Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Пекин - 2008

Олимпиада оту быйыл 24-мартта Грецияда "тутанып", дүйнөнүн 22 шаарын аралап өтүп, Кытайга жетип, дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестке да "чыккан". От тутантуу эстафетасына 15 миңдей киши катышкан. Оттун (факелдин) өзгөчөлүгү катуу шамалда, нөшөрлөп жааган жамгырда да өчпөгүдөй болуп жасалгандыгында.
Пекин олимпиадасынын ачылыш аземи "Куштун уясы" деп аталган улуттук стадиондо 8-август күнү өтөт. Кытайда "8" деген сан "бактылуу" деп эсептелинет. Ошондуктан жайкы XXIX олимпиаданын ачылыш аземи 8-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8ден 8 мүнөт 8 секунда өткөндө башталат. (Бишкекте бул убакыт кечки саат 18ден 8 мүнөт 8 секунд өткөндө болот).
Пекинге жүздөн ашык өлкөлөрдүн президенттеринин келүүсү күтүлүүдө. Олимпиадалык оюндарды жер жүзү боюнча 4 миллиарддан ашык телекөрүүчүлөр көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Пекинге 205 өлкөдөн 10500 спортчу келип, спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 302 комплект медаль ойнолот.

Кыргыз спортчуларына ийгилик каалайлы
Өткөн жумада Президент Курманбек Бакиев Пекин шаарында өтүүчү XXIX Олимпиада оюндарына катышуучу Кыргызстандын курама командасы менен жолугушту.
Жолугушууга Президентик Администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы физкультура жана спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Александр Воинов, Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Мурат Саралинов жана республикалык балдардын спорттук Олимпиадалык резервдеринин оор атлетика боюнча мектебинин директору, Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин мүчөсү Каныбек Осмоналиев жана Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеевдер катышты. 29-жайкы Олимпиаданын алдында жалпы Кыргызстан элинин атынан, аларга өз элинин күчтүү духун жеткирүү максатында жолугушуп жаткандыгын белгилеп, биздин спортсмендер Леонид Иванов, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Сатымкул Жуманазаров, Игорь Паклин, Александр Блинов, Каныбек Осмоналиев жана башка көптөгөн мекендештерибиздин аттары жалпы спорт дүйнөсүнө белгилүү экендигин айтты. 2007-2008-жылдарда эле Кыргызстандын спортчулары эларалык мелдештерде 51 медаль жеңип алышса, анын - 11и алтын, 17си күмүш жана 23ү коло медалдар болгон.
Президент ошондой эле, 29-жайкы олимпиаданын ачылыш күндөрү биздин спортчуларыбыз менен бирге болоорун айтты. Дүйнөлүк мелдештердин жеңүүчүлөрүнө жана байгелүү орундарды камсыз кылган спортчуларга мамлекет тарабынан турак жайлар берилип, мамлекеттик стипендиялар жогорулатылды. Ал эми бул жолку XXIX Олимпиадалык оюндардагы спортчулардын ийгиликтерине шык берүү максатында мамлекет тарабынан бир жолу берилүүчү сыйлыктар белгиленген. Ага жараша 1-орунга - 150 миң, 2-орунга - 100 миң, 3-орунга - 75 миң, 4-орунга - 25 миң, 5-орунга - 15 миң, 6-орунга 13 миң, 7-8-орундарга 10 миң доллар берилерин белгиледи.
Ошол эле мезгилде, жеңүүчү жана байгелүү орундарга жетишкен спортчулар үчүн белгиленген акчалай сыйлыктардын 25% ына барабар сумма башкы жана өздүк машыктыруучуларга берилет. 2008-жылдын 1-январынан баштап, Олимпиадалык оюндардын чемпиондору үчүн 20 миң сомдон, күмүш медалдын ээлерине 17 миң сомдон жана коло медалдын ээлерине 15 миң сом чегинде өмүрүнүн аягына чейин стипендия белгиленген. Бүгүнкү күндө мындай стипендияны биздин даңктуу жердешибиз, Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев алат.
Жогоруда айтылган сыйлыктардан тышкары, Олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү үчүн Президенттик фонддон Бишкек шаарынан квартира, ал эми 2-4-орундарга жетишкен спортчуларга жаңы өздүк автомашиналар берилет. Андан тышкары Олимпиадалык оюндарга катышууга лицензия алган ар бир спортчуга колдоо иретинде азыр 35 000 сомдон берилди.
Андан соң Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын капитаны Талант Жанагуловго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин тапшырды.
Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында өтүүчү Олимпиадага спорттун 9 түрү: бокс, күрөш (эркин жана грек-рим стилдери), дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү, ок атуу, таэквандо WTF, оор атлетика жана фехтования боюнча Кыргызстандан 20 спортсмен, Алардын ичинен 8 спортсмен Олимпиадага экинчи жолу катышат.

Мелдешке кимдер барат?
Өткөн сандарыбыздан Пекинге бара турган спортсмендерди тааныштырып келүүдөбүз. Башында биз 21 спортсмен барат деп жазган элек. Алардын ичинен Евгений Ваккер (велоспорт) лицензиясы келбегенге байланыштуу барбай калды. Ошентип 21 эмес 20 спортсмен аттанып кетишти.
Канат Бегалиев (66 кг.) 24 жашта. Грек-рим күрөшүнөн барат. 2006-жылы дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду ээлеген. Азиянын чемпиону.
Татьяна Ефименко (жеңил атлетика, бийиктикке секирүү) 27 жашта. Азиянын 4 жолку чемпиону.
Алексей Погорелов (жеңил атлетика) 400 метрге тоскоолдуктар аркылуу чуркоодо Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште Г.Педан экөө Бээжинге жолдомо жеңип алышкан.
Юрий Захаров (сууда сүзүү). Былтыр Азиянын чемпиону болгон. 2004-жылы Афины олимпиадасынын катышуучусу.
Сергей Пакура (жеңил атлетика) 25 жашта. 1500 метр аралыкка чуркоодо эл аралык мелдештерде жеңип, жолдомо алган.
Руслан Исмаилов. 1986-жылы туулган. Ок атуу боюнча Азия биринчилигинде жолдомо жеңип алган. Даярдыгы жакшы. Спорт адистери байгелүү орундардын бирине илинеринен үмүт кылып турушат.
Расул Абдураим Таэквондо боюнча барат.
Сергей Кочурин 34 жашта. Улуту орус. Жогорку билимдүү. Фехтованиеден барат.
Таласбаев Асылбек Джумабекович 1982-жылы туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү. Бокс боюнча барат. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
Мындан тышкары машыктыруучулардан Олимпиадалык курама команданын машыктыруучусу: Аноприев Геннадий Феодорович (бокс), Алыкулов Эмил Таштанови ч (грек-рим күрөшү), Аматов Савурджан Асанович (дзюдо), Конгантиев Куванычбек Камбаралиевич (дзюдо), Бокоев Бахтияр Макенович (жеңил атлетика), Петрашов Евгений Георгиевич (сууда сүзүү), Исмаилов Тахир Шагитович (ок атуу), Майназаров Усенкан Молдодосович (оор атлетика) жана Зелинин Геннадий Викторович (фехтования). барышат.
Бир катар жогорку кызматтагы адамдарды кошкондо баш-аягы 50 чакты адам барат.

Путин Пекинде МОКтун
президенти менен жолугушат
Россиянын премьер-министри Владимир Путин 8-9-августта эки күндүк визит менен Кытай жергесинде болот. Ал Олимпиаданын ачылыш аземине катышуу менен бирге эле МОКтун президенти Жак Рогге менен жолугушат. Жолугушууда Россиянын спортун өнүктүрүүдө жана 2014-жылкы Сочи оюндарына камылганын кандай болуп жатканы жөнүндөгү маселелер талкууланат.

Бокс
Чагаев өзүнө ишенет
WBA версиясы боюнча дүйнөнүн супер оор салмактагы чемпиону, өзбекcтандык Руслан Чагаев бутунан алган жаракаттан улам рингге чыкпай келатат. Бирок жакынкы арада рингге чыгаарына ишенет. 31-майда өзүнүн титулун сактап калыш үчүн россиялык боксер Николай Валуев менен беттешиш керек эле, бирок 14-апрелде вирус инфекциясы менен ооругандыктан 5-июлга чейин жылдырылган. Андан кийин 30-июнда Чагаев бутунан жаракат алып ал оюн да кийинкиге жылдырылган эле. Чемпиондук титулду сактап калыш үчүн 2009-жылдын 26-июнуна чейин Н.Валуев менен Д.Руистин жеңгени менен беттешиши керек. Ал экөөнүн беттешүүсү 2008-жылы 30-августта болот.

Заба Джуда чемпиондук титулунан ажырады
IBF версиясы боюнча орто салмактагылар арасындагы чемпиону Заба Джуда Ганиялык Джошуа Клоттиге жеңилип калып, чемпиондук титулунан ажырап калды. Оюндун 9-раундунда оң жак көзүнөн оор жарат алып, көзү көрбөй калгандыктан калыстар тарабынан оюн токтотулган. Клоттинин башы кокустан эле Джуданын көзүнө тийип катуу жарат алган. Ал эми калыстардын эсеби боюнча Клотти алдыда бара жаткан эле. Бул Клоттинин карьерасындагы 37 оюндан 35-жеңиши болуп саналат. Клотти эми WBA версиясы боюнча жакында эле Мигел Коттону утуп алган Антонио Маргарита менен беттешүүгө чыгат.

Тоунинин жеңишин тааныбай жатат
Калифорния штатынын спорттук комиссиясы жакында болуп өткөн Джеймс Тоуни менен Хасим Рахмандын ортосундагы оюндун жыйынтыгын туура эмес деп табышты. Буга себеп Рахмандын берген арызы болду. Оюндун жүрүшүндө Тоуни башы менен Рахманды көзгө сүзүп жиберген. Калыстар техникалык накаут менен Тоуни утту деп чечишкен эле. Эми бул эки боксердун оюну кайра өтөөр өтпөсү азырынча белгисиз.


Футбол
Аршавинди англиялык клуб сурады
Англиянын "Тоттенхем" футболдук командасы "Зениттин" оюнчусу Андрей Аршавинди сатып алууга ниеттенип жатканын билдирди. Бирок, канча сумма сунуш кылганы азырынча белгисиз. Ошону менен эле катар дагы бир версияны англиялыктар карманууда. Ага ылайык "Спартактын" оюнчусу Роман Повлючеко үчүн 15 млн. Фунт стерлинг сунуш кылган эле. Аршавин "Зенит" менен келишимин дагы 5 жылга узартарын бирок, Испаниянын "Барселона" командасы да ал үчүн 15 млн. Евро сунуш кылып жатканын жашырган жок.

"Локомотив" "Челсини" утуп алды
"Локомотив" "Челсини" пенальтиден 5-4 эсебинде утуп, РЖД кубогунда финалга чыкты. Оюндун негизги бөлүгү 1-1 менен аяктап, акырында 11 метрлик топ берилгенде "Локомотив" жеңишке жетишти.

Даярдаган Жумабай Дабын уулу









??.??