Сенин гезитиң!
№28, 12.08.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Чачыла

Обон - шоу
times
Капчыгы калыңдаган продюсер
Жакында эле Динара Эсенгулова өзүнүн балапандары менен Орусиядагы гастролдорунан кайтып келишти. Он беш күн ичинде чыгармачыл топ алты шаарды кыдырганга үлгүрүшүптүр. Султан баш болуп, башкасы төш болуп чет жерде өз арабасын тартып жүргөн боордошторго репертуарындагы жалаң жаңы ырларын аткарып жакшы эле черин жазып беришкен өңдөнөт. " Ар бир шаарда берилген концерттерге эл аябагандай көп келип, аудиториянын теңинен көбүн жаштар түздү, Россияга машина менен баргандыктан бир аз жолдон кыйналганыбыз болбосо калганынын баары ойдогудай болду" - дейт Динара Эсенгулова.Чынында эле "Жол азабы, көр азабы" дегендей жолдон бир аз түйшүк тарткандары болбосо, азыркы тапта капчыктары калыңдап, бир топ эле "гүлазык" камдап алышкан окшойт.

Роза Шакированын "саяпкерлиги"
Армандуу кайрыктарды созолонткон Роза Шакирова жакында эле өзүнүн туулган жеринен Искендер Тилмурзаев аттуу жигитти алып келип аны сахнага чыгарганы туру.Искендер Тилмурзаевдин бир топ ырларын Роза бүгүнкү күндө ырдап жүрөт. Азыркы учурда экөө биргеликте Искендер ырдап чыга турган ырларга аранжировка жаздырып, тыным жок иштеп жаткан кези. Кудай буюрса саналуу күндөрдөн кийин Искендер козу карындай жайнаган ырчылардын катарын толуктайт. Деги ошол козу карындай жайнаган ырчылардан айырмаланып өзгөчөлөнүп ачылыш жасап , шоу-бизнеске жаңылык киргизеби аны убакыт көрсөтөөр. Ал эми Роза Шакирова муну менен эле чектелбестен , Чүй өрөөнүнүн булуң-бурчтарын кыдырып гастролдоп жүрөт, үстүбүздөгү айдын 21-28 чейин Москвага аттанат. Эмне демекчибиз "Кары келсе ашка , жаш келсе ишке" демекчи ырчыбызга байсалдуу сапар каалайлы.

Жанетанын жаңы клиби
Азыркы тапта Жанета Бобкова кереметүү Ысык-Көлдө "Серенада " атуу ырына клип тарттырып жүрөт, башка ырчылар сыяктуу бир эле клип тарттыруу менен чектелбестен ушул эле учурда октябрда өтө турган Эл аралык фестивалга катышууга кызуу даярданып жаткан маалы.

"Биз" тобу азыр алыста
Жыл сайын салтка айланган абитуриенттерге арнап "Студент болсоң сонун да" деген аталыштагы концертин бул жолу да ийгиликтүү өткөргөн "Биз" тобу эки айга мекенинен алыска гастролдоп жөнөштү. Быссымылда дегенде эле казак боордошторго талантын тартуулашат экен, андан кийин гана Россияга сапар тартышат. Азыр ырчылардын баары эле кыштын камын жайында көрө баштаганбы,айтор элден кем калбаган оокатка тың Бактияр Токторов бир ок менен эки коёнду атып, элдин да көңүлүн көтөрүп , материалдык абалын да жакшыртууну ойлоптур.

Алмаз Алыкуловдун темир тулпары
"Аккан арыктан суу агат " деген таамай айтылган сөздү айгинелеген куудул "Шорпонун" уулу Алмаз Алыкулов жакында эле туулган күнүнө өзүнүн көңүлүн өзү көтөрүп , өзүнө-өзү темир тулпар белек кылды. Азыр жаш ырчынын "Фольксфаген Пассат" маркасындагы машинасын зуулдап айдап жүргөн чагы, андан да кызыгы башкалар 08.08.08. күнү баш кошуп турмуш жолуна аттанып жатышса , башкалардан өзгөчөлөнүп дал ушул күнү Алмаз мырза айдоочунун күбөлүгүн алып, тоону томкоруп, ойду омкоруп турган убагында үй да салып жатыптыр, кайран Жаныбек байкебиз баласын тиричиликке ойда бышырган окшойт.

Шоу-жаңылыктарды даярдаган Анара Дүйшөналиева




Сен сүйгөн обон Роза Аманова
Аккуу
Тагдырым экен таңдарды сенсиз атырдым,
Унутайын деп көңүлдө жанган отумду.
Жол карап күтүп, жүргөндүрсүң сен ардагым,
Жүрөгүңө тумардай жазып атымды.

Кайырма:
Жетейин десем жете албай жүргөн жазыгым,
Сүйүктүү элем, периштедей ак элем.
Эңседим го, кайда жүрсөм атыңды, ашыгым,

Толкуттуң мени, эсиме түштүң, термедиң,
Асылым менин, кадырың билдим мен сени.
Кечирчи жаным, кайрылбас кайра көктөмүм,
Кечирчи мени, жоготком сүйүү өрнөгүн.

Кайырма:
Жетейин десем жете албай жүргөн жазыгым,
Сүйүктүү элем, периштедей ак элем.
Эңседим го, кайда жүрсөм атыңды, ашыгым,

Аккууң элем, ак гүлүң элем, асылым менин,
Кыялым менин, сураарым менин, ардагым,
арманым.










??.??