Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Артисттердин архивине саякат

Токмоктон учуп келген ак-куу
Кадырлуу окурман, сиз сүйүп, баалап жүргөн кумириңиздин архивине кызыкдар болсоңуз "Артисттердин архивине саякат" рубрикасы сиз үчүн сунушталат. Артисттердин архивин казып отуруп, көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн түнөк таап, жипсиз байлаган, таланттуу ырчы Мирбек Иманбековго жолугуп, кызыктуу коллекциясына күбө болдук.

Кудай Таала ыйман берсин
Жакшы көргөн адамыбызга эч качан жамандык каалабайт эмеспизби, анын сыңарындай Мирбектин фанаты, ырчы жигитке бир гана жакшылыктарды тилеп, Кудайдан ыймандуу болуусун суранып, ушул жашоодо эле эмес эки дүйнөдө бактылуу өмүр сүрүшүн каалап, Куран китепти тартуулаган. "Бул китеп ар дайым төрдө илинип, муну берген кыз менин эсимден эч качан чыкпайт",- дейт Мирбек мырза.

Моюнуңдан түшүрбөй тагып жүрчү
"Жоолук салсам мойнуңа, албай аны койдуң да" деп бир убакта агаларыбыз ырдаганы жалпыга маалым, а бул кооз моюн орогучту Саламат деген күйөрманы атайын талыкпаган эмгегинин артында өзүнүн жакшы көргөн ырчысынын 2006-жылдын 18-19-июнда болуп өткөн алгачкы тушоо кесүү концертинде, "Мирбек" деп ар кандай жалтырактар менен кооздоп жазып мойнуна таккан. Дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе, ушундай болгон моюн орогуч ошол учурдагы жакын достордон болуп жүргөн Чынгыз, Султан, Акбарга да берилген.

Ата-бабаларыбыз ушул үйдө жашашкан
Көчмөн кыргыз элинин турак жайы болгон бул боз үй дагы күйөрмандары тарабынан тартууланган. Ата-бабалардын жашаган үйүн ууз-чеберлердин жардамы менен кичирейтип жасаган фанаты, басып өткөн тарыхты унутпай, кайда болбосун эстеп жүрүшүн каалаган го...

Улуулардын жолун улай бер
"Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз. Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз", демекчи, чындыгында көргөн көзгө жөп-жөнөкөй көрүнгөнү менен мунун да сырлары көп, айтып болгус. Ата- бабаларыбыз колуна комуз алып, кандай жакшылыктары болбосун баардыгын комуздун коштоосунда элге жеткире алышкан. Улуулардын жолун улап, бул ыйык буюмду урпактарга да жеткирүүсүн тилеп, ырчы жигитке Таластан агасы ыроологон.

Менин Аккуум сенин көлүңдө сүзүшүн каалайм
Аккууну сүйүүнүн символу деп баарыбыз баалайт эмеспизби. Ак ниеттүү бул Аккуу, колдо, бир гана кагаздардын жардамы менен кооздолуп жасалган. Муну берген күйөрманынын эмгегин баалабаганга арга жок. Куштардын сулуусу дагы, улуусу да болгон Аккуу Токмок шаарынан келип, Мирбектин көлүндө сүзүп жүргөн чагы.

Кадырман окурман! Биз жогоруда сиздерге баяндаган белектер Мирбектин архивинин бир чети гана болду. Урматтуу Мирбектин чыныгы күйөрмандары, сиздин ар бир берген каттарыңыз, белектериңиз, сиз сүйгөн ырчыңыздын жүрөгүндө түнөк тапкан жана өздүк архивинин кадырлуу мүчөсү экенин унутпаңыз. Мындан кийин да сиз урматтап жүргөн инсандын архивине күбө болгуңуз келсе, бизден алыстабаңыз.




Фанклуб Максат менен соккон жүрөк,
Бакыт менен өмүр сүрөт - дегендей алдыга максат коюп, ошого жетүү үчүн болгон күч аракетибизди жумшап, ар дайым алга умтулуу менен жашаганга не жетсин.
Төбөсү көккө көрүнгөн таланттууларды сыйлап, кумир тутуп, таттуу кыялдары менен жашаган фанаттар көп эле болсо керек. Ошолордун жашоосуна кызыгып, атайын фанаттардын клубун түзүп, "Фанклуб" аттуу рубрика ачтык.




"Чынгыз үйлөнмөйүнчө күйөөгө тийбейм"
"Жакшы тилек жарым ырыс", демекчи жүрөктөн чыккан аруу максат-тилектери менен Чынгыз Мырзаев деп жашап, андан эч качан үмүт үзбөгөн Лазат Мамбеталиева Фанклубдун бүгүнкү коногу.

- Лазат сөздү баштап жатып, Чынгыздын кайсыл сапатына ашык болгонуңузду баяндап берсеңиз?
- Алгач анын үнүн радиодон угуп, балдай таттуу авазына ашык болгом. Андан кийин гезит бетине чыккан сүрөтүн көрүп, эркек балага ушунчалык сулуулуктун эмнеге кереги бар деп ойлодум. Ушундай кебетени берген Алла Таалага ыраазымын. Анын чынчылдыгы, түшүнүктүүлүгү, адамгерчиликтүүлүгү жүрөктү өзгөчө шаңга бөлөп, жылытып турат.
- Чынгыз катышкан концерттерден эч калбасаңыз керек?
- Ооба. Ал катышкан концерттерден бир гана мен эмес, үйбүлөбүз менен көчүп барабыз. Концерт кайсыл жакта болбосун ар дайым, залдагы биринчи катар биздики. Дагы бир нерсе айтайынбы, бир жолу көчөдө келе жатсам, жолдо Чынгыздын афишасы ылайга аралашып жатыптыр. Аны көрүп ыйлагым келип, колума алып абайлап сүрүп, үйдүн төрүнө коюп койгом.
- "Кыздын бараар жери күйөө дегендей", Чынгыз деп жүрүп жашыңыз өтүп кеткен жокпу?
- Чындыгында, кыздын бараар жери күйөө. Эмне кылайын, жүрөгүм башканы самап турса бөлөк адам менен кантип кол кармашып баса алам. Азыр деле колумду сурап келгендер болуп жатат, бирок, мен Чынгыз үйлөнмөйүнчө күйөөгө тийбейм. Кандай күнгө туш болбоюн эч качан үмүтүмдү үзбөй жашап келем.
- "Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат" дегенге көз карашыңыз?
- Бул сөзгө көз карашым түз. Негизи эле кыргыздын сөздөрү таамай айтылган го. Чынында кыз канчалык сүйбөсүн, сүйгөнүнө жетпей калуу закон ченемдүү көрүнүш. Менин оюмча анын да жүрөгүн ээлеген бийкеч болсо керек, ошол кызга үйлөнүшүнө да ишенем. Бирок, барыбир мен аны жакшы көрүп жашай берем.
- Сиздин сүйүүңүздү Чынгыз мырза билет болду бекен?
- Билсе керек, анткени буга чейин да бир канча сүйүү каттарым гезит бетине жарыяланган. Эгер менин сүйүүмдү сезсе мен аябай бактылуу болоор элем.
- Андай билдирүүлөрүңүздөн соң, сизге болгон мамилеси өзгөргөн жокпу?
Мурда кандай мамиледе болсо, азыр деле ошондой. Мага жасаган мамилеси аябай жакшы.
- Сөз аягында, Чынгызга өз сөзүңүздү айта кетпейсизби?
- Ата-энесинин ыймандуу баласы, мотурайган балдарынын мээримдүү атасы, ак жоолукчан айымдын сүйүктүү жары болушун каалайм.
Ашык болуп сүйүп жүргөн жөнөкөй бир кыз бар экенин эстей жүрсө деп, Кудайдан тилеп келем.

Кадырлуу окурман, ди-джей, ырчы Чынгыз Мырзаевдин фанаты Лазаттын сүйүү дептеринин бир бурчу гана гезит бетине жарыяланды. Анын жазгандарын окуган соң Чынгыз жөнүндө чоң роман жазса болчудай экен деп ойлоп калдык.
Дагы бир кошумчалай кетүүчү кызык нерсе Лазат, Чынгыздан он күнчөлүк эле кичүү экен. "Сентябрь айын ушунчалык жакшы көрөм, себеби ал айда мен жана менин сүйгөнүм төрөлгөн", дейт Лазат. Лазаттай сүйүүнүн баркын жогору койгон кыз өз сүйүүсүн таап, бактылуу болот деген ишеним чоң. Эмнеси болсо да жүрөктөгү оргуштаган сүйүүсү жолдуу болсун демекчибиз.

Эгерде сиздин жүрөгүңүздө да, кумириңизге болгон таттуу кыялдарыңыз, жеткире албай жүргөн ыйык сезимдериңиз, жүрөктөгү айтылбай жүргөн арзууңуз болсо, аруу тилектериңизди сиз сүйгөн адамыңызга жеткирүүгө жардам беребиз. 44-98-21 номерине чалып, биз менен байланышсаңыз болот.

Саякатчы Нурзат Жусупова











??.??





??.??