Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы



Президент эки жума эс алат
Көп иштеп чарчаганбы же Олимпиада оюндарын чалкалап жатып көрөйүн дегенби айтор Президент ушул жуманын башынан тартып тагыраак айтканда 11-августтан 23-августка чейин кыска мөөнөттүү эс алууда болот. Аны Ысыккөлдүн жээгиндеги резиденциясында өткөрөт.
Адаттагыдай эле мамлекет башчысы эс алуусун иш менен айкалыштырат -өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын кароону жана толуктап иштөөнү улантып, бир катар жолугушууларды өткөрөт деп билдиришүүдө Президенттин басмасөзүнөн.

"Ата Мекенден" "Алибиге" 30 миң сом
"Алиби" гезити президенттин бир тууганынын баласы Асылбек Салиевдин эсебине бир миллион сомду которуу үчүн марафон өткөрүп жатат. Биринчи май райондук соттун сот аткаруучулары гезитке тиешелүү мүлктүн баарын камакка алышкан. Сот он күндүн ичинде президенттин бир тууганынын баласы Асылбек Салиевдин эсебине бир миллион сомду өз ыктыяры менен которуп коюу тууралуу токтом чыгарган. Алгачкылардан болуп "Ата Мекен" партиясы 30 миң сом которгонун билдирди. Ушундай марафондор жер-жерлерде да улантылууда.

Мектеп, бала-бакчалар оңдолот
Мэрия алдындагы билим берүү башкармалыгында Бишкектеги мектептерди күз жана кыш айларына даярдоо үчүн атайын штаб түзүлдү. Штаб баш калаадагы 22 мектеп, 34 бала-бакча жана 5 кошумча билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөөнү колго алат. Бул үчүн бюджеттен 8 миллион сомдой каражат бөлүндү. Ремонт иштери 25-августка дейре бүтүп калышы керек.

Эгемендик күндү официалдуу майрамдайбыз
Мындай көрсөтмөнү мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнө берип, ага карата даярдыктарды көрүү тапшырмасын берген. Мамлекеттик катчынын айтымында, былтыр эгемендик күнү элдик сайрандоо майрамы катары гана белгиленсе, быйыл Бишкек шаарынын борбордук аянтында официалдуу деңгээлде белгиленип, ага президент Курманбек Бакиев да катышат.

Бактылуу күнү баш кошкондор көп болду
8-август Кыргызстанда "тойлордун күнү" аталды. Бул күнү Бакыт үйлөрүндө кезекке турган жаштар көп болду. Бишкектин көчөлөрүндө жасалгаланган машинелердин катарлары толуп, кафе-ресторандар тойлордон бошободу. Кытай календарына ылайык, дал ушул күнү үйлөнгөндөр бактылуу өмүр сүрүшөт экен. Ырымга ишенип, былтыр да 2007-жылдын жетинчи айынын жетинчи күнүндө үйлөнгөндөр көп болгон эле.
Буга чейинки жылдары ЗАГСка "Лимузин" менен чыккан кыргызстандык жаштар арасында мода болуп келген эле. Эми анысы калып, Лондондогудай эки кабаттуу кызыл автобустар да чыга баштаптыр. Кандай болгон күндө да ушул күнү үйлөнгөндөр бактылуу болушсун деп тилейли.

Нарында үйлөрдүн электр жылыткычтары алынууда
Нарын облусунда 3227 турак үй электр жылыткыч менен жылытылып келген. "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн апрель айындагы 135-токтомунун негизинде ушул жылдын 8-августуна карата 2914 турак үйдүн электр жылыткычтары ажыратылды. Ал эми Нарын шаарындагы жеке менчик 40 мончонун жана 387 мекеме-уюмдардын электр жылыткычтары ушундай шартка туш болушкан.




Грузин-орус жаңжалы Согуштун басылчу түрү жок
Грузия менен анын жикчил аймагы Түштүк Осетиянын ортосундагы көптөн бери созулуп келген кайым айтышуу грузиялык-орусиялык аскер жаңжалына айланды. Тбилиси тарабынан Грузиянын ички иши катары каралган бул чатакка Орусия дагы аралашып, грузин чабуулуна каршы өзүнүн кубаттуу аскер күчтөрүн жиберди.
8-августка караган түнү грузин аскерлери Түштүк Осетия аймагын көзөмөлгө алуу үчүн аскердик өнөктүктү баштаган соң, орусиялык аймак - Түндүк Осетия тараптан Түштүк Осетияга орус танктарын киргизип, орус учактары бир катар грузиялык шаар-кыштактарды бомбалоого алган.
Соңку маалыматтарга караганда, Грузиянын жикчил аймагы Түштүк Осетияда айыгышкан салгылашуулар улантылып жатат. Грузиянын аскерлери расмий Тбилисиден алынган буйрукка ылайык Цхинвалиден жана башка түштүк осетиялык жерлерден чегине баштаганы кабарланды. Бул маалыматты орусиялык тарап тастыктаган жок. Ал эми Грузиянын дагы бир жикчил аймагы - Абхазия бүгүн калайыкты жапырт аскерге чакыруу өнөктүгүн баштады. Орус аскер деңиз флоту Грузияны Кара деңиз тараптан камоого өткөнү маалымдалууда. Грузин өкмөтү Кошмо Штаттарга кайрылып, тынчтыкка жетишүү үчүн Москва менен Тбилисиге арачы болууга чакырды.
Грузин бийлигинин айтымында, Тбилиси өз аскерлерин жикчил Түштүк Осетиянын грузин жана орус аскерлери кырчылдашып салгылашып келген бир катар аймактарынан чыгарып кете баштады. Бул кадамды Грузиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр (Каха) Ломая грузин тарабынын согуштук тирешүүнү токтотууга болгон ниетин көрсөтүү үчүн жасаганын кабар агенттиктери билдиришти.
Ал эми орусиялык колбашчылар болсо Түштүк Осетияда грузин аскерлери менен салгылашуу улантылып жатканын, кырдаал дагы эле курч бойдон кала берип жатканын айтууда. Түштүк Осетиянын ордо шаары Цхинвалинин басымдуу бөлүгү орусиялык аскерлердин көзөмөлүндө экенин орус коргоо министрлиги маалымдады.
Грузиянын айтымында, Орусия Түштүк Осетия менен дагы бир грузиялык жикчил аймак - Абхазияга кошумча 10 миң аскер киргизгенин айтууда. Андан тышкары, Кара деңизде орусиялык Кара деңиз аскер флоту өз согуш кемелерин Грузиянын деңиз жээгин камоого аттандырганы маалымдалууда.
Жекшемби күнү таңга маал Грузиянын ордо шаары Тбилисиге жакын жайгашкан аскердик аба майданы орусиялык учактар тарабынан бомбалоого алынды.
Грузиянын парламентинин спикери Давид Бакрадзе сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, орус куралдуу күчтөрү Грузиянын Абхазияга жакын жайгашкан Зугдиди шаарына чабуул жасоого ниеттенип жатканын эскертти.
Ал эми Абхазиянын жикчил бийлигинин жетекчиси Сергей Багапш 1 миң жоокерин Кодориге жиберип жатканын айтты. Андан тышкары, Абхазиянын жикчил бийлиги өзүн-өзү эгемен жарыялаган аймактын калкын жапырт аскерге чакырган өнөктүгүн жарыялады.
Грузин президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүнүн демократиялык түзүлүшүн ойрон кылгысы келип жатат деп Кремлди айыптады.
Грузия бийлиги АКШга кайрылып, Вашингтондон Түштүк Осетиядагы жаңжалды токтотуу жаатында Кремль менен Тбилисинин арачысы болуп берүүнү өтүндү.
Расмий Вашингтон грузин-түштүк осетин чатагында Орусиянын жүргүзгөн соңку аскердик аракеттерин "өтө кооптуу" деп баалаган өкүнүч пикирин билдирди.
Европа Биримдиги, АКШ жана НАТО өлкөлөрүнүн орток өкүлчүлүгү кырдаалды жеринен үйрөнүү жана ок атышууларды токтотууга көмөкчү болуу үчүн Грузияга жиберилгендиги кабарлады.
Орус-грузин аскер чатагы Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизиши ыктымал деп да божомолдошууда.
Акыркы маалыматтарга караганда курман болгондордун саны 2 миңден ашып барат. Ал эми жарадар болгондордун саны оголе көп. Түштүк Осетиянын борбору Цхинвали бир топ талкаланып ал жердеги жарадар болгондорду Владикавказга жеткирип жатышат.











??.??