"Обон", 12.08.08 - 14-бет: Кыргыз кєчџ...•

Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж.

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси




  Кыргыз көчү

Бүргө баатыр
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Учурунда Мерке, Таласты жердеген Кушчу, Жетиген урууларынын башчысы Бүргө Итим уулу тайманбас баатыр чыгып, өзүнүн калыстыгы, акылмандыгы, айкөлдүгү менен жалпы кыргыз-казактан тыягы Кокон, Кытай элине чейин даңкы жеткен, патриот жигит болуп чыга келет.
Бүргөнүн атасы Итим бий да убагында калмактар менен болгон урушта чоң эрдик көргөзүп, оозго алынган. Атанын жолун жолдоп, баласы Бүргө 14 жашынан баатыр аталып, өз элин тышкы душмандардан коргоп, кыргыз арасындагы уруучулук чатактарды калыс чечип, Мерке жакка арык каздырып, эгин айдап, калың элдин камын көрүп, кедей-кембегалдарга боор тартып, кайрымдуу иштерди жасады.
Ошол мезгилдерде Цин мамлекетинин салты боюнча ар жылдын биринчи айында казак, кыргыздардын эл башчылары кашкарга чакырылып тартуу алып барып, кайра сый көрүп кайтып турушкан. Ошондой чакырык Кытай ханынан Бүргө баатырга дагы келет. Албетте, Бүргө баатырдын кадыры жогору болгон үчүн чакырыкка татыктуу болгонун айтпасак деле белгилүү эмеспи. Кытайдын ханы Бүргө баатырды жакшы маанай менен тосуп алып "достукта жашайлы" деп Бүргөгө өзүнчө белек берип, жогорку деңгээлде сыйлайт. Бүргө баатыр Кытайдын ханын тайманбай тик карап, өзүнүн оюн ортого салып, талабын койгондо, жүйөлүү сөзгө жана Бүргөнүн караган көзүнө туруштук бере албай кытайдын ханы көзүн ала качып, айтылган сунушту туура кабыл алып, өзү узатып чыккан экен. Бүргө баатыр кайтып келатканда Кубат бий кармап алып, баатырдын куйкасын төрт талаа кылып тилдирет. Ошондо Бүргө эч үндөбөстөн туруп берет. Бул көрүнүшкө Кубат бий таң калып:
- Баатыр, атыңды алыстан укчу элем, куйкаңды тилгенде бир унчуккан жоксуң, эр экенсиң, болбосо туугандыгыңа карабайт элем. Кушчу уруусунда бир гана баатыр, хан болуш керек. Мындан ары агаңды эске алып, учурашып өтөөрсүң-деп коё берет. Арадан бир топ убакыт өткөндө Кубат бий Олуя -Ата тарапка он чакты жигити менен келип түшкөнүн уккан Бүргө баатыр жигитин чаптырып, чакыртат. Кубат бий "Ойронду" деген жердеги Бүргөнүн айылына келип түшөт. Бүргө атайын үй тиктирип, тай союп коноктоп "сыйлай бергиле" деп өзү аң уулап кетет. Бир айга жакын сый көргөн Кубат бий акыры чыдамы кетип, Бүргөгө айттырат:
- Уруксат берсин, болбосо жекеге чыксын,- деп эки-үч күндөн кийин Бүргө тоодон түшүп келип учурашкан соң:
- Ии туугандар, аз айып көп күнөөбүз болсо кечиргиле, ансыз да чачылган бир ууч кыргыз итче тытышып, бүркүтчө тебишип, жылкыга тийип, эр өлтүргөнгө ушинтип катышып туралы -деп ар бирине чепкен жаап, ат мингизип узатканда, бир топ жерге барган соң Кубат бий кайра артка кайтып келип, Бүргө баатырга:
- Анык эр экенсиң. Куйкаңды тилдиргендеги өчүн качан алат деп ичкен ашыбыз, жаткан жайыбыз тынчсыз болду. Мен сенин баатырлыгыңдан дагы айкөлдүгүңө, кечиримдүүлүгүңө баа бердим-деп ыраазычылыгын билдирген экен.
Бул Бүргө баатыр жөнүндө болгону бир гана окуя. Эгер биз каарманыбыздын адамдык сапатын, эл, жер үчүн жасаган ишине токтолсок кеп учугу түгөнбөйт.

Гезитибиздин кийинки санында Эсенгул баатыр жөнүндө аңгеме курмакчыбыз.




  Жаңырган издер

Зууракан Кайназарова Эмгектин баатыры эле
Тээ атам замандан бери бир гана убакыт калыбынан жазбай, өз милдетин аткарып сапарын улап келет.
Айткандай убакыттын өтүшү менен Ала-Тоолуу мекенибизде канчалаган тарых барактарында ысымдары калган кыргыз кыздары жашоодогу сапарлары карып, арабыздан узап кете беришти. Бир келген бул жарык дүйнөдө өз өнөрлөрү менен таанымал болгон эжелерибизди эскерип, алар жөнүндө кагазга жазып көңүл буруп койгонубуздун өзү аларды сыйлагандык эмеспи.
Айтмакчы, учурунда оозго алынган, кадыры элге сиңген, социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, кызылчачы маркум Зууракан Кайназарова эжебиз жөнүндө жазбай, көмүскөдө калтырып кетсек калыстыктан тайган болобуз.
Тээ алыскы Маскөөгө чейин барып, сый белектердин ээси болуп, депутаттык мандатка ээ болгон эжебиз, союздук республикага кыргыздын атын таанытканын эч тана албайбыз. Эмесе социалисттик Эмгектин баатыры, алтын жылдыз, Үч Ленин, Эмгек кызыл туу орденинин жана дагы бир нече медалдардын ээси Зууракан Кайназарова жөнүндөгү аңгемебизге кезек беребиз.

Жарык дүйнөгө келген Зууракан
1902-жылдын орто чени, тактап айтканда жай мезгилинин саратан кези. Айлана үп тартып, ысык илеп уруп, күн төбөгө келип калган эле. Күн жаңы таң аткандан бери толготуп аткан эне, көз жарып, кыз төрөдү. Кайназар аялынын аман-эсен көз жарганына сүйүнүп, көңүлү каякадыр алып учуп, бери жакта турган чыт курсак балага "Айыл апага сүйүнчүлөп кел, кыз төрөдү" деп айтып эскилиги жеткен боз үйүнүн алдында ары - бери басып таттуу кыялга батып, жаңы төрөлгөн наристеге жакшы ат коюуну ойлоду. Анткени, атанын биринчи милдети ымыркайга ат коюу эмеспи. Бирок ылайыктуу ат таба албай, батыш жактан болоор-болбос соккон сыдырым желдин багытына каршы, Кайназар чай кайнам убакыт басып жүрүп, өткөндү эстеди. Бала кезинде таякесинин уулу кызы Зууракандын колу жөндөмдүү, элге алымдуу, өз оокатына тың, чечкиндүү кыз экенине абдан кызыккан. Таякесинин кызы Зуураканды эстегенде, дароо оюна ушул келди.
"Кызымдын ысмын Зууракан коём, Зууракандай чечкиндүү, эмгекчил, элге алынган кыз болсун" деп ойлоп, аруу тилек менен наристеге "Зууракан" деп ат коюп, кошуналарга жентек берет.
"Кедейдин бир тойгону, байыганы" демекчи, бир козу союп, кызды ырымдап бешикке салды. "Жакшы тилек, жарым ырыс" дегендей конокко келгендер ымыркайга баталарын беришип, көңүлдөрү шат үйлөрүнө тарашты.

Балалык кез
Теңсиздик заман күч алып, бай-манаптардын күнү тууп, өз билгендерин жасап, малай жумшап, өздөрүн-өздөрү билип, өз көмөчтөрүнө күл тарткан заманга туш болгон Зууракан эженин балалык кези ачуу кайгы, оор түйшүктө өттү. Жаңы гана жашы онго келгенде балалык оюн-күлкүдөн алыс болуп, сексейген секелек кезинде жокчулуктун айынан кой кайтарды.
Жаз мезгилинин шамалына бети туурулуп, талаа түздө кой кайтарып жүргөн кыздын абалын көз алдыбызга элестетип көрөлү. Кыштын ызгаар суугуна чыдаган Зууракан эжени "бечара" деп маңдайынан сылап, аны аяган ата-энесинен башка эч ким болгон жок.
Бирде койчу, бирде үй кызматчы түйшүгүнүн оор жүгү убакыт өткөн сайын оордобосо, Зууракан эжебизге жеңилдебеди. Маңдай терин агызып, иштеген ак эмгеги акталбаганына көңүлү кирдеген Зууракан эч кимге айта албай, ичинен түтөп, болгон күчүн көз жашына чыгарып арманын тоолорго айткан күндөрү болду. Эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, балалык таттуу күлкүгө, оюнга тойбой, балалык кези менен дагы кош айтышты.

Алгачкы маяна
1930-жылы Зууракан эже өз ыктыяры менен колхозго өттү. Башында болгон күчүн жумшап, ишке чоң ишеним артып киргени менен иштин ийгилиги чеке жылыткан жок. Дене бүтөлүп, курсак тойбой, иштеген иштин маңызы түпсүз кудукка куюлду. Ал эми колхозго өткөнү, Зууракан Кайназар кызы, өзү үчүн эмгектенди. Көңүл өссө көөдөн өсөт демекчи колхоздун ишинде иштегени алгачкы күндөрү эле топтон суурулуп чыккан күлүктөй, иштеген иши менен көзгө көрүнүп, эл оозуна алынып чыга келди. "Мага оор жумуш жасаганга болбойт" деген сөздү оюна да албай, кериле кетмен чаап, талаа ишинин майын чыгара, башкаларга үлгү көрсөтө иштеди.
Алгачкы айдагы эмгек акысын алганда сүйүнүчүндө чек жок. Ушул жашка келгени эмгеги толук кайткан Зууракан эже өзүн кандай бактылуу сезбеди. Түшүнө кирбеген жорук. Ишене бербей, улам-улам көзүн бар-бар ирмеп, түшүм эмеспи деген ойду ойлогонго да үлгүрдү. Анан эмне кылат? Эмгек акы толугу менен колуна тийгенин эстеген сайын, ишке белсенип киришип, эркектерден кем калышпай, бүт дитин эмгекке арнап салды.
Адилетсиз бийликте Зуураканды басынтып жүргөн эмгек, социалисттик түзүлүштө болуп көрбөгөндөй даңкын чыгарды.

Жамгырдагы эмгек
Ишинин ийгилигин көргөн сайын эже, эмгекке берилди. Ал турсун күн жаап турганына карабай кызылча аянтына өзү келип, ишке киришти. Жааган жамгырга аралаш ишке кызуу берилген Зууракан эженин жанына райкомдун катчысы келип:
- Ой, эже, эмне кылып жүрөсүз бул жаанда?
Этек-жеңи түрүлгөн, өз ишине камбыл жүргөн Зууракан иштеп аткан ишин токтотпостон, кетмен чаап жатты. Жоолугу саал артына шиленип, жаанга сууланышкан маңдай чачы топтолуп, чекесинен аккан тамчы тер сыяктуу жүзүнөн ылдый акканын билеги менен улам сүртүп коюп, кетменди эптүү кармаган колу эпилдеп тез кыймылдап, ишине берилүү менен мамиле жасаган Зууракан эже:
- Ой, сени бул жакка ким чакырды. Азыр колум бошобой турат. Сен кеңсеңде кагаз жазып отурганда мен тоскоол болбойм, сен дагы мага тоскоол болбо. Мен да өз ишимди кылып атам-деди.
- Ушул жаанда ким иштейт. Ден-соолукка да караш керек-деп катчы оюн айткан болду.
Зууракан айтылган сөздү укканда кетменине сүйөнүп:
- Ой, бала-деди күлүмсүрөгөн тейде:
Бир чүчкүрүп төшөктү эки күн чүмкөнүп жаткан өзүңөрдүн эркеңердей көрбө мени. Ушул мемиреп себелеген жылуу жамгыр денсоолукту кайра самабайбы. Бир күн муздак сууга идиш жууп, ооруп калгандай мен үлбүрөк жан эмесмин. Тээ бала кезимден бери иш менен өскөнмүн. Жумуш жасап жүрүп ооруган адам болсо мен ооруйт элем го. Кыймыл жасагандын өзү спорт эмеспи. "Ооруп каласың" деген сөздү өзүңдүн эркеңе айт-деп жооп берип, иши менен алек болду. Катчы, жооп айта албай изине кайтты.
Бул Зууракан Кайназарованын бир гана жолку окуясы. Ишине белсенип киришкен Зууракан эже айлуу түндө дагы кетмени менен талаада жүргөн күндөрү болгон.
Бала төрөбөсө дагы, ондон ашык баланы балдар үйүнөн багып өстүрүп, эрезеге жеткиргени эле эмне деген эмгек. Ичинде кири жок, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон Зууракан эже, учурда арабызда жок болгону менен анын жаркын элеси, жасаган иштери али күнчө арабызда жашап келет.

Гезитибиздин кийинки санында Сайра Кийизбаева жөнүндө сөз уламакчыбыз.

Даярдаган
Бердикожо Бийназаров










Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика