Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Бул сапар "Классташ" рубрикасынын мейманы ырчы Байыш Момуновдун классташы Азизбек Мурсалиев болду. Азизбек мырза, бүгүнкү күндө "Учур" телетеатрында үн режиссер болуп эмгектенет.

"Байыш өтү айрылгыдай шок эле"
- Азизбек байке, алгач бал тамган балалык баёо сезимдер менен коштолгон окуучулук күндөр тууралуу сөз козгосоңуз. Дегеле бүгүн "жылдыз" болуп дүркүрөп турган Байыш Момунов мектепте кандай окуучу эле?
- Мен Байыш менен борборубуздагы М.Абдраев атындагы музыкалык окуу жайында 3-класстан 10-класска чейин чогуу окудум. Менин элесимде калган боюнча сүрөттөй турган болсом Байыш бизге жаңы келгенде кара тору келген, бою кичирээк томолок, эки кулагы делдейген бала болчу. Ошол кезде түштүк диалектиси менен "катта", "патинке", "пайпак", "битта, экита" деп сүйлөсө алгач сөздөрүнө түшүнбөй күлүп жүрдүк. Кийин адабий тилди бат эле өздөштүрүп алды. Ошондо эле өтү айрылгыдай шок болчу. Окуубуз да, жатаканабыз да бир болуп, бир үйбүлөдө чоңойгон бир туугандай болуп, бир кесим нанды чогуу бөлүшүп жеп өстүк. Өзүбүздөн жогорку класста окуган белгилүү ырчы Актан Исабаев, Рахат Осмоналиев деген байкелер биз жаткан бөлмөгө келишип "ким биринчи атаман?" деп эки-экиден мушташтырышчу. Анан күүлөнүп алып "Мен короз, сен маки, сен короз, мен маки" деп күчүбүздүн болушунча салгылашчубуз. Мындайда бири-бирибизди аёо деген жок болчу. Бир жолу Байыш экөөбүз мушташып, биздин урушубуз көпкө чейин уланды. Экөөбүз тең жеңилбей койдук. Бирок, бизде кан чыкмайынча муш токточу эмес. Ошол салтты улап салгылашып жатып акырында менин колум Байыштын мурдуна кирип кетип, шорголоп аккан канды басалбай аябай убараланганыбыз азыр да жадымда турат.

Балкондон-балконго
асылып…
- Бөлүм боюнча мен үйлөмө аспаптарда, ал флейтада окуду. Сабактан начар билген окуучуга биздин окуу жайда окуганга мүмкүнчүлүк берилчү эмес. Ошондуктан баарыбыз тең жан талашып жакшы окуганга аракеттенчүбүз. Муну менен эмне айткым келет, Байыш досум ошол жерден алган билиминин натыйжасында Улуттук Консерваторияга өз күчү менен өткөн. Чынында Байыш бардыгына жетишчү. Бир учурда сабакка да катышып, кыздар менен сүйлөшүп көчөгө чыкканга да үлгүрчү. Биздин класста биринчилерден болуп кыздарга кат жазып, сүйүүсүн билдирди. Биздин окуу жайдын жанында медучилища бар болчу. Тыңдыгынан пайдаланып ошол жерде окуган өзүнөн улуу кыздар менен мамиле түзүп алыптыр. Күндө эле бир мезгилде кечки тамакта Байышты таппай калчу болдук, көрсө медучилищада окуган кыздардын жатаканасына барып, өзү айткандай "жирный" тоюп келчү экен. Кийин Байышты медучилищадан көрсөк эле "курсагың ачтыбы?" деп тамашалап жүрдүк. Кыскасы, Байыш бал тили менен кыздарды эмес жыланды ийининен чыгарчу. Мунун бир өзгөчөлүгү ушул. Биз жатаканада 3-кабатта жашачубуз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жатакананын эшиги 22-00 до жабылып, андан кеч калгандар көчөдө түнөчү. Ал кезде тартип да күчтүү эле. Бир жолу көчөгө сейилдеп чыгып кыздар менен таанышып калып, кафеде жыргап олтура берип түнкү саат 12 болуп калыптыр. Бараарга жерибиз жок. Кыздар болсо туугандарынын үйүнө жөнөштү. Паркка эле жатып алалы деп пландаштырып жатсак бизди эле карап тургансып күндө жаабаган жамгыр жаай баштады. Айлабыз жок жатакананын алдына келдик. Айлана-чөйрө тыптынч, бардык жарыктар өчүрүлүп элдин баары таттуу уйкуда жатат. Анан арга жоктугунан балкондон-балконго асылып жатып араң 3-кабатка жеткенбиз.

Курсак ачып уурулукка
киргенбиз
- Бир жолу да ушинтип кеч калып, адатыбызча дагы балкондон бөлмөбүзгө кирдик. Төрт бала элек. Бардыгыбыздын тең курсагыбыз ачка. Анан Байыш "жүргүлө балдар ашканага уурулукка киребиз" деп уюштуруп ашкананын терезесинен кирип, болушунча курсакты кампайтып, ал аз келгенсип бөлмөбүзгө ала барайлы деп баштыка майда-чүйдө салып жатсак ары жаткан тыкылдаган бирөө басып келатат. "Эмне кылаарыбызды билбей кирген терезебизден кайра чыкканга шашылдык. Анан Руслан деген балабыз көп тоюп алганбы айтор, терезеден батпай ашпозчуга кармалып калды. Эртең эмне болот?" деп таң атканча ойлоно берип жеген тамагыбыз да аш болгон эмес. Айткандай эле эртеси төртөөбүз директордун кабинетине чакырылып, болушунча таяк жегенбиз. Ошондо да Байыш жөн турбай "агай урбай эле коюңузчу, курсагым ачып кеткенинен эле балдарга кошулуп киргенмин. Мен аз эле жедим, болду экинчи кайталанбайт" деп айтып жиберди. Каякта балээнин баарын өзү уюштурган да, бизди түртө салып өзү аппак болуп атпайбы. Байыш ушундай жерде суудан кургак, тегирменден бүтүн чыкчу.

Шкаф- Байыштын уктоочу
уясы болчу
- Сабактан качкан учурларыңар болгонбу?
- Албетте болгон. Айрыкча Байыш көбүрөөк качат эле. 8-класста окуп жүргөндө дайыма 2-сааттан кийин Байышты таппай калчубуз. Танапис убагында эле жоголуп кетчү, каякка кеткенин биз да көрчү эмеспиз. Бир жолу алгебра сабагы болуп жаткан. Адатынча Байыш дагы жок. Классыбызда чоң-чоң шкафтар бар болчу. Эжеке эмне ою менен ошол жакты ачканын билбейм, шкафты ача койсо эле ичинде борулдап Байыш уктап жатыптыр. Эжеке ача коюп эле чочуп кеткенинен бакырып жиберди. Анын кыйкырганынан селт эте түшкөн Байыш чачтарын үпсөйтүп, мойнунан ылдый тер куюлуп шкафтын ичинен түшүп келатса анын кебетесин көрүп алып класс боюнча боорубуз эзилгенче күлгөнбүз. Көрсө, күндө сабактан качып ошол жерди уктоочу уя кылып алган экен. Эжекебиз кулагынан чойгон бойдон, директордун кабинетине сүйрөп кирди. Негизи классыбызда директордун "какамушун" эң көп жеген Байыш досум болду окшойт.

Байыш чачын химияга
бергенде…
- Байыштын дагы бир окуясы такыр эсимден кетпейт. Анда 6-класс элек. Ал убакта Байыштын эжеси чач тарачта иштечү. Бир күнү "мен чачымы тегиздетип келейин" деп кеткен. Эртеси күнү нан кесип атсам эле ары жактан Байыш келатат, көзүмө түркмөндөрдүн шапкесин кийип алгандай көрүндү. Чачын туура эмес кыскартып алып уялганынан шапке кийип алган окшойт деп отурсам эле бир маалда чачын үпсөйтүп, кыскартам деген чачын химияга берип кирип келди. Анын албарстыдай болгон кебетесин көрүп алып каткырып жатып калдык. Биз эле эмес мектеп окуучуларынын баарына күлкү болду. Өзүбүздөн кичине окуучулар Байыштын жанына келгенде "химия, физика, алгебра" дешип тийишип өтүшчү. Анан 2 күндөн кийин эле элге күлкү болбоюн дедиби айтор, Байыш досум чачын жылас кылып алдырып жаны калган. Андан кийин да жөн калбай кыздар аны "таз" деп чычалатышчу. Азыр ошол күндү эстеген сайын бир каткырып алабыз.
Ж. Калдарова










??.??





??.??