Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Шумдугуң кур

Өзгөчө баш кошуулар
Үйлөнүү той ар бир бактылуу жубайлардын эсинде түбөлүк сакталып, ал күндү эстегенде уурттарында күлкү пайда болуп, өзүлөрүнүн ченде жок бактылуу экенине ынанышат. Ошентсе да адамдын фантазиясына, ой-жүгүртүүсүнө чек коюуга такыр мүмкүн эмес. Төмөндөгү жубайлар өзүдөрүнүн үйлөнүү-үлпөт тоюн башкалардан өзгөчөлөнүп, өзгөчө жайларда өткөзгөндү туура көрүшүптүр. Бул бактылуу күн өздөрүнүн гана эмес өзгөлөрдүн да эсине өмүр бою сакталаары талашсыз.

Космосто өткөн үйлөнүү той
Эл аралык космостук станциянын жетекчиси Юрий Маленченко менен орус кызы бирок, америкада өсүп-чоңойгон Екатерина Дмитреевна экөө тоюн космосто өткөзүшкөн экен. Бирок, жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон Юрий ошол эле күнү кызматына чыгууга аргасыз болот. Жаштар "нике түнүн" бири-биринен 380 км аралыкта өткөзүшкөнгө туура келгендиктен, жолдошу Юрий жумушунда жүргөндө жерде жүргөн Екатерина картондон күйөөсүнүн келбетин (фигурасын) жасап алып журналисттерге маалымат берип жүргөн. Мындай үйлөнүү той баарына жагып, бир гана кыздын ата-энесин канааттандырбаптыр. Алардын ою боюнча мынча каражатты сарптабай эле жерден эл катары өткөзүүгө деле болот болчу. Ошентсе да алар күйөө баласы жерге келгенде кайра үйлөнүү тоюн өткөрүүнү талап кылышкан. Бул учурда сүйүүгө мас болгон Юрий космостон жубайына сүйүүсүн билдирип аны бакытка бөлөгөн.

Акулалар күбө болушуп…
Италиядагы баш кошкон бул жубайлар элде жок шумдукту башташып күбө катары 19 тирүү акуланы колдонушкан. Үлпөт кийимдери менен атайын алдын ала жасалган аквариумга түшүп, аны сууга коё беришкен. Албетте, аны суунун ичиндеги акулалар тегеректеп калышат. Мындай эрдикке ар бирөө эле батына бербейт окшойт. Анткени никесин окуган "молдо" алар менен суунун ичине кирүүдөн баш тартып, экөөнү жээкте туруп эле үйлөндүргөн. Молдо бардык жол-жоболорун жасап бүткөндөн кийин гана бактылуу эки жашты суудан алып чыгышкан.

Суунун ичинде да үйлөнсө болот тура
41 жаштагы Шарон Тандлер Лондондо жашаган миллионерша өзүнүн сүйгөнү 35 жаштагы Сэндиге үйлөндү. Эйлаттын тургуну Сэнди убактысынын көбүн суунун астында өткөрөт. Шарон Тандлер Сэнди менен таанышкандан тартып ат тезегеин кургатпай ага келе берип, аягында экөөнүн жөн гана катардагы тааныш мамилелери сүйүүгө айланат.
Андан нары экөө баш кошууну чечип, тоюн суунун астында өткөрүүнү каалашат. Алгач алардын туугандары чочулашса, экөөнүн тең мыкты сүзөөрүнө көзү жетишип, аларды жайына коюшкан. Колукту кадимкидей эле аппак көйнөкчөн сууга кирген, бирок алардын башын бириктиргенге сууда мыкты сүзгөн "молдону" табыш бир топ кыйынчылыктарды жаратып аягында Сэндинин кесиптеши молдо болбосо да экөөнү баш коштурган. Ал эми бул учурда тойго чакырылган коноктордун каалаганы суунун ичине сүзүп кирип, каалабаганы сыртта жээкте жарданып күтүп турушкан. Тойдун уландысы кургак жерде эле өтүп, тамактардын дээрлик баары жер-жемиштер болуп, балыктын этин кезиктирүүгө такыр мүмкүн болгон эмес. Анткени сууда дайыма жүргөн Сэнди үчүн балыктар, суу жандыктары анын эң жакын досторуна айланган экен.

Жылаңач үлпөт
Дал ушундай тойду Франциядагы жаш түгөйлөр тарыхта биринчи жолу өткөзүштү. Көлдүн жээгинде өткөн тойго колукту болгону ак туфли кийип, күйөөсү болсо гүл кармап гана келишкен. ЗАГСка барышса ал жердеги адамдар "чечинбейбиз, эмне кылсаңар ошо кылгыла" деген талаптарын коюшкан. Бирок айтпаганынан кайтпаган эки өжөр болбой, суранып жатышып аларды макул кылдырышкан. Экөөнүн майрамын бузбайлы деген ниетте ал жердегилер макул болуп майка-турсичен аларды үйлөндүрүүгө көнгөн. Ал эми чакырылган коноктор жөнүндө сөз кыла турган болсок, алар чечинишпептир. Алар өтө көп болгондуктан чечингиле деп суранганга жубайлар батынган эмес окшойт.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева









??.??