Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тайгүлүк

Жашоомду кайрадан баштагым келет...
"Ичтеги дарт сансыз санаага салып эч бир айыкпайт " деген сөз кынтыксыз туура белем. Алдымда олтурган кыздын кунарсыз иреңи, жашоого кайдыгер караган нурсуз көздөрүнөн, өтүп жаткан бүгүнкү жана эртеңки жашоонун кызыкчылыгы деле жок экени бир караган адамга дароо байкалат. Тагдырдын тайыз ойдуңунда турмуш жолунан тажаган бул кыздын мындан жети ай илгери жашоосу кадимки жай турмушта эле. Бирок, бүгүнкү күнү...

Нанымды өзүм таап жегим келчү
- Эмнегедир жаш кезимден эле өз оокатымды таап жегенди жакшы көрчүмүн. Мүмкүн атамдын жалакайлыгы мага чоң таасир калтырган чыгаар. Бирок, мен эмгекчил болуунун амалын таппай жүрдүм, - дейт Жамал оор улутунуп.
Ооба, Жамал үйбүлөсүндө улуу кыз болгондуктан өзү теңдүү кыздар сыяктуу ата-энесине акча таап берүүнү максат кылчу. Бирок, иштөөнүн, акча табуунун оор азабы, капсалаң кайгысы болоорун билбеген эле.
Жамал өзү теңдүү дос кызы Сайкал менен жумушту телефондон табышкан эле. Эмнегедир алгач Көлдөн калаага сүйлөшүлгөн кызматына келгенде эле тигүү цехинин иши кызуу жүрүп, жаңы ишке көнүшүп кетишет. Жамал кайрадан санаа тартып ойго чөгүп кетти.

Кыйын кезең
Көзүн үлүрөйтө кайра сөзүн баштады.
Ошентип иштегенибизге үч ай өттү. Бизди иштеткен кожойке акыркы айдын акчасын төлөп берүүнү создуктуруп жүрүп акыры цехи таптакыр токтоп калгандан көп өтпөй арендасын төлөп, жумушчуларга акча бербей кетип калыптыр. Айлабыз кеткенде Сайкал экөөбүз башыбызды катырып бош олтуруп калдык. "Какаганга муштаган" дейт беле, ошол күнү кечинде батир ээси да акча сурап келди. Ар кайсыны айтып жалдырасак, акыркы жолу беш күн күтөөрүн айтып кетти. Күн сайын цехтин кожойкеси Чолпон эжени издеп таппай жүрүп саналуу күн да өттү. Курбум экөөбүз акча таппаганыбыздан батир ээси кууп чыгарып салды. Биз тарткан азапты душманыма да каалабайм. Өзүбүз ачка, жатагыбыз же жумушубуз жок, Ош базарына чукул жаштар паркына төрт күн түнөдүк. Ач кадырын ток билбейт эмеспи, самандай саргайган бизге баары шылдыңдашкандай туюлат. Мен жашоодо өзүн алсыз сезген адамды жек көрчүмүн. Атамдын табиятынан бош жаралганын эстеп кара курсак үчүн "Беш сары" соода борборунун маңдайында жайгашкан павильонго жаңы эле алган паспортумду коюп нан алып жедик. Мышык ыйлагыдай абалыбызга боор оорудубу, ал жерде олтурган улгайган эже карызыбыз көбөйүп баратса да нанга кошуп өзүнө алып келген тамактан берип жүрдү.

"Эчкинин" ар бир
айтканына ишенип...
Сайкал экөөбүз жумушсуз жүргөнүбүз көпкө созулган жок. 9-классты бүтүрүп куу турмуштун айынан жаштайынан иштеп Караколдогу ата-энесин акча менен камсыздаган "Эчки" (айылдаштар ушинтип койчубуз, өз аты Элмира) менен жолугуп калдык. Бир кездеги жердеш кыз бизге бир туугандай эле сезилди. Биздин абалыбызга көзүнөн жаш чыкканча каткырып күлдү. Мостойгон курбум экөөбүз Элмира токтогончо карап тура бердик. Бир оокумда:
- Жумуш да кеппи, бүгүн эле, - деп биз мурун-соңу көрбөгөн шаардын четинде жайгашкан эки кабаттуу имараттын жертөлөөсүндө жайгашкан "Барга" ээрчитип барды. Ал жер кечкисин иштегендиктен бизди кожоюн менен тааныштырып, ошол күндөн тарта иштей баштадык. Кечки саат 8 ден тарта түнкү 2-3 төргө чейин иштегендиктен алгач бутубуз тартууга жарабай калганына да кайыл болуп иштеп жүрдүк. Жашаганга жатагыбыз жок болгонунан Элмиранын үйүндө жашачубуз. Ал бизге чоңдук кылганын алгач байкасам да байкамаксан болчумун. Алгачкы эмгек акым колума тийгенде карызымдан кутулуп, ашканын Караколдогу ата-энеме жөнөттүм. Ошондогу апамдын ыраазы болгон үнү азыр да кулагыма жаңырат. Бирок, бул акчанын артында кызын кандай шор күтүп тураарын сезди бекен...

Катуу кыйкырсам да үнүм чыкпай
Күндөгүдөй түн бир оокумунда үйгө келдик. Биз барганда Элмира өзүнөн бир топ улуу кишилер менен көңүл ачып олтуруптур. Эмнегедир кооптонгонумдан ашканага кирип бычак алып башыма жаздап, кечке тынбай иштегендиктен жаздыкка башым тиери менен уктап кетипмин.
Саргарган ээн талаада жүрөм. Менден бир топ ыраакта атам жүрөт. Карасам жөө эмесмин. Жайдак жолборстой илгир кара ат минип алыпмын. Аптаптан кургаган чөптөр такырайган жерди аралаган атамдын таман алдында бир сомдуктар менен беш сомдуктар да жатат. Акчадан көзүм каткан жаным, алыста турсам да илгиртпей көрүп, атама:
- Тигине бут алдыңыздагы акчаларды алыңыз. Алдыңызда да, - деп кыйкырып жатам. Ал улам айланчыктап термелейт. Бир оокумда атам мага катуу кыйкырды:
- "Киши, бирөөлөр өлтүрүп кетиптир! Атыңдын оозун төмөнгө буруп бирөө жарым болсо чакыр!" Жүрөгүм лакылдап чыкты. Алкынган жолборстой кара ат алып-учуп баратат. Улам катуу кыйкырам да, үнүм чыкпай буулугам. Ага болбой улам ылдыйлаган сайын күчөнөм. Оттой көздүү жолборс ат мага окторулганда катуу кыйкырсам үнүм ачылып кетти. Турсам чабалактап терге түшүптүрмүн. Жанымда көйнөгүнүн топчуларын чечип жаткан кара киши олтурат. Түшүп калган кашка тишин көрсөтө, эпсиз ээрдин ача жалжайып жылмайды. Мага карай жакындап келе жатканынан жаздык алдындагы аш бычакты кандайча тигиге сокконумду билбей калдым. Опол тоодой салабаттуу киши ачуу кыйкырып алды. Заматта опур-топурга түшүп, тиги кишиден сызылып аккан кан көбөйгөндөн көбөйө баштады. Шарактагандардын мастыгы да таркап эмне кылаар айла таппай, селдейе катып турушат...

Бул окуяны ата-энем билбейт
Окуянын чоо жайын кийин курбумдан билдим. Көрсө, курбум экөөбүздүн үстүбүздөн акча алган Эчки бизди сатып жиберген экен. Муну кунарсыз калдыраган темир тордун ным жыттанган абасында айласыз уктум. Сайкал экинчи айда өзү менен кошо толук, кара тору мен бычак сайган кишини ээрчитип келди. Алгач муундарым калчылдап коркконум менен кыжырым келе түштү. "Эңгезер тирүү жүрсө, мен эмнеге?" Көзүмө жашым тегерене түштү... Бактымбы же шорумбу ал киши менден кечирим сурап, абактан бошотуп чыкты. Анын атын кийин билдим. Керимкул байке 3 уулдун атасы экен. Айтымында эч нерседен кем эмес, баары жетиштүү. Курбум экөөбүз кийин башка кафеге иш котордук. Артымдан калбаган кырктын кырын ашкан Керимкул байкенин ыксыз сунушу мени тажатып ийди. Анын жоругуна өзүм да түшүнбөйм, менин айымдан үйбүлөсүн таштап, ажырашып тынды. Атамдан улуу киши менен турмуш куруу менин жан дүйнөмө туура келбегенинен анын сунушунан баш тарттым. Кечээ ал байкенин алкынган жубайы келип, абийримди кетирип жулмалап кетти... Уялганымдан ишке да баргым келбейт. А ата сакалы эчак оозуна бүткөн Керимкул артымдан түшкөнү түшкөн. Азыр башым туңгуюкталып, эмне кылаарымды билбей турам. Кайрадан, жашоомду башка багыттан баштагым келет, бирок кантип, эмне кылуум керек?... - деп сөзүн аяктады санаага баткан кыз.



Жаңы сынак
SMS-форум
Урматтуу sms ээлери! Сиздер үчүн жаңы "SMS-форум" сынагын ачтык. Келгиле, бир теманын айланасында маектешип көрөлү. Биз берген суроого кимде-ким маанилүү, кызыктуу жооп бере турган болсо ал жеңишке жетишип редакция тарабынан 100 бирдик "падеркени" чөнтөк телефонуңардын номуруна "жүктөп" коёбуз . Андыктан чамдагыла!
Суроо: Бакыт деген эмне?

SMS-форум
Сүйүү деген эмне?
SF-27-11. 0772419530 абоненти жеңүүчү деп табылды

SF-27-01. Сүйүүнүн аягы жок, сүйүүнү айтып да, жазып да бүтө алышкан эмес. Сүйүү бул - жүрөктүн кулу же тескерисинче жүрөк сүйүүнүн кулу. Адамдагы эң таза, эң ыйык делген жүрөктү ээлеп алган сүйүүнүн жолу узун. Сүйүү бул жүрөктү сыздаткан оору. Сүйүүгө байлыктын да, бийликтин да кереги жок. Сүйүү бул адамды жакшы да, жаман да болууга түртөт. Сүйүү бул - бирде муздак, бирде ысык, бирде катуу, бирде назик, бирде ыйлатат, бирде кубантат. Сүйүүнүн жолу узун, ал жолду басып өтөм деген адам алоолонгон отко күйүп, сууга чөгүп, жүрөгү сыздап жүрүп жолду басып өтөт. Бирок, ошол жолдун аягына чыга албай, кыйынчылыктарга туруштук бере албай адашкандар өмүр бою сүйүүнүн улуулугун айтышат. Нурзат

SF-27-02. Менин саламым жалпы жаштарга. Бар болгула, бактылуу болгула. Баарыңар өз сүйгөнүңөргө жеткиле. Сүйүү бул - эң тунук, эң назик, эң кымбат аруу сезим. Көңүл миңди сүйөт, жүрөк бирди сүйөт дегендей адам баласына сүйүү бир жолу келет. +790454683х
SF-27-03. Сүйүү - деген бул роман. Биз жаштарбыз ал романды кураган. Канттан Макуся.
SF-27-04. Сүйүүнү сүйө билсе сыры терең, баш бербейт атак-даңкка сүйүү деген. Санирабига 07724975х

SF-27-05. Сүйгөн кызым кандай болду экен? Жан дүйнөм менен издеп келем. Түбөлүк сүйсөм деген Ринат

SF-27-06. Менин саламым жалпы жаштарга. Бар болгула, бактылуу болгула. Өз сүйгөнүңөргө жеткиле. Сүйүү бул - эң тунук, эң назик, аруу кымбат сезим. Көңүл миңди, жүрөк бирди сүйөт дегендей адам баласына сүйүү бир жолу келет.

SF-27-07. Салам достор, бул жалган дүйнөдө чын сүйүү барбы? Мээрима 05431057х

SF-27-08. Сүйүүнү көз менен көрүп, кол менен кармай албайсың. Сүйгөнүңдү эмнеге сүйдүң, эмнесине ашык болдуң, аны билбейсиң. Баарын жүрөк сезет. Мага бул сөздөрдү сүйгөнүм Азиз айткан. Гүлмира 07773031х

SF-27-09. Сүйүү өлөт. Турмуштун улуу трагедиясы адамдардын эмес, алардын сүйүүсүнүн өлүп калганында. Таластан Надя

SF-27-10. Сүйүү деген ар адамга табылат, Бирок адам байкоосуздан жаңылат. Мына ошентип кайран гана жаш өмүр, Пар келишпес адамына жолугат. Сүйүү бул көз жетпеген мунара. Сүйүү үчүн далай адам убара. Эгер сүйсөң сүйөмүн деп ачык айт, Сүйгөнүңдү бекер кылба убара. Сүйүүсү жок эч бир адам жашай албайт. Мен бардык адамзатына сүйүү каалайм. Диля-Дика 05504131х

SF-27-11. Сүйүү бул-согуш сыяктуу мезгилсиз башталып кетет. Ар дайым эстеп турасың, бирок эч качан унута албайсың. Гүлшан 07724195х

SF-27-12. Сүйүү бул - чанда кездешүүчү сезим жана ал түбөлүктүү. 07735224х

SF-27-12. Сүйүү деген бул-жашоонун таттуу чагы. Сүйгөндө бардык көйгөйлөрдү унутасың Жан-Наргиз

SF-27-13. Сүйүү - бул рак. 07778289х

SF-27-14. Сүйүү - деген кандай гана көңүлдүү, сүйбөй адам өткөрөбү өмүрдү? Сүйүп жүрүп сүйбөгөнгө туш болсо, ойлоп көрчү ошол дагы өмүрбү? Мемо

SF-27-15. Сүйүү бул - сөз менен айтып бүткүс ыйык сезим, өзүм бул сезимдин тузагына илинбегендиктен эч нерсе айта албайм. Жеңиш кроша

SF-27-16. Сүйүү бул - үстүндө шоколад, астында адамды кыйнаган бир дары, аны жегенден кийин адам эч качан сүйбөйм деп айтса да, эч качан айтканын аткара албайт, эмнеге дегенде сүйүүсүз жашоо жок. 05554037х

SF-27-17. Сүйүү бул - айыкпаган оору. Сүйүүнүн түрү көп. Атамекенге, ата-энеге, кыз-жигиттин ортосундагы сүйүүгө жазган ырым: Сүйүүнүн кадырын билген да бар, сүйүгө жеткен да бар, жетпеген да бар. Түбөлүгүн ойлобой сүйүп алып, сүйүүнүн азабын чеккен да бар. 05554733х

SF-27-18. Сүйүүнүн айтып бүткүс арманы бар, сүйгөн да сүйбөгөн да арман кылаар. Сүйүүдөн жанын кыйып кээ адамдар, сүйүүдөн жаш болушкан аксакалдар. Кызбурак

SF-27-19. Сүйүү -деген эки жаштын ортосундагы тунук, өчпөс аруу болгон сезим. Гүлнара

SF-27-20. Сүйүү болсо, ажырашуу болбосо, сүйгөн жигит түбөлүгүн ойлосо. Сүйүп жүрүп акырына келгенде, кош эми деп колун шилтеп койбосо. Мөлмөл

SF-27-21. Сүйүүнүн азыркы учурдагы мааниси: Сүйсөң бирди сүй, жүрөгүңө бекем түй. Сүйбөсөң ар кимди алдабай бойдок жүр. 07772891х

SF-27-22. Сүйүү деген качан гана жүрөгүң эңсеген жүрөгүн тапканда, бирине - бири жылуу мамиледе болгондо, башка дүйнөгө келип калгандай өзүнчө сүйүү пайда болот. Анан калса кыз менен жигиттин башы биригип, түбөлүккө чогуу өмүр сүрүшөт. Диля-Дика 07727383х

SF-27-23. Сүйүш оңой, сүйдүрүш кыйын. Ар качан бактымды издеп келем башкадан. Сени сүйгөн мен күнөөлүү эмесмин. Сен күнөөлүү мени сүйбөгөн. Сүйүү -бул айыкпас дарт. Мээрим 07777308х

SF-27-24. Сүйүү бул - эки адамдын ортосундагы ыйык сезим. Сүйүү бар үчүн биз жашап келебиз. 07738974х

SF-27-25. Сүйүү бул - ата-эненин мээриминен ажыратуучу жана инсанга абадай керек сезим. Сүйүү бул - жигит менен кызды байлап туруучу түйүн. Сүйгөн адам акылы жок баладай. Сүйүү асманда учкан куштай 07738211х

SF-27-26. Сүйүүнү таттуу дешет - балы барбы? Сүйүүнүн күчтүү дешет алы барбы? Кокустан сүйүү менен ооруп калса, сүйүүнү дарылоочу дары барбы? Мираида 07772891х

SF-27-27. Сүйүү бул - дүйнөнүн бейиш багы, сүйүү бул - азап.

SF-27-28. Сүйүү бул - асмандагы мунара, ага жетпей канча жаштар убара. Айгүл

SF-27-29. Сүйүү жолу - түйүнү көп табышмак, жүрөк сыздап, көздүн жашын агызмак. Колуң жетсе туу сайгандай кубанып, терс караса саргаясың жер муштап. Зайка 07771302х

SF-27-30. Сүйүү бул - сен жей турган нан эмес, сүйүү-деген көктө турган тал эмес. Сүйүү - деген атмосфера агымы, сүйүү- деген эки жүрөк тамыры. 07771899х

SF-27-31. Сүйүү бул - балким күйүп турган от, балким бул достук же болбосо эң бир шириндик. Ким билсин, балким ал кыз жигитти отко, чокко тартуучу нерсе же ширин түш. Сүйүү оорубу, жүрөктү жаралаган? Көбүнчө сүйүү өзүнө билинбей келет, достуктан пайда болот. Эмне болгондо да сүйүүнү сөз менен түшүндүрүп айтууга болбойт. Ал бир гана жүрөктөгү сыр. 07731030х

SF-27-32. Балы барбы сүйүүнүн таттуу дешет, даамы барбы сүйүүнүн таттуу дешет. Сүйүүдөн кызыгы таркаган соң, кыз жокпу сага башка ташта дешет. Жылдыз

SF-27-33. Эх, сүйүү дейсиңер да. Сүйүү деген эмне өзү? Айбы, Күнбү? Же тоодой балээден кутулуш үчүн Айга окшош Күн экен деп туралыбы? Анткени, сүйүүнүн бүгүнкүсү, эртеңкиси, эки жаштын ортосундагы жакшы көрүү сезими, биз ойлогондой болбой, баш оорутмасы алгебралык интегралдан, космостук кубулуштан, биологиялык сүзүлүштөрдөн алда канча татаал сезим болуп жүрбөсүн? Авазбек 07735441х

SF-27-34. Күчтөп алып өң-келбеттен аздырып, сагынычты тээ түпкүргө жашырып. Мите курттай чап жармашып сөөгүмө, мүлжүйт окшойт сүйүү- деген азгырык. Сүйүү - деген гүлдөп турган махабат, сүйүү деген ар адамга чок салат. Эгер алар чын сүйүүсүн сактаса, ошол гана сүйгөнүңө жете алат. Мемо

SF-27-35. Сүйүү бул- он сегиз миң ааламды арбап, жиби жок байлап, багындырган сыйкырдуу күч. 05431348х

SF-27-36. Сүйүү өзү төрт тыйын / Сүйүп калса үч тыйын / Сүйгөндөн кийин эки тыйын / Таштап койсо бир тыйын. Динара

SF-27-37. Дүйнөдө эмне жаман, сүйүү жаман, махабаттын отуна күйгөн жаман. Экөө бирин-бири сүйүп туруп, экөө эки жакта жүргөн жаман. 07735224х










??.??