Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулар Ааламында

Жылдыздардын кош бойлуу кези
Эне болуу бактысы ар бир аялзатына буюрганы ырас, анын ичинде карапайым калкка аттын кашкасындай таанымал, узун элдин уучуна, кыска элдин кыйырына таанылган атактуу айымдар кош бойлуу кезинде кандай күн кечиришкени сизди кызыктырса төмөнкү макалага назар салып көрүңүз.

Анжелина Джоли кыйын абалга туш болгон экен көрсө…
Голливуд жылдызы, ай-чырайлуу актриса Анжелина Джоли боюнда бар экенин көп өтпөй эле ден соолугундагы өзгөрүүлөрдөн улам доктурга барып билген. Эмнегедир мындай кубанычтуу кабар актрисаны көп деле сүйүндүргөн эмес. Анткени анын жеке жашоосунан тышкары, карьерасында чоң пландары бар болчу. Бирок, чыгармачылыкка караганда жеке жашоосу басымдуулук кылгандыктан "эне болуу" бактысы менен күн кечирип келет.
Ден соолугу начар болгон үчүн балдарына үч ай болгондо эле доктурлардын көзөмөлүндө болуш үчүн ооруканага жаткан. Бул учурда анын жанында ар дайым жолдошу Бред Пит болгон. Ошентсе да актриса бир нече жолу эсин жоготуп, полго катуу жыгылып, башы бир топ чайпалган экен. Франциянын "Nice-Matin" гезити Анжелинаны сүрөткө түшүп бериш үчүн 11 000 000 доллар сунушташып, Джоли алардын сунушун кабыл алып андан түшкөн акчаны балдар үйүнө өткөрүп берген. Учурда Анжелина менен Бред эки эгиз кыздарынын жытына мас болуп, бактыга балкып турган кездери. "Эми актриса көпкө чейин карьерасынан четтейби?" деген суроого Джоли "Убакыттын теңинен көбүн балдарым менен өткөрөм" деген жооп кайтарган.



Бритнинин боюнда барбы же…
Ал эми көпчүлүктүн көңүлүн жүрүш-турушу менен өзүнө бурган ырчы кыз экинчи жолу боюнда бар экени бир тобун таң калтырган. Анткени биринчи уулу Шонго беш ай болуп жаңы тороло баштаганда эле кайра боюна бүткөн. Башында бул абалын кабарчылардан тургай, жакындарынан жашырып келген. Качан гана ичи билине баштаганда "шибегени капка ката албасын" түшүнгөн экен. Өкүнүчтүүсү аны ошол маалда туугандары, жакын достору жылуу мамиле жасашпай, тескерисинче түшүнбөстүк менен мамиле кылышкан. Анткени кош бойлуу кезинде (чын-төгүнүн ким билсин) "баңгизат колдонуп жүрөт" деген имиштер шамалдай тарайт. Мындай жагымсыз жагдай менен жагымсыз сөздөр ырчынын ден соолугуна бир топ терс таасирин тийгизип, депрессияга туш болот. Доктурлар Бритнинин абалына чындап тынчсызданышып аны эң мыкты бейтапканага жаткырышат. Ошондогу Бритнинин сөздөрү ушул күнгө чейин басма сөз беттеринен түшпөй келет. "Мага жашоомдун эң кыйын учурунда жакын адамдарым түшүнбөстүк менен мамиле жасаганы мени капалантат. Ошол учурда алардын жакшы мамилеси, жылуу сөзү мага табылгыс дары болчу"-дегени бар.
Ден соолугу бир аз калыбына келээри менен эң көп нускада чыккан журналдын редактору менен келишим түзүп, биринчи бетине сүрөткө түшүп берген. Редактор канча акча төлөп, ырчынын көңүлүн алганын сыр бойдон сактоону туура көргөн. Болгону ал тапкан акчасын дарысына короткон, ушундай азап менен жарык дүйнөгө алып келген балдарына да азыр толук ээ боло албай, күйөөсү менен ызы-чуунун үстүндө жүргөн убагы.

Дженнифер Лопес балдарынын аркасы менен атактуу болгусу келбейт
Көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан Дженнифер 38 жашка чыгып араң балалуу болуп отурганына өзү да ишенбей кетет. Боюнда бар экенин ал көпкө чейин жашырып келгенинин себебин балдарынын эсебинен өзүн пиар кылууну туура көрбөгөндүгү менен түшүндүрөт. Кош бойлуу ырчы айым жолдошу Марк Энтони менен жашап жаткан мезгили. Лопести дагы бир түйшүккө салган көрүнүш - боюнда бар кезинде аны кабарчылар менен чектен ашкан күйөрмандары болушунча жүдөтүп, бейтапканага жатканга чейин жеткиришкен. Эненин мындай абалы балдарына да терс таасирин тийгизбей койгон эмес. Ансыз да анемиядан жапа чеккен Дженнифер тогуз ай бою ооруканадан башы чыккан эмес. Журналисттердин ири суммадагы акчага сүрөткө түшүп берүү сунушун ырчы ойлонбостон ошол замат четке каккан. Бирок, ойлогон оюн ишке ашырмайын жаны тынбаган өлөрман журналисттер папарация жолу менен баары бир ырчыны сүрөткө тартып, аны гезит-журналдардын бетине чыгарышат. Алар менен соттошууну ырчы туура көрбөптүр. Эми ал "шоу-бизнестен алыстап, мындан аркы өмүрүмдү эгиз балдарым менен өткөзөм" деген маалыматты тараткан.

Макс Фадеевдин итиркейин ким келтирет?
"Новая волна" ("Жаңы толкун") сынагында калыстар тобунун курамын Максим Фадеев түзгөнү көпчүлүккө жаңылык болду. Максим өзүн да бир топко чейин ыңгайсыз сезип, калыстар тобуна аралаша албай убара болуптур. Анын ою боюнча "жеңишке татыктуу деле талапкер жок экен, болсо да саналуу гана" дейт продюсер. "Ал эми Кыргызстандан келген Омар аттуу жигитке мен жан дилим менен жардам бергенге даярмын. Анкени ал таланттуу, кооз үндүн ээси экен, болгону ошол талантты эле туура жол менен тартуулаш керек. Омардын сахнада сүрдөгөнү аны артка тартып турду, эми катышуучуларда бул боло турган көрүнүш да" - деп баа берет Фадеев. Болгону бул конкурста Италиядан келген жигит анын жинине тийген.

Мэг Райан 64 килограммга семирди
Чырайлуу актриса Мэг Райан "Новый парень моей мамы" аттуу тасмага тартылыш үчүн 64 килограммга семире турган болду. Анткени режиссер киного жогорку деңгээлде тартылыш үчүн түрдүү курмандыктарга барууга туура келет. Башында мындай сунуш үрөйүн учурганы менен чоң суммадагы гонорар аны азгырган. Мурда "Любовь зла" киносуна катышканда кийиминин ичине паролон салып үч саат убактысын коротчу, эми антип машакаттанып отурганга убактысы тар болгондуктан оңоюраак жолду тандаган.
Мэг Райан "алган гонорарымды арыктаганага жумшайт окшойм" деп тамашалап турган кези.

Алып баруучулардын тамашасы талашка айланып кала жаздады…
"Новая волна" сынагынын алып баруучулары сөз арасында кайра-кайра Латвиянын гимни менен шпротун тамашалап, кыпчып жаткандары латвиялыктарды чындап таарынтып, Латвиянын журналисттери алып баруучуларга нааразы экенин билдиришкен. Тамашадан талаш чыгып кетпесин деп чочулаган "Новая волнанын" режиссёру Александр Ревзин "Мен алып баруучулардын атынан бүткүл Латвиянын тургундарынан кечирим сурайм, бирок мен бул жерден таарына тургандай эч нерсе көргөн жокмун, болгону тамашаны туура кабыл алыш керек да" деп жагдайды оңдоп кеткен.

Пародист примадоннанын көзүнө чөп салдыбы?
Бул конкурс көпчүлүктүн эсинде көп убакытка чейин сакталат окшойт. Кеченин кадырлуу коноктору Максим Галкин менен Алла Пугачева кечки тамактануу учурунда Пугачева башы ооруп, өзүн жаман сезгендиктен өз бөлмөсүнө багыт алган, эмнегедир анын болочоктогу жубайы анын артынан барбастан, четте отурган жаш селкини кучактап, кечени көңүлдүү өткөргөн. Сыягы мындай көрүнүш атактуулардын арасында адатка айланып калган көрүнөт.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева








??.??