Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Бактысы үчүн күрөшкөн адамдар

Чөйрөдөгү адамдар аларды жек көрүү менен карап, дарегине толгон-токой жаман сөздөрдү айтып, аларды айланып өтүшөт. Бирок, алар да тирүү жан экенин, сезими, жүрөгү, каалоосу бар экени эч кимди кызыктырбайт. Бири ыйлап, бири күлгөн, бири кайгырып, бири сүйүнгөн бул жашоодо алар да өз бактысы үчүн күрөшүп келишет.

Апалардын махабаты
Көптөн бери Калифорния штатында гейлер менен лесбиянкалар зарыгып күткөн күн келди. Тагыраак айтканда мындан ары гейлер менен гейлер, лесбиянка менен лесбиянкаларга баш кошууга уруксат берилди. Биринчи "жубайлардан" болуп бул кадамга 84 жаштагы Дел Мартин жана 87 жаштагы Филлис Лайон айымдар барышты.
Алар 1950-жылы таанышып, ошондон бери чогуу жашашканы менен никеге туруп, мыйзамдуу түрдө үйлөнүшкөн эмес. Мурда айымдар иштеген ишин таштап бүт жашоосун лесбиянка жана гейлердин арасындагы мамилелер үчүн күрөшүп келишкен. Лесбиянкалардын укугун коргоо үчүн алар атайын топ түзүп алышып клубдарда, дискотекаларда жаштардын арасында буларды кудай ушундай кылып жаратканын, эч кандай күнөөлөрү жок экенин түшүндүрүп жүрүп өмүрүнүн теңинен көбүн өткөрүшкөн экен.
Эми эчкинин жашындай жашоосу калган эки кемпир мындан аркы өмүрүн да бирге өткөрүшүп, өздөрүнүн максатына жеткенине маңдайы жарыла кубанып турган кездери. Дел Мартин менен Филлис Лайондун тоюна Сан-Францисконун мэри Гэвин Ньюс келип бактылууларды куттуктады.
"Эгерде биз сүйүүнүн касиетин өмүр бою кантип сактап калуунун сырын билсек атайын китеп чыгарып, миллион акча тапмакбыз. Биз болгону бири-бирибизди аябай сүйөбүз, жашоого болгон көз карашыбыз, кызыкчылыгыбыз да бирдей. Жадакалса жолукканга чейин биздин жашообуз окшош болчу. Ким кандай көз карашын билдирбесин биз барыбир бактылуубуз" деп эки кемпир кубанычын жашыра алышпай турган чагы.

Өлүм алдындагы үйлөнүү
Англиянын тургундары Мэтью Роше менен Кристофер Крамп аттуу жигиттер чогуу жашаганына төрт жылдын жүзү болгон экен. Тилекке каршы Мэтью Роше рак оорусу менен ооручу. Башында ага, анын денсоолугуна эч ким көңүл бурмак тургай экөөнүн дарегине какшык сөздөр жазылган дарексиз (тоголок) каттар келип түшө баштайт. Бул маалда Мэтью Рошенин денсоолугу начарлагандын үстүндө гана болуп доктурларга кайрылат. Анын саналуу күн гана жашаары маалым болгондон кийин Кристофер Крамп ары-бери чуркап жүрүп, 15 күндөн кийин мыйзамдуу түрдө баш кошууга уруксат алат. Мэтью Рошенин абалын угуп чындап боору ооруган адамдар табылыптыр.
Экөө үйлөнүү тоюн туугандарынын, досторунун коштоосунда өткөзүшөт. Той болгон күндүн эртеси эртең менен Роше көз жумуп, жарыкчылык менен кош айтышат.

Лесбиянкалардын баш кошуусу
Ушундай эле бакытка Шотландияда туулуп өскөн лесбиянкалар ээ болушкан. Мындай көрүнүш шотландиянын тургундарын жаа бою үркүткөн. Мыйзам ал жерде өтө катуу болгондуктан түгөйлөр мыйзамдуу түрдө баш кошобуз деп укугун коргогонго батынышкан эмес. Эми гана мындай "эрдикке" Эвелим менен Влами барышкан.
Башында Вламинин туугандары аны лесбиянка экенин билгенде бардыгы далысын салып тескери бурулушкан экен. Тагдырына таарынган Влами бир топ убакыттан кийин өзүнүн тагдырлашы, өзүнүкүнө окшош абалга туш болгон түгөйү Эвелинге туш болот. Алар досторунан да айрылгандыктан өздөрүнө окшогон топко кошулушкан. Көрүнгөн эшикти каккылап жүрүп эч кандай жыйынтык чыгарышпагандан кийин өздөрүнө-өздөрү бий болуп баш кошушат. Аларды ыза кылган көрүнүш экөөнү эч ким жектеген да, колдогон да эмес. Айланадагы кайдыгерлик алардын күйбөгөн жерин күл кылып, көзүнөн жаш айландырганын берген интервьюларында баса көрсөтүшкөн. "Биздин абалыбызды бизге окшогондор эле түшүнүшпөсө, башкалар жөнүндө айта албайбыз. Баарынан да биздин зээнибизди кейиткен нерсе - көчөдө кол кармашып бара жатсак артыңан адамдар шылдыңдап, сөгүп кыйкыргандары. Биздин табиятыбыздан ушундай жаралып калганыбызды эч ким түшүнгүсү келбейт. Сыягы бизди колдоп, түшүнгөн адам али жарала элек окшойт"-дейт Влами менен Эвелин.

75 киши катышкан
гейлердин тою Гай Хореби менен Майка Грейдин таанышканына 24 жылдын жүзү болуптур. Андан бери экөө чогуу үй-жай сатып алышып, чарбасын чогуу иштетип, тиричилик кылып жүргөнү менен бүгүнкү күнгө чейин мамилелерин мыйзамдаштырышкан эмес. Экөө биригип оюн ишке ашырганга аракет кылышып, "муунуп өлөбүз" деп коркутканга чейин барышкан. Мындай өлөрмандардан чындап корккон бийликтеги адамдар аларга расмий түрдө үйлөнүүгө уруксат беришкен. Алардын тоюна 75 киши гана катышкан.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева