Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Юрмалада
Кыргызстандын
желеги желбиреди
Юрмала шаарында өткөн "Жаңы толкун" сынагына Кыргызстандын атынан Омар катышканы баарыбызга маалым эле. "Убакыт учкан куш" демекчи, жыйынтыкталчу мезгил да келип, биздин Омар Россиянын примадоннасы Алла Пугачеванын "Алтын жылдыз" деген наамына арзып, 50 миң АКШ доллар акчалай сыйлык менен өз мекенине кайтып келген. 1-август күнү Омардын кубанычын тең бөлүшүп, аны менен бирге Юрмалада өткөн сынак тууралуу өз оозунан угуп, маалымат алуу максатында "Миң кыял" радиосу тарабынан уюштурулган түз эфирде Омар жана анын продюсери Нурслан журналисттердин кызыккан суроолоруна кененирээк жооп узатып, маек куруп беришти.

- Нурслан байке, эң алгач ийгилигиңиздер менен "Обон" гезитинин жалпы жамааты куттуктайбыз. Айтсаңыз, "Жаңы Толкун" сынагынын жүрүшү, уюштуруу жагы кандай болду?
- Рахмат. Алгач айтып кетээрим бул жалгыз гана Омар экөөбүздүн ийгилигибиз эмес, бүткүл Кыргызстандын ийгилиги деп белгилээр элем. Президентибиз Курманбек Салиевичтен баштап карапайым элибизге чейин бизди колдоду. Юрмалада Кыргызстандын желеги желбиреп, кыргыздын аты таанылды.
Ал эми сынактын уюштуруучулугун, жүрүшүн айтсам, эң жогорку деңгээлде өттү. Ал жакта биз жолдогу учурубузду кошо эсептегенде 20 күндөй жүрдүк. Көптөгөн досторду таптык. Жер кыдырып Юрмала шаары менен тааныша алдык. Ал жерге жетип, бизге бөлмөлөрдү бөлүштүрүп жайгаштырганда эле узуну 1,5 туурасы 2 метрлик Кыргызстандын туусун дубалга илип салып, эртең менен чыгып баратканда желекти карап, аркабызда кыргыз элибиз бар деп жөнөп жаттык.
- Омар айтсаң, сынактын алгачкы күнү кайсы өлкөлөрдүн катышуучулары менен ымалалаштың? Сынакка чейин даярданып жаттыңарбы?
- Бул таанышуу процесси жеңил эле болду. Себеби, биз жол жүргөн учурда бири-бирибиз менен таанышып алганбыз. Сынак башталганга чейин көпчүлүк катышуучулар менен дос болуп калдык. Биз Юрмалага жеткен күнү эле даярдануу регламент боюнча башталды. 16дан түнкү 11-12ге чейин даярдандык. Даярдануу убагы абдан көп болуп, эртең мененки 10дон түнкү 1-2лерге чейин даярдануу жүрүп жатты. Эртең менен туруп тамак жесең жеп калдың, жебесең тамактан калдың.
Бирок, Юрмаланын таасири мага өтө чоң жетишкендикти алып келди. Себеби мен өзүмдүн чыгармачылыктагы кемчиликтеримди "минус-плюс" жактарымды, кайсыл жерден өсүш керек экенимди биле алдым. Мен үчүн эң бактылуу күндөр болду. Бардык катышуучулар күчтүү экенин сиздер да көрсөңүздөр керек. Алардан эң жашы мен экенмин.
- Ал жерге баргандан кийин сен бир аз сыркоолоп калыптырсың. Бул аба-ырайынын алмашуусунан болсо керек?
- Ошондой болду го. Барганда кичине климаттын алмашуусунан кыйналдым.
- Алып баруучу Лена сахнага атаандаштарды чакырып жатканда сага өзгөчө көңүл буруп, чоң ишеним менен чакырып жатты. Сен аларга эмнең менен жактым деп ойлойсуң?
- Туура. Мен алып баруучуларга абдан ыраазы болдум. Көп адамдар менен тааныштым, жаңылыктар менен кенен кабардар болуп турдум. Ушунун баарына Ленанын таасири чоң. Алла Борисовнага чейин келип, мени колдогон сөздөрүн айтып жардам берди. Алар менин ырларымды даярдануу мезгилинде угушкан жана адамгерчилигимди, тембримди өзгөчө баалашты.
- Сенин оюңча сынак калыс өттүбү жана сен андан эмнелерди ала алдың?
- Албетте, мен ойлойм сынак абдан калыс өттү. Адамдардын пейилине жараша берилди. Чынында профессионал адамдар өздөрүн ачып бералбай калган учурлар болду.
Менде профессионалдык билим жок, тажрыйба аз, көп нерсени көрбөгөндүгүм тоскоолдукка учуратты. Бирок, ошентсе да аракет кылдым. Ушул нерселердин барып өздөштүргөнгө идея-ой алып келдим. Бул сынакка катышканымдын өзү эле биринчи жеңишим. Кошумчалай кетсем наамга ээ болгон катышуучулардын арасында менин Алла Пугачевадан алган "Алтын жылдыз" номинацияма кызыгып, "мен ошону алсам болмок, деп суктангандар болду. Сынак негизинен ачык, калыстык менен өттү.
- Россиянын примадоннасына жагып жаткандан кийин башкасын айтпайлы. Эгерде сага бизде калып иште деген сунуштар түшсө калып калат белең?
- Туура. Жакшы суроо болду. Чынын айтсам продюсерлер тараптан көп сунуштар келип түштү. Европага чакыргандар да болду. Ар ким ар кандай айтат эмеспи. Бирөө тоону сүйлөп коюп, эч нерсе кылбайт дегендей. Менин оюмча андан деле эмес. Буга чейин продюсерим Нурслан байке менен сүйлөшкөм. Концертимди берип бүткөндөн кийин Москвадан түшкөн сунуштар менен иштешем. Ал жерден мен Кыргызстан үчүн эмгектенем. Буюрса А.Пугачева мага чоң мүмкүнчүлүк түзүп кетти. Түшкөн сунуштарга мен макулдугумду берип, "ооба" же тескерисинче "жок" деген да жокмун. Аны эми убакыт көрсөтөт.
- А.Пугачеванын колунан сыйлык алып жатып, эмнеге эфирден ыраазычылык билдирген жоксуң же толкундандыңбы?
- Бул менин чоң катам болду. Бир чети толкундандым десем болот. Бирок, мен мындай наамды алам деп күткөн эмесмин. Александр Ревзин баарыбызды ошол деңгээлге жеткирген адам болду. Эфирден кийин Алла Борисовнага өз ыраазычылыгымды билдирип, бетинен өөп, мага айткан жакшы тилектерин уктум.
- Ушул жеңиштен кийин кандай пландарды коюп жатасың? Эсте калган учурлар жөнүндө айтсаң?
- Кудай буюрса, сентябрь айында жеке концертимди берсемби деп турам. Анан октябрь айынан баштап ал жактагы сунуштар менен иштесем деген оюм бар. Ал жакта көптөгөн профессионал адамдар эмгектенгендиктен алардын арасынан суурулуп чыгыш көп эмгекти талап кылат. Бирок, ага карабастан аракеттенип көрөйүн деп жатам.
Ар бир күнүбүз өзгөчө өтүп жатты. Эсте калган учурлар көп болду. Баары бир ал жер Европа. Кооздугу, 1200 жылдардагы имараттар дегендей. Архитектура тарых жагынан мага чоң таасир калтырды. Сахнада абдан көп ойлонуп жүрдүм. Катышуучулардын негизги жалпы тили англис тили болду. Бири-бирибизди жакшы түшүнбөй кызыктуу учурларга туш болдук.
- Маегибиздин акырында сени колдогон демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип кетсең болот?
- Мени колдоп демөөрчүлүк кылган адамдар көп эле болду. Эң биринчи ата-энеме ыраазычылык билдирем. Алар мага акча таап бербесе барбай деле калмакмын. Экинчиден президентибиз 80000 сом акча бөлүп берди. Ошондой эле "Үй куруучулар" партиясы, аяш аталарым, массалык маалымат каражаттары, жалпы кыргыз элим колдоду. Жалпыңыздарга таазим этип, рахматымды айтам.

Маектешкен
Айнура Султанова




  Дарамет

Замира Акбагышева, Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти:
"Кыргыз кыз-келиндерине чет мамлекеттин адамдары суктанат…"
- Аялдар Конгресси тарабынан жакында жалпы эле аялзатына арналган китеп жарык көрдү. Бул коомчулукта жылуу пикирлерди жаратууда. Китептин негизги идеясы эмнеде?
- Сиз туура айтып жатасыз. Окурмандардын айтканына караганда бул эң керектүү, "сулуу" китеп.
Аталган китепке 312 кыргыздын эң кыйын, профессионалдык деңгээли бийик, прогресивдүү айымдарынын таржымалын баяндап бердик. Алардын ысымдарын атай кетсек, көп жылдар бою мамлекеттик чөйрөдө иштеген айымдар-Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Кайыкова Роза, Талас областынын губернаторунун орун басары Сапарбаева Бактыгүл, акимдердин орун басарлары Кебекбаева Сыягүл, Жаркынбаева Азият, Айдакеева Жаңыл. Ишкерлер- Рускулова Бурулсун, Жүзүмалиева Күлүпа. Кыргызстандан Америка ВВС НАТОдо болгон жалгыз айым- Айдаркүл Каана. Белгилүү врачтар- Мамутова Светлана, Үчкемпирова Сауле. Жогоруда айтып өткөндөй, Кыргызстанда көптөгөн ишмер айымдар болгондуктан баардыгын бир китепке батырыш кыйын. Ошондуктан экинчи томду чыгарып жатабыз. Негизги максатыбыз- кыргыз элине баш-оту менен киришип, кызмат кылып жаткан асылзаада айымдарыбызды калайык -калкка таанытуу десек болот.
- Жалпы эле аялзатынын ички сулуулугун кантип байкоого болот? Айымдарда эң башкы баалуулук, асылдык эмнеде деп билесиз?
- Эң туура суроо болду.Чет өлкөдөн келген инсандар кыргыз айымдарын: "Аябай сулуу" дешет. Мен буга толук кошулам. Биринчиден, тышкы келбети сулуу. Экинчиден, ички дүйнөсү, ыймандуулугу, адамдарга жасаган мамилеси өтө бийик деңгээлде турат. Аны менен катар кыргыз кыз-келиндери турмушка болгон активдүү позициясы, кыйынчылыктарды жеңе билгени менен айырмаланат.
- Көп жылдык эмгек жолуңузда сиздин тапкан табылгаңыз?
- Кыргызстан аялдар Конгресси түзүлгөнүнө 15 жылдын жүзү болуп калды. Ошондон тартып көптөгөн тармактарда иштедик. Алардын бири- бизнес-инкубатор тармагы. Конгресс айымдарды экономикага тартыш үчүн бизнес-инкубаторлорду ачкан. Ал тургай Германия, Польшага барып, тажрыйба алмашып, бизнести жүргүзүүнүн ыкмалары боюнча китеп чыгардык. Азыркы учурда бизнес-инкубатор дүйнө жүзү боюнча эң өнүккөн инновациялык модель катары каралып жатат. "Бизнес-инкубатор- жыйырманчы кылымдын инновациясы"-, деп Кытайдын президенти Цзэн Цзэмин айткандай чын эле бизнес-инкубатор экономикага салымын кошконго өзгөчө шарт түзө турган жол экенин билишибиз зарыл. Эки бизнес- инкубатор түзүү боюнча Малайзияга барып, Кыргызстанда бизнес-инкубацияны өнүктүрүүгө зор салым кошо турган келишимге кол коюп келдик. Биринчиси, Ысык-Көл аймагына, экинчиси, Панфилов районунда Чүй облусу боюнча иштей турган бизнес-инкубатор.
- Бизнести өнүктүрүүнүн бул ыкмасы качан, кайда пайда болгон?
- Бизнес-инкубаторлордун жаралуу тарыхы да кызыктуу. Аны "Эң биринчи жолу АКШда пайда болгон" деп айтышат. 1959-жылы жабылып калган завод-фабрикалардын имараттарында жумушсуз калган ишмерлер өздөрүнүн жеке менчик ишканаларын ачышкан. 1983-жылы америкалыктардын тажрыйбасы дүйнө жүзүнө тараптыр. Бизнес-инкубаторлор өнүккөн өлкөлөрдө гана эмес, Кыргызстанда да өз түшүмүн берип жаткандыгын байкоого болот.
- Бүгүнкү күндөгү коомубуздагы аялзатынын эң башкы проблемасы эмне деп ойлойсуз?
- Жумушсуздук. Жардам сурап кайрылгандар көп. Биз көрсөткөн жардамдардын эки түрү бар. Япондордун "Балыкчыга балыкты бербей, кайырмакты бер" -, деген жакшы сөзү бар го. Биз да биринчи "кайырмакты" беребиз. Рыноктук шартта бизнести алып барууга үйрөтөбүз. Ал эми экинчиси, финансылык жана гуманитардык жардам. Көбүнчө операция жасоого жардам сурап кайрылышат. Учурда баардыгын акча чечип калбадыбы. Медициналык жардамга муктаж болгон адамдардын акчасы жок болсо, албетте, бул адам жана анын үйбүлөсү үчүн чоң трагедия. Ошондой эле аялдардын ден соолугуна байланыштуу темир, йод жетишпегендиктен кыргыз атуулдарынын жалпы интеллектуалдык деңгээлинин төмөндөшүнө алып келип жатат. Ушунун баары келип эле экономиканын өнүгүшүнө таасирин берет.
- Кийинки убакта айылдарда ала качуу маселеси көбөйгөнсүп бара жатат. Сиздин пикириңиз?
- Сиз туура маселени көтөрүп жатасыз. Кээ бири ала качууну: "Проблема деле эмес..." дешет. Бирок, бул өтө олуттуу маселе. Кыргыз кыздары салтка баш ийип, улууну сыйлап, ала качып барган жеринен кетип кала алышпай олтуруп калып, кийинки турмушуна балта чаап жатышат. "Ушул маселени апалар менен иш жүргүзүү аркылуу чечсекпи" деп ойлонуп жатабыз. Себеби, илгертеден бери эле энелердин сөзү көп учурда өтүмдүү жана чечкиндүү болуп келгени маалым.
- Жашоодогу кредоңуз?
- Калыстык, Чындык, Эмгекчилдик.

Маек курган
Н. Сагынбаева










??.??