Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атактуулардын ааламында

Таркан Теветоглу
Окурмандардын суроосу боюнча жаштардын арзуусуна арзып, улуу муундагы адамдардын жек көрүүсүнө татыган, репертуарындагы ырлары учурдун талабына толугу менен жооп берген таланттуу ырчы жигит Таркан Теветоглунун өмүр таржымалы, чыгармачылыгы тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Жол кырсыгынан аман калган "жылдыз"
Таркан 1972-жылы 17-октябрда Германияда жарык дүйнөгө үйбүлөдөгү бешинчи бала болуп келген. Анын кызыктуу да, азаптуу да жашоосу энесинин жатынында жатканда эле башталыптыр. Апасы Неше Ханым боюнда бар кезинде катуу жол кырсыгына кабылып, бир ай эс-учуна келбей комада жаткан. Мындай абалы менен бала төрөлмөк тургай өзү аман-эсен айыгып кетээрине көзү толук жетпеген доктурлар баланы алдырып салуу жөнүндө сунуш киргизишет. Ошол учурда Таркандын атасы Али Бей түшүндө жарык дүйнөгө келе турган баласынын башындагы жылдызды көрүп, бул жөн эле түш эмес, аян экенин түшүнүп, баласы аман-эсен төрөлөөрүн билип, "аны алдырбайбыз, жарык дүйнөгө алып келебиз" деген чечимди Неше ханым экөө бирге чыгарышат.
Таркан төрөлгөндөн кийин албетте аны чоңойтуш бир топ эмгекти талап кылган. Анын үнү кооз, кубулжуп чыкканын байкаган ата-энеси ага музыкалык билим берүүнү туура көрүшөт. Бирок, ал билим Таркан күткөндөй эмес болуп чыгат, 1986-жылы Али Бей үйбүлөсүн Туркияга көчүрүп келгендиктен, болочоктогу ырчы өзү эңсеген билимди толугу менен ала албай, үйбүлөнүн шартына баш ийүүгө аргасыз болот.

Өз алдынча талпынган талант
Туркияга келишкенден кийин Таркан чайханада иштегендерге түркчө ырдап берип, өзүнө тамакка акча таба баштайт. Андан соң инженер болом деген максатта Стамбулга келип сынактан кулап калган. Шаардын ажарына арбалган Таркан Стамбулда эле калып күн кечирүүнү туура көрөт да, акча табыш үчүн майда тамактануучу жайларда ырдап иштей баштайт.
"Мындай жагымдуу үнүм менен мындан да чоң аудиторияны багындырып алам" деп Таркан Германияда жашаган улуу агасына жол тартат. Ал жерден мурда музыкалык билимди чогуу алган досу Алпай Айдын менен табышып, анын колдоосу менен 1992-жылы Таркандын он беш ыры камтылган "Yine Sensiz" (Дагы сенсиз) деген аталыштагы алгачкы альбому 700 миң нуска менен чыгат. Кыска мөөнөттүн ичинде өзүнө бир топ күйөрман топтогонго жетишип, андан соң Европаны багындырууга бел байлайт. Бирок, Таркандын таттуу кыялы оңой менен ишке ашкан эмес. Себеби аны америкалыктар жакшы кабыл албай, анын талантын, өнөрүн өгөйлөшкөн. Ошентсе да деми суубаган ырчы эки жыл Нью-Йоркто англис тилин мыкты өздөштүрүп, 1997-жылы "Умру за тебя" деген ат менен альбомун чыгарып, Түркияга эле 3 млн дискин өткөргөн. Мындай баш айланткан ийгиликтен кийин Европанын каалаган жеринде берген концерттери аншлаг менен өтүп, ырлары хит-параддын туу чокусун ээлеп, атагы алыска тарайт.

Туулган жерден тызылдап качкан Таркан
Европаны багындырганы менен жүрөгү туулган жер деп соккон ырчы мекенине келгенде ата-мекенинин алдындагы милдетин өтөөдөн баш тартып, жердештеринин жинине тийип алат. 18 ай аскерге барууга макул болбогону үчүн аны бийлик жарандыгынан ажыратышкан. 1999-жылы Түркияда жер титирегенде ири суммадагы акчаны тилсиз жоодон жабыр тарткандарга жардам иретинде алып келип берип, аздыр-көптүр өз күнөөсүн жууганга аракет кылат.
- Сиздин кээбир мекендештериңиз сиздин жүрүм-турумуңуздан, дегеле өзүңүздү туура кабыл алышпайт экен. Буга кандай көз карашыңызды билдиресиз ? -дешкенде Таркан: - Мен деле өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Эң негизгиси мен жаштардын жүрөгүнөн түнөк таптым, демек мен максатыма толугу менен жеттим, көчөдөн күйөрман кыздар чуркап келип мойнума асылып өпкөндөрү мага аябай жагат-деп жооп берген.
Кыз жандуу Таркан (мындай сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экендиги белгисиз) кош бойлуу күйөрманынан качып жүрөт деген маалыматтар тараган. Ал эми шок ырчы мурда сүйлөшүп жүргөн чиновниктин кызын таштап кеткендиги үчүн ал кыздын атасы дале да болсо ырчыга тишин кайрап жүрүптүр. Бүгүнкү күндө Таркан өзүнүн сүйгөнү Бильге менен күн кечирип келет.
Эмнеси болсо да бир топ тентек ырчы шоу бизнесте да жеке жашоосунда да өз ордун таап, мега-жылдыз атка татыды окшойт.




Ирина Дубцованын күйөөсү аял алат
"Плазма" тобунун көзгө басар солисти Ирина Дубцованын мурунку жолдошу Роман Черницын жакында үйлөнөөрүн топтун пиар-менеджери маалымдаган. Ал болочоктогу жубайы Диана Юнис менен гастролдо жүргөндө таанышкан. Эми экөө жакында баш кошушса бул Романдын үчүнчү никеси болот экен.
Ал эми Ирина бул тууралуу басма сөз беттерине "Роман кыздарды кол кап сыяктуу эле алмаштырат, бул аялынан деле аз күндөн кийин тажап, баса берет" деген маалыматтарды тараткан.

Мадонна психотерапевттин жардамына муктаж
Көптөн бери ызы-чуусу бүтпөгөн үйбүлөнүн жарааты ырбагандан ырбап бара жатканы көпчүлүккө маалым. Ал эми бул үйбүлөнүн урушуна бала багып алгандары түрткү болуптур. Тагыраак айтканда, ырчынын күйөөсү бала багып алганга каршы дешет. Мадонна болсо Гай Риччинин каалоосу менен эсептешпестен өзү эмнени кааласа ошону кыла берет экен. Жыйынтыгында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара албаган үйбүлөнү сактап калуу үчүн Мадонна психотерапевттин жардамынан пайдаланыптыр. Психологго кайрылгандан бери ырчынын абалы оңолуп, мурдагыдай коомдук жайларда Гай Риччиге кыйкырганын токтотуптур.

Лариса Долинаны түз эфирден кесип салыштыбы?
"Новая волна" сынагында 52 жаштагы Лариса Долина менен вокалист Эл Джерро менен биргеликте аткарган дуэтин телеканалдардан көрсөтпөй кесип алып ташташкан. Мындай көрүнүшкө аң-таң калып, бир чети ызаланган ырчы жолдошу жана ошол эле учурда директору Илья Спицын менен ишти териштире баштайт. "Ким? Эмне себеп менен мындай кадамдарга барганы азырынча бизге түшүнүксүз болуп жатат. Бирок, мен сөзсүз бул иштин бетин ачам. Анткени, баарынын купулуна толуп, жаккан ыр кантип түз эфирден берилбей калганы чын эле акылга сыйбаган иш. Муну бирөө атайын, көралбастык менен кылганы ачык эле көрүнүп турат" дейт ызырынган Илья Спицын.

Леонид Агутин менен Варум журналисттерден жеңилди
Дуэт ырдап эл оозуна алынган түгөйлөр жакында эле бир гезиттин журналисттери менен соттошуп, алардын талабы канааттанган жок. Анткени, жакында эле папарация жолу менен Леонид Агутиндин мас болуп, кыздар менен шарактап жүргөнүн тартып алышкан. Төбө чачты тик тургузган сүрөттөрдү Анжелика Варум гезиттерден көрүп, күйөөсүнө ызы-чуу салат. Мындай жагдайды да колунан чыгарбоону көздөгөн кабарчылар экөөнүн чатагы тууралуу кененирээк маалымат берүүнү каалашат. Моралдык жактан доо алышкан эки түгөй журналисттерди сотко берип, бирок, тилекке каршы эч кандай жыйынтык чыккан жок. Анткени, ырчылардын дооматы четке кагылган.

Анара Дүйшөналиева









??.??