Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Пекин - 2008

Пекинде 29-Олимпиада оюндары старт алды
Салтанат 2008-жылдын сегизинчи айынын сегизинчи күнүндө, Пекин убактысы боюнча кечки сегизден сегиз минут сегиз секунд өткөндө башталды. Сегиз Кытайда салт боюнча бактылуу сан катары эсептелинет.
Пекинде атайы Олимпиада үчүн курулган, "Куштун уясы" деп аталган стадионундагы салтанатка 91 миңден ашуун киши келип катышты. Ачылыш аземин дүйнөнүн булуң бурчунан дээрлик 4 миллиарддай киши сыналгы аркылуу көргөнү жоромол кылынууда. Салтанатка катышкан мамлекет башчыларынын арасында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да бар. Пекин Олимпиадасы 24-августта соңуна чыгат. Ага 200дөн ашуун өлкөдөн 10жарым миңдей атлет, алардын арасында алатоолук 20 спортчу катышууда. Олимпиада комитетинин президенти Жак Рогенин билдирүүсүнө караганда, Пекиндин абасы спортчулардын саламаттыгына коркунуч туудурбайт.

Эки оюнчубуз жыдыды
Кытайда өтүп жаткан Пекин-2008 олимпиадалык оюндарында кыргызстандык сууда сүзүүчү Василий Данилов 400 метр узундуктагы комплекстүү сууга сүзүүдө алдыңкы топко кирбей калды. Ал эми кыргызстандык фехтовальщик Сергей Качурин да мелдешке чыгып, атаандашы франциялык Фабрис Жаннеден биринчи эле беттешүүдө жеңилип калды.
Эми 14-августта кыргызстандык дзюдочу Елена Проскуракова мелдешке чыгат. Дзюдо боюнча дагы бир спорт чебери, олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөргөн Талант Жанагулов 15-август күнү күрөшкө түшөт.

Балбандардан үмүт эте туралы
78 кг. салмактагы кыздардын арасындагы дзюздо күрөшү 14-августта болмокчу. Кыргызстандын намысын талашууга Бээжинге жолдомо алып келген Караколдук Елена Проскуракова чучукулак кармоо менен өз атаандашы -Дүйнө чемпиону кытайлык Юн Катус экенин аныктады. Эгер биринчи беттешүүдө кытайлык балбанды Елена утуп алса, анда монголиялык спортчуга каршы чыгат. Спорт адистеринин айтымында, Елена үчүн бул олимпиадалык таймашуулар кыйынга турчудай.
Ал эми Пекин олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун көтөрүп, өлкөнүн курама командасын баштаган дзюдо күрөшүнүн чебери Талант Жанагулов 100 кг. салмактан жогорку балбандар менен күрөшмөкчү. Ал 15-августта кытайлык Сан деген балбан менен таймашат, тилекке каршы чучукулак кармоодо Талантка дзюдо күрөшүнүн "арыстандарынын" бири кабылды.

Россиянын биринчи медалы
Пекин олимпиадасында Любовь Галкина Россия үчүн алгачкы күмүш медалды ок атуудан камсыз кылды. Алтын медаль олимпиадалык рекорд койгон Чехиялык Катерина Эммонско тийди. Ал эми тапанчадан ок атуу боюнча да россиялык Наталья Падерина күмүш байге ээси болду.
Аялдар арасында
1. Эммонс (Чехия) - 503,5
2. ГАЛКИНА (Россия) - 502,9
3. Пейчич (Хорватия) - 500,9

Эркектер арасында
1. Панг Вэй (Кытай) - 688,2
2. Джин Джонг Ох (Корея) - 684,5
3. Ким Джонг Су (КНДР) - 683,0

Даярдаган Жумабай Дабын уулу




Канатбек Сыдыгалиев:
"Карандай суу ичсем да өз мекенимден айланайын"
"Спорт - денсоолуктун булагы"-деп мектепте окуп жүргөн убакта, мугалимдер денсоолугуңарды чыңдагыла, спорт менен машыккыла деп көп айтаар эле. Байкап көрсөк чындыгында спорт менен алектенген инсандарыбыз менен көчөдө тамеки чегип жүргөн адамдардын айырмасы асман менен жердей.
Талыкпаган ак эмгегинин артында бийик белестерди ашып, көптөгөн ийгиликтерди багындырган спортсмендерден уучубуз кур эмес. Алардын катарында кикбокс боюнча Дүйнөнүн, Европа, Азия жана Евразиянын 4 жолку чемпиону, Дүйнөлүк жана Кыргыз Республикасынын президентинин кубогунун ээси, континенттер аралык чемпион Канатбек Сыдыгалиев бүгүн бизде конокто.
- Эң оболу өзүңүз жөнүндө кичине бапылдап берсеңиз? Кайсыл жердин кулуну болосуз?
- Мен Талас облусунун Талас районундагы Арал айылында төрөлүп өскөм. Бала кезден эле спортко аралашып калдым десем болот. Буга себеп Батыш кинолорунун таасири чоң болду. Белгилүү актер Брюс Лини кумир тутуп, ал катышкан кинолордун бирин да калтырбай көрүп, кинодо көргөн нерселеримди талаада, тоодо чуркап, көнүгүүлөрдү аткараар элем. Ошондон соң спортко болгон кызыгуум артып, 1995-жылы мектепти аяктаган соң, шаарга келип кикбокс менен машыга баштадым. Алгачкы машыктыруучум Александр Артурович Кимдин мектебинде эки жылдай тарбияланып, анын Германияга кетүүсүнө байланыштуу атактуу спорт чебери Александр Воиновдун кол алдына өттүм. Мына ошол жылдардан бери ушул инсандан сабак алып, чогуу иштешип келе жатабыз.
- Кикбоксту тандап алганыңыз жөн-жай эместир?
- Мен негизинен чыгыш өнөрүнө кызыкчумун. Анын ичинен күрөшкө аябай жакын болчумун. Айылда өткөн той-аштардан бир да калбай күрөшүп, жеңүүчү аталганым эсимде. Шаарга келгенде Кызыл-Аскер районунда байкемдин үйүндө жашап калдым. Күрөшкө барайын дегем, бирок машыгуучу зал шаардын так ортосунда болгондуктан менин үйүмдөн бир топ эле алыс болуп калды. Ошол себептен алыс жолдон качып, жаныбыздагы жакын болгон залга эле спорттун кикбокс түрү менен машыга баштадым. Кызык бекен?
- Ар бир нерсенин алгачкысы жүрөккө өзгөчө таасир калтырат эмеспи. Сиздин да алгачкы ийгилигиңиз эсиңизде чыгаар?
- Кикбокс менен алгач машыга баштаганда Кыргызстанда жаштар арасында чемпионат өтүп, машыктыруучум "Күчүңдү сынап көрбөйсүңбү?" деп калды. Машыгып баштаганыма бир эле айдын жүзү болгондуктан көпчүлүк ыкмаларды толук үйрөнө элек болчумун. Тобокелге салып күчүмдү сынап көрөйүн дедим. Чынын айтсам эч даярдыгы жок, жөн эле чыгып мушташкам. Ошондо ийгилик мен жакта болуп атайын диплом, папка жана шапка менен сыйлангам. Чоң аренага түрткөн мына ушул биринчи сыйлык болду десем болот. Колго тийген шапканы, дипломду көтөрүп үйгө кудуңдап келгеним алиге чейин эсимде. Дагы белгилей кетүүчү нерсе мага дем-күч берип, ар дайым колдоп, ушундай деңгээлге жетишиме Александр Воиновдун салымы чоң. Себеби техникумду жаңы эле аяктап, өз кесибим менен иштейин деп турганда ушул инсан "ташкындаган талантты таштаба, аны сен өркүндөтүшүң керек" деп көп жакшы кеңештерин айткан.
- Пекинде боло турган олимпиада жөнүндө айта кетсеңиз, сиз эмнеге барбай калдыңыз?
- Кикбокс спорттун жаш түрү болгондуктан, азырынча олимпиаданын курамына кире элек. Ошол себептен олимпиадага барууга убакыт келе элек.
- Профессионал спортчу катары айтсаңыз, олимпиадага аттанган мекендештерибиздин арасынан кимиси жеңиш менен кайтат деп ойлойсуз?
- Алгач ар бир мекендештерибизге ийгилик каалап, өлкөнүн даңкын чыгарып жеңиш менен кайтууларын тилейм. Ар бир спортсмен өзүнүн күчүнө, дараметине жараша өз ордун табат деп ишенем. Алардын ичинен өзгөчө күрөш боюнча кеткендерден үмүтүм чоң.
- Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан спортко болгон кандай колдоолор болууда?
- Азыркы бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулууда. Москва бир күндө курулган эмес да. Кудай буюрса алдыда жакшы иш чаралар көрүлүүдө, жыйынтыгы жакшы болот деген тилектер бар.
- Сиз да башка өлкөгө барып жашап, күчүңүздү сынайын деген ойлор болгонбу?
- Кээ бирөөлөр башка жакка барып жашаганга, көп акча табууга кызыгат. Ал эми мен болсо Кыргызстанды эч качан таштап кетпейм. Канчалаган сунуштар болду. Ошол жакка барып иштесем деген ой да келген эмес башыма. Карандай суу ичсем да өз мекеним үчүн баарына даярмын.
- Теманы өзгөртүп үйбүлөңүз жөнүндө кеп козгосок кантет?
- Жакшы болот. Үйбүлөм жөнүндө айтсам Айжан деген келинчегим бар. Качан гана бирөө-бирөөгө себепкер болгондо жакшы жеңиштерди берет эмеспи. Анын сыңарындай бир дос баламдын карындашы өзүнүн чогуу окуган курбусу менен тааныштырып калды. Ошентип, 2002-жылдан бери жакшы санаалаштардан болуп жүрүп, чогуу түтүн булатканыбызга бир жылдын жүзү болду.
- Ал бактылуу бийкеч кандай сапаттары менен сизди өзүнө арбап алды экен? Дегеле спорт сүйүүчү мырзалардын жүрөгүнө кандай айымдар жагат болду көрүнөт?
- Ар бир адамдын өзгөчө көз карашы, баамдоосу болот да. Айжан мени ай чырайы, адамгерчилиги, жөнөкөй мүнөзү менен байлап алды окшойт. Ал сулуу бийкеч 1983-жылы төрөлгөн. Кыргыз-Орус Славян Университетин кызыл диплом менен аяктаган.
- Көпчүлүгү бош убактымда спорт менен машыгам деп калышат, а сиз кандай эс алганды жакшы көрөсүз?
- Жалпы жонунан алганда спорт чөйрөсүндөгүлөр да жөнөкөй адамдардан эч айырмасы жок. Ар бир адам өз фантазиясына жараша эс алышса керек. Бирөөсү кафеге, дискотекага барганды жактырса, башкасы жаратылыштын койнунда эс алганды жактырат. Мен бош убактымды түрдүү боёкко боёп, ар башка өткөргөндү жакшы көрөм. Аптаптуу жай мезгилинде көлгө барып же тоого, дачага чыгып эс алсам, башка убакта киного барып же жөн гана сейилдегенди аябай жактырам.
Маектешкен Нурзат Жусупова









??.??