Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Клип таржымалы

25 жаш
Азыркы учурда шоу-бизнесте Чынгыз Мырзаев деген ысым эл оозуна алынып, көпчүлүктүн назарын өзүнө буруп турган чагы. Бүгүн сиздерге Чынгыздын аткаруусундагы "25 жаш" ырынын клиби тууралуу баяндап беребиз.

25 жаш
Сөзү, обону: Бек Борбиевдики
Күлүк аттай таптадым качпагын,
Изиң менден жашырып катпагын.
25 жаш сен үйүмдүн коногу
Кенен олтур саат карап шашпагын.

25, 25 сүйүү багы бышкан кез,
Сезим гүлдөп сересине чыккан кез.
Ысык кез, оттой кез,
Темир ийчү чоктой кез,
Тагдыр ташың өйдө кулап турган кез

Убактың тар билем аны мен дагы,
Убайладым сездиң аны сен дагы.
Ар мүнөттү тек өткөрбөй жан курбум,
Сырдашалы, ырдашалы кел дагы.

25 жаш алыстадың, узадың,
Жылтыр аккан булагыңа суусадым.
Жылдыздарды жүрсөң керек аралап,
А мен калдым арасында кусанын.




Чынгыз үчүн жазылган "25 жаш"
Ар бир муундун өз угуучусу, күйөрмандары болот эмеспи. Жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган бул ырдын жаралыш тарыхы да өзгөчө экен. Белгилүү обончу, эстрада ырчысы Бек Борбиевдин "Айтылгыс арман" ырын Чынгыз ырдап чыкканы баарыбызга маалым. Радиолордон Бек ырын угуп, өзүнө жакканын айтып, дагы бир ыр жазып берээрин убадалаган. Мындай күтүлбөгөн сунушту уккандан кийин Чынгыз абдан сүйүнгөнүн жашырган жок. Себеби, "Айтылгыс армандын" авторго жакканы жана дагы бир жаңы ырдын сунушталышы Чынгыз үчүн күтүлбөгөн ийгилик болгон. Анын үстүнө улуу муундардын купулуна толуш да кыйын эмеспи. Алгач сүйүү темасындагы жаңы ырын жана "25 жашты" тартуулаган. Ырчы ойлонбостон 25жашты тандап алган. Себеби учурда Чынгыздын жашы 25 те жана мындай чыгарма буга чейин жарала электигин, башка ырлардан өзгөчүлүгү менен жакканын айткан. Ошол убакта бул ыр бүтпөсө да, кийин толукталып, Ильяз Абдыразаковго аранжировкасын эки вариантта жаздырышып, биринчисин тандап алышкан. Ошентип сөзү, обону Бек Борбиевге таандык өзүнүн оюндагы ырга жеткен Чынгыз бул ырды элдин таразасына коюп ырдап жүргөн убагы.

Өмүр курагын издеп
бараткан жигит
Элге ырды толук жеткириш үчүн клиптин тартылышы да өзгөчө орунда тураарын билдик. Клиптин сценарийи ар кандай варианттар менен 2-3 күндө бышып, тартуу идеясын Бекбол жана Мырза аттуу режиссёрлор колго алышкан.
"Жалгыз дарак токой болбойт" дегендей Чынгызды колдогон достору, аяш инилери, тааныш эже-байкелери жана өзүнүн карындашы Эркинай роль аткарышса, кыздын ролун Аида аттуу аяшы ойногон. Жалпысынан клипке 25 ке жакын адам катышкан.
Негизинен клиптин өзөгү поездде тартылып, ар бир купеде ар кандай курактагы адамдардын үйбүлөсү камтылган. Башкача айтканда, Чынгыз улам эшикти ачкан сайын ар бир учурдун бактылуу көз ирмемдери чагылдырылган. Биринде сүйүшкөн жаштар, экинчисинде наристесин көтөргөн жаш үйбүлө, кийинкисинде бала-бакырасы менен энелер дегендей. Ал эми темир жолду өмүр менен салыштырып, убакыттын өтүшүн жана жигиттин өмүр курагын издеп баратканын айткылары келген.
Поезддеги учур менен бирге ат минген Чынгыздын укурук тартып баратканы, жакшы көргөн кызы менен жолугушуп машинада жол жүргөн учурлары жана атканада ырдап жаткан жерлери чагылдырылган. Ал эми жылкылар Чынгыздын жакын байкеси болуп калган Баатырдыкы. Укурук тартып канчалык атка жетейин десе да, убакытты кармай албайбыз деген сыяктуу өтүп жаткан өмүрдүн кайра кайтып келбестигин клиптен көрсөтүп беришкенге аракет кылышкан. Колдонулган машина Бек Борбиевдин досу Нурдиндики болгон. Достору "Ч 2525М" деген номерди жасап, артына тагышып, алдына "Чынгыз" деген атты илишкен.
Ошентип бир көргөн адамга жакшы ой калтырган клип төрт күндө тартылып бүткөн. Айта кетчү нерсе режиссёр клип менен ийгиликтерди да белгилеп кеткенин байкасак болот.

Эки күн ичи ооруган Чынгыз
Сьемка дегенде эле кызыктуу жана өзгөчө окуялар айтылып келгенин билебиз. Бул клипте да өзүнө тиешелүү эсте калган учурлар көп болуптур. Поэздеги адамдардын көптүгүнөн, ичинин тардыгынан кыйналган Чынгыз аябай тердеп, кайра-кайра тартууга туура келген. Жүргүнчүлөр Чынгыздын клибине тартылчу атайын каармандар болгондуктан поэздге кирүү үчүн уруксат алыш кыйынга турган.
Орто жеринде ат минип укурук тартып баратканда оператор Бекболду укурук менен кармап алып, ат сүйрөп кете жаздаган. Жөн жерден укурук жеген Бекболду көрүп аябай күлүшкөн экен.
Атты көптөн бери минбегенгеби, айтор клип тартылып бүткөндөн кийин эки күн Чынгыздын ичи ооруган. Мурунку клиптерде ырдаган учурларына кооз жерлер тандалып, тартылса, бул ирет аткананы пайдаланышкан. Сулуу аттарды коюш керек болуп, жылкылардын ордулары алмашылган учурда фонограмманы канчалык бийик чоңойтушса да, аттардын кишенеп, кыйкырган ызы-чуусунан ыр угулбай тартуучуларга кыйын болгон. Ошол кыйкырыктан пайдаланып клиптин орто жерине аттын кишенегенин кошуп коюшкан. Клип учурунда дисктерин унутуп калышып, убара тарткан учурлары да болбой койгон жок. Биз билбеген белгисиз окуяларды камтып отуруп, элдин кызыгуусун арттырган клипти жаратып чыгышкан.
Кандай гана болбосун бул клип көптөгөн изденүү менен тартылганын айта кетпесек болбойт.
P.S. Кийинки санда "Клип таржымалы" рубрикасына Асеманын "Асем кыз" клиби тууралуу айтып бермекчибиз. Биз менен бирге болуңуз.

Даярдаган Айнура Султанова










??.??