Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Обон-күлкү

Чимирилген кызыл шапке
Маркум Бекмамат Осмонов Токтогул районунда иштеп турганда эртең менен эрте газ балон алмаштырганы баратса, жол аң болуп казылып калыптыр. "Муну ким каздырган?", деп сурайт. "Милициянын начальниги", "Эмнеге?", "Үйүмдү чаң каптатасың деп". "Чакыргыла!" дейт. Келет. "Эртең кабыл алууга кел!" деп айланып өтүп кетет.
Эртең менен кабыл алып, бир топ "заданиелерди" берет. А начальник болбойт дейт:
- Аксакал, сиз өз "партийний линияңыз" менен, биз өз линиябыз менен болбойлубу?-дейт. Ошерден эле Бекмамат Осмонович "Бизде бир гана линия бар" -деп келиштире тумшук талаштыра соккон экен, милициянын начальнигинин кызыл шапкеси 5 секунд жерде чимириле тегеренип туруптур.
А.Акималиев


Дарбыз курсак жана партбилет
9-троллейбуста толо киши. Жаз келсе да жакалуу пальточон кишилер. Азыр жакшы кийинген кишиге жагынышкандар көбөйүшпөдүбү, ошондуктан мыкты кийимин сезон бүткүчө, асты жыртылып-жыдыганча, арты кан-сөөлү жок аялдардай бозоргончо кийип жүрмөй модага айланып калбадыбы.
Менин алдымдагы дарбыздай курсагы чедирейген адамга этияттана кайрылды:
- Байке, ЦУМдан түшөсүзбү?
Мага мурдун чүйүрө жактырбагандай караган "сылаң короз" киши:
- Түшөм… -деди кекерлүү. Ушул кыйчылдагынан опур-топуру ашып түшкөн 9-троллейбуска мен зордоп түшүргөнсүп "дарбыз курсак" негедир мага итиркейи келгенсип денесин оолактатты.
- Машинемди уулум минип кетиптир. Болбосо колоңсо жыттанган ушул троллейбусуңарга өмүрү түшмөк эмесмин!-деди дарбыз курсак титиреңдеп.
- Байке, каерде иштейсиз?
- Акүйдө…
Жаагым жап болду. Күндө үйдөн иштеген жериңе жеткиче жандай чуркап акча сурап бетине бата тарткан ач жылаңач балдар-кыздарды, жер төлөөнүн таш тепкичтеринде кучагындагы куурчактай бөбөгүн кучактап, суукка туурулган колдорун сунган энелерди көрбөгөн, Акүйдүн мрамор тепкичтери менен мадырая баскан мамчиновниктин элдин турмушуна аралашып, аны өз көзү менен көрүп, көкшилиси менен сезип баратканына ичим жылый түштү…
ЦУМга жеттик. "Дарбыз курсак" чөнтөгүнөн кызыл билет сууруп чыкты. "Транспорттордо бекер жүрө турган документи го?" деп кызыга көз артып калдым. Жок. Партбилет экен. Аны көргөн айдоочу "а" деп койбодубу. Анча мынча акчаны үнөмдөө үчүн "Пресса" деген жазуусу бар кызыл күбөлүгүмдү мен да сууруп чыктым.
- Байке, "Пресса" бизге жарабайт!-деди айдоочу.
- Тиги байке деле партбилетин көрсөтүп түшүп кетпедиби?
- Анын колундагы кандай документ экенин көргөн жокмун! Давай төлөңүз!
Төлөдүм да, тердеп-кургап жерге түштүм. Кайран "дарбыз курсак" партбилетинин арткы бетин көрсөткөн экен. "Ушундайлардын айынан!"-деп сөгүнүп, сөгүнүп алып, жерге түкүрүндүм.


"Майкан көрбөй, бала чоңойбойт…"
"Майкан көрбөй, бала чоңойбойт"-демекчи айылдагы аңги азилкечтерди туурап, бирин-экин саптарды чүргөштүрө коюп, далай досторунун ашыктык каттарын жазып берип, сообуна калып жүрүп айыл арасында Ильгиз Талип айылдык акын аталып, чымыны эртелеп ойгоно калып жүргөн кездерде тартынбаган ачык эжекеси минтип тийишип калыптыр:
- Ай чечек, бирөөлөрдү мазактап ырга кошот дейт. Мени да кур койбогон чыгарсың. Кана арнаган ырыңды айтып көрчү?
- Арнаган эч балакетим жок-десе, ой -боюна койбой жанындагы эки курдашы менен кыстап туруп алышыптыр. Аргасы кеткенде ошол жерден жамактап баштаптыр:
Батиңкең жерди эңшерип,
Басканың сонун теңселип.
Ботогой сага пар келмек,
Бою эле кылат келтелик.
Ар дайым ачык кабагы,
Аксыга дайын кабары.
Эки өркөчтөй диңкийет,
Эжекемдин мамагы.
Эгиз бала төрөсө,
Өксүтпөй бышык багаары…
Ботогой деген бою да, жону да бир метр келген айылдаш кодо техник бар экен. Көрсө ошону азилдеп айтыптыр. Олтургандар боорун тырмап күлүп калышыптыр. Өзү жабышкан эжекем же күлө албай, же ыйлай албай күл-ала болуп турган кезде Ильгиз чечек сыртка чыга качыптыр.


Жыт
Биздин кабинетке кирип калган адамдын мурду бир жытты сезбей койбойт. Эмне күлөсүңөр? Оюңар эле башкада да. Силер андай ойлобогула. Ал жыт "тройной одеколондуку". Ишенбесеңер Даанакан олтурган столдун тартмасын карап көргүлө. Одеколон ошерде турат.
Чындыгында Даанакан тоодон жаңы келип бизге ишке кирген кезде өтө жөнөкөй келин эле. Жасанганды билмек түгүл, буралта кийип алган колготкисин, дааратканадан чыкканда ыштанына кыстарылып калган көйнөгүнүн этегин да оңдоочу эмес. Эмичи? Жумуш учурунда көбүнчө күзгү тиктөө менен алек. Майда жалтырактарды бетине жабыштырып, эки көзүнүн айланасын, эки бетин, эриндерин боёп… Баса, бир мертебе көздөрүнүн, өзүн деле каректеринен бери боёп көрдү эле эч нерсени көрбөй калбадыбы. Анан боёкторду сүртүп өчүрүү үчүн пол тазалаган тряпканы, чайнектеги сууну издеп таппай, ар жерди сыйпалап, дубалды сүзгүлөп жүрүп стулга чалынып жыгылып түштү.
Чамасы, ал ойношторунун көптүгүнөн улам өзүнүн сулуулугун байкап калып, жасанууга, өңү-түсүн "капиталный ремонттоого" астейдил аракет жүргүзө баштады окшойт. Бирок, азырынча "күйөө балдардын" эч кимиси анын "тройной одеколонун" французский духи менен алмаштыра элек.
Телефонубуз тез-тез "чыр-р" этип турат. Үнү жоон эркек: "Алло! Даанакан бар бекен? Мен агасы болом"
Үнү гиркиреген эркек: "Алло! Мага Даанакан керек эле. Агасы болом… А, Даничка кандай? Кеч курун жолугушалы. Бүгүн аялым үйдө болбойт. Кызык! Баары эле "агалары". Андан көрө ачык эле айта беришпейби "ойношу болобуз" деп. Азыр ачык айтуунун заманы го! Бир жолу Даанаканды издеп келген бир орус киши да "агасы болом" дебеспи. Тообо…


Биздин убакта аны киндик дечү эле…
Тыгылышып келаткан маршруткада абышканын так маңдайына көчүк башын жаппаган бир жаш кыз келип туруп калат. Анда абышка чыдай албай мындайча кайрылат:
- Ыя кызым, мобуну эмне дейт деп киндигин көрсөтөт, анда кыз:
- Ата, аны мода дейт- деп кымтыланбай жооп кайтарат.
- Таң ай балам, биздин убакта киндик эле дечү деп күбүрөнүптүр.


Сойкунун макалы
"Карыган чал-жигит,
Жап-жаш жигит - "кирит…"
Шаардагы сауналардын бирине карыган абышка менен жап-жаш кыз ойсоктоп кирип баратканына таңданган жигит:
- Эмне, жашыраак эркек табылбадыбы?-десе, анда кыз:
- Акчасы болсо карыган чал да жигит, акчасы болбосо 25 жаштагы жигит- "кирит",-деп жооп кайтарып, койкоңдоптур.


Бит караганга ыңгайлуу жер
Өткөн замандарда Нарын тараптан бир саанчы аял айыл чарбанын алдыңкыларына кошулуп Москвага барып келгенде теңтуш аялдары туш-туштан жаалап, ал жактан эмне көргөнүн айтып беришин өтүнүшөт. Дердеңдеп терисине батпай сүйүнгөн аял:
- Айланайындар, ал жер бейиштин өзү эле экен. Күзгүдөй болуп бөлмөлөрү жаркырайт. Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы бит караганда көзүң тим эле ачыла түшөт экен! дептир.


Ойлогонуңар эле ошобу?
- Эмнеңиз ооруйт?
- Жүрөгүм ооруйт.
- Кандай учурда?
- Биринчисинен ашам, экинчисине да эптеп жарайм, үчүнчүсүнө күйүгүп калам…
- Оо-о аксакал, жетимиш жашыңызда үч ашып отурсаңыз, мен отузумда араң бир ашканга жарайм.
- Догдур балам, сен эмне жөнүндө айтып жатасың?
- Албетте аялдар жөнүндө да.
- Аа-а, кокуй, мен тепкичтер жөнүндө айтып жатам.


Көңүл бургула! Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0555000986 жана 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмаз Адишов