Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаргылчак

"Ошондо жакшы
болобу?" деген ыр
таптакыр тантыкпы?

Канат Култаев, продюсер:
- Ар бир ырчынын аткарып жүргөн ыры өз баласындай болуп калат. Анан кантип бул ыр жакпайт деп айтабыз. Бул ыр негизинен жаштарга арналган, тамашалуу, "хулиган" жигиттин ыры. Муну Бахрам Азимов алып келип "ырдабайсыңарбы?" деп сунуш киргизген. Менимче көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табуу дагы өзгөчө күчтү талап кылат.

Ошондо жакшы болобу?
Сөзү, обону: Бахрам Азимовдуку
Мына бүгүн сени көргөнү келдим
Сүйөрүңдү мени билгени келдим
Бирге жаныңда мен жүргөнү келдим
Ошондо жакшы болобу?

Келчи жаным мени көңүлүңө алчы
Жүрөгүмө сүйүү отун салчы
Бул кечеде мени менен бирге калчы
Ошондо жакшы болобу?

Жаным мага жагасың
Жарык болуп жанасың
Жалындаган көздөрүңдөн ананайын
Сенин секет белесиң кучагыма келесиң
Ошондо жакшы болобу?

Кучагымда нурумду бир өзүңө берейин
Кумарланып сага да бир келейин
Кудуңдаган мен жүрөк сырын чечейин
Ошондо жакшы болобу?

Эмнегедир бир өзүңө мен карадым
Эмнеге сенин сулуулугуң бааладым
Эрикпечи жаным бирге басалы
Ошондо жакшы болобу?


Рамис
Рыскулов, Кыргыз эл акыны:
- Менин оюмча мындай ырчылардын атагы Токмоктон ашпайт. Анткени, алардын жазган ырлары адамга дем-күч бербейт, көп ырлары маанисиз. Акындар менен иштешсе жакшы жыйынтык чыгат эле.

Юрий Бобков, ырчы:
- Мирбек Атабеков таланттуу жигит, аны чоң жолго мен түрткөм десем болот. "Поющий город" сынагында ырдап жүргөндө, калыстар тобунун курамында болчумун. Ошондо ал жигиттин таланты бар, өсө турган ырчылардан экенине көзүм жеткен. Бирок анын "Ошондо жакшы болобу?" деген ырын укпаптырмын. Ошентсе да азыркы жаштардын көз карашы, табити өзгөрүп кетпедиби. Ар бир ырчы ыр жаратаарда аудиториянын талабын эске алышы керек.

Замир Казакбаев, "Белес"
радиосунун продюсери:
- "Ошондо жакшы болобу?" деген ырдын музыкасы аябай жакшы чыккан. Негизинен айта тарган болсок, обондуу ырлар экиге бөлүнөт. Биринчи тайпага сөзү обонуна төп келген ырларды кошсок болот. Аларды укканда берилүү менен жазылган сөзүнө таң берсең, экинчи тайпага обону аябай жакшы, бирок сөзүндө маңыз жок чыгармалар кирет. Менимче, Мирбек Атабековдун аталган ыры экинчи бөлүккө кошулат. Бул ырды аткаруучу жеткире аткаргандыктан хит болуп жатат. Бирок сөзү аксап калган. Мындай ырлардын сөзүнө анча маани бербей, жакшы деп баалап, бийлеп жүргөн жаштар арабызда толтура. Элдин табитине жаккандан кийин биз эмне дейбиз, обону ушунчалык жакшы болгондуктан сөзүнүн маанисине көз жумуп койгонго туура келет.

Шахра Талипова, ырчы:
- Азыркы жаш ырчылардын ырларын деле укпайм. Өздөрүн деле тааныбайм. Ошентсе да акындар, композиторлор менен иштешиш керек да. Азыркылар болсо обонун дагы өзү, сөзүн деле өзү жазып алып ырдап чыгып жатышат. Андай болбойт да, качан гана залкар акындар менен иштешип, сөзүнө шайкеш обон жаратканда гана ал ыр элдин жүрөгүнөн түнөк табат.

Кадыралы Артыков,
обончу, аткаруучу:
- Мисалы, мага Мирбек Атабековдун репертуарындагы ырлар жагат. Башка ырчылардын ырларына салыштырмалуу анын ырларынын деңгээли бир аз жогору деп ойлойм. Музыкант катары, угарман катары мен бул ырчыга жакшы деген баа берет элем.

Асылбек Өзүбеков, актёр,
обончу:
- "Ошондо жакшы болобу?" деген ырдын негизи обону жакшы. Мага жагат. Элдин көңүлүнө кандайдыр бир дем, жарык маанайды тартуулап, чөгүп турган көңүлдү көтөрө ала турган кайрыктары бар.
А сөзү болсо таптакыр тантып кеткен. "Жаным мага жагасың, жарык болуп жанасың, ошондо жакшы болобу?" деген эмне деген сөз. Ошондо жанында турган бийкечи "Жок, жаман болот, сен мага жакпайсың, көзүмө көрүнбөй жоголчу" десе эмне кылмак. Акындар менен кеңешип обонуна сөзү жараша турган кылып иштеп чыкса, ошондо сонун болмок.

Элмира Абдыкалыкова,
студент:
- "Жаным мага жагасың, жарык болуп жанасың. Жалындаган көздөрүңдөн ананайын, сенин секет белесиң, кучагыма келесиң, ошондо жакшы болобу?" деген кайырмасын карабайсызбы, же уйкаштыгы же мазмуну же мааниси жок. Ушул ырды укканымда уялганымдан бетим чымырап кетет. Уккум да келбейт. Кийинки жаштар сахнанын кадыр-баркын түшүрүп жатат. Ыр угуп ырахат алгандын ордуна кадимкидей чарчап, башың зыңылдап кетет. Билбейм ай, кыргыз музыкасынын кыраандары Рыспай Абдыкадыров, Токон Эшпаев, Чубак Сатаев, Мыскал Өмүркановадай таланттар эми чыкпай калды го…

Даярдагандар
Нурзат Жусупова,
Анара Дүйшөналиева










??.??