Сенин гезитиң!
№27, 05.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ар түркүн

Белек берүүнү билесизби?
Ар бир адам бул жарыкчылыкта жакынына, жакшы санаалашына, досуна, кесиптешине болобу, айтор жакшы тилектер менен кошо көңүлүнөн чыккан белегин берип келет. Бирок, ар бирибиз эле белекти өз жол-жобосу менен туура бергенди билбесек керек. Эгер сиз белек берүүгө камынып жатсаңыз төмөнкү жөнөкөй эрежелерге көңүл буруп көрүңүз.

- Белек ал адамдын кемчилдигин эске албагандай болуш керек, мисалы, дары-дармек, арыктатуучу каражаттар же болбосо какачты кетирүүчү шампундарды берүүгө болбосун эске алыңыз. Себеби ал белегиңиз анын көңүлүн көтөрбөй эле, тескерисинче ал адам сиздин алдыңызда басынып, өзүн пас сезет.
- Эгер сиз кийим, атыр, зергер буюмдарын адамдын тибитин жакшы тааныган учурда гана белекке берсеңиз болот. Мисалы, ал күңүрт түстөгү кийимдерди жактырса, сиз ачык түстөгү кийим алып барып алдыңыз дейли, сиз алып барган буюм ага көп жага бербеши толук мүмкүн.
- Дагы бир эске алуучу маанилүү жагдай белектин канчалык кымбаттыгында, тактап айтканда сиз бере турган белек өтө кымбат, өтө арзан болбостон орточо баада болгону абзел, себеби сиз өтө баалуу белек алып барсаңыз белегиңизди алган адам сиздин алдыңызда өзүн милдеттүү сезип, сизге карыз болгондой сезимге кабылат. Ошондуктан анын да, өзүңүздүн да алыңызга ченеп ышкырганыңыз оң болоорун эске алыңыз.
Ошол эле учурда белекти алууну да билүү керек. Татынакай кутучага оролгон белекти сизге сунганда аны четке жылдырып койбостон дароо ачып көрүп, ыраазычылыгыңызды билдирсеңиз бул көрүнүш сиздин маданияттуулугуңуздан кабар берет.
- Эгер кимдир-бирөө менен чатакташып калсаңыз, күнөөңүздү дароо эле белек бере коюп, жуушту чечпеңиз. Адегенде кечирим сурап, түшүнүшүп алган соң гана белек жайын ойлонуштурганыңыз оң.
- Эгер кандайдыр бир жакын адамыңызга такай, ар кайсы даталарга арнап белек берип жүргөн болсоңуз анын баарын бириктирип бир чоң белекке айландырууга болбойт, андан көрө майда болсо дагы өз учурунда берип турсаңыз, ал сиздин ага ар дайым көңүл буруп тураарыңызды түшүндүрөт. "Сүйгөнүңө бүткүл гүлдү чогултуп бир гүлдесте кылып бергиче, күнүгө бир гүлдөн берип турганың жакшы" деген араб макалын эске алсаңыз болот.
Даярдаган
А Дүйшөналиева




  Пайдалуу кеңештер

Күнгө күйгөндө биринчи жардам
Эгер адам ысык суу, ысык тамак же башка суюктук менен күйсө, ал ысык суюктук төгүлгөн кийимди тезинен чечип салууңуз кажет. Этке жабышкан жери болсо сыйырбастан, кайчы менен кесип алыңыз.
Химиялык заттар менен күйгөн адамдын адегенде булганган кийимдерин чечип, күйгөн жерин дароо муздак сууга жууңуз да андан кийин таза чүпөрөк менен таңып коюңуз. Таңууда эч качан сода, крахмал, жумуртка же самын менен таңууга ашыкпаңыз, мындай чара жараатка кедергиден башка натыйжа алып келбейт. Андыктан күйгөн жер муздатылгандан кийин аны марли же чүпөрөккө же атырга нымдап алып таңуу керек. Мындай ыкма бир жагынан күйгөн жердин оорусун басаңдатса, экинчиден дезинфекциялайт. Мындан кийин дарыгерге сөзсүз кайрылуу керек.

  Пайдалуу кеңештер

Сулуу болуунун эң жөнөкөй сыры
Жайындасы аптаптан кургаган бетке атайын косметикалык сүт менен жууп, жылмаланган териге сиңимдүү май маскадан жаап, нымдуулукту сактагыңыз келсе жылуу ным сүлгү менен чүмбөттөп коюңуз. Мындай маска жасоодо денени бош кармап, 20 мүнөт тынч эс алуудан кийин бүтүрөсүз. Эртең менен жумушка барарда же күнүмдүк тиричиликке аралашуудан мурун 20 мүнөт муздак сууга нымдалган компресс коюңуз да артынан көзүңүздүн тегерегине атайын майдан нымдаштырып коюңуз. Калтырбай жасап жүргөн мындай көнүгүү бет жана көзүңүздү бырыш басуудан сактайт.

  Пайдалуу кеңештер

Күндүн нурун туура пайдаланып, тегиз күйгүңүз келсе
Күнгө оорулуу, денесин сепкил баскандар жана териси тактуулар көп кактанууга болбойт. Күнгө дене тегиз сыйрылбай күйгөнү жакшы. Көл жээгинде же туздуу сууда атайын күйгүзүүдө алгач дене күнгө ылайыкталган дене майын сүйкөп, бир жерде олтурбай топ ойноп же ар кандай оюндарды уюштуруп кыймылда болгон натыйжалуу. Денени туздуу суу менен суулап же көлдүн жээгинде болсо улам түшүп чыгуу керек. Качан чарчаганда туздуу суу сиңирилген марлини бетке жаап, кумда бир аз жатууңуз кажет. Ушундан кийин этке атайын дене майы да, суу да тегиз сиңип, тегиз күйөт. Жаңы баштаган адамдар алгач 5-10 мүнөттөн баштоосу керек. Мындан сырткары күнгө чыгаардан мурун лимон кошулган муздак чай ичип алуу абдан пайдалуу.









??.??





??.??