Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

"Ак жол" "Алгадан" кем калбайт
"Ак жол" фракциясы 2010-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди кайрадан мамлекет башчылыгына сүрөөрүн Жогорку Кеңештеги "Акжол" фракциясынын депутаты Санжар Кадыралиев Ошто шайлоочулар менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Президент Бакиев башкарган үч жылда өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Азыркы ар тараптуу реформалар дагы болочокто жакшы натыйжаларды берээринен үмүттөндүрөт.
Айрымдар "Мыйзамчы Кадыралиев Шайлоо Кодексин одоно түрдө бузду. Эл арасында Бакиевдин пайдасына мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөндүгү үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан баа берилүүгө тийиш" деп эсептешет.

Элдик эсепти эстегендер бар экен
Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаган-дай,мамлекеттин тышкы карызын жоюу үчүн ачылган Элдик эсепке 230 млн 481миң 77 сом жана 3 миң 350 АКШ доллар түштү. Ал эми бүгүнкү күнгө карата мамлекеттин тышкы карызы 2 162 млн долларды түзөт. Тышкы бересени элдин колдоосу менен жабуу максатында 2007-жылы 24-майда өкмөттүн токтому менен Элдик эсеп ачылган. Эсепке түшкөн каражат мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Байкоочу кеңеши тарабынан көзөмөлгө алынат. Элдин эсебинен тышкы карыздан кутулуу амалдары буга чейин Түштүк Корея сыяктуу бир катар мамлекеттерде колдонулган эле.

Кадырбековду камактан бошотобуз
И.Кадырбековду камактан бошотуу боюнча демилгелүү топ Акыйкатчыга дагы бир ирет кайрылды. Буга чейин президентке жана Акыйкатчыга И.Кадырбековду камактан бошотуу тууралуу кайрылууга эч кандай жооп болгон эмес. Ал эми демилгелүү топтун башчысы Асыл Жаманованын өзүнө мыйзам бузбоо жөнүндө Нарын райондук прокуратурасы 28-июлда эскертүү берген. А. Жаманова мындай кысымдардан улам Кадырбековду колдоо акциясы токтоп калбастыгын белгиледи. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, ал 25-майда камакка алынган болчу.

Оштук милицияга машине белек
Ош облустук администрациясынын аянтында "Ак жол" партиясынын өкүлдөрү Нургазы Айдаров менен Санжар Кадыралиевдин катышуусунда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Ош облусундагы милиция кызматкерлерине 29 автоунаа жана 10 мотоциклдин ачкычын тапшырды. Ал эми Конгантиев өз сөзүндө бул берилген белектерди президент Курманбек Бакиев туулган күнүнө карата оштук милиция кызматкерлерине тартуулаганын белгиледи.

Америкалык лоббисттерге Алатоодо эмне бар?
Кыргызстанга америкалык лоббисттер келерин "Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, АКШдан келген лоббисттер "Ата Мекен" партиясынын, "Акыйкат үчүн" кыймылынын айрым мүчөлөрү,бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Анда өлкөдөгү жалпы саясый кырдаал, оппозициянын ролу тууралуу кеп болот.

Темир жолчулардын майрамы
Темир жолчулардын кесиптик майрамы ар жыл сайын август айынын биринчи жекшембисинде 1994-жылдан тартып белгиленип келет. Кыргызстанда темир жолдун жалпы узундугу 424 км.ге чукул. Республикада алгачкы поезд каттамы Луговой- Пишпек участкасы менен 1924 -жылы 8-августтан тарта жүрө баштаган. Кыргыз Темир Жолу өлкөнү Казакстан, Өзбекстан жана Орусия менен байланыштырып турат. Учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан маршруту боюнча темир жолду куруунун долбоору даярдалууда.

Такырбаштардын талабы эмне?
Быйыл Орусиядагы такырбаштардын колунан кыргызстандык он атуул каза тапкан. Маалыматка караганда Орусияда ушул күндө 60 миң скинхеддер бар. Алардын кол салуусунан 73 адам каза болуп, 200гө чукул адам жабыркаган. Үстүбүздөгү жылы Орусиядагы скинхеддердин колунан өзбек улутундагы 17 адам, кыргызстандык он адам, тажикистандык 6, азербайжандык алты адам каза болгон.

Көлгө жаңыча өтө башташты
Балыкчыдагы экологиялык постто 1-августтан тартып акы төлөөнүн жаңы түрү киргизилди. Ал мурда берилген чектерди алмаштырып, айрылып алынуучу экологиялык талон түрүндө берилет. Ысыккөлгө кирүү үчүн акы төлөө суммасы чет өлкөлүк жарандар үчүн мурдагыдай 500 сом, Кыргызстандын жарандары үчүн 50 сом өлчөмүндө кала берет. Видео байкоо жүргүзүү үчүн орнотулган камералары мурдагыдай эле иштей бермекчи.
Ысыккөл биосфера аймагынын директорунун орунбасары Эралы Жаркынбаевдин айтымында, акы төлөөнүн бул түрү туристтерге жана меймандарга Ысыккөлдө болуунун жакшы шарттарын түзүү үчүн киргизилген. Талондун экинчи бөлүгү Ысыккөлгө келгендерде калат.




  Дүйнө дүбүрт

СПИД дүйнөнү коркутууда
Баш -аягы 22 миңдей окумуштуу, саясатчы, адистер катышуучу жыйын 8-августка чейин созулат. Аны утурлай Мексиканын борбору Мехикодо ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандарды дискриминациялоого каршы миңдеген активисттер катышкан демонстрация өттү. Көбүнчө ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөөчү дары -дармектер кеңири тарай баштагандан улам 2007-жылдан дүйнөдө СПИДге байланышкан илдеттерден каза тапкандардын саны азаюуда.

Хамид Карзай Индияга барды
Делиде Ооган президенти Хамид Карзай менен Индиянын премьер- министри Манмохан Сингхтын жолугушуусу өтөөрү күтүлүүдө. Хамид Карзай Индияга иш сапары менен бул өлкөнүн Кабулдагы элчилигиндегы жардыруудан бир нече апта гана өткөн соң келди. Анда 58 адам каза тапкан эле. Ооганстан менен Индия бул жардыруунун артында турганы үчүн Пакистандын чалгын кызматтарын айыпташкан. Пакистандын демөөрчүлүгү астындагы кыянатчылыктарды токтотууга Индия да, Ооганстан да кызыкдар жана бул жолугушууда талкууланмакчы башкы маселе болот. Индияга келээр алдында Хамид Карзай Пакистандын премьер- министри Юсуф Раза Гилани менен да кездешти. Маалыматтарга караганда, алар согушкерлердин чек арадан ары-бери өтүп кол салуусун токтотуу боюнча аракеттерин координациялоону макулдашты.

АКШ Иранга карата санкцияларды күчөтүүсүн БУУдан сурады
Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Ричард Гренеллдин кечеги билдирүүсүнө караганда, Иран өкмөтү эл аралык коомчулуктун уран байытууну токтотуу жөнүндөгү талабын аткарбашы анык болуп калды. Мындай шартта Коопсуздук кеңешинде санкцияларды күчөтүүдөн башка арга жок. Америкалык расмий өкүлдүн мындай билдирүүсү Иран талаштуу өзөктүк программасынан баш тартуусу үчүн дүйнөнүн алты ири өлкөсү: АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусиянын сунуштар топтомуна жооп берүүсү үчүн берилген бейрасмий мөөнөт аяктаган соң айтылды.

А.Солженицын дүйнөдөн кайтты
Москвада 90 жаш курагында орусиялык дүйнөгө таанымал жазуучу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Александр Солженицын дүйнөдөн кайтты. Маалыматтарга караганда, ал жүрөк оорусунан каза тапты. Александр Солженицын көптөгөн романдар менен повесттердин, көркөм чыгармалардын автору. Алардын эң белгилүүлөрүнүн бири - Cталиндик лагерлер тууралуу чындыкты баяндаган "Архипелаг Гулаг" чыгармасы. Дал ушул эмгеги үчүн ал 1974 -жылы СССРдин жарандыгынан кол жууп, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон. Адабият боюнча Нобель сыйлыгына мунун алдында 1970- жылы арзыган эле. Орусияга Солженицын кайра 1994-жылы кайтып келген болчу. Орус президенти Дмитрий Медведев жазуучунун үйбүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

Түштүк Азия өлкөлөрүнүн саммити болду
Жыйынтык билдирүүдө сегиз өлкөнүн лидерлери кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулаганы айтылат. Саммиттин катышуучулары ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды да акылдашты. Глобалдык кризис жана табигый кырсыктар учурунда керек боло турган азык-түлүк кампасын түзүү жөнүндө планы иштелип чыкты.

"Аль-Каиданын" белдүү адиси каза болду
"Аль-Кайида" террордук уюму өзүнүн химиялык жана биологиялык куралдар боюнча адиси Абу Хабаб ал-Масрининин өлгөнүн ырастады. Бул жөнүндө "Ал-Кайида" уюмунун Ооганстандагы лидери Мустафа Абу ал Йазиддин жарыялаган билдирүүсүндө айтылат. Бирок бул билдирүүнүн маалыматын көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.
Пакистандык бийликтин айтымында, ал-Масри жакында Түштүк Вазиристанда ракеталык сокку учурунда набыт болгон. АКШ болсо ал-Масри үчүн 5 миллион доллар акчалай сыйлык убада кылган.

Даярдаган Калыбай СУЛТАНГАЗЫ









??.??





??.??