Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Адабият айдыңы

Ырысбай Исаков, манасчы, акын:
"Ыр ышкымдын сандыгы, ырыскымдын бардыгы"
БОЙДОК СЫРЫ
"Качан эми үйлөнөсүң?"-деп сурайт,
Калса достор кокус жолдон кезигип.
Канжар тилет жүрөгүмө ушул сөз,
Карып калдың деген өңдүү сезилип.

Үйлөн дешет үйдөгүлөр эртерээк,
"Үйлөндүңбү?" деп сурашат баардыгы.
Мерез мезгил мерчеминен алыстап,
Менин эмне жашым өтүп калдыбы?..

А болбосо, айдай жүздүү селкилер,
Айткылачы, бойдок жүрсөм эмне экен?
Аял албай, такыр жүргөн үйлөнбөй,
Ааламдагы жалгыз бойдок мен бекем?

Эгер силер акыл калчап билсеңер,
Эгем деле аялы жок жүрбөйбү.
Бойдоксуң деп мага айтылган сөзүңөр,
Бойдок жүргөн Теңириме тийбейби?..

Абай салып уккулачы, селкилер,
Айта турган сезимде бир ой жүрөт.
Башкасы эмес Кудай деле мен сындуу,
Баарыңарды сүйгөн үчүн бой жүрөт.

Ооба ушундай, Кудай сындуу мен дагы,
Бириңди эмес, баарыңарды ойлопмун.
Бажырайган көзүңөрдү кыялбай,
Баарыңарды сүйгөн үчүн бойдокмун.




- Ырысбай байке, биз сизди манасчы катары тааныйбыз. Манас айтып калганыңыздын себеби эмнеде?
- Бул өзү айтып түшүндүрүүгө татаал нерсе. Кээде өзүмдү-өзүм түшүнбөй калган учурлар болот. "Манасчылыкка качан, кантип аралаштың?"- деген суроолорго жооп бералбай көп кыйналам. Себеби, манастын обонун кантип өздөштүрүп алганым эсимде жок. Илгертеден Манастын жок дегенде эки сабын ар бир адам айтып келген. Каныбызга сиңип калган десем да болот. Бала кезде досторубуз менен "сен Коңурбай, мен Манас" деп ойногонубуз да эсимде. Биринчиден, чөйрөм шарт түздү го деп ойлойм. Экинчиден чоң энем ыр - күүгө, жомокко, дастандарга жакын киши болчу. Уламыштарды көп айтып берчү. Эпос-дастандарды обону менен окутуп, өзү кайра угуп олтурчу. Аларды жаттай албай ыйлап, мага кошулуп энем ыйлаган учурлар болгон. Ал кезде мен 7 жашта элем. Кийин эс тарта баштаганда дене - боюмда, акыл оюмда башкача нерселер боло баштады. Катардагы жөнөкөй адамдардай болгум келип жүрдү. Себеби, аябай кыйналып жүрүп, Манас дүйнөсүнө аралаша баштадым. Бул нерсени моюндап айта баштагандан кийин оорудан да, кыйналуудан да кутулуп, ишим оңоло баштады.
Эң алгач Манас айтып "Ала-Тоо жазы" фестивалына катышкам.
- Манасчылык боюнча өз өнөрлөрүн аркалаган жаш муун жөнүндө айтсаңыз?
- Кудайга шүгүр. Уучубуз кур эмес, уңгулуу, уюткулуу эл экенбиз. Айтып калышат го "Түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн бери күчөгөн, түптүү кыргыз тукуму өлгөн сайын өөрчүгөн, өкүнгөн сайын бекиген" өжөр эл экенбиз дегендей. Саякбайдан кийин манасчы чыкпайт деген өңдүү кептер тарады эле. Көңүл бурса, ошол нерсеге маани берсе чыгат экен. Бир кездерде манасчылардын агымы токтоп калгандай сезилген. Азыркы мезгилде келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш муун келатат.
- Ыр жазып, акындардын катарын да толуктап келесиз. Өзүңүздү акын катары тааныйсызбы же манасчыбы?
- Ыр жазууга болгон ышкы, далалат манасчылыкка кеткен жолдун алгачкы сапары. Бардык эле акын манасчы болуп кеталбайт. Ал эми манасчы сөзсүз түрдө акын болуш керек. Антпесе ошончо сапты кайдан табат. Ыр ышкымдын сандыгы, ырыскымдын бардыгы деген сөзүм бар. Андыктан, мен ыр жандуу болуп калганыма сыймыктанам.
- Ырларыңыз өзүңүздүн турмушуңуздан алынабы?
- Сөзсүз түрдө турмуштан алынат. Албетте, баардыгы менин тагдырым дегенге болбойт. Бирок жакындардын тагдыры же айланадагы адамдардын дегендей. Кээ бир учурда сураныч менен жазылган ырлар болуп калат. Орусча айтканда "заказ" менен жазылган ырларга көпчүлүк акындар арданат. Мен заказ менен ыр чыгарбайм дешип. Ошол эле мезгилде "гимн" жаз, сынак болот" десе жүгүрөбүз. Ыр жазуу бардык кыргыздын колунан келет. Бирок, аны башкача өңүттө, салыштыруунун өзгөчө түрлөрү менен адабиятка жакындаштырып өзүнүн эрежеси менен жазыш керек.
- Үйбүлө баарынан ыйык деп келебиз. Жубайыңыз менен кандайча таанышып калдыңыз эле. Канча балаңыз бар?
- Негизи айтып калышат го, чыгармачыл адамдар өздөрүн өздөрү түшүнүшпөйт, анан башкалар түшүнмөк беле дегендей менин чыгармачылык дараметимди түшүнгөн жарым бар. Өмүрлүк жубайым менен Манас фондунан таанышкам. Анын 5-класста окуган иниси Манас айтат. Ошол инисин жетелеп келип жүргөн кезинде тор жайып, кайырмакка илип алгам. Азыр Асман деген бир уулум бар. Тогуз ай болуп калган кези. Казан-аяк кагышкан күндөр деле болот. Бирок бири-бирибизди түшүнүп, бактылуу жашаганга аракет кылабыз.
- Бакытты кандай түшүнөсүз?
- Бакыттын өзү Академия сыяктуу нерсе. Эң негизгиси биринчи кезекте үйбүлөлүк бакытты эсептейт элем. Экинчиден чыгармачыл мээнетиңдин үзүрү кайтып, жемиштүү болуп турса, ошол бакыт. Жасаган эмгегиңдин үзүрүн көрүп турсаң бакыттын даамын сезесиң.
- Чыгармачыл чөйрөдөн сырткары, реалдуу жашообуз бар эмеспи. Үйбүлөңүздү кантип багасыз?
- Туура. "Өлгүчө бүтпөйт тирилик, өлгөндөр келбейт тирилип" дегендей эшикке чыксаң эле кара курсактын камын көрүп, көр тириликтин көйгөйү алка-жакадан алып, желкелеп турат. Базар экономикасы өнөр адамдарына кыйындыкты алып келди. Алардын өнөрүнөн башка колунан эч нерсе келбейт. Арабызда болот экен айрымдары соодага аралашып алып кеткендери да жок эмес. Ал эми менин жеке бизнесим болбосо да түгөнбөй турган манасчылык өнөрүм бар. Башка өлкөлөрдөн туристтер, меймандар келип калганда же болбосо аш-тойлордо чакырып калышат. Ошол учурларда берген тыйындарын алам, мынча бер деп соодалашпайм.
- Жашоодо сизди кубандырган жана өкүндүргөн нерселер эмне?
- Мени кубандырган нерсе жашоонун өзү. Тирүүлүктүн баркын сезе билсе, ар бир күн майрам. Эгер анын баркын сезбей көңүлдү бир нерсе өйүп турса, өтүгүнө таш баткандай сезилет. Заманыбыздын, пейилибиздин бузулуп баратканы өкүндүрөт. Бейиштей болгон төр да жетишпей, өз өлкөбүздө кедей жашап жатканыбызга кейип келем.
- Кызыктуу маек куруп бергениңизге чоң рахмат!

Маектешкен
Айнура Султанова




(Башталышы
өткөн сандарда)
Жашоодон бекер үмүт үзүпмүн. Көзү жок жашоонун да өзүнчө кызыгы болоорун ким билиптир. Ыраазымын, Бөрүбай. - Ал эрин чын ниетинен алкайт.
Бөрүбай көл жээгине түштө келет. Кечинде да келет. Күздө жана бороон улуган кышта да чоорун артып көл жээгинен чыкпайт. Эгерде уйкусу келбеген бала жанынан чыкпаса, ал боз үйдүн жанында туруп алып чоордо ойной баштайт. Баары бир чоор үнү жылан энеге жетет. Чоордун касиети ушунда - ал үйүндө болуп жаткан кыймыл-аракеттин баарын көрө алат, баарын тыңдап билет, көңүл жайланып, ансайын жашоого болгон кумары таркабайт. Өзгөчө уулунун тили чыккан кезин айтып, анын сүйлөгөнүн, күлкүсүн, кыял-жоругун чоордон укканда бүтүндөй жан дүйнөсү козголуп, көңүлү көкөлөйт. Өмүрдүн кооздугуна, жашоонун сонундугуна таң калат. Кайрадан жүрөгү кубанычка толуп, адам өмүрү чексиз, жашоосу татаал турбайбы деп таңгалат. Мындан башка бакыттын мага кереги жок деп жараткандан тилейт. Өзүн үйбүлөсү менен кошо аралаша жашап жаткандай көрөт. Бүт тулкусу жылан экенин унутуп да коёт. Келген сайын эрине акылын, кеп-кеңешин айткандан не бир тажасачы. Ал баласын өңүнөн тааныйт. Кирпик-кашына чейин көрүп турганына сүйүнөт. Чоор үнүнүн сыйкырына ал таң калганын такыр койгон. Мына ушинтип арадан жети-сегиз жыл өтүптүр. Жашоо Бөрүбай үчүн да кызык, жалгызсыроо деген анда жок. Мурдагыдай капалануу дегенди билбей баласын сүйөт, ансайын жүрөгү толкуйт, ага жалынат. Айткандай "апам кайда?" деп алгач сураганда Бөрүбай аны ээрчитип барып жалгыз бейитти көрсөткөн болчу. Ага ишенген бала атасын ээрчий жалгыз бейитке барып келсе энесин көргөндөй, аны менен жолуккандай кадыресе каниет алып калаар эле.
Бир жолу атасы жумуштап кеткенде энесин эстеп куса болгон бала жалгыз бейитке келди. Бала көк чым баскан молонун этегинде муңга батып мулуюп, башы салаңдайт. Ошо кезде добуш чыгат. Бала башын көтөрсө бет алдында көзү кылыйган Бакалбай чал. Бала аны чала таанычу. Ызаат кылган ал ордунан тура калып, аксакал кишиге салам айтты:
- Ия, жубарымбек, эмне кылып отурасың?-деп зекиди чал.
- Энемдин бейитине келдим, ата?
- Эмне дейт? Кайсы энеңдин?
- Өз энемди айтам, ата! Ал ушу жерге көмүлгөн,-деп бала муңайса, чал карс-карс күлдү.
- А бечара, бул жерде мындан отуз жыл мурда өлгөн Көчөрдүн кызынын сөөгү жатат.
- Анда менин энемдики кайда?
- Сенин энең тирүү. Аны өлдү деп ким айтты сага?
Сүйүнүп кеткен бала ордунан тура калат.
- Менин энем тирүүбү? Билсеңиз айтыңыз, ата! Ал кайда?
- Байкушум, аны тапканда сага пайдасы кайсы? Сен жыландан туулагансың!
Жүзү куулуп: бирде мостоюп, бирде күлүп турган бул саргыч чалга ачуусу келген бала башын чайкады:
- Калп айтпаңыз. Жыландан адам төрөлбөйт. Мен сизге такыр ишенбейм.
- Ишенбесең барып көр. Көл жактан атаңдын чоорунун үнү чыкканда жылан энең көлдөн чыгып келип, атаң менен адамча сүйлөшө баштайт. Экөө кадимки эрди -катындай сүйлөшүшөт. Мына ошондо накта ишенесиң. Бирок тил алсаң барбай эле кой. Эне сөрөйдүн түрүн көрүп эсиң чыгат. Анын үстүнө байкуштун эки көзү жок. Дагы эле ишенбеген бала сурайт:
- Аны сиз кайдан билесиз? Эмне үчүн энемдин көзү жок?
Чал болгон окуяны түшүндүрүп келип, муну айткан экен:
- Сен жубарымбек, ошентип жаштайыңдан энеңдин эки көзүн жутуп алгансың. Эми ишенбесең барып энеңди көрө бер. Тигине, атаң чоордо ойной баштады.
Ошо жерден бала көл тарапты көздөй ыйлаган бойдон чуркап жүрүп отурат. Көл четинде чоор угуп, эри менен сүйлөшүп отурган жылан эне уулунун үнүн укканда эрине бир кыйкырып, көлдүн тереңин көздөй качып жөнөгөн дейт.
- Мен айткан жокмун. Менин оозуман чыккан жок - деп карганган Бөрүбай уулунун жолун торой чуркайт. Бала атасынын буйтап өтүп, көлгө боюн таштайт да, куйрук башы араң көрүнгөн жыланды көздөй "энекелеп" сүзүп бара берет.
Балага тоскоол болчу эч кандай күчтүн жоктугун сезген атасы анын артынан жөнөйт. Атасынын ач кыйкырыгына бала көңүл буруп да койбойт. Атасы ого бетер үн салат:
- Аманат, Аманат, токто! Каралдым, көлгө чөгөсүң!
"Көлгө чөгөсүң" деген сөздөн улам жылан эне артка кайрылат да, чын эле көлгө чөгүп өлбөсүн деген кыязда ал баланын жолун торой артка карай сүзүп келе берет.
Эки көзү жок, караманча сокур алты кулач ак жыланга жеткенде бала эч бир коркуп жана үркүп койбостон энесинин башынан кучактай берип:
- Энеке, энеке! - деп солуктап ыйлагандан башка сөз сүйлөй албаптыр.
Жылан дагы баласына алты оронуп, анын демине, жытына чыдабай муундары бошогон байкуш эчкирип-өксөп ыйлаган тура. Чындаса, сокур көздөн жаш чыгат деген макал бар. Бирок жыландын көзүнөн жаш ордуна кан чыгыптыр. Эне-балага жетип атасы да кошо ыйлай баштайт. Ал эми ошондо баланын көзүнөн аккан мөлтүр жаш, шор жаш жыландын сокур көзүнө тамат. Кызыгың түшкүр, жаш тамган сайын жылан эненин көзү ачылып, ага көз бүтүп, ал бир заматта суйкайган сулуу аялга айланган турбайбы. Кучакташа калышып, бирде күлө,бирде өбүшүп, бактыга тунган үч адам көлдөн чыгып келатканда күн күлүп жиберет. Дүйнө, чар-тарап ого бетер кооз боло түшөт. Ошо кездеги эне, бала жана ата үчөөнүн бири-бирине төгүлгөн мээримин сүрөттөөгө сөз жетпес, балдарым…
Анан эмне болду?- деп сурабайсыңарбы?
Ооба, ал аңгыча каткыра күлүшкөн үч адам жээкке жете бергенде Бакалбай чалдын үнү аларды селт эттирди:
- Бактыңар кут болсун, Адам атанын тукумдары! -Кексе чал үчөөнү сынагандай тиктеп, деги бир кебелбейт. Куттуктоого ишенбеген Бөрүбай аны баамдай карады.










??.??





??.??