Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сыр маек

Улуттук биринчи каналдын белгилүү режиссеру "XXI - кылымдын жылдыздары", "Жүз мүнөт күлкү", "Баракелде" теле долбоорунун уюштуруучусу Сагын Ниязалиева менен маек.

"Телевидение мен үчүн кызыктуу жомок"
Өз ишимдин фанатымын
- Телевидениеге канча жашыңызда, кандайча келип калдыңыз эле?
- Мен мындан 22 жыл мурун азыркы Улуттук биринчи каналдын босогосун аттагам. Б.Бейшеналиева институтунун режиссерлук бөлүмүн аяктап жатып, ушул телевидениеге мамлекеттик практикага келгем. Практикадан өткөндөн баштап телевидениенин жашоосуна аралашып калдым. Ошол күндөн ушул күнгө чейин мен үчүн кызыктуу жомок болгон теледен чыга албай иштеп келем. Бул жерде иштеш үчүн адам эң алгач өз кесибин сүйүп, жүрөгү менен берилиш керек. Журналист болобу, режиссер, оператор же монтажербу эмгектенип ошол жердин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп өзүн ишинде фанат сезиш керек деп ойлойм. Себеби, бул жерге оңой менен бардык эле адам чыдап иштеп кеталбайт.
Мен ал убакта 21 жашта болчумун. Алгачкы иш кызматымды адабий драма жанрында режиссердун ассистенти болуп иштөөдөн баштагам. Ал мезгилде чоң-чоң залкар адамдар иштээр эле. Балташ Калыков, Амантай Ныязалиев, Чолпонкулов мени окуткан Салида эжелер менен иштеп калганыма бактылуумун. Мен алардан тарбия-таалим алып, теленин "кухнясы" менен тааныштым. Мен ойлойм бир гана телевидениеде эмес, бардык кесипке изденүү керек. Анткени, азыр заман башка. Бизде азыр 20 жыл мурунку эски техника жок. Башкача айтканда, монтаждоо бөлүмүнөн баштап камераларга чейин жаңыланып, иштегенге ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Бир гана эмгек керек.

Эмгегимден баар табарыма ишенем
- Теле долбоорлор жөнүндө айтып өтсөңүз?
- Биз азыр "Баракелде" деген теле долбоор менен иштеп жатабыз. Айына эки жолу эфирден берилет. Мында мен эле жалгыз эмес, автор жана атайын командалар бар. Идеяны дүйнөлүк көз караш менен карасак да болот. Кыргызстан боюнча ар тараптуу талант ээлери катышат. Атыбыз да "Баракелде" деп кыргыздын нукура сөзүнөн коюлган. Бир гана ырчылар эмес, фокусчу, гипноз, бийчи, кол өнөрчүлөр булуң-бурчтан келип катыша алышат. Негизи сынакка кастинг түрүндө катышуучуларды тандайбыз. Ал эми калыстар тобун өзүңүздөр эфирден көрүп жатсаңыздар керек. Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген инсандарыбыз калыстык кылышат.
Ал эми күн сайын кетүүчү "Ырдап жүр" деген көрсөтүүбүз бар. Мунун ар бир үчүнчү ырын жаңылап тартып сунуштап турабыз. Анда улуу муун, орто муун жана азыркы муунга ылайыкташтырып ар дайым ырдап жүргөнгө татыктуу ырларды кетиребиз.
"Ырга айланган өмүр" аттуу көрсөтүүбүз да бар. Эми айта берсек алдыдагы пландарыбыз, чыгара турган залкарларыбыз да абдан көп. Ошондуктан, талыкпаган эмгек менен алдыдагы максаттарды багындырабыз деп аракет менен иштеп келе жатабыз.

150 ырчынын
продюсери
- Бир көрсөтүүнү эфирге алып чыгыш үчүн канчалаган кыйынчылыктарды басып өтөөрүңүзгө ишенем. Бирок, ошону менен бирге эле кызыктуу учурлар да болсо керек?
- (Күлүп) Эми мындай учурлар талаа-түздө, сьемка болуп жатканда көбүрөөк кездешет. Быйыл Манас айылында "Нооруз - 2008" көрсөтүүсүн ачык асманда тартып жатып, эң кызыктуу окуяга туш болдук. Ал жерге эки жарым сааттык көрсөтүүнү тартыш үчүн эки жүзгө жакын массовканы чогултуп алганбыз. Саат 14 төн баштап, кечки 24кө чейин сьемка кылдык. Бир маалда саат 22де катуу шамал башталып ырчылар селкинчекке ырдап, бийлеп жатышкан. Алты баканда Гүлзат Байзакова ырдап жаткан. Сьемканы токтотсок Гүлзаттын кезеги тартылбай калмак. Бирок, Гүлзаттын тебетейи, үкүлөрү учуп, катуу шамал күчөдү. Биз болсо "эптеп тебетейди кармап ырдай бер, монтаж кылып коёбуз" деп кыйкырабыз. Кооздоп койгон сахна жасалгабыз, боз үйдүн керегелери учуп, шамалдан жарык өчтү. Ошентип ызы-чуудан кийин сьемка да бүттү. Бирок көрсөтүүбүз жетекчилик жактан мактоого алынды. Ушундай кызык менен тартылган сьемка Нооруз күнү бүткүл кыргыз элине мыкты көрсөтүү тартуулай алды.
- Сиз үчүн телевидениенин кызыгы эмнеде?
- Мисалы, бул жерден бир эле көз караш менен олтура бербейсиң. Бүгүн спектакль тартсаң, эртең залкар адамдын көрсөтүүсүн даярдап, кийинки күнү жаштардын концертин тартасың. Кызыктуусу бир гана алдыга умтулуп, ар тараптуу изденесиң.
- Талыкпаган эмгегиңиздин артында ырчыларга колдоо көрсөтүп келесиз. Ал эми үйдө да мээримдүү апа болсоңуз керек?
- (Күлүп) Кесиптештерим айтып калышат. Башкалар бир, эки ырчыга продюсер болсо, Сагын 150 ырчынын продюсери деп. Анын сыңарындай кудай буюрса 200дөн ашык таланттуу ырчы балдар өсүп келе жатат. Аларды колдон келишинче колдоп турсак ошол жакшы. Ырчыларга болгон тилегим таза, алдыга гана өсүшсүн.
Үйдө болсо мен азыр таене болдум. Бегайым деген неберем бар. Небере абдан ысык болот экен. Көргөндө ичим ысып эле турат. Кандай болсо да небереме убакыт таап, жанына олтуруп эркелетип кетем.

Маектешкен
Айнура Султанова




Фархат Кеңешбек уулу, ырчы:
"Ордо атууда спорттун чебери болгом"
Кыргызымдын сулуу кыздарын даңазалап ырдап, сахнага өзгөчө стили менен арбалган жаш ырчы Фархат Кеңешбек уулунун маегине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

- Кайсыл жердин кулуну болосуң?
- Мен Талас облусунун Чкалов айылынан болом. Алтынчы класстын аягына чейин айылдын таза абасында чоңойдум. Ал эми жетинчи класстан баштап Бишкектеги №5-гимназиянын босогосун аттап, ошол жактан окуумду аяктадым. Атамдын 46, апамдын 40 жашында көргөн эрке баласымын. Кичүү бала чоңойсо деле кичине көрүнө береби, үйдөгүлөр мени азыр да эркелетип, көзүмдү карап турушат.
- Алгачкы махабаттын даамын качан сезе баштадың?
- Бул баарыбыздын эле башыбыздан өтө турган сезим. Мен 6-класста окуп жүргөн кезимде, өзүмдөн бир жаш кичүү кызды жактырып калдым. Ал кызга сезимимди билдире албай көпкө кыйналгам. Шаарга келгенден кийин дос балдарым аркылуу кат алышып махабатымды билдиргем. Кийин деле сүйлөшүп жүрүп анан мамилебизди көпкө уланта алган жокпуз.
- Чоң сахнага кандайча аралашып калдың?
- Азыркы жаштар көбүнчө эле "мен ырчы болуп төрөлгөм" деп калышат го. Мен буга кошула албайм. Менин оюмча ар бир адамдын кызыгуусу күч болуш керек. Чоң сахнага аралашып калганыма ата-энем, бир туугандарымдын таасири чоң десем болот. Атам менен апам экөө тең ырдашат, комуз чертишет. Ал эми байкем обон чыгарып, ыр да жазат. Мен ырдаган ырлардын баары байкемдин сөзүнө таандык. Эң биринчи жолу Мирлан Алыкуловдун концертинде "Оштук кызга" деген ырымды ырдап чыккам. Чоң сахнанын касиети башкача болот экен. Толкундануу болбой койгон жок.
- "Кыргызымдын кыздары" деген ырыңды жети облустун кыздары таарынып калбасын деп ырдадың беле?
- (Күлүп) Туура. Ырдын сөзү, обону бир тууган байкем Максат Токтоналиевдики. Ырчы болгондон кийин гастролдоп калабыз. Кайсыл жерге барбайлы ырды ошол жердин кыздарына коркпостон арнай берем. Чынымды айтсам ушул ыр мага көп ийгилик алып келди.
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей ырчылыктан сырткары сени ордо атат деп укканбыз?
- Адам баласы болгондон кийин өзүмдү ар тараптан сынагым келет. Бала кезимден бери ордо атып чоңойгом. Кийин шаарга келгенде убакыт жок болуп ойнобой жүрдүм. 1-курста окуп жүргөндө ордо атуу боюнча Бишкектин курама командасына тандалып, "Спорт чебери" наамын утуп алуу менен Кыргызстандын чемпиону аталгам.
- Чыгармачылыкта сени колдогон демөөрчүлөрүң барбы?
- Сахнага чыгып, эстрадага аралашып калганыма эки жыл болду. Шоу-бизнестин казанында кайнап, ысык-суугун тата баштадым. Карапайым элде кыйынчылыктар болот. Ошол кыйынчылыктарды жеңилдеткен демөөрчүлөр. Менин атайын продюсерим жок. Бирок, мага моралдык-материалдык жардам көрсөтүшүп, чыгармачылыгымды колдогон жакын адамдарым бар. Алар бир тууган байкем, Света эжем жана Сагын Ниязалиева эжелер. Бул адамдар мен үчүн жакшылыктарын, жардамдарын аяшпайт.
- Сахнанын артында күтүлбөгөн кызыктар болду беле?
- Спорт ордосунда И.Адамов уюштурган концертке барып калдым. "Кыргызымдын кыздары" деген ырымды ырдамакмын. Кезегим келип алып баруучу залдагы элдерге атымды айтып чакырды. Сахнага чыкканымда мага эки микрофон берип кетип калды. Мен болсо өзүмдү кызыктай сезип, экөөнү кармаган бойдон артка кеталбай элге билдирбестен ырдап баштадым. Көрсө мурун эле ушундай болсун деп сүйлөшүлгөн экен. Ошентип, улам-улам эки микрофон менен ырдадым. Бир жагынан өзүмө да кызык, элдерге да өзгөчө номер болгон окшойт, жакшы колдоп беришкен.
- Эмне себептен сахнага көбүнчө шляпа кийип чыгасың?
- Шляпа кийип чыгуумду сахна кийимдеримди тиккен Олег деген орус бала сунуштаган. Бир жагынан көп ырчылардын арасынан өзгөчөлөнүп турат десем, экинчи жагынан шляпа кийгенди өзүм да жакшы көрөм. Кийимдеримдин арасынан шляпамды өзгөчө баалайм.
Маектешкен Айнура Султанова