Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Нурзада Жолдошева:
"Ала качып кетсе айнектен качып чыгам"
Көпчүлүк окурмандардын суроолору боюнча бул ирет көптөгөн таланттардын уюткусу болгон Аксы жергесинен чыккан "Кыргызстан обондору" радиосунун бал тилдүү ди-джейи Нурзада Жолдошева "Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын мейманы болду. Нурзада 1986-жылы 15-декабрда Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулуп, педагогдордун үйбүлөсүндө тарбияланган. Жети бир туугандын кичүүсү. Учурда КУУнун журналистика бөлүмүнүн 4-курсунда окуйт.

Бурул Аттокур кызы, 15 жашта:
- Нурзада эже, сиздин жаныңызда отурганыма абдан сүйүнүп жатам. Радиодон булбулдай үнүңүздү укканымда эле чынын айтсам ооруп калгам. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
- Чоң рахмат Бурулка, мен сиз сыяктуу угармандар менен биргемин.
- Алгачкы эмгек жолуңузду кайсы жерден баштадыңыз?
- Турмушумдагы өз ишимдин башаты "Кыргызстан обондору" болду. Ал жакта иштегениме 2 жылдан ашты. Кудай буюрса, радиодон пенсияга чыгам го…
- Биринчи барганда үйрөнчүк катары кайсы ди-джейдин колуна туш келдиңиз?
- Алгач баарыңыздарга белгилүү ди-джей Лилия Абдыбаитова кабыл алып, дароо эле жаңылыктарды колума карматкан. Андан кийин биринчи ыр дүкөнгө Чынгыз Мырзаев экөөбүз чыкканбыз.
- Аялзаты үчүн эң биринчи бакыт эмне деп ойлойсуз?
- Кичинекей кезимде карьераны биринчи орунга коём деп кыялданат элем. Азыр көпчүлүк белгилүү адамдардын турмушун көрүп туруп аялзатынын бактысы үйбүлө экенин түшүндүм.
- Демек, үйбүлө үчүн жумушуңузду таштаганга даяр турбайсызбы?
- Мен өз ишимди аябай сүйөм. Мындай суроо берсеңиз ыйлагым келип кетти. Аны эми убакыт, жашоо-шарт өзү таразалайт.
- 30-40 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
- Анда картайбай тескерисинче жашарып калышым мүмкүн. Кыскасы картайгым келбейт. Бирок, ал кезде мээримдүү эне, бактылуу жубай болоорума ишенем.

Жибек Бакытбек кызы,
15 жашта:
- Нурзада эже, биздин кыргызда кичине эле көтөрүлүп, белгилүү боло түшсө "жылдыз оорусу" менен ооруп калмай адат бар. Таанымал адам катары сиз буга эмне дейсиз?
- Кыргызда "Башыңа бакыт кушу консо мен-мен дебе, сени сыйлаганды сен-сен дебе" деген жакшы сөз бар. Мен ойлойм биздин турмушубуздагы ар бир кадамыбыз жараткандын чоң сынагы деп. Андыктан атак-даңкты дагы өз кезегинде көтөрө билбесең кийин соң өз башыңа муш болот. Мен "жетсе да колуң булутка, жерде экениңди унутпа!" деген сөздү жашоомдун урааны катары колдоном.
- Анча-мынча ырдап да жүрөсүз. Кайсы бир интервьюңузда "Эч бир кемчилиги жок ырдап чыгам" деген экенсиз. Ошол учур бышып-жетилдиби?
- Буюрса, пландар алдыда. Өзүм профессор Улукмырза Полотовдун жээни болом. Радиого келе электе эле ошол кишиден вокал боюнча сабак алчумун. Азырынча иштеп жаткандыгыма байланыштуу ырдап чыгууга кол тие элек. Жараткан колдосо жакынкы күндөрдө жаңы ырларды жаздырам.
- Киного сунуштар болсо тартылат белеңиз?
- Кыргыз киностудиясынан кайсы бир режиссёр кино боюнча сунуш кылган болчу. Азыр ал кино тартыла элек. Негизи бала чагымдан эле киного тартылып, образ жаратканды самап келем. Андыктан бул да менин бир мүдөөм десем болот.
- Терс каармандын ролун аткарат белеңиз?
- (Күлүп) Терс каарманга окшоп турамбы. Адам да ар тараптуу болуп өзүн сынап көрүш керек. Балким аракет кылат элем.
- Көпчүлүк угармандар "Нурзада Жолдошева эфир учурунда жасалма сүйлөйт" дешет. Буга эмне дейсиз?
- Негизи сын-пикирди туура кабыл алыш керек. Биринчи курсумдан баштап эле мугалимдер да "бул атайын жасап сүйлөйт окшойт" дешип суроо беришчү. Менимче, сырттагы адамга ушундай сезилет чыгаар. Бирок, мен ак сөзүмдү айтсам табийгатымдан эле ушундаймын. Мен жасалма, кошоматчы адамдарды көргөндө аллергия болом…

Эмирлан Эркин уулу, 19 жашта:
- Нурзада эже, эфир учурунда угармандар суроо берсе жооп бербей башка темага өтүп кеткениңиздин себеби эмнеде?
- Эфир деген көпчүлүк угармандарга билинбегени менен аябай оор, татаал. Эфир учурунда эл менен баарлашууда баамдап сүйлөбөсөң кенедей бир сөзүң менен жаман адам болуп калышың мүмкүн. Дээрлик угармандар ыңгайсыз суроолор менен кайрылышат. Ди-джей үчүн бардык кырдаалдан чыга билүү шарт. Себеп дегенде бир угарман сен жөнүндө кызыгып бир суроо бергени менен башка угармандарга бул суроо кызыксыз болушу ыктымал. Андыктан айрым учурларда жалпы аудиторияны эске алып, суроого жооп бербегенге аргасыз болосуң. Ошондуктан бири-бирибизди туура түшүнүшсөк, ал үчүн капа болбоңуздар.
- Өзүңүз жөнүндө ушактарды укканда кандай абалда каласыз?
- Учугу үзүлбөгөн ушактар көп болот. Негизи эле турмуштун баары бал же май менен майланып турбайт. Ошондуктан көп учурда жакшы нерсени жүрөгүмө жакын кабыл алып, "биздин жашообуз дайыма керемет болсун!" деп радионун урааны менен жашайм.
- Өзүңүздүн жашоодогу урааныңыз эмне?
- Жогорудагы ураандардан сырткары "Дайрадан чыгып, тамчыга чөгүү жок!" деген ураанды туу тутам. Жашоодо кичинекей чымынды көрүп пил дебестен кайраттуу, сабырдуу болгонго аракет кылам.
- Маанайыңыз чөккөндө кантесиз?
- Арак ичем (тамаша). Андай учурда классикалык музыкаларды угуп, өзүмдү алаксытам.
- Радиодон тажаган учуруңуз болобу?
- Өз ишимдин баркын билип, анын даражасын төмөндөткүм келбейт. "Кыргызстан обондору" радиосу көптөгөн угармандардын кызыгуусун арттырып, көңүл борборунда турган радио болгон үчүн чоң жоопкерчиликти эске алып, эч тажабайм. Бир сөз менен айтканда менин жашоом радио менен байланышкан.

Эспер Мамбетов, 21 жашта
- "Кыздын бараар жери күйөө" дейт, сизге өмүрлүк жар боло турган жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Жок, азырынча жүрөгүмдүн кулпусун эч ким ача элек. Балким эртең же бүрсүгүнү табылып калаттыр.
- Анда сүйүп көрө элек турбайсызбы?
- Ооба, сиз айткандай сүйүү менин башыма келе элек.
- А, сизди сүйгөндөр бар экенин билесизби?
- (Күлүп) Маңдайыма келип "сүйүп калдым" дегендер боло элек, балким сыртымдан көз артып жүргөндөр бардыр.
- Өмүрлүк жарыңыздын кандай адам болушун каалайсыз?
- Албетте, акыл-эстүү, чечкиндүү, сөзгө сараң, ойго жоомарт болсо. Анан да көчөдө ээрчишип жүргөнгө сулуу болбосо да жылдыздуу болсо дейм.
- Ала качып кетсе эмне кыласыз?
- Айнектен качып чыгам. Кудай сактап, анын бетин ары кылсын. Өзүм көрүп-билип, жактырып жүргөн адамга эле өз көңүлүм менен жубай болоюн деп тилейм.
- Акыркы жолу күйөрмандардан алган белегиңиз эсиңиздеби?
- Бүгүнкү белек бүгүн кантип эстен чыксын. Бул белек мен үчүн өтө кымбат. Ал кайсы десеңиз, сиз берген азыркы гүл. Учурдан пайдаланып сизге рахмат айтып, ыраазычылыгымды билдирем.

Уюштурган Ж.Калдарова