Аларга жетүү өтө оор, ошондуктан көптөгөн тепкичтерди басып өтүш керек.

Нуриса Абазова, ырчы:
- Акыркы жолу кимден кандай белек алдыңыз?
- Чын ниетинен берилген белек баарыбызга эле жакса керек. Жакында мага бир тууган байкем "Фольксваген поло" үлгүсүндөгү машина белек кылды. Мен үчүн бул күтүлбөгөн сюрприз болду десем да болот. Жорголуу болуп жүрөгүмө сүйүнүчүм батпай турат.

Максат Бегалиев, ырчы:
- Кимдир бирөөнү катуу алдадың беле?
- Өткөн жылы 1-апрель күнү жакын досумду ишендире алдагам. Түшкү саат экилерде ага чалып, үйлөнүп жатканымды айтып, тоюма келбейсиңби деп таарындым. Ал болсо түшүнбөй менден кечирим сурап үйүмө бармай болду. Анын үйүнүн жанына келип алып акырын карап турдум. Бир маалда шашкан бойдон үйүнө кирип, костюм шым, галстук тагынып кычырап чыкты. Машинасына олтуруп менин үйүмдү көздөй жөнөдү. Мен да артынан айдадым. Ал шашканынан менин машинамды да байкабаптыр. Үйгө жеткенде экөөбүз жолуктук. 1-апрель экени эсинен чыгып калыптыр. "Эми тоюң болсо барбайм" деп чычалаган. Бирок, үйлөнүү тоюмда биринчилерден болуп келген.

Ынак Осмоналиев, ырчы:
- Жаштык кылып ата-энеңизге каяша айткан учуруңуз болгонбу?
- Каяша айтып, сөзүн укпай жүргөн учурларыбыз айрыкча кылаарга иш таппай, урунаарга тоо таппай көпкөн кезде көп болсо керек ар бир адамда. Атам бизди аябай катуу кармагандыктан балдар-кыздар менен болгон отуруштарда атам жокто апамды анчейин тоотпой, айтканын жасабай чыгып кетчүмүн. Ал күндөрдү эстесем, алтын балалыкка кайткым келет.

Назира Айтбекова, "Хит парад" телеберүүсүнүн экс-алып баруучусу:
- Бойдокчулукка качан чекит коёсуз?
- (Күлүп) Эч ким албай атса эмне кылайын. (тамаша эй). Кудай буюрса көңүлүмө төп келген көптөн күткөн жүрөгүмдүн ээсине жолуктум. Азыр экөөбүз бактылуу күндөрдү өткөрүп жүргөн чагыбыз. Кудай насип этип калса жакынкы арада деп жүргөнүбүз менен так, качан экенин билбейбиз. Ушул жылы күздө же кийинки жылда баш кошобуз. Сааты чыккан күнү бойдокчулукка чекит коюп, сүйүктүүм менен баш кошконго даярмын.

Жолдошбек Жанжигит, актёр, алып баруучу:
- Өзүңүздү жоготуп койгонго чейин мас болгонсузбу?
- Менимче аттуу-баштуу адамдардын баары ууртап койсо керек. Мен сүттөй акмын деген адам жокко эсе. Өзүңдүн кадыр-барктуу досторуңдун, жакындарыңдын жанында жана жакшы аурада кантип ичпей коёбуз. Өзүңдүн дозаңа чейин ичип, андан өтүп кетпесе жакшы эле болот го. А мен болсо өзүмдүн дозама чейин ичсем, өзүмдү билем, өтүп кеткенден кийин эч нерсе билбей калам. Минтип айтсам баары мени ичкич деп ойлоп калбасын. Андай эмес.

Бегимай Дастанова, ди-джей:
- "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт"-дегенди кандай түшүнөсүз?
- Туура айттың. Эгер бул макалдын маанисине токтолсок, көрө албас адамдар жаңы чыгып келаткандарды андан озуп баратканын көрө албай бут тосоору анык. Мындай учурга мен деле туш болдум. Түлкү - куулуктун символу эмеспи, анын сыңарындай куу адамдар кайдан-жайдан болбосун бир шылтоо таап, кыйын чыгып бараткан адамды буттан ылдый тартып тураары закон ченемдүү көрүнүш. Ошол кыйынчылыктардан сынасың, түртүлөсүң ошондон кийин гана адам болосуң. Канткен күндө да баары бир убакыт ар бир адамды өз жайына коюп коёт деп ойлойм.

Даярдагандар Нурзат Жусупова, Айнура Султанова










??.??