Сенин гезитиң!
№26, 29.07.08-ж.

=




  Кызыктар дүйнөсүндө

Чоң көкүрөк үчүн кызматынан айдалган аял
Германиядагы кыймылсыз мүлк боюнча агент болуп иштеген 29 жаштагы Анина Ульрих кызматынан айдалган, буга себеп анын алтынчы размердеги көкүрөгү болгон, тактап айтсак Анина кичинекей кезинен бери эңсеп жүргөн оюн ишке ашырууну көздөп максатына жетет, көкүрөгүн операция жолу менен чоңойткондон кийин фотомодель болуп иштей баштаган, атайын Италияга барып фотосессиядан келгенден соң фирманын жетекчиси ал түшкөн сүрөттөрдү жактырыптыр да, бирок эмнегедир жумуш ордун бошотуп коюусун суранган. Анткени, Анинанын ченде жок көкүрөгү анын фирмасына залакасын тийгизет экен. Жетекчисине жинденип эшикти тарс жапкан Анина башка фирмадан жумуш издеп жөнөйт. Барган жеринде да ага чоң көкүрөктүү аялдардын кереги жок экенин айтып, узатып коюшкан. Көрсө, эби-сыны жок чоң эмчектер эркектердин көңүлүн өзүнө бургандан тышкары аларды ирээнжитет тура.

Кофенин сүйүүчүлөрү
Окумуштуулар ушул убакка чейин кофе ден соолукка зыян экенин мойнуна албай, тескерисинче кофе көптөгөн оорулардан коргойт деген пикирин билдирип келишет. Эгерде элге аттын кашкасындай таанымал инсандарыбыздын кофеге болгон каалоосун санап көрсөк алар төмөндөгүдөй:
Онорье де Бальзак бир күндө 20 чашка кофе ичсе, Франциянын улуу ойчулу Вольтер бир күндө 50 чашка кофе иччү экен. Ал эми Людвиг де Бетховен кофени дайыма 64 данектен гана кайнатып иччү экен. Франциянын королу Людовиг өмүр бою өзүнө-өзү кофе жасап иччү.
Япониянын эң бай адамдары атайын кофеге жуунушат. Алар анча чоң эмес бассейнге же ваннага 60 градуска чейин ысытылган кофеге 20 мүнөт түшүп чыгышса өзүлөрүн кадимкидей сергек сезишет. Ушундай эле көрүнүштү токиодо да "Кофе-саунадан" көрсө болот. Атайын арналган бассейинге 40 градуска чейин ысытылган 13 тонна кофе куюшат да алы жеткендер келип түшүшөт. Сыягы "Бирөөнө ичүүгө суу табылбаса, бирөөнө кечүүгө кечүү табылбаптыр" деген ушул окшойт.
Эң кызыктуусу кофенин дарагы канчалык таштуу, такыр жерде өссө түшүмү ошончолук мол болуп, канчалык борпоң жерде өссө даны ошончолук супсак болот экен.

Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат нерселер
Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат жашоо Токиодо, ал эми эң кымбат тамактанууну "GreefIinnt Capital" фирмасынын башчысы уюштурган, ал өзүнүн кумири жана миллиардер Уоррен Баффет менен 250 100 долларга тамактанган. Тамекинин эң кымбат маркасы "Treasurer" бул тамекини көрүнгөн эле жерден кездештирүүгө мүмкүн эмес. Аны атайын дүкөндөрдө сатып, бир кутучасы 24 еврону түзөт.
Ошондой эле эң кымбат бийик такалуу бут кийимди 642 рубин менен кооздоп, белгилүү зергер Стюарт Вацман жасаган анын баасы1,6 млн евро турат. Эң кымбат картошканын түрү Францияда өстүрүлүп анын бир килограммы 500 еврого сатылса, эң кымбат мейманкана Дубайдан орун алган, жөнөкөй эле бөлмөсүнө бир түнгө 770 евро, ал эми эң жасалгалуу бөлмөгө7700 евро төлөгөнгө туура келет.
Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат куурчак "Барби", анын көйнөгү жалаң бриллиант менен кооздолуп каалоочуларга -100 миң еврого сатылса, эң кымбат китеп Леонардо да Винчинин калеминен жаралган "Лестерский кодекс" китеби эсептелет. Аны Билл Гейтс 24 млн долларга сатып алган.




Мырзалардын көңүлүн кантип бурабыз?
Бул суроо бир топ бийкечтерди түйшөлтүп ойго салып келет. Эгерде сиз тымызын жактырып жүргөн жигитти тузагыңызга түшүрүүнү ойлоп жүрсөңүз анда төмөнкү атайын айымдарга мүнөздүү көрүнүштөргө көз жүгүртүп көрүңүз. Эң негизгиси аялдан эч качан амал качып кутулбасын эсиңизден чыгарбасаңыз максатыңыз ишке ашаарына шек жок.

Көз караш
Аялзаттын көз карашына көп нерсе көз каранды. Сыйкырдуу, жылуу, мээримдүү көз карашыңыз сиз жактырган мырзаны эч качан кайдыгер калтырбайт. Андан тышкары ойноктогон шок көздөр да эркектердин көпчүлүгүнүн делебесин козгоп, азгырат.

Боёк
Беттин көркү көз экени баарыбызга маалым. Ошентсе да ошол көздү туура боёгонду баарыбыз эле биле бербейбиз. Былжырата капкара боёлгон көздөр кээ бир эркектерди ичиркентиши мүмкүн. Ошондуктан көпчүлүк учурда жеңил макияждан өтөөрү жок. Урматтуу айымдар балким сиз оозуңузду боёгонду абдан жактырасыз, бирок кээ бир учурда майда "курмандыктарга" барышка эмне үчүн болбосун.

Күлкү
Адамды күлкү жашартаары талашсыз. Эркектер өзгөчө айымдардын күлкүсүнө, жайдары мүнөзүнө да маани беришет. Болоор-болбос нерсеге кабак-кашты бүркөп, үтүрөйө берсеңиз сүйүктүүңүздү өзүңүздөн алыстатып, ортодо дубал тургузуп алышыңыз мүмкүн. Ал эми ортодогу музду бир гана жылуу мамиле, жайдары күлкү ээритет. Дагы бир маанилүү көрүнүш эркектерге мостоюңку жүргөн айымдарга караганда жылмайып, жайдары жүргөн бийкечтер көбүрөөк жагаарын адистер далилдешкен.

Кийим
Сыртта жай мезгили болгондуктан сулуулар болушунча ачык кийинишет. Эркектерди мындай көрүнүш дүүлүктүрүп, делебесин козгойт. Ал эми салмагы ашыкча бийкечтер өтө ачык кийинишсе мырзалардын көзүнө кандай көрүнүшү мүмкүн? Ушул майда маселелерди таразалап көрүп, ортодон бир жыйынтык чыгарып алсаңыз болот.

Жыт
Жаныңыздан өткөн мырзага сиздин жытыңыз жакса, ал сөзсүз түрдө бир кылчайып артын карайт экен. Өтө кескин жыт өзгөчө ысык, жай мезгилинде орунсуз. Ал эми кулактын түбүнө, алкымга атыр сепсеңиз ал жерде кеткис болуп кара так калаарын эсиңизге салабыз. Ошондуктан атырдын өтө кескин эмес түрүн кийимдин ички жагына атайын чүпөрөк тигип туруп ошого себүү керек.

Анара ДүЙШөНАЛИЕВА