Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Базар жана сен

Көрүнөө жана көмүскөдөгү соода жолдор...
Жайдын үп тарткан аптабы менен адамдын негизги дене-жүзү тердөөдөн улам ар кандай микроб, чаңдардын курчоосунда жүрүп бетте ар кандай сепкил,тактардын көбөйүүсү башталат. Мындай реакцияда бет жарылып, батташкан чаңдардан кара тактар же кызарган шишиктер пайда болот. Аны айыктырууда ар кандай бет майды сүйкөөнүн же денедеги пайда болгон аллергияны жашырууда арзан кийимдер менен денени бекитүүнүн зарылдыгы жок. Анткени, кээ бир косметикалар бетке түрдүү зыян алып келсе, сапатсыз кийимдер денени тердетип, жагымсыз жытты күчөтүүсү ыктымал. Андыктан алгачкы сөзүбүз ушул маселенин тегерегинде болмокчу.

Күндө турган бет майлар
Баасы арзан болгондуктанбы, Кытайдан келген түрдүү бет майлардын кардарлары көп. Адегенде эле биз "Жунхай" соода борборунда иретсиз коробкаларга төгүп саткандардын бирине кайрылдык. Негизинен жер жайната мешоктоп төгүп саткандар Кытай улутундагы жана алардын кол алдында иштеген кыргыз улан-кыздары болуп чыкты. Биз кызыккан косметикалардын сыртында "Салкын жерде сактаңыз" дегенин эске алып, мээ кайнаткан аптапта турган бетмайлардын мөөнөтү жазылган сырткы кабыгы тууралуу сурадык. Бирок, өтүнүчүбүз алгач орундалбай жатты. Качан гана "Ош базарынан" келген кардарлар оптом алып жатканда косметиканын сапаты тууралуу толук билдик. Ысыкта чаң басып турган бет майларга мөөнөтү такталган жаңы кабыктарын өзүнчө мешоктордон алып чыгып, кардарларга сатаар алдында гана кийирип коюшат экен. Мындай аптапта турган агартуучу бет майдын кандайча таасирдүүлүгүн өзүңүз деле баамдап көрсөңүз болот.
Өз көзүбүз менен көрүп, күбө болгон байкоодон кийин "Ош базарына" сапар алдык. Мында сырты жалтырак, ичи калтырак дегенди оңой эле байкоого болот. Ичин ачып көсөңүз сырты эмес ичинин батташкан чаң экенине ынанасыз. Жогоруда сөз кылып көз көргөн косметикалар, кооз коробкалар менен капталып коюлгандыктан кардарлар мындайга анчейин деле маани беришпей алып кете беришет тура.

Сандан сапатка
Капчыгы калың сапаттуу бет май издегендер баш оорутуп базар аралап олтурбай эле дүкөндөр же атайын офистерден катологдор аркылуу керектүү жайкы аптаптан коргой турган бет май же ар кандай косметикаларды тандап ала алышат. Мүмкүн алардыкы да туура, сапатсыз бет майдан азап чегүүдөн көрө , татыктуу бет майлар жайкы аптаптан ишенимдүүлүгү менен өзгөчө эмеспи. Мыкты сапаттагы боёктор сапаттуулугу жана таасирдүүлүгү менен айырмаланат. Мындан сырткары буюмдар кардарлар талабын орундатуу үчүн жумасына бир ирет 40 пайыздан 50-60 пайызга чейин арзандатылып турат.

Арзандын
тузу татыбайт
Андан ары түрдүү формадагы жайкы кийимдерге байкоо салып көрдүк. Сатуучулардан сурамжыласак, "Дордой" жана "Ош" базарындагы кийимдердин басымдуу бөлүгү чакан менчик цехтерде кыргыз кыз-келиндеринин колунан өтүп, сапатына эмес санына басым жасалаарын айтышты. Бул жайнаган кийимдер Кытайдын кездемелеринен эндей алынып, Түркиядан келген кийимдердин үлгүсү колдонулуп, мастерлердин колунан бычылат. Албетте, андан кийин үйрөнчүк кыз- келиндердин колунан даярдалып сатыкка чыгарылат. Ошондонбу, кийимдерди жакшылап байкап көрсөңүз, тигиштеринен сөгүлүп калганын байкоо кыйынга деле турбайт. Мындан сырткары базарды толуктап турган сырты жалтырак Кытайдан алынып келинген кооз кофталар жана өзүбүздөн чыккан кийимдер Түркия, Ирандын этикеткалары чапталганын көрүп аргасыз жылмаясың. Учурда мастерлер арасында кызуу атаандаштык бар. Алар Түркиянын жаңы үлгүлөрүн өздөштүрүп экинчи бир мастердин уурдап алуусунан абайлап турат. Кыргыз кыз-келиндеринин мындай атаандаштыгы азыр күчүндө.

Сапаттуу
кийимдердин
өзгөчөлүгү...
Мээ кайнаткан ысыкта салкын, суукта жылуу болгон кийимдер, Түркиянын кездемелеринен даярдалган кийимдер деген сөздөн улам, "Бета Сторес" деп аталган түрк соода борборунун директорунун орун басары Чолпон Жунусованы кепке тарттык.
- Айтсаңыз эже, Түркиядан даярдалган фирмалык кийимдер эмнеси менен баалуу?
- Муну ар бир экинчи адал баркына жетип, баамдап биле бербесе керек. Албетте, сапаттуулугу, бекемдиги анан этке жугумдуулугу менен жөнөкөй кийимдерден айырмаланат.
- Карапайым элдин баары эле сапаттуу кийимдерди алууга каражаты жете бербейт эмеспи, айына же сезонунда сиздерде да кардарлардын талабы эске алынып арзандатылабы?
- Сөзсүз, жумасына бир жолу ар бир кийимдин түрлөрү кезеги менен арзандатылып турат. Муну биз менен байма-бай катышып турган ар бир экинчи кардар жакшы билет. Мен ойлойм, сапатсыз арзан үч-төрт Кытайдын кийиминин наркына сапаттуу кийимдин бирөөсүн сатып алууга кантип болбосун.




Биз айтып өткөн базардын көз көрүнөө жүргүзүлгөн талабы. Ал эми учурда адам баласы эмнелерди гана жасабайт. Айрыкча жашоо оордоп бараткан сайын турмуштун түрдүү амалдарын таап, базардын жашыруун сырларын билип жашагандар күн санап арабызда арбып баратат. Бүгүнкү күндө жарыбаган акчага баш оорутпай бизнестин жолун башка өңүттө кеңейткендер жөнүндө да байкоо салганбыз.

Көз көрүнөө балдарын тарттырып жиберет
Борбордо тымызын түрдө жаш ымыркайларды сатуу фактылары болууда. Алгач жаш кыздарга иш таап бермекчи болгондордун бал тилине киргендер сыртынан торго чалынгандарын билбей чет өлкөдө эмес, өз мекенинде түрдүү кыйынчылык-азаптарды башынан өткөрүшөт. Алар биринчи келгенде идиш жуугуч же ашканада кардар тейлөөчү болуп кызматка киргизилип күнүнө иш болсо, болбосо да 300 сомдон 500 сомго чейин айлык менен камсыздалышат. Мындай келишимдин башында кожоюн келген кыздардын паспортун алдын ала алып коюуга үлгүрөт. Арадан апта өткөрбөй кыздар ашкана ишин эмес, эркектердин кумарын кандырууга мажбурланып бул кызматтан баш тартканга же артка чегинүүгө жол жок экенин ачык айтышып, көнбөгөндөрүн катуу коркутушат. Кандай жумушта иштеп жатышканын аргасыз моюндарына алган кыздар ата-энесине кандай ыкма менен акча жөнөтүшкөнүн жашырууга аргасыз болушат экен. Сойкулук күнүн кечирип иштегендердин арасында кош бойлуулар да көп учурайт. Алар үчүн атайын бөлмөлөр уюштурулуп көз жаруу мөөнөтүнө чейин эч ким тоскоол болбогондой мамиле жасашат. Кыздарга ар тараптан катуу көзөмөл жүргүзүлгөндүктөн качып кетүүгө ыңгай таба албай жүргөндөрү көп. Бирок, кыздардын айлык акысы кээ бир кызматкердин айлык акысынан жогору. Тагыраак айтканда, 9000 миң сомдон 15000миң сомго чейин чектелет экен.

Кирешенин негизги
булагы
Жаш эне көз жаргандан жума өтпөй наристесинен бөлүнүп, ымыркай кожоюндун көзөмөлүндө текшерүүдөн өткөрүлөт. Бардык жагынан такталган соң көз көрүнөө сатылып, энесине акчанын үчтөн бир пайызы берилип, калган акча кожоюндун акча булагын толуктайт. Мына ушундан кийин жаш эне кыздарга кошулуп, кабагына каар жаап турса да эртеңки күнүн улантууга аргасыз.
Жабырлануучулардын көпчүлүгү жаш кыздар болгондуктан мындай коркунучтуу адамдарды ачыкка чыгармак түгүл атын атоодон коркушуп, жазага тарттырууга макул болушпайт. Мындай абал турмуштун оордугунанбы же адамдардын ыйманы бузулуп бараткандыгынын белгисиненби айтор, наристелерди кадимки товар катары жашыруун сатуу республикабыздын башка аймактарын айтпаганда да, борбор калаабыз Бишкекте ачыкка чыкпаганы менен көмүскөдөгүсү кулачын кенен жайып баратат. Демейде мындай уюктар күндүзү жай турмуш, шаардын быкы-чыкысы менен өз соодасын жүргүзүп жаткандай көрүнөт. Соодасы дегенибиз, кимдир бирөөлөр үчүн кол алдында иштеген жаш кыздардын ымыркайларын сатуу, акча табуунун өтө кирешелүү жолу экен. Башкача айтканда ошол наристелерди саткан кожойкеден тарта, күкүк эне, ошол тегеректи күзөтүмүш эткен милиция кызматкерлери, ал тургай айдоочуларга чейин бири куулук, экинчиси зордук, дагы бирөөлөрү өз эмгеги менен акча, нанын табышат.
Ооба, бул жүзү чүмбөттөлгөн, дүйнөнүн түбүнө жетпеген шылуундар жөнүндө көп эле айтылды, жазылды. Тилекке каршы, мындайлардын жоругу оң жагына чечилбей эле көмүскөдө калып келгендиги жан кейитет.
Даярдаган
Чынара Абдраева










??.??