Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Учурдун популярдуу ырчысы Султан Садыралиевдин окуучулук күндөрүн эскерип берүү үчүн анын классташы жаш ырчы Кайрат Примбердиевди кепке тартып, маектештик. Кайрат Султан менен Талас районунун Көгөй айылындагы "Көгөй" орто мектебинде 8-класстан 11-класска чейин чогуу окуган.

"Султан айылдын тентимиши эле"
Айылдын "салыкчылары" үчүн дүкөндөн карыз алчубуз
- Кайрат, Султан экөөң бир уядан канат күүлөп учуптурсуңар. Алгач, артка бир кылчайып, өткөн күнгө саресеп салып көрсөң?
- Биз 8-класска көчкөн жылы Султандар биздин айылга Казакстандан көчүп келишти. Ошол кезде мен ооруп калып, бир ай өткөндөн кийин октябрь айында мектепке барсам бою кичинекей, арык чырай, көзү чуңкурайган кара тору бала биздин класска жаңы кошулуптур. Биринчи саат бүткөндөн кийин танапис убагында аны менен кол алышып тааныштым. Аты Султан экен. Кыргызча сүйлөй алчу эмес. Ал сүйлөгөн сайын таттуу тилин уккубуз келчү. Сабактан кийин балдар чогулуп алып Султанга анекдот айттырчубуз. Анын эмне жөнүндө айтып жатканын түшүнбөсөк да казакча тилине эле каткырып күлүп калат элек. Дайыма эртең менен учурашканда "Кандайсындар?" деп саламдашчу. Ага окшоштуруп "Жашкымсыз" дейт элек. Султан экөөбүз кошуна болчубуз. Мектепке да чогуу барып, үйдө да бирге жүрүп бат эле тил табышып, достошуп кеттик. Менин жанымда жүрүп эки айда эле таза кыргызча сүйлөп калган. Ошондо Султандын жөндөмдүүлүгүнө баа бердим. Мүнөзүндөгү жапакечтиги, адамгерчиликтүүлүгү менен классыбызга да бат эле көнүшүп кетти. Мектепте Султандын кличкасы "Казак", "Казачка" болчу, а мени болсо "Малыш", "Бейби" дешчү. Султандын дагы бир мүнөзү мактанганды, анан мактаганды жакшы көрчү. Окшошконго беш кошкон болуп Султан экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, ынак достордон болуп калдык. Колдон келишинче бейбаштык кылчу элек. Класста сабактан качкан дагы, кыздарга тийишкен дагы, уурулук кылган дагы, балдар менен мушташкан дагы кыскасы бар балээнин башында Султан экөөбүз болчубуз.
Түндөп-күндөп үйгө турбай айылдан айыл кыдырып, тентип жүрүп, 2-3 күндөп үйгө келбей калып ата-энебизден токмок жеп эле басып жүрчүбүз. "Саяк жүрсөң таяк жейсиң" дегендей ушинтип көчөдө көп жүргөндүгүбүздүн айынан айылдагы өзүбүздөн улуу "рэкеттерге" дайыма Султан экөөбүз жолугуп калчубуз. Анан алардын алкымын майлаш үчүн көрүнгөн дүкөндүн алдында карыз сурап жалдырап, бербей койсо ремендерибизди, сааттарыбызды залогго тапшырып, "ак моюндан" алып берип жаныбыз калчу. Аларды көрүп биз да өзүбүздөн кичүү балдарга салык салчубуз. Коркутуп-үркүтүп ургулап атып алган акчабыз 10 сом болчу. Аны 5 сомдон бөлүп алып тамеки тартчу элек.

"Ата болду, экинчи
тамеки тартпайм…"
Бир жолу сабактан качып келип Султандын мал сарайына жашынып алып тамекини бурулдатып атсак атасы кармап алып, тамекини күйгүзүп туруп кулагыбызга басып өлгүдөй токмоктогон. Ошондогу "Ата болду, экинчи тамеки тарпайм, эми тартсам тишим сынсын" деп Султандын атасына жалынып бакырганы азыркыга чейин кулагымда турат. Мени да "Сен бала менин баламды буздуң" деп аяш атам аябай катуу тилдеген. Ошондон кийин тамекини үйдө эмес талаада эч ким көрбөгөн жерде камыштардын ичине жашынып алып тартчу болгонбуз.

Калың кардын үстүндө кучакташып уктадык
- Ичимдикти качан баштадыңар?
- Султан да мен дагы спортту жакшы көрчүбүз. Султан теннисти, волейболду мыкты өздөштүргөн. Күрөштөн болсо такыр калчу эмеспиз. Султан бир жолу кошуна айылдык бир бала менен күрөшөм деп колун сындырып алып, 2 ай чолок болуп үйдө жаткан. Ал эми сурооңузга жооп кыла турган болсом биздин команда баскетболдон биринчи орунду алып, ошону жууп биринчи жолу самогон алып ичкенбиз. Тим эле сасык экен. Ачкарын ичип алып бат эле мас болуп калып ар кимдин дарбазасын тепкилеп жиндилик кылганбыз. Анда 10-класс элек. Кыш мезгили болчу. Ошол күнү Султан экөөбүз үйгө жетпей калың кардын үстүндө кучакташып уктаганыбыз эсимде. Бизде кызып алып арман айтышып ыйлашмай мода болчу. Ичип алганда биринчилерден болуп Султан ыйлап баштачу, анын жанына отуруп алып мен кошточумун. Ошентип экөөбүз бир топко чейин көзүбүздүн жашын көл кылып, бугубузду чыгарып алып уктап калчубуз. Ошол күндөрдү азыр эстеп алып жинди эле болгон экенбиз деп күлүп калабыз.
Султандын дагы бир өзгөчөлүгү айылдын кара жумушун майын чыгара жасайт. Талаага чөп орокко барганда башынан аккан тер багалегинен түшүп калгыча берилип иштечү. Жумуш дегенде такыр жанын аячу эмес. Ага караганда мен жалкоорок болчумун. Ал мени "Ээ, кашаң ат, тезирээк иште" деп тамашалап калчу. Бир жолу Султан экөөбүз ээри жок жайдак атты минип алып, эгин талаага чаап баратсак ат мүдүрүлүп кетип, экөөбүздү эки жакка учура койду. Бир топко чейин өзүбүзгө келалбай онтолоп жаттык. Бир маалда башымды көтөрсөм Султанды оозу канап атыптыр. Көрсө, катуу коркуп кетип, тилин тиштеп алган экен. Анан ары жакта уй жайып жүргөн аксакал атыбызды кармап келип "Ушул кичинекей атты миналбаган силер да жигитсиңерби" деп бизге боор ачыгандын ордуна намысыбызга тийип шылдыңдаганы эсимде.

Султандын тоогун
уурдаганда...
8-марттагы майрамга карата акча керек болуп аргабыз кеткенде Султандын сунушу боюнча анын тоокканасына кирип, апасы көптөн бери багып жүргөн көгүш түстөгү тоогун уурдап базарга алып барып сатканбыз. Эртеси Султандын апасы: "дарылыкка деп багып жаткан тоогум жок, тоок ууру пайда болуптур" деп менин апама айтып кейиптир. Ошондон кийин айыл боюнча тоокканаларын бекемдеп, түндөсү карап турушчу болгон. А биз болсо кылгылыкты кылып алып, бир күн кечке Султандын апасына кошулуп алып жоголгон тоогун издешкенбиз. Ошол бойдон эч ким билбей калган. Андагы кылмышыбызды азыр айтып олтурам. Чынында Султан экөөбүздүн кылбаган кылыгыбыз да калган жок.
"Бетинен бир эле жолу өөп калсам болмок"
8-класста окуп жүргөндө Мээрим фондусунун Таластагы балдарга билим берүү борборуна барып Султан дастан, мен Манас айтып, комуз чертчүбүз. Ошол жерде да жөн жүрбөй бий кружогуна катышкан кыздардан бирден-бирден сүйүп алганбыз. Менин кызымдын аты - Бактыгүл, Султандыкы болсо Асел болчу. Бизден эки жаш кичүү кыздар эле. Клубдан чыккандан кийин экөөбүз эки кызды жандап үйлөрүнө жеткирчүбүз. Жаш болгону менен аябай тың, кыйын кыздар болчу. Үйлөрүнө жетээри менен "койгула, биз кирдик" деп кирип кетишчү. Биз болсо "иий бетинен бир эле жолу өөп алсам болмок" деп кейиген бойдон жалдырап кала берчү элек. Расписание түзүп алып бир күнү Султандын кызына, бир күнү менин кызыма барчубуз. Бир жолу менин сүйгөнүмдүн үйүнө барып ышкырсак агасы чыгып калды. Агасы бизден 4 жаш улуу болчу. Эмне дээрибизди билбей аларга кошуна жашаган Адилет деген классташ балабызды айтып, ошону издеп келсек жок экен, сиз көргөн жоксузбу?-десек жок көргөн жокмун деп кайрылып баратса, Султан жөн турбай Нуржан байке Кайрат сиздин карындашыңызды чакырып жатат десе болобу. Мен коркуп кеттим. Байкеси унчукпай башын чайкап коюп кирип кетип карындашын чакырып коюптур. Бактыгүл чыгып келатат деп сүйүнүп турсак, келип туруп Султан экөөбүздү жаактан ары бир чаап кирип кетти. Эмне кылаарыбызды билбей башыбызды жерге салган боюнча жолубузга түшкөнбүз. Ушундай шоктугубуздун азабын көп эле тарттык.
- Кийин ал кыз менен жараштыңарбы анан…
- Ооба, эртеси Султан экөөбүз эртеден кечке көчөдө аны аңдып жатып кечирим сурап элдешкенбиз. Султан мындай жагдайдан бал тили менен бат эле чыгып кетчү.

Даярдаган Ж. Калдарова










??.??