Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон - күлкү

Академиктин энесине багышталган кошок
Академик Үсөн Асанов анда академияга мүчө корреспондент кези. Энеси каза болуп кабар айттырыптыр. Кадыракун Базарбаев аялы менен Жолдон Саламатов анан мен болуп төртөөбүз жөнөп калдык. Ыраматылык энебиз жибектей созулган, мээрман, кең пейил адам эле. Сексен алты жашында жанын жаннатка берди.
- Ырыстуу киши экен. Үсөндөй уул төрөп, тарбиялап, аздыр-көптүр убай-урматын көрүп, колунан чай ичип… Энеге мындан артык эмне керек. Жарыктыктын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!-деп калды Бурмаш.
- Үсөндө эмне арман. Эненин алпешин көрбөй калган Эсекем экөөбүздү айтпайсыңарбы?- деп күрсүндү Жолдон.
- Тагдырдын жазуусунан аттап кете албайсың. Энебиз Кудайга шүгүр жашады. Сексен алты жаш деген эмне. Ага жеткен да бар, жетпеген да бар. Андан көрө, Эсенгул оозуңда отуң, тилиңде ырың бар, кийин эскере жүргөнгө жакшы, сен ыр менен кошок кошуп, тамаша аралаштыра өкүргүн, -деп калды Кадыракун. Муну тиги экөө тең кубаттай кетишти.
- Койгула, ким кандай түшүнөт. Үсөн капа болуп калбасын, -деп мен тарткынчыктадым. Тигилер болор эмес. "Эки доочу бир келсе, амалыңдын кеткени…" демекчи, экөө эки жагымдан чыгып, айтканга болор эмес, оюма коёр эмес.
- Болуптур. Жолдо ката ойлоно барайын. Ар бир түрмөк ырды мен айтып бүтөөрүм менен экөөң эсил кайран энеке деп коштоп турасыңар. Антпей токтоп эле кала турган болсоңор, мен да токтотом-деген шарт койдум. Алар жер жаңырта энекелеп өкүрүп тура турган болушту. Күүгүм талаш айылга жетип келдик. Касканактаган элдин карааны көрүнөт. Ошондо мен колду оң бөйрөгүмө таяп минтип баштадым:
Энеке,
Ийриси болсо түзөдүң,
Жыртыгы болсо бүтөдүң.
Желке чачы түшкөндө,
Жетим калды Үсөнү-үң! Десем тигил экөө "Эсил кайран энеке-ой, эми кайдан көрөйүн!" деп жер жаңырта өкүрүп жатышат.
Өлөңү кетип саз калды,
Өрдөгү кетип каз калды.
Эмчегиң берген кулунуң,
Элүүдөн өтүп жаш калды.
Төгүлгөн тармал чачы жок,
Төбөсү жыдып таз калды-ы!

Энеке,
Жоргого минип бастырдың,
Жортукту таптап ат кылдың.
Тагдырын жалгыз уулуңдун
Тамарага кантип тапшырды-ың!
Ушул жерине басымды катуу коюп айттым эле берки экөө эсил кайранды мурдагыдан да катуурак айтып өкүрүп турушат.
Эми кылбаганды кылат ээ,
Кыңк этсе кекеп турат ээ,
Төбөсүндө сексейген,
Төрт чачын бирден жулат ээ! -деп буркурап коём. Тигилер баягыдан беш бетер энекелеп жатышат.
Чырпыгың сайган жерине,
Чынар болду кериле.
Асылым эне Үсөндү
Академикке жеткирип,
Анан өлсөң эмине-е!
Адегенде айрымдары түшүнө бербей эрөөн көрүштү. Атүгүл Үсөндүн жакын агасы ырматылык Жусуп да мени колтуктан алып: "Коюңуз, Эсеке, антпеңиз" дегени али эсимде. Кийин биздин тамашабызга ыраазы болуп, токтоп калсак: "Айта түш айланайын, ырыстуу байбиче экен, кары кишиники той" деген адамдар да болду.
Эсенгул Ибраев, акын-
сатирик (архивден)




Кымызга караң, ашина
Малик аке Оштогу өзбек ашинасынын үйүнө жатып калат. Ашинасы "биз тоюп алдык эле, сиз алың, ала бериң" деп бир тарелка самса коёт алдына. Тоюп албай эле сатуудан ашкан эски самса экенин жыттанганынан билип турса да курсактын курулдаганынан жеп алат. Анан түнү бою ичи токтобой ажатканага чуркайт. Ыңгайсыз абалды жымсалдамакка ашинасы "бу өнөрүңүздү билгенде ажаткананын жанына төшөк салып бермек экем" деп тамашалап койсо Малик акеге жакпай "и" деп тиштенип калат. Кийин ошол досу Алайга барып, аны Малик аке бүт айлана көрүнгөн Кароол дөбөгө алып чыгып, кымыз менен коноктойт. Сөзмөр неме утуру анекдот айтып, утуру кыстай берип, тигини тойгузат. Бир убакта ашинасынын көзү төгөрөктөнүп эле тияк-биягына элеңдей далдоо издеп калат, же жакын арада далдоо жок. Анан "кымызга караң" деген Малик акени жаман көзү менен бир олурая карап алып, туш келди жүгүрүп жөнөптүр, ашинасы. Көрсө өздөрү кымыз ичип, тиги ашинасына кымыран куйдура бериптир. Ажаткана издеп айласы алты болуп турган ашинасына:
- Оо, ашина, кымыздан берип жиберейинби? -деп кыйкырат имиш Малик аке.





Эл шайырлары...
Жумамүдүн менен
Шаршенгүлдүн махабаты
1939-жыл. Москвада Кыргызстандын декадасынын он күндүгү жүрүп жаткан дешет. Күндүзү концерт коюп, кеч колу-жолу бошогон Муса Баетов менен Жумамүдүн Шералиев Шаршенге келишет да:
- Жүрү Шаке, кино көрүп келели,- дешет.
Шаке:
- Жок, мен чарчадым, өзүңөр көрүп келгиле -деп мейманканага кирип кетет.
Кино бүтүп, жакшы кинонун сюжетин өз ара талкуулаган экөө кайтып келет. Шаршен Жумамүдүн менен бир бөлмөдө чогуу жатышчу экен. Акырын каалганы ачкан Жумакени көргөн Шаке ачуулана чамынып коё берет. Башына чачыкты жоолук ордуна салынып алган, энеден туума жылаңач.
- Ай, өлүп гана тиригиңди көрөйүн, чочко!
Бул убакка чейин сандалып кайда жүрөсүң!? Кайсы сойкунун этегине жармашып, менин көзүмө чөп салып жүрөсүң?!
- Э, койчу, Шаке, тамашаңды, -дейт Жумаке жүүнү бош.
- Итир-рейген өлүгүңдү көрөйүн, жексур, тамаша дегенин кара! Уялып калыштын ордуна, кечир кемпир деп жалынып калыштын ордуна тамаша деп карап турганын көр! Азыр бетиңди тытып, жаныңа тынчтык бербеген нерсеңди жулуп ыргытпасам элеби!-деп жулунган Шаршенди Алымкул менен Муса кыт-кыт күлүп зорго токтотуп калышат. Ара-чолодо чогула калган артисттер аялдын ролун мыкты аткарган Шакеге ыраазы боло карап турушат. Жумаке башка бөлмөгө түнөйт.
Эки-үч күн өткөн соң ошол эле мейманканада артисттердин профсоюз уюмунун шашылыш чогулушу өтөт. Жыйынга Жумамүдүн Шералиев да барып Алымкул Үсөнбаевдин далдоосунда отурат. "Күн тартибиндеги маселе: Шаршенгүл менен Жумамүдүндүн махабаты - дейт Шейше Орозов чогулушту ачып.
- Жумамүдүн Шаршенгүл менен бир бөлмөдө жашап жүрүп, боозутуп коюп, эми албайм деп башка бөлмөлөрдө жашап жүрөт- Бул сөздү уккан Жумаке ордунан тура калып сыртка качып чыкмак болот. Босогодогулар өткөрбөй алдын торойт.
- Көрдүңүзбү, өлүгүңдү көрөйүндүн жан-талаша качканын, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп анан качканын! Жалынып жатып жабышкан, эсиң оогончо эпеңдеген, алтын сөйкө, алтын билерик алып берем деген сен эмес белең, шерменде! Туугандар, алимент кыркып бербесеңер бул түгөт, көздөн кайым болот, -деп Шаршен туурадан чыгат. Аялдын үнүн, кылыгын куп келтирген Шакеге ичи-боору эзилгенче бир күлүшсө, тамашага чычалап, бир кызарып, бир бозоруп турган Жумакени көрүп ага бир күлүшөт.
Акыры зериккенден улам тамаша иретинде чакырылган профсоюз чогулушу: "Эки жаш бир бөлмөгө чогуу жашоого макул болгондугу үчүн күнөөлөрү кечирилсин" деген токтом кабыл алышкан экен.
Абдыманап Шыгаев




Шакаба…
Кокуй, электрик кел-ат-ат…
Мурунку кездери милиционерлерди көргөндө көчүгүм бүлкүлдөп калаар эле, кылмышым болбосо деле. Азыркы заманда адамдар милиционерлерден эмес, электриктерден коркот экен. Мисалы, мен ошондой болуп калгам. Себеби, счетчикти көбүнчө өчүрүп коём. Эшиктен дабыш чыкса эле электрик келаткандай туюлат.
Кимден корксоң, ошол адам көзүңө сүрдүү көрүнөт турбайбы. Кечээ күнү жолдо баратсам, ал каршымда келатыптыр, чочуп кетип бакырып жибере жаздадым. Катуу коркуп кеткен окшойм, оозумдун айланасы бүт учук.
Баса, оюмда жакшы идея бар. Электриктерге атайын аскердик форма, чин берип, алардын полкун, атчандар дивизиясын түзүп жалаң ак сөөктөр жашаган асман тиреген особняктуу айылдарга коё берип, кабель-зымдан токулган костюм-шым, баштарына счетчик кийип алышса, электр тогун үнөмдөп жашаганга аргасыздан көнмөкпүз да эй...
О. Бөрүгулов




Бактагы камыр менен чапталган жарыя
Кагылып кетейин, карегиңден тегеренейин ургаачылар. Мобул бурчтагы чатырчасы жок жалпак там меники. Сырты жупуну, урап калчудай көрүнгөн менен ичинде аялзатынын арманын укчу "симпотичный" жигит бар. Баладан көзү каткан же татынакай тармал чачтуу балалуу болгусу келген айымдар тайманбай кире берсеңер болот. Боюна өздөрү каалабаса деле кашайып бүтүп калгандардын өздөрүнүн каалоосу боюнча боюнан түшүрүп берүүгө да жарайм. Ишим бесплатно. Но только өзүңөрдүн канаттанууңарды жакшы кандырабыз десеңер кур келбей: сабиз, жумуртка, балык, казы-карта, чучук-колбаса жана башка тамактарды кошо ала келсеңер абдан сонун болот. Мен силер үчүн дайым даярмын. Менин атым Зоңкара



Ким, кимди жейт?
Кыргыздын үйүнө тааныш кореец баш багып:
- Апа, ит барбы?-десе...
- Бар айланайын, бирок жегенге болбойт, арык- дейт Айдардын апасы.
- Жок апа, мен итти жебейм, ит менин бутумду жейт (мени кабат дегени) карма- дептир

Көңүл бургула!
Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0555000986 жана 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов









??.??