Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кыргыз көчү

Байтик
Канай уулу
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Солто уруусунун эл жакшысы учурунда кадыры элге сиңген Байтик Канай уулу жөнүндө да жазганга убакыт келип жетти. Байтик бала кезинен көзгө урунган, идиреги бар бала болгон экен. Тарых барактарына саресеп салып карасак, Байтик "баатыр" аталып, коңшу казак, өзбек элдерине дагы ысмы кеңири тарап, төбөсү көрүнгөн инсан болгон экен. "Аккан арыктан суу агат" деп айтылгандай, Байтиктин чоң атасы Түлөберди, өз атасы Канай дагы эл аралап атка минер солто уруусунун билерманы аталган.
Өзгөчө Канай ченебеген баатыр болгону али күнчө айтыла калып жүрөт. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей, атанын жолун жолдоп, эл аралаган Байтик бүт Чүй өрөөнүнө өзү ээлик кылып башкарып турганына өткөн мезгил күбө. Учурунда Байтик өзбек менен кыргыз элинин ортосунда болгон жаңжалда чоң эрдик көргөзгөн. Ошондон баштап Байтик деген атына "Баатыр" деген сөз кошулуп Байтик баатыр аталып калган экен.
Байтик баатыр өзүнүн Калыстыгы менен дагы элге алынган. Казактын Кененсары, Норузбай деген эки бир тууган баатыр уулу "кыргыз элин басып алып өзүбүзгө каратабыз" деп кол салганда кызыл тебетей аталган Хан Ормон менен үзөңгү кагыша мекенди коргоп, катылган душмандын мизин кайтарганга салымы чоң болгон.
Кээ бир карылардын айткан сөзүнө таянсак, Байтик баатыр кыргыз элинин келечегине кенен ой жүгүртүп, коңшу элдер менен алака түзүп, баарын тынчтык жолу менен чечкенге аракети күч болгон экен. Жөн бала эл оозуна алынбайт. Тарыхта ысмы калган Байтик баатыр Хан Ормон, Жантайлар менен бат-бат жолугушуп, алар менен пикир алышып турган. Кадимки Сарбагыштын баатыры Субандын уулу Адыл менен бел куда болуп, кызын берген.
Бир күнү Таластан белгилүү жазуучу Чыңгыз Айматовдун кайсы бир чоң атасы келип, үч күн конок болуп өргүп жатып калат. Ал киши койлук эмес, тайлык конок болгондуктан тай союп, дасторконду кенен жайып, чер жазыша сүйлөшүп коноктун сапары карыганда Карабалтага чейин узатып барат да, мерчемдүү жерге жеткенде кош айтышып, артка тартканда абдан өкүнгөн экен. "Кап, болбой калды. Бекер келген экенмин. Мени ээрчип жүргөн жолборс, тиги келген конокту ээрчип кетти. Эми анын тукумунан жакшы уулдар чыгат. Атадан балага ооп келаткан сыймык башкага кетти" деп өкүнүп үйүнө келгенге чейин ат жалын караган тейде эч үнсүз келиптир. Көрсө, баатырдын сыймыгы келген конок менен Таласка кеткен. Бул окуянын чындыкка жакын жагы бар. Чынын айтканда Байтик баатырдан өзүнүн деңгээлинде бала калган жок. Ал эми жолборс ээрчип кеткен коноктон Төрөкул Айматов, Чыңгыз Айтматов өңдүү төбөсү көрүнгөн уулдардын чыкканы чындыктан белги берип тургандай. Эгер биз калыс ой-жүгүртүп карасак, Байтик баатырдын сыймыгы күчтүү болгон үчүн тарыхта ысмы калып, борбор шаарыбыздын чоң көчөсүнө аты берилгени эле эмне деген сөздү айтып турат. Андыктан Байтик өңдүү баатыр уулдарыбызды көңүл сыртына калтырбай эстей жүргөнүбүз улуу иш эмеспи.



  Жаңырган издер

Акбермет сулуу
Акбермет Карагул кызы 1899-жылы жай чилдесинде өнөргө бай, азыркы Токтогул районунда Карагул аттуу кедей-дыйкандын үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ошол убакта кадимки Токтогул Сатылганов ырдаган "Беш камандын" доорону жүрүп турган кези экен. Ал кезде теңсиздиктин жөө туманы чылк каптап турган убакта Акбермет өңдүү сулуу кыздар ошол мезгилдин мыйзамынын катаалдыгынан табият берген сулуулуктун азабын тартканын кеп кылсак түбү жок жомок болот. Кичине кезинен көзгө сүйкүмдүү өскөн татына кыз Акбермет балалыктын дооронун көргөн деле жок. Анткени жокчулук бир жагынан тартса, өзүнүн чырайы өзүнө жоо болуп, суук көздөрдөн жазганып өстү.
Жаңы гана жашы он экиге чыкканда, узак оорунун туткунунан бошоно албаган атасы Карагул дүйнө салып кете берди.
Атасынын каза болгону Акбермет үчүн өтө оор болду. Жаңы гана беш гүлүнүн бир гүлү ачылып келатканда ошол аймактын бай-манабы Акберметтин атасынын жоктугунан пайдаланып, атасынын өлгөнүнө жыл маалы боло электе, жашы жаңы гана он үчкө чыкканда калыңын бычып, Акберметке билгизбей мал, алтын, күмүш алып койгон бай Акберметти турмушка чыгууга мажбурлайт. Балалык күлкүсү ууртунан кете элек бала кыялы менен кайран кыз аялдык милдеттин жүгүн артынып тагдырдын моюнга салганын көрөт. Көз жоосун алган ай чырайлуу Акбермет сулуу болуп төрөлүп калганына өкүнөт.
Он беш жашка толгондо Акбермет уул төрөйт. Тийген күйөөсү көңүлүнө жакпаганы аз келгенсип, келген жери дагы жөнсүз чыгып, турмуштун татаал мезгилине кабылат. Бул эми ошол кездеги жаш кыздардын жаңы турмушка чыккандагы кордугу.

Сүйүүгө кабылган Акбермет
Сүйүү эмне экенин билбеген Акбермет балага эне болуп, барган жерине баш оту менен байлангандай болсо дагы, жетимдиктин азабын тартып, тез тотукканы түрткү болуп, турмуштун, өмүрдүн маанисин илгиртпей туя билген, сезимтал Акбермет барган жеринен бошонуп чыгуунун жолун издейт.
Анткени, өзү теңдүү кедей бала менен көңүл табышып, сүйүүнүн тузагына илинет. Ооз учунан айтканга оңой болгону менен ашыктыктын отуна кабылуу өтө опурталдуу иш. Баарыдан дагы тун сүйүүнүн азабы Акберметтин түн уйкусун алып, күндүзү оюнан кетпейт. Эбин таап жолугуп Акбермет ал жигит менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк таба албай бир топ кыйналат. Ак никелүү эри туруп, башка бирөөнү жактырып калган жаш келиндин абалын көз алдыбызга элестетип көрөлү. Ал кезде азыркыдай сүйүүнү ачык айтуу, аялзаты үчүн өтө уят иш эле да.
Көз караш менен бири-бирин жактырып калгандарын сезип, эки жүрөк акыры убакыт таап жолугушат.
Ошол көптөн күткөн жолугушуудан кийин көрөңгүсү бар Акберметтин акындык өнөрү күч алып, жүрөктөн чыккан ырлардын жаралышына түрткү болот.
Акберметтин экинчи жолу сатылышы
Акбермет тийген күйөөсүнөн ажырашып, жолу бошоп, көңүлү жактырган жигит менен баш кошмокчу болгондо, ошол жердин бай-манабы күч менен экинчи бир жерге сатат. Мал өңдүү колдон-колго сатылган Акбермет өз укугун коргоо үчүн жергиликтүү билермандардын баарына арыз менен кайрылат. Бирок эч кандай жыйынтык болбойт. Анткени "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" демекчи, арызды уккан билермандар кайра Акберметти айыпка жыгышып, өзүн күнөөлөшөт. Ошол кезде эрден чыгып, эрди чануу өлүмгө тете намыс экенин ким тана алат.
Киши тагдырын буюмдай пайдаланган учурундагы мыктылар Акберметти бир байга күңдүккө сатышат. Айласы кеткен Акбермет сулуу тагдырына таарынып, эч кимден колдоо таба албагандан соң, өзүнүн ички муңун, арманын көкүрөгүн ээлеген жүрөктөн чыккан ырларынан чыгарат. Бирок кат сабаты жоюлбагандыктан ошол кездеги мазмуну терең ырлардын канчасы унутта калганы албетте, өкүнүчтүү. Мезгил мыйзамынын күчтүүлүгүнөн Акберметти өз тагдыры үчүн өзү жан үрөп жасаган аракети таптакыр сая кетип, ал жактан таластагы, Каракол болушунда жашаган пайгамбар жашынан өткөн малдуу, мүлктүү абышкага токолдукка сатылат. Чоң атасындай болгон чалга сатылганда, Акберметтин күйбөгөн жери күл болот.
Кичинесинен жетимдиктин азабын тартса, бойго жеткенде колдон колго өтүп сатылганы аз келгенсип, абышкага токол аял болуп тийип, күндүзү байбиче аялдын күлү менен кирип, оту менен чыгып, түнкүсүн сакалы сербейген чал менен бир төшөктө жатканын көз алдыбызга элестетип көрөлү.
Өзгөчө аялзатынын укугу тебеленген заманга туш келген Акбермет эч болбосо союз курулгандан соң төрөлгөндө, анда көптөгөн өнөрүн элге тартуулап, атагы алыска жетет беле, албетте жазмыш. Учурунда күйөөсүнөн, күндөштөрүнөн жашырынып, өнөрүнүн көбүн элге жеткире албаганы орчундуу маселени ичине камтыйт. Ошондо дагы өзү чыгарган ырларынын төрттөн бир бөлүгүн гана кийин айтып бере алган.
Эркиндиктеги Акбермет
Ак падыша тактан кулап, эркиндиктин келишине өзгөчө Акбермет ишене албай жүрдү. Буга чейин тарткан азабы менен көргөн кордугун эстегиси да келбейт.
Ошол кездеги ай чырайлуу, өнөргө бай канчалаган кыз-келиндердин өнөрлөрү жарыкка чыкпай кеткенин Акберметтин өмүр жолу эле айгинелеп турат. Тарыхка саресеп салып карасак, кыргыз адабиятына биринчилерден болуп, аялзатынан Акбермет Карагул кызы салым кошкондугуна күбө боло алабыз.
Акберметтин акындык өнөрү жогорку сапатты ичине камтып, союз курулганы өз деңгээлинде баркталган.
Аны - муну айтканыбыз менен тарыхка из калтырган чыгармалары Акберметтин ысмын өңүттө калтырбай келет. Эгер Акберметтин чыгармалары толук изилденип, такталса абдан жакшы болот эле. Ооба, эскиликтин кедерин тарткан Акберметтин багы теңдик заман келгенден кийин гана өз нугуна түшкөн. Эгер теңдик заман келбегенде Акбермет чырайлуу өңүнүн азабын тартып, дагы канча кишиге сатылат эле, аны так айтып болбойт.
Чынында эле Акбермет Карагул кызында элде жок жөндөмдүүлүк, нукура адамдык тазалык, адам өмүрүн көрө билген жетиктик бар. Биз бул жерден Акберметтин айрым бөлүктөрү гана бизге жеткенин айтып өттүк.
Сөз соңунда не дейбиз. Учурдагы өлкөбүздүн кыз-келиндери байлардын чөнтөгүнө багынбай, өнөрлөрүнүн өтөсүнө чыкса, анда Акбермет өңдүү өнөрлөрү тарых барактарына жазылып калат деп ишеничтүү айтсак болот. Анткени илим, билим өскөн заманыбызды пайдаланып калган оң эмеспи.

Даярдаган
Бердикожо Бийназаров










??.??