Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Тайгүлүк

Дайынсыз жоголду...
Түндүн бир оокумуна чейин баш жазышкан бажалар ээрчише Сабырдын үйүн көздөй жолго түшүшкөн. Арактан башы кеңгиреген Абыл өзү менен өзү болуп атып күркүрөгөн дарыядан жалгыз өткөнүн да элес ала бербеген. Шойкомдуу мастыктын аягы Сабырдын дарыя боюнда баш кийимин калтырып дайынсыз жоголуусу менен аяктады. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деген ырас белем муун оорусунан төшөктө жаткан саяпкер Дайыр өлүм алдында мындан эки жыл илгерки чырдуу окуянын өзөгүн айтып жаны жай албаганда бул иштин жүзү ачылат беле, ким билсин…

Бажалар баш жазганда
Кайгысын унутуу үчүн Сабыр ачуу суудан татып жүрүүнү адат кылып бараткан. Коңшу айылда турган бажасы Абылдыкына кеч бешимде келип, көөдөнүн өйүгөн ички дартын унута албай койнуна кыса келген эки бөтөлкөнү ортого койду да түн бир оокумуна чейин бажалар бири-бирин кыстай ортодогуну түгөтүштү.
Сабырдын кооптоно жүрөк өйүмөйүнүн да себеби бар эле. Айылдагы чоң уурунун кылтагына капысынан кабылып, анын кылмышынын ачыкка чыгышына себепкер болгон. Дал ошол күндөн тарта өмүрү кооптуу экенин туюп, жалгыз жүрүүдөн сестенчү болгон. Аракка бир топ кызып калган Сабыр үйүнө жалгыз кете албай Абылды жеткирип коюусун суранып, караңгыга карабай ээрчише чыгышты. Акыркы күндөрү өзүнүн көлөкөсүнөн корунган бажасынын жоругуна Абыл кээде таң калчу. Бул жолу муну ойлоого да шайы жок эле. Эки айылдын ортосун чополуу дарыя бөлүп турганы болбосо анчейин алыс эмес жайгашкан. Жаш баладай эмгектеп бараткан эки караан чалыштай бири-экинчисине жөлөнө калганына карабай Сабыр көмкөрөсүнөн жыгылып кетти. Жолду бир топ арылтканда кырдуу ташка чалынган Абыл чыканактай бир топ олтурду да кайрадан бажалар өз-өзүнчө чалыштай басып баратышкан. Абыл күркүрөгөн дарыядан жалгыз өтүп кеткенине да анчейин маани бербей Сабырдын короосундагы эски кроватынын үстүнө кулаган боюнча уктап кеткен.
Шектүү баш кийим
- Качан келдиңиз жезде? - деген балдызы Айжаркындын үнүнөн көзүн ачкан Абыл башын мыкчый:
- Оо, Сабырды жеткирип келсем да жазалап эшикке жаткырган экенсиңер го! - деп күлгөн болду. Айжаркын таң кала:
- Жалгыз жатканыңызды көрүп чочулап турам, - деди жамандыкты алдын ала сезгендей. Ал күнү Абыл баш боло Айжаркын үйбүлөсү менен Сабырды издеп чыгышып чополуу дарыя боюнан анын шектүү баш кийиминен башка эч бир жик таба алышпады. Күн өткөн сайын эже-сиңди түрдүү ой жоромол жоруп бир пикирге келе алышпай, мурун-соңу кыл өтпөгөн тууган эки үйбүлөнүн ортосунда ар кандай алгачкы шектенүүлөр башталды. Бул күндөрү Абыл өзүн күнөөлүү сезип, өтө санаачыл болуп кеткенинен туугандар арасында да түрдүү күмөндөр башталды.
Сурак
- Абыл Жанталиевич сизби?
- Ооба.
- Бажаңыз Сабыр экөөңөр чогуу ичимдик ичип, аны үйүнө узатканы чыкканыңыз туурабы?
- Туура.
- Экөөңөрдүн ортоңордо кандай чыр бар эле?
- Эч кандай.
- Андай болсо Сабырдын үйүнө баратып эмне болгону тууралуу айта бериңиз?
- Алгач жетелешип баратканбыз. Анан Сабыр чалынып кеткен, кийин мен ташка чабылып жыгылдым. Ал алдыда бараткандай болгон, артынан мен да ээрчип баратканмын...
- Көпүрө башына келгенде чогуу белеңер?
- Артымда келе жатса керек эле, так эсимде жок.
- Акыркы жолу эмне тууралуу сүйлөштүңөр?..
Райондук кылмыш иликтөөчүлөр үч ай бою иликтешип, Абылдын күнөөсүз экени аныкталды. Сабырдын баш кийими суу жээгинен табылгандыктан сууга чөктү деген чечим чыгарылды. Ал күнү мас болгондуктан Абыл табышмактуу окуянын чын-төгүнүн биле албай башы катты.
Сабыр тирүү
Чополуу сууну канчалык тинтишпесин Сабырдан өлүү же тирүүсү дайын болбоду. Жамандыкты да жакшылыкты да өз кучагына алган ал караңгы түнү, экөөнүн ээрчишип баратканын көргөн бир да жан табылбады. Күн күнгө уланып, апта айга алмашкан сайын туугандар арасында ынтымак ыдырап, Абыл курулай "адам өлтүргүч" деген дооматка калды. Чакан айыл ичи күбүр-шыбырга толуп эки адамдын башы бириге калса:
- "Ии, Абыл бажасы Сабырды сууга чөктүрүп өлтүрүп моюндабай коюптур, ортосунда бирдемеси болсо керек да…" деген аңыз кеп ооздон-оозго жел менен кошо тарап жатты. Сурак бүткөнү менен каргашалуу окуянын учугу чыкпай, кой оозунан чөп албаган Абыл, көпчүлүккө жек көрүнүп калды. Айласы кеткенде Сабырдын жубайы "туура айтат" деген бүбү-бакшыларга каттап "жолдошуң тирүү" деген сөзүнө ишенип, ошол сөздү эш тутуп үзүлбөгөн үмүт менен алты баласын койнуна калкалай жол карап жүрдү. Тогоосу тогоосуна уланган чынжыр сымал жыл жылга алмашкан сайын энеси балдарын соорото:
- "Атаң тирүү, ал бир күнү өзү үйгө келет" - дегенден тажабайт көз жашын көлдөтүп.
Ачылган чындык
Эки жыл илгерки унутулуп бараткан окуяны эске салган Саяпкер Дайыр болду. Ал муун оорусунан улам төшөктө жатып калган. Саяпкер узак төшөктө жатуусунан өзү да тажай баштаган. Анын акылы даана болгону менен ордунан өйдө туруп козголо алчу эмес. Жашоосу өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда "Аманат сөз тынч жаткырбайт" белем, Сабырдын өлүм алдындагы бир ооз сөзү уктаса түшүнөн кетпей ар качан убайымга салып келген. Саяпкер өлөөрүнө саналуу күндөр калганда кылмышкердин аты-жөнүн жана маркумдун сөөгү жашырылган жерди айтып кетти.
...Каргашалуу ошол түнү саяпкер күлүк атын эл көзүнөн жашырып, түн жарымында таптап жүрүп, капысынан айылда жаман жагынан аты чыккан Базарбай менен алсыз онтогон караанды көрүп кайрылып калган экен. Адамдагы кек унутулбайт белем, Сабырдын артынан аңдыган ууру Базарбай өткөн өчүн унутпай арам оюн жарым түндө жүзөгө ашырыптыр. Дайыр экөөнүн жанына барганда Сабыр жаны чыкпай кырылдап турган экен, эч нерседен тайманбаган Базарбай Сабырды Дайырга кармата коюп, таштактуу суу боюнан окчунураак кумду колундагы лом менен казып кирет, баары алдын ала белендеген белем, калчылдаган саяпкер жамандыкты сезсе да Сабырды эсине келтирүү менен алектенет. Тамагынан муунткандыктан алгач сөзгө келе албай турган Сабыр Дайырга жалдырай карап:
- "Бул тууралуу айтпасаң, мойнуңа карыз" - дегенди айтууга үлгүрөт. Мойну жоон Базарбай өз ишин бүткөрүп, кеп-сөзгө келбей казылган жайга чала жан денени тикелей салып, жай терең казылбагандыктан колундагы лом менен моюнун кыйшайта чаап жиберип кумду шилеп көөмп салат. Саяпкер ууру Базарбайдын катуу коркутканынан ооз ачпай жүрүп муун оорусу күчөп төшөктө жатып калган экен. Күн менен түндүн кандайча өтүп жатканын да билбей жүрүп көз жумаарга саналуу күндөр калганда чырдуу окуяны айтып кетти.
- Ырас эле айылда уурулук менен атагы чыккан Базарбай колу менен жасаганын мойну менен тартчу учур келип, кылмышкер маркумдун сөөгү табылганда жасаганын моюнуна алып, "адам өлтүрүүнүн"эң оор жазасы менен сизого кесилди. Маркумдун сөөгү анын жакындары тарабынан кеч болсо да жайга коюлду.

Даярдаган Чынара Абдраева




Үйгө кирип кийине баштаганымды көргөн апам бир нече жолу жакындап келсе да, сен кайда барасың дегенди айта албай койду. Минтип батынып сурай албай калышы бир эсе таңдантса, бир эсе боорумду оорутту. Бирок эне деген эне тура. Менин кабагымдын ачылганын көрүп өзүнчө кудуңдайт.
- Мама, мен көчөгө чыгып келейинчи, бат эле келем,-дедим. Анын энелик сезимине ыраазы болгондуктан бала кезимдей эркелеп, маңдайынан өөп калганымды өзүм да байкабай калдым. Көптөн бери менин мындай мамилемди көрбөй калгандыктанбы, же менин минтип маңдай жара кубанганыма элжиреп кеттиби, айтор көзүнө жаш тегеретип, бекем кучактап кадим бала кезимдей эркелетип:
- Барагой кызым, көп караңгыга калбай кел, макулбу? Алтыным менин, … - деди.
- Макул. - Ойноок баладай чуркаган боюнча сыртка жөнөдүм. Тепкичтерди экиден бир аттап сыртка чыксам, Бахид орустун итин тиктеп, аны бир орундан жылдырбай, эки жакка кыймылдатпай кармап турган экен. Ит аны тиктеген боюнча же корккону, же таңыркаганы билинбей катып калыптыр. Бахиддин көзүн көрүп чочуп кеттим. Эмнегедир анын көзү ак баскан көздөй бозомук тартып, кареги көрүнбөй тунуп калыптыр. Баятан эркин сезип келаткан жан дүйнөм кандайдыр бир капаска туш болгондой кысылып, демим кыстыгып баратты.
Азыр Бахидди чочутуп жиберсем, ал ит мени каап алаары бышык. Чочутпайын десем, анын көзүнүн агы көбөйгөн сайын денем оорлошуп, өзүмдү башкача сезип, чыдабай баратам. Мен Бахидге келгенимди билдирейин деп улам акырын жылып мына колум эми тиет дегенде, ит кыңшылап кадим бирөө тумшукка чаап жибергендей куйругун кыпчып үйүн көздөй безип жөнөдү. Чынында бул итти дайыма ээси жанынан чыгарбай алып жүрө турган. Болбосо ал бош жүргөндө мындагылардын эч кимиси баласын көчөгө чыгарчу эмес. Мына ошол кабанаак ит азыр каңшылап баратканын көргөнүмдө кандай түшүнөөрүмдү билбей башым маң болду да калды.
Бахиддин кубарган өңү калыбына келип, бозоргон көзү кадим өзүндөй болгондо, ал кандайдыр бир тамаша көрсөткөн кишидей акырын жылмайып койду. Анысы мага жакпаганы менен, анын мындай кыймыл -аракетинин күчү кайда экендигин толук түшүнө албадым. Кабанаак деген ит да андагы көзгө көрүнбөгөн күчкө баш ийгендей, алы жетпесин сезгендей куйругун кыпчыган бойдон жолуна түшкөнү таң калтырат. Бахидди карап туруп мени да ушинтип багындырып жүрөт го деген ой башыма келгенде аны жек көрүүм күчөдү. Ит андай-мындай нерселерди адамдардан кыйын көрөт дегенге ынандым.
Ал эч нерсе сүйлөбөй мени акырын каруумдан сүйөп, ээрчитип жөнөдү. Экөөбүз шаардын көчөлөрүн аралап жөө бараттык. Мынчалык көп баспаган мага кыйын болду. Эч нерсе сүйлөбөй минтип жер тиктеп баса бергенден тажадым. Мүмкүн ал сүйлөп, алаксытып кете берсе мага жолдун алыстыгы билинбей калат беле, жөн гана маанисиз кете бергенибиз жүдөтүп жиберди.
- Биз кайда баратабыз?- Ачуум мурдумдун учуна чыгып, катуу бир силкинип алдым. Бахид эч нерсе болбогондой мени кайдыгер бир карады да:
- Аз калды, азыр жетебиз, -деди үзүл-кесил үн менен. Ал мага чечилип айтпаганы менен биз кайдадыр жумуштап баратканыбызды түшүндүм. Ар кимибиз өз оюбуз менен алек болуп дагы бир далай жол бастык. Этаж үйлөр бүткөндөн кийин барак үйлөр башталат экен. Биринен экинчисине өткөн бөөт-чөөт жолдор менен басып, эшиги кулап калчудай болгон бир үйгө кирдик.
Мен үйгө кире электе эле байкагам, анын кичинекей терезелери гезит, кагаз менен бүтөлүптүр болчу. Эшиктин алдын эч ким жашабагандай чөп басыптыр. Жада калса каалганын түбүнө чейин алабата каптап кеткен.
Үйдүн ичи толук караңгы экен. Ичкериден чыккан көк жыттанган ачкыл жыт мурунду жарат. Мен бул жытка чыдабай туруп калсам, тиги бөлмөдөн өзбекчеби, тажикчеби айтор чалып сүйлөгөн аялдын:
- Бери кириңиз,-деген үнү угулду. Аялдын үнү болгондуктан тартынбай кирдим. Бөлмөдө бир гана шам күйүп туруптур. Аял ошол шамдын жарыгынан кадимки жомоктогу жез кемпирдей көрүндү мага. Корккондон улам оозуман сөз учту. Менин абалымды толук баамдады окшойт, аял:
- Коркпо кызым, мен сага баарын айтып берем, -деди ал акырын, оозуна суу ууртап алгандай сүйлөп.
Эмнени айтып берет болду экен мага? деген суроо башыма келгенде, үстүмө бирөө муздак куюп жибергендей чыйрыга түштүм. Алсырап бараттым…
Кадим талыкшып уйкусу келген кишидей алсырап бараттым. Бул аял менин жанымды сууруп башка жакка алып бараткандай башым тегеренип, көзүм жумулуп, каректерим жумулганда кайдадыр алыска учуп кетип бараткандай сезим калтырды. Өзүмдүн мындай абалымдан коркуп ордумдан тура калдым. Бул экөө биригип мени бирдеме кылчудай шекшинип, кимден жардам сураарымды билбей, келгениме өкүнүп качып кетүүнү ойлодум.
- Коркпо кызым, мен сени эч нерсе кылбайм, кааласаң кете берсең болот, болгону сенин келечегиңде мындан ары эмне болоорун айтып берсин деп ээрчитип келген тура тиги жигит сени. Мен ошону айтып берейин деп турам. - Аял шамды тиктеген көзүн албай ушуларды кобурап жатты.
Чын эле мында бул аялдан башка бирөө жарым жокпу дегендей шек алган оюм менен үйдүн ичин кылдат карап чыктым. Жана келгендегиге караганда үйдөгү күңүрт жарыкка көзүм үйүр ала түшкөн экен, бөлмөдө эмне бар экендигин даана көрүндү. Бөлмөдө киши суктана тургандай деле эч нерсе көрүнбөдү, болгону эски темир керебет, андан бери шкаф сыяктанган бирдеме, анын үстүндө ар түркүн чөп-чар чачылып, үйүлүп жатат. Анан аял экөөбүз отурган эки отургуч, шам күйүп турган үстү эски тукаба менен жабылган тумбочка.
- Бахид кайда, ал эмне үчүн мында кирбейт? - Мен мында өзүмдүн жалгыздыгыман коркуп жаткандай элестедим.
- Ага мында кирүүгө болбойт, анын жанында мен эч нерсе кыла албайм. Ал кетип калбайт. Сени сырттан күтүп турат. Аял сүйлөп жатканы менен тиктегени шам. Каректери катып калгандай ирмелбейт. Жанында киши бар же жок экендигин этибар албагандай бир калыпта. Андан жүрөксүп коркуп турганым менен өз келечегимди билүү мага да кызык болуп сезилди. Өз тагдырындагы өзгөрүүлөрдү кандай болоорун билүүгө кайсы гана аялзаты болбосун кызыгаары белгилүү эмеспи. Мына ушул нерсе мени кайрадан үстөлгө отургузду.
Аял өзүнүн ырым-жырымын кылып ишке киришти. Ал оң алаканын мага жакындатып, качан беш-он сантиметрдей калганда көзүн чылк жуумп:
- Сиз бир үйдүн жалгыз, эрке кызы экенсиз. Буга чейин бардык тарабыңыз төп, телегейиңиз тегиз болгон экен. Азыр сүйүүнүн азабын тартып жүрүпсүз. Ушул сүйүү сизди бактылуу да, бактысыз да кылат. - аял өзүнчө сүйлөгөнсүп, дагы бирдемелерди кобурап, менин өмүр жолумда буга чейин басып өткөн бир топ нерселерди айтп берди, алардын арасында такыр түшүнүүгө мүмкүн болбогон сөздөрдү колдонуп жатты. Мен бул аялды Бахиддин эле ойлоп тапкан акылы деген бүтүмгө келдим жана ага толук ишенип турдум. Ушундай баланын оюну кылбай эле өзү ачык айтса болмок деп ойлодум.

анчалык ишенбей жатсам да менин келечегиме берген баа кызыгуумду жаратты.
- Мен бул сүйүүдөн бактысыз да болот бекенмин? - Биринчи суроом ушул болду.
- Ооба, кандай бактылуу болсоң, дал ошондой бактысыз да болосуң, бирок мындан башка никени көрө албадым сенин тагыдырыңдан. - Аял шарт башын көтөрүп мени бир карап алды да, оор үшкүрүндү.
- Эмне, тагдырымда мындан башка жигит жолукпайт бекен?
- Анын сөзүнө ишенбей турсам да берген божомолун тактап койдум. Аялдын бул сөзү Бахид экөө мурдатан бир пикирге келип алган дегн оюмду бекемдеди. Бирок чынында жакшы кабар күткөн элем, оюмдагыдай жылуу сөз укпагандан кийин бир маанайым түшүп, аргам түгөндү.
- Жолукпай коймок беле, жолугат. Бирок нике жок. - Аял бул жолу так кесе айтты. "Нике" деген сөздүн маанисин














??.??